Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга аракет” жана “Мамлекеттик түзүлүштү кулатууга чакырык” беренелери боюнча Башкы прокуратура тарабынан мыйзамсыз козголгон кылмыш ишинин алкагында судья Адылбек Субанкуловдун төрагалыгындагы олтурумда өткөн жума К.Ташиевдин жансакчылары жана бир нече жабырлануучулар көрсөтмө беришти. Сот учурунда үч депутаттын жактоочулары тарабынан жабырлануучу катары өтүп жаткан 15 адамды бул статусунан ажыратуу маселеси көтөрүлдү.
 
Кылмыш ишине тиркелген материалдарга шилтеме жасаган адвокаттар бул адамдарды жабырлануучу катары табуу боюнча тергөөчүнүн токтому тийешелүү деңгээлде толтурулбагандыгын айтып чыгышты. Ал аз келгенсип, жабырлануучулар тууралуу тиркемени тергөө тобуна кирбеген тергөөчү толтуруптуп. Судья болсо бул адамдардын жабырлануучу экендиги же эместиги сот олтурумунун журүшүндө аныктала тургандыгын билдирди.
 
Өткөн жумадагы сот олтуруму Камчыбек Ташиевдин коомдук жардамчылары-жансакчыларынын көрсөтмө берүүсүнөн башталды. Мамлекетттик айыптоочу А.Иманбеков биринчи олтурумда Ташиевди, Мамытовду, Жапаровду, үч жансакчы: Исаевди, Камчыбековду, Кадырбаевди, генерал-майор К.Кожоналиевди 2012-жылдын 25-сентябрында Садыр Жапаровдун иш бөлмөсүндө чогулуп, 3-октябрда бийликти басып алууну пландаштырганын айткан болчу.   
 
Генерал-майор Кубатбек Кожоналиев үч депутатты оор беренелер менен айыптоолор “Патриот” жана “Охотник” аттуу жашырылган ысымдар менен иштеген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө таянуу менен коюлуп жаткандыгын, булар өз учурунда мындай маалыматтарды кандай булактан алганын айтып бере алышпай тургандыгын, демек, бул күбөлүк билдирүүлөр сотто колдонууга жатпастыгын айткан болчу. Ошентсе да, мамлекеттик айыптоочулар үч депутаттын бул айыбын кандай жол менен болсо да далилдөөгө тырышат эмеспи. А бирок, колунда Кожоналиев айткан жашыруун адамдардын көрсөтмөлөрүнөн башка бир да далили жок туруп, аты аталган адамдардын бийликти басып алуу максатындагы тымызын келишимге барышкандыгын кантип чындыкка айлантышаары жү-да бүйүрдү кызытууда. Анын үстүнө, Ташиевдин үч жансакчысы тең: Исаев да, Камчыбеков да, Кадырбаев да 25-сентябрда мындай сүйлөшүүгө катышпагандыгын, деги эле Садыр Жапаровдун иш бөлмөсү кайда экенин билишпей тургандыгын, башка жакта жүрүшкөндүгүн айтышты. Ушунун өзүнөн эле кылмыш ишинин ойдон чыгарылып токулгандыгы көрүнүп турбайбы.
 
 “Ата-Журттун” лидеринин жансакчысы Каныбек Камчыбеков сот олтурумунда билдиргендей, Камчыбек Ташиевдин Ак үйдүн дарбазасынан ашып түшүүсүнө карапайым адамдарга ичкериден ок атылгандыгы себеп болгон. «Бир учурда Ташиев келип, чогулган эл аны чыгып сүйлөөсүн талап кылышты. Мен анын жанында кайтарып тургам. Анын эмне деп сүйлөгүнө көңүл дагы бурган эмесмин. Биз кезде Ак үй тарапты көздөй жөнөдүк. Дарбаза тарапка барганда ичинен ок атылды. Арттагы элдер бизди сүрүп киришти. Ошондой Ташиев Ак үйдүн ичинен ок атышкандан кийин, аларды токтотуу үчүн дарбазадан ашып түшүүгө аргасыз болду. Анын артынан биз дагы ашып түштүк. Ал жерден биз эч кимди сабаган жокпуз. Бирок, Т.Мамытов жарадар болуптур. Аны көрдүм. Ташиев андан ары барып парламенттин ичине кирем дегенде, солдаттар кийирбей коюшту”,- деди Каныбек. Ошол күнкү сот олтурумунда белгилүү болгондой, чынында эле элге каршы күчтү биринчи болуп укук коргоо органдары колдонгон. Депутат Ж.Жолдошева атылган резина октордон, көздөн жаш чыгаруучу “бомбалардан” бир топ жарандар жабыр тартканын белгилеп, эмнеге алардын жабырлануучу катары сотко катышпаганына таң калды. Баса, алгачкылардан болуп сурак берген жабырлануучулар жарытылуу деле эч нерсе айта алышкан жок. Алар бир ооздон соттолуп жаткандарга карата доосу жоктугун белгилешти.
 
УКМКнын 9-кызматынын кызматкери Дооронбек Надырбековдун айтымында, окуя орун алган учурда ал соттолуп жаткан адамдардын бирин дагы көргөн эмес. “Бул адамдарга дооматым жок”, - деди ал. Депутат К.Ташиев андан 3-октябрда тартылып алынган видеону көргөндүгүнө кызыкты. Бирок, жабырлануучу ал видеону көрбөгөндүгүн айтты. «3-октябрдагы митингдин катышуучуларын телеканалдар аркылуу бийлик каалагандай көрсөтүштү. Ал видеонун өздөрүнө керектүү жерлерин кесип алышып, бизге каршы пайдаланышты. Ошол жерде так, даана көрүнүп турат: биз эч кимди сабаган жокпуз. Мен болгону ок атпоону сурандым», - деди Ташиев.
 
УКМКнын 9-кызматынын башчысы Жолдошбек Араловдун айтымында, ал Ак үйдүн ичинен чыкканда, 20-30дай адам дарбазадан аттап түшүп, короодо жүрүшүптүр. “Бирок, мени Ташиев урган эмес, ага карата, башка айыпталуучуларга да эч кандай дооматым жок”,- деди ал.
 
Ал эми УКМКнын 9-кызматынын кызматкери Эмилбек Исаевдин билдиргенине караганда, ал дарбазадан ашып, кирип келген адамдардын колунан таш, темир жана башка нерселерди көргөн эмес. Исаев да жогорудагы жабырлануучулардын сөзүнө кошулуп, соттолуп жаткан адамдарга дооматы жоктугун белгилеп өттү.
"Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев өйдөдө аты аталган жабырлануучулардын билдирүүсүн комментарийлеп жатып, аларга тагылып жаткан айыптардын баары жасалма экендигин айтты. “Бир мисал келтирейин. Мен иш менен таанышып чыктым. Ал жакта менин митинг учурунда "Ак үйдүн" 15 күзөтчүсүн жарадар кылгандыгым жазылып турат. Ошол эле учурда тергөө да менин колумда чондугу 5-7 мм таш болгонун айтууда. Мен эки кичинекей таш менен кантип 15 кишини жарадар кыла алам? Ошол эки кичинекей таш менен биз анда жабырлануучу болуп аткан 15 адамды кезектеп уруп чыккан болобузбу? Бул кайсы акылга сыят? Демек, бул жагдайдын баары иштин жасалмалуулугунан кабар берет. Тергөөчү жасалма далилдерди келтирүүдө. Алар болгону оппозициялык депутаттар – мени, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду темир тор артына отургузууга гана аракет кылып атат. Бизди камакка алышканда да жогору жактан саясий буйрутма болгон", - деди Ташиев.
 
Сот олтурумунда «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева УКМКнын 9-башкармалыгынын жетекчиси Замир Сабаев камактагы үч депутатка дооматы жок экендиги тууралуу арыз жазып бергендигин билдирген болчу. “Сабаев 3-октябрда Ак үйгө кирген митингчилер тарабынан таяк жеген имиш. Бул козголгон кылмыш ишинде ал жалгыз гана жабырлануучу болуптур. Ал өзү арыз жазып, анда Мамытовго, Ташиевге, Жапаровго эч кандай дооматы жок экендигин билдирген. Ал жалгыз гана жабырлануучу болуп жатса, анан кайра арыз жазып берсе, мамлекеттик айыптоочулар кайсы жабырлануучуларды айтып жатасыңар? З.Сабаевди мен 6-февралда эле Кытай элчилигинен көрдүм. Дагы сурасам, ал эч кандай дооматы жоктугун тастыктады. Андан башка бир дагы жабырлануучуну көрсөтүлгөн видеолордон көргөн жокмун», - деди Ж.Жолдошева. Бирок, МУККтун 9-бөлүмүнүн кызмат жетекчиси сот олтурумунда Жолдошевага айткан сөздөрү гана эмес, тергөөдө берген көрсөтмөсүн дагы өзгөрткөн башаламан билдирүүлөргө жол берди. Үнүн бийик чыгарып, залдагыларга өктөм сүйлөгөн Замир Сабаевдин бири-бирине каршы келген көрсөтмөлөрдү берип жаткандыгына байланыштуу, анын ар бир сөзүн адвокаттар кайра-кайра тактап сурап канча тер коротушту. Антип тактап сураган сайын Сабаев башка дагы бир нерсени сүйлөп жатып, баарын адаштырып ийди. Судьянын, адвокаттардын, айыпталуучулардын “бул жерде сиздин кол алдындагы жоокерлер олтурган жок, үнүңүздү басып сүйлөңүз”,- дегенине карабай, Сабаев көрсөтсө берип бүткөнчө өз деңгээли кандай экенин көрсөтүп койду. 2012-жылдын 3-октябрында болгон митинг боюнча Сабаев: “Ташиев өлкөдөгү бийликти, өлкө президентинин кызмат орду болгон Акүйдү басып алуу аракетин жасаган”, “Ак үйдүн дарбазасына секирип кирип, “коркпогула, бийликти басып алабыз, мен силер менен барам», – деп кыйкырып чыккан”, «Дарбаза менен шлагбаумду сындыруу аракетин жасашты”, “Кайсы бир жигиттин баштыгынан биз тапанча жана Мамытовдун атына берилген күбөлүк таптык»,- сыяктуу сөздөрдү келтирип, жогору жактын тапшырмасын толугу менен актай алды. А бирок, тактап сурай келгенде анын командирлик өктөм үн менен айткан көрсөтмөлөрү, айрыкча “таяк, курал, таш менен келишти”,- дегени апыртма, башкача айтканда болжолдуу түрдө айтылганы билинди. Сабаевдин “мени Талант Мамытов урду”,- деген сөзү болсо так тескерисичинен болуп чыкты. Вице-спикердин айтымында, ал элестетип көрсө, аны дал ушул Сабаев ургандыгы билинип олтурат. “Мен аскердик жогорку наамым менен ант бере алам, анткени, мени урган адам ушул Сабаев болуп чыгып жатат. Эгерде сиз чыныгы аскер адамы болсоңуз, мени урган жоктугуңузду айтып, чиниңиз менен ант бере аласызбы? Анте албайсыз, анткени, бул чындык. Анан да, куралданган аскерлердин жанында турган адамды бара калып эле, кантип уруп киресиң. Мага ушундайга жол беришмек беле? Ал өзү чагымчылык кылып, мени сабап салды, муну көптөгөн телеканал операторлору камерага тартканга үлгүргөн”,- деди Т.Мамытов.
 
Өз кезегинде Камчыбек Ташиев Замир Сабаев өз көрсөтмөлөрүндө өзүн адекваттуу эмес кармап жатканына көңүл бурду. “Мен, аскер адамы, болгондо да өлкөнүн биринчи адамдарынын коопсуздугу үчүн жооп берип аткан жоокер сабырдуу болушу керек деп эсептейм. Анын психологиялык абалын иликтеп, ал ээлеген кызматына отурууга укугу барбы, тактоо зарыл», –деди камактагы депутат. К.Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов кардарынын бул сунушун колдоого алып, процесстин бардык катышуучуларына бирдей мамиле болушу керектигин айтты: “Камчыбек Ташиевге деле ушундай эле экспертиза жүргүзүшкөн. Анда эмнеге ал экспертиза жабырлануучуга да жүргүзүлбөшү керек? Ал өз көрсөтмөлөрүн улам эле өзгөртүп атат. Сот эскертүү берсе деле анысын улантууда. Эмоцияларын башкара албайт экен. Анын көрсөтмөлөрүнө баа бериш үчүн экспертиза дайындоо керек”. Судья бул маселени чечүү боюнча өз убадасын берди.
Сабаевден кийин жабырлануучу катары өтүп жаткан Улуттук гвардиянын жоокерлери көрсөтмө беришти. Бирок, алар өздөрү да толугу менен кандайча жабырлануучу болуп калганын түшүнбөй калышканы, болгону жогору жактын тапшырмасы менен сотто ушул статуста катышып жатышканы ачык көзгө урунду. Айткан сөзүнөн чалынган жоокерлерге залда олтургандардын боору ооруп, “ай бечаралар”,- дегенден башка кеп айтуудан тартынып турушту.
 
К.Ташиевдин жактоочусу, белгилүү коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун айтымында, бул сот иши жөн гана башка бийликке оппонент болгусу келгендер үчүн көргөзмө иретинде уюштурулуп жатканы ачык-айкын болууда. “Кандай гана кылмыш иши болбосун, ал далилдүү документтер менен шөкөттөлүшү керек. А азыр биз эмнеге күбө болуп жатабыз? Кылмыш ишине тиркелген документтер катарынан жараксыз болуп чыгууда. Башкача айтканда, козголуп-тиркелген кылмыш иши ыдырай баштады. Мен башында эле Жалал-Абаддагы митингде президентке кайрылып, көп кыйналбастан, Ташиевди, Жапаровду, Мамытовду чыгарышын сурангам. Бул иш да мен айткан нукка түшө баштады. Президент баары бир үч депутатты чыгарууга аргасыз болот. Үч депутатты, анын артындагы элди кыйнаганы үчүн кимдир-бирөө президент тарабынан катуу жазага тартылып калышы мүмкүн”,- деди Бекназаров.
 
Эксперттердин айтымында да, убакыт өткөн сайын бул иштин саясий буйрутманын негизинде козголгону белгилүү боло баштады. Конреттүү эч кандай далилдер жок болуп турса да, бийлик саясий каршылаштарын күчтүүлүгүнөн пайдаланып саясий аренадан алыстатуунун камын көрүп жатканы айтылууда. Жаз жакындаган сайын үч депутаттын ишинин чоң толкундого себеп болушу да бекер айтылган жок. Ошону эске алганда, бийлик ыйманына келип, үч депутатка каршы куугунтугун токтоткону жакшы болмок. А иш жүзүндө бул тилектер кандайча орундалат – убакыт көрсөтөөр...
 
А биз макалабызды окурманыбыз Майрамбек Дүйшеевдин ыры менен аяктоону туура көрдүк:
 
Кызматын кылган калк үчүн,
“Кыргыз” деп жумшайт бар күчүн,
Көрмөксөн болуп тура албайт,
Күрөшүп жүрөт калк үчүн.
Камап бир коё албайсын,
“Кыргыз” деп күйгөн Камчысын!
 
Көрбөй атасың көр бийлик,
Элдин көз жаш тамчысын,
Акыйкаты жок бийлик,
Чыгаргын элдин Камчысын!
 
Автандил Белеков