Бишкек, "Саясат.kg". "Иликтөөчү" бул ирет эмнелерди казып чыкты? 

Өзүн иликтөөчү-журналист сезип алган жаран Болот Темиров кайсы бир чет өлкөдөн кезектеги "иликтөөсүн" жасады. Соцтармактагы өзүнүн баракчасына кезектеги УКМК төрагасы тууралуу "төбө чачты тик тургузган" маалыматтарын бөлүштү. Темиров Ташиевге өзгөчө кызыгат (президентти деле тынч койбойт) жана кези келгенде жөөлөп өтүп, өзүнүн бардыгын эстетип турат. А негизги максаты - элди кайрадан козутуу. 

"Иликтөөчү" бул ирет эмнелерди казып чыкты? 

"Камчыбек Ташиев кустуразациядан 100 миллиард сом түштү деп айтып жатат. Бирок ачык бюджет порталы 2021, 2022, 2023- жылдары республикалык бюджетке 551 миң сом гана түшкөнүн көрсөтүүдө. Суроо - айтылган миллиарддар кайда кетти?" 

Белгилей кетсек, Темиров жана анын компаниясы үстүртөн жасалган иликтөөлөрү жана такталбаган маалыматтары менен көп жолу ыңгайсыз абалда калышкан. Журналистмин деген Темиров бири бирине каршы келген маалыматтарды таратып, андан "аналитикалык материал" жасоого умтулат, ошол эле убакта иликтөө - бул теманы ар түрдүү булактарды колдонуу менен ачып, ар кандай адистердин пикири менен толукталышы керектигин эске албайт. Көпчүлүк жергиликтүү "иликтөөчүлөр" (Темиров дагы арасында бар) "үндү уктум, бирок кайдан чыкканын билбедим" принциби менен иштешет. Аларга тереңден билүүнүн деле кереги жок. Алардын "иликтөөсүнүн" максаты - чындыкка жетпеш керек, окурмандарга, угармандарга окуянын калыс жана толук картинасын жеткирбеш керек, болгону өзүн кайраттуу оппозиционердей гана көрсөтүү зарыл. Ошентип, элдин нааразычылыгын жаратууну көздөшөт. 

Дагы башка нерсе да таң калтырат. Эгерде Болот Темировдун батыш порталдарында жарыяланган өмүр баянын окуй турган болсок, төмөнкү аныкталат. Бул киши - "Кыргызстандык белгилүү укук коргоочу жана журналист, коррупцияны иликтөөчү", иликтөө сценасына 2020-жылы, кезектеги революциянын, Садыр Жапаровдун бийлигинин башталышынын алдынан келген. Албетте, ар кандай дал келүүчүлүк болот, бирок бир гана бул жерде эмес. "Болот Темиров" долбоору кимдир бирөө тарабынан атайын "Жапаров менен Ташиев үчүн" түзүлгөнүнө ишеним чоң. 

Ошол кимдир бирөө 2021-жылы Темировду "коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык чемпиону" деп дайындады... Болгондо да мындай бийик наамды Темировго кимдир бирөө эмес, АКШнын Мамдепартаменти ыйгарды. Ушунун өзү эле Кыргызстанда болуп жаткан нерсенин баары Мамдепартаменттен келип жатканына, кандай болгондо да бул кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн ыдырашына, кырдаалды курчутууга багытталганына кооптонуу жаратат. 

Элди матраимовдук клан жана аларга баш ийген мамтүзүмдөр ачык-айкын талап-тоноп жатканда бул белгилүү журналист кайда эле? Эмнеге бул боюнча бир да иликтөө жасаган жок, бир дагы матраимовдук коррупционердин жүзүн эл алдында ачпады? 

Булардын баары кайра эле иликтөөлөр жөн жерден болбогонун ойлондурат. 2020-жылы белгисиз жактан иликтөөчү журналисттин журналисттик талаада пайда болуп калышы жөн жерден болгон жок. Жөн жерден америкалык сыйлык жана наамдарды шагыратып ала баштаган жок. А азыр абдан жакшы жайгашып алды. Депортация ага пайда гана берди: чет өлкөдө отуруп алып, каалгандай "сасыта" берсе болот. 

Ушул эле 500 миң сом, Ташиев жеке чөнтөгүнө салып алды деген миллиард сом жөнүндөгү иликтөө дагы ошондой "сасыткыларынын" бири. 

Генерал темировдук кезектеги "тяфты" кулагынын сыртынан кетирип деле койсо болмок. "Иликтөөчүгө" түшүндүрүп, актануунун кажети деле жок болчу. Бирок Камчыбек Ташиев түз мүнөздүү болгондуктан, түшүндүрүүнү чечти. Темировго эмес, элге. 

- Акыркы үч жылда экономикалык кылмыштар, коррупция менен күрөшүүнүн алкагында казынага 40 миллиард сом түштү, мүлк эсебинде мамлекетке 100 миллиарддай сом кайтарылды. Бул сумма күн сайын жаңыланып жатат. Биз ар бир сом боюнча коомчулукка отчет беребиз.

Бухгалтерия - өтө кылдат нерсе. Аны Темиров сыяктуу анчалык сабаттуу эмес "иликтөөчүлөр" түшүнбөсө керек. Бирөөдөн акчаны ала коюп, мамлекеттин казынасына сала коюу менен иш чечилбейт. Андай болсо мыйзамдуу, укуктуу мамлекет жөнүндө кеп кылбай эле коюш керек. Мамлекеттик бюджетке чейинки жолдо ар бир сом жетиштүү татаал жана узак документалдык процедурадан өтөт. 

Таң калыштуусу, "чемпион" Темиров аны билбейт экен. Андан дагы таң калыштуусу, анын Кыргызстандын Жапаров менен Ташиев бийликке келгенге чейинки мамбюджетинин акыбалынан кабары жок. Бюджет суусу жок кудуктай кургак, кээ бир белгилүү кыргыз укук коргоочуларынын жүрөгү менен мээсиндей бош эмес беле. Азыр мамлекеттик бюджет пайдалуу менен керектүү кошулуп, коомду колу таза эместерден тазалоо аркылуу толтурулуп жатат.