Бишкек, "Саясат.kg". Бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугунда Кыргызстандын мамлекеттик символдорунун бири болгон тууну өзгөртүү маселеси кызуу талаш-тартышты жаратууда. 

Алгач бул маселени Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов көтөрүп чыгышып, тууга түшүрүлгөн күн нурларын өзгөртүүнү камтыган мыйзам долбоорун Парламентке сунуштаган. Демилгечилер мыйзам долбоору өлкөнүн негизги мамлекеттик символдорунун бирин жакшыртууга багытталып жатканын белгилешкен.

Алардын пикиринде, туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү “күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылат”.

Эл өкүлдөрүнүн сунушуна каршы болгондор да жок эмес. Алардын айрымдары азыркы учурда бул маселени көтөрүүнүн зарылчылыгы жок дешсе, дагы башкалар ансыз деле кымбатчылык күч алып жаткан учурда көптөгөн материалдык чыгымга учурай тургандыгыбызды жүйө келтиришүүдө. Ал тургай туу темасын саясый өңүткө өзгөртүп, социалдык тармактарда эки жаат болуп кайым айтышкандар да чыгууда.

Бирок “Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун”,- демекчи, чыныгы жагдайды туунун  авторлорунан башка эч ким билбестир. Ошондуктан ЖК төрагасы Н. Шакиев 24-октябрда Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары бир эле туу эмес, башка да мамлекеттик символикаларды кабыл алган ошол учурдагы Жогорку Кеңештин Төрагасы Медеткан Шеримкулов, мамлекеттик туунун авторлору Жусуп Матаев жана Бекбосун Жайчыбековдор менен жолугушуп, башкы мамлекеттик символду өзгөртүүгө байланышкан алардын сунуштарын укту.

Алгач  Н. Шакиев мамлекеттик туунун айланасында түрдүү пикирлер айтылып келгенин белгилеп, депутат Улан Примов менен бирге ошол пикирлерди эске алуу менен туудагы айрым элементтерге тактоо киргизүүгө байланышкан мыйзам долбоорун демилгелеп жатышканын билдирди. 

“Мамлекеттик туу биздин башкы символдорубуздун бири. Эл аралык ар кандай иш чараларда кыргыз мамлекетинин эн белгиси катары көрсөтүлүп, улутубуздун намысын коргогон уул-кыздарыбыз да ушул тууну көтөрүп чыгат. Андыктан, ага аяр мамиле кылып, түрдүү интерпретациялоого жол бербешибиз керек”, – деген Төрага туунун элементтерин тактоодо анын авторлорунун жана кабыл алган инсандардын пикири өтө маанилүү экенин кошумчалады. 

Ал эми М. Шеримкулов эгемен мамлекетибиздин туусун кабыл алуу учурундагы жагдайларга токтолуп: “700дөн ашуун сунуштар келип түшкөн. Алардын ичинен 100дөн ашууну кароого киргизилген. Аягында мамлекетибиздин түндүгү көтөрүлүп, түптөлүп жаткандыгынын далили катары түндүктү жана күн нурунун элементтерин камтыган туунун варианты жактырылды. Бирок, азыркы күнгө чейин баштапкы варианты түрдүү өзгөрүүлөргө учурап, ар кандай жасалып келгенин көрүп жүрөбүз. Андыктан, баштапты концепциясын так сактоо менен айрым бир элементтерине тактоо киргизүү маселесин авторлорунун катышуусунда кайрадан карап чыгышыбыз керек”, – деди. 

Өз кезегинде мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан туунун баштапкы элементтери өзгөрүп кеткен учурлар арбын экенин айтып: “Баштапкы вариантын кайрадан карап чыгып, концепциясын сактоо менен айрым элементтерине тактоо киргизүүгө байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы эмеспиз. Келечекте такталган вариантын тандап алган соң, аны мындан ары өзгөртүүгө жол бербешибиз зарыл. Айрыкча туунун ар бир элементинин так сакталышын көзөмөлдөөбүз кажет”, – деди. 

Жолугушуу соңунда Медеткан Шеримкулов, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев 10 күн аралыгында туунун элементтерине тактоо киргизүү маселесин биргелешип кароо менен так вариантын алып келишерин билдиришкен. 

Бул жолугушууда төрага Н. Шакиев негизги концепциядан алыстабай, түзөтүүлөрдү камтыган туунун вариантын кабыл алууда авторлорунун жана коомчулуктун пикири сөзсүз эске алынарын кошумчалаган. 

25-октябрда Президент Садыр Жапаров да тууну өзгөртүүгө  байланыштуу “Кабар” агенттигинин журналисти узаткан суроого мындайча жооп берди:

-    Буга чейин эле коомчулукта азыркы туубузду күн карамага окшоштурган, андан улам мамлекетибиз өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келетат деген пикирлер арбын айтылып келген. Ал тургай, өлкөбүзгө расмий иш сапары менен келип, туубузду көрүп, бул өлкөдө күн карама көп өстүрүлөт турбайбы деген ойдо калган чет элдик меймандар дагы болгон.

Эми чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгендей. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик тууларынын элементтерин өзгөрткөн өлкөлөр жок эмес, мындай учурлар болуп келген.

Депутаттардын демилгесине келсек. Жакшылап, маани бере турган болсок, алар туунун концепциясын алмаштырууну демилгелеген жок. Болгону эл сөз кылып келген күн карамадай болуп калган күн нурларын оңдоп коелу деген ой менен чыгып жатышат.

Ачык эле айтып коеюн, алардын алгачкы сунуштаган варианты мага да жеткире иштелип чыкпагандай сезилген, күн нурлары тикенектей болуп көрүнгөн. Кечээ адистер менен кеңешип, кайра оңдоп чыгышыптыр. Бул вариантында мамлекеттик желегибиздеги күн нурлары эми чындап окшошуптур.

Эми ушул вариант Кудай буюруп кабыл алынып калса, күн карама болбойбуз, мындан ары күн бизди карап жылмайып тургандай болот (күлүп). Кандайдыр бир ырым-жырымды кармангандан алысмын. Бирок туудагы түндүгүбүздөн күн бизге шооласын чачып турган сымал, эми эч кимдин көзүн карабай, өз алдыбызча жаркырап өнүгөбүз деп жакшы ниет кылалы.

Мындан мурда Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев желекти өзгөртүү идеясын колдой турганын билдирип, демилге колдоого аларлык экенин соцтармактагы баракчасына мындай деп жазган:

“90-жылдары чет элдик бир делегация өлкөбүздөгү маанилүү бир иш-чарага катышып калат. Делегация мүчөлөрүнүн бири биздикилерден: “Силердин өлкөдө күн караманы өтө чоң масштабда өстүрүшөбү?”,- деп суроо салат. Биздикилер аң-таң болуп, суроонун чоо-жайына кызыгышса, чет элдик делегация өкүлү: “Мамлекеттик желегиңерге күн караманы түшүрүпсүңөр го, ошондон улам ушундай ой келди”,- деп суроосунун төркүнүн түшүндүргөн экен. Мына ошондуктан, желегибизди кур дегенде чыныгы күн нуруна окшоштурганыбыз туура. Бул демилгени колдошубуз керек. Керек болсо туубуздун өңүн “Манаста” көк асаба деп айтылгандай, көк түскө алмаштырсак да жарашмак. Бирок, элибиз кызыл түскө көнүп калып, ага макул болбосо керек.

Чындыгында биз 30 жыл башкаларга күн карамадай болуп келдик деп өзүңүздөр деле айтып каласыздар. Эми гана өлкөбүз өнүгүп-өсүү жолуна ишенимдүү багыт алды”, — деди Абыкеев.

Ал ошондой эде дүйнө жүзүндө мамлекеттик туунун бир эле элементин эмес, түп-тамыры менен таанылгыс кылып өзгөрткөн өлкөлөр да бир топ экенин белгиледи.

“Желектин кемтик жагын караштырып, алмаштыруудан трагедия жасоонун кереги жок. Эң башкысы желегибиз жакшынакай болуп өзгөртүлүп, жалпы кыргызстандыктардын колдоосуна арзыса болду”,- деп жазган Чолпонбек Абыкеев.

Даярдаган  Ж. Жолдошов.