Ажо Атамбаев оппозицияда жүргөндө Кумтөр алтын кени боюнча дал ушул “атажуртчу” депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов көтөрүп жаткан маселени көзүр кылып пайдаланып келген. Керек болсо Кумтөр кенин улутташтырабыз дегендердин бири болгон. Ал эмес, “Ак үйгө киргендер баардыгын унутуп жети баштуу ажыдарга айланып калат экен” деген тариздеги сөздүн автору Алмазбек Шаршенович эмес беле. Мезгил көп күттүргөн жок, арийне, Атамбаев Ак үйгө киргени Кумтөр алтын кени тууралуу айткан сөздөрүнөн тангандай унчукпайт. Же ажобуз дагы ажыдаарга айландыбы?

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, азыр президент А.Атамбаев башында турган бийликтин КСДП партиясынын карапайым мүчөлөрүнүн жетекчилерине нааразычылыгы күч. Алар мындан бир аз күн мурда азыр Ак үйдүн кол тийгис, үн жеткис жетинчи кабатында отурган бир кездеги үзөнгүлөштөрүнө кайрылышып, “биз өлүш үчүн эле керекпизби?” дешип, нааразычылык митингин өткөрүү талабын коюшкан. Ошондо гана көзү көрбөс, кулагы укпас аткаминерге айланган “жакшылар” түшүнөн чочугандай чукул өзгөрүп, нааразы болгон партиялаштарын кабыл алышып, бир топ талаптарын аткарууга убада беришкен.

Кыргызстанда ГЭСтердин курулушуна каршымын деген адам жок болсо керек. Бирок биргелешип куруунун шарттарына каршы болгондор бар жана мен алардын катарына кирем. Мен жана алты депутат «каршы» добуш бердик. Мунун себеби төмөнкүдөй:

“Кыргызстанда эки жолу “революция” болду, аны биз жасадык…”- деп артыбыз куру сөз менен дале ооз көбүртө мактанып келсек, алдыбыз “Эл баатыры” төш белгисин көкүрөгүбүзгө тагып, корстон болуп отуруп калдык. Ондогон адамдар босоголуу боз үйүн “боз топуракка” алмаштырып, кара жерди жазданып кала берди, жүздөгөн кишилер майып болушту. Бирок, андан эл башчылары да, мамлекеттин экономикасы да, элдин саясый-социалдык турмушу да оңолбоду.

Жалал-Абадда өткөн курултайга Бишкектен барган бир топ журналисттердин арасында мен да барып келдим. Курултай учурунда, түштүк жергесинде Атамбаевдин бийлигинин кымындай да кадыр-баркынын жоктугун байкадык. Ажону колдогондор бир ууч акимдер, айыл-өкмөт башчылары, азыркы жергиликтүү атка минерлер, анан КСДПнын убактылуу жалданма мүчөлөрү гана колдобосо президенттен эл жүзүн эбак эле буруп калганын журналисттер өз көздөрү менен көрүп, күбө болуп кайтышты. Элдин пикирин чогултуп жүрүп, президент, азыркы бийлик, парламент туурасында жакшы сөз деле уга алган жокпуз. Ажонун кадыр-баркы ушундай кыска убакыттын ичинде, байпакка чейин түшүп кеткенине өзүбүз да таң калдык.

2013-жылдын жазы. Жаз, күз менен таасирленүү, ашкере саясатташуу көнүмүшкө айланып калган кыргыз мамлекетинде баардыгы адаттагыдай. Быйылкы нааразычылыктар камактагы «Ат-Журт» партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, 2013-жылдагы октябрь айындагы оппозициянын митингисине келип модератор боло коём деп, кайып каскагынан камакка алынган, кезинде Берия деген каймана атка кабылган, отставкадагы генерал-майор Кубатбек Кожоналиев ж.б. бошотуу талабы менен өтүүдө.

“Манас” аба майданындагы АКШ баш болгон НАТО аскерлеринин чыгарылышы же чыгарылбашы күн өткөн сайын азыркы кыргыз бийлиги үчүн рак шишигиндей илдетке айланып, ал тургай тагдырын чече турган маселеге айланууда. Ким билет, 2010-жылы шайлоо алдында А.Атамбаев ойлонуп сүйлөгөнбү же элдин колдоосун алыш үчүн ойноп эле сүйлөп койгонбу, “2014-жылы АКШ базасы “Манас” аэропортунан чыгарылат, жарандык аэропортто чет элдик аскердик техникалар болбош керек”,- деп кесе айткан болчу.  Эми ал ошол сөзүнүн кулуна айланып, эмне кыларын билбей башы маң болуп отурган чагы.

Өткөн жумда бүткүл жер жүзүндөгү мусулман жана чыгыш өлкөлөрүнүн калкы жаз майрамы – Ноорузду белгилешти. Гумандуулук, тынчтык, кечиримдүүлүк жана бейпил турмушта жашоо сыяктуу жакшылыктардын жарчысы болгон бул майрамга ал тургай БУУнун Башкы Ассамблеясы да жогору маани берип, анын идеясын бүткүл адамзатка жайылтуу боюнча 2004-жылы атайын Резолюция кабыл алган. Анткени Ноорузда чындап эле бүгүнкү согуш оту тутанган, адам адамдын өмүрүн кыйып, кан жыттанган опурталдуу дүйнөнүн жарасын айыктыра турган касиеттер бар. Ушул күнү ар бир адам өзүндөгү жаман ойлорду жоготуп, кимдир-бирөө менен мурда чатакташкан болсо кечиришип, көңүлүн ооруткан адамды да кечирүүгө милдеттүү. Сүмөлөктү кайнатууда да жалаң жакшы калоо-тилектер айтылат.

Эмне үчүн өлкөбүздөгү адилетсиздик менен кандуу окуялардын, революциялардын башаты болгон 2005-жылдын мартындагы алты адам атылган Аксы окуясынын жана 2010-жылдын июнь айында беш жүздөн ашык адамдын кырылышына жана мамлекетибизге миллиарддаган сом зыян келтирген  Ош окуясына саясый баа берилип, күнөөлүүлөр жоопко тартылбашы жана унутулуп калышы керек!? Же бул каргашалуу окуялардын курмандыктары экинчи сортпу? 

Укук-жазык кодексинин “Бийликти басып алууга аракет” жана “Мамлекеттик түзүлүштү кулатууга чакырык” беренелери боюнча айыпталып, дээрлик жарым жылдан бери абакта жаткан “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовдүн, үч жансакчынын жана генерал-майор, эксперт Кубатбек Кожоналиевдин үстүнөн жүрүп жаткан сот процесси боюнча өкүм 29-мартта чыгаары күтүлүүдө. 

7-марттагы сот олтурумунда жактоочулар тарабынан "Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовду жана алар менен кошо айыпталган үч жансакчынын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилди. Себеби, соттук жараяндын эң негизги этабы – күбөлөрдү суракка алуу учурунда темир тордун ичинде олтургандардын бир да күнөөсү далилденген жок. Ошону эске алганда, соттук териштирүүнүн аягына чыгышына булар өздөрү биринчи кезекте кызыкдар болуп турат. Бул жагынан алып караганда, айыпталуучулардын качып кетишине эч кандай негиз жок. Мындан тышкары, жактоочулардын айтымында, камактагы депутаттардын саламаттыгы да начарлап кеткен.

Кыргызстандын калкы дагы бир нече күндөн кийин 2010-жылдын апрель окуясынын үч жылдыгын белгилейт. Ошондуктан бул күндөрү ар бирибизди “Эмнеге жетиштик, оңолуу жолуна түштүкпү, бийликке кимдер келди?” деген бүдөмүк суроолор түйшөлтүүдө.

Карл Маркс айтылуу "Капитал" аттуу эмгегинде "кайсы гана эл болбосун толук кандуу улут болуп калыптанышы үчүн эң алгач өзүнө таяныч боло турган, өзүн тааныта турган туруктуу өндүрүштүк базасын түзүшү" керектигин жазган. Кыргыздардын мына ушундай өндүрүштүк базасы кайсы болуп калышы керек? Менимче, ГЭСтери менен алтын кендери.

Кыргызстандын бүгүнкү абалын кай жагынан карабайлы, миңдеген, депрессияга кабылган, эртеңки күндөн үмүтү үзүлгөн адамдын образын элестетип калды. Ал эми 2010-жылы апрелде куралдуу төңкөрүш менен 90го жакын адамдын каны аркылуу бийликти алып, андан соң ошол бийлигин сактап калуу үчүн бүтүндөй түштүктө кандуу июнь окуясына жол бергендер өздөрүнүн банк кутучаларынын, бакиевдердин байлыгынын тонолуп өрттөлүшү жана июнь окуясынын чындыгын жашыруу үчүн ар кандай жосунсуз, ал тургай кылмыштуу да жолдорго барууда.

Өткөн жумада “Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет” жана “Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык” беренелери боюнча мыйзамсыз козголгон кылмыш иш алкагында айыпталып жаткан парламент депутаттары К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов, генерал-майор К.Кожоналиев жана “Ата-Журт” лидеринин үч жансакчысынын үстүнөн жүрүп жаткан сот иши улантылды.

Акыркы убактарда Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга назар салган адам  өзүн Акаевдин заманы кайра келип калгансыдай сезе баштагандыгын ачык белгилеп кетүү абзел. Себеби, өз учурунда Акаев да жеп-ичкенин жашырыш үчүн арзымат-кошоматчынын баарын тегерегине чогултуп алып, калптын баарын жаздырып, элдин башын айлантканды жакшы көрө турган. Азыр деле ошол көрүнүш кайталанууда. Минтип бийлик башындагылар калптын казанын кайнатып жүргөн учурда канчалаган мекендештерибиздин чет жерлерде кор болуп, нан таап жүрүшкөнүн эстен чыгарбайлы.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга аракет” жана “Мамлекеттик түзүлүштү кулатууга чакырык” беренелери боюнча Башкы прокуратура тарабынан мыйзамсыз козголгон кылмыш ишинин алкагында судья Адылбек Субанкуловдун төрагалыгындагы олтурумда өткөн жума К.Ташиевдин жансакчылары жана бир нече жабырлануучулар көрсөтмө беришти. Сот учурунда үч депутаттын жактоочулары тарабынан жабырлануучу катары өтүп жаткан 15 адамды бул статусунан ажыратуу маселеси көтөрүлдү.

6-февралда парламент олтурумунда 2010-жылы апрель окуясы учурунда “Ата-Мекен” партиясынын айрым депутаттарынын (Ө.Текебаев, Болот Шер, Р.Төлөгөнов жана Т.Мадылбеков) бакиевдердин байлыгын тоноого тиешеси бар же жок экендигн талкууланды, ал чуулгандуу окуянын чоо-жайын иликтөө Жогорку Кеңеште бүгүн, 13-февралда кайрадан улантылмакчы.

Жаңы жылдын алгачкы күндөрү журналисттик кесиптин арты менен өлкөбүздүн түштүк аймагында болууга туура келди. Кайсыл районго же айылга барбагын карапайым калк өзү менен өзү болуп, эптеп жашап жатат. Айылдык, райондук жана облусттук чиновниктер жалаң өздөрүн дайындаган партиялар менен Ак үйгө жалган убада берүү менен алектенишери сырттан эле көрүнүп турат. Ал тургай алар эл менен жолугуудан коркуп, качан гана кайсы бир бизнесмен же эл аралык уюм жардам бергенде гана ортого түшө калып, ошолордун коштоосу менен “даяр ашка” кошула калат экен.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кылмыш кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга аракет” жана “Бийликти басып алууга чакырык” беренелери боюнча Башкы прокуратура тарабынан мыйзамсыз козголгон кылмыш ишинин алкагында судья Адылбек Субанкуловдун төрагалыгындагы олтурум өткөн жума да уланды. Анын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу, прокурор Асаналы Иманбеков үч депутаттын айыбын угузду. Бу кыйындын айтымында, айыпталуучулар 2012-жылдын 25-сентябрында Садыр Жапаровдун иш бөлмөсүндө чогулуп, 3-октябрда бийликти басып алууну пландаштырган имиш.