Салык – өлкөнүн бюджетинин негизги бөлүгүн түзүп, экономиканын өнүгүүсү жана коомдун бакубат жашоосу үчүн маанилүү төлөм.

Мамлекет тарабынан жыйналган бардык салыктар, өлкөнүн негизги жашоо чөйрөлөрүн каржылоого багытталгандыктан мыйзам менен белгиленген салыктарды ар бир жеке жана юридикалык тараптар төлөөгө милдеттүү.

Өлкөдөгү салык төлөө жаатында жыл башынан бери кызуу талкуу жаратып келаткан маселелер президенттин жарлыгы менен өзгөртүлүүдө. Патент системасынын жоюлушуна жана электрондук товардык - коштомо кагаз (ЭТТК) менен электрондук - эсеп фактурасын толтурууга өлкөдөгү бир катар ири базарлардын соодагерлери нааразычылыктарын билдирип келишкен. Алар эсеп-фактурасы менен ЭТТКны жокко чыгарууну жана кайрадан патент системасын киргизүүнү сурашкан. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдиргендей, сүйлөшүүнүн аркасында - ЭТТК жокко чыгарылып, бир катар жол-жоболор жөнөкөйлөштүрүлдү.

Патенттик система кайра кирет

Өлкөдөгү көмүскө экономиканы азайтуу жана ишкерлерге салык төлөөдө жеңилдиктерди берүү максатында президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, соода менен алектенген ишкерлер патент менен иштеп, кирешесине жараша салык төлөй алышат. Эгер ишкердин жылдык кирешеси 50 миллион сомго чейин болсо, анда салык 0,5% гана болот. Буга чейин бул чектөө 30 миллион сом болчу. Салык кызматынан билдиришкендей, патенттин баасы соода аянтына же болжолдуу жылдык кирешеге жараша шаар менен аймактарда ар башка болот. Учурда бул система боюнча "Дордой" жана Кара-Суудагы "Тураталы базары" иштеп, көзөмөл-кассалык машина (ККМ) колдонулбаганын Салык кызматынын төрагасы билдирди.

“Бул ишкерлерге аз салык чени менен көбүрөөк киреше табууга мүмкүндүк берет. Патент менен иштеген соодагерлер кирешесин жашыра албайт, азыркы санариптештирүү шартында бардыгы ачык көрүнүп турат. Кирешесин жашыруусу шек жаралып, туура эмес маалыматтар берилсе ишкерлер текшерилет”,- деди Шыкмаматов.

Мамлекеттик салык кызматынын ыкчам көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Айнура Султаналиева “Биринчи радиого” билдиргендей, салык төлөөчүлөр патент менен иштөөнү же ККМ колдонуу менен Бирдиктүү салык төлөөнү өз каалоосуна жараша тандаса болот. ККМ колдонуу менен кирешеси 8 млн сомго чейин болсо салык төлөнбөйт. Ал эми кирешеси 8 млн сомдон ашса Бирдиктүү салык режими колдонулат. 2023-жылдан тартып, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө максатында электрондук патент киргизилип, аны Салык кызматынын сайтынан жана “Түндүк” тиркемесинен алууга болот. Эскерте кетсек, азыр кайра кирүү алдында турган соода ишмердүүлүгү үчүн патент системасы 2024-жылдын июль айында жоюлган.

Милдеттүү колдонуу жокко чыгарылган ЭТТК

2025-жылдын 1-январынан тартып мунайзат (майлоочу майларды кошпогондо), маркаланууга тийиш болгон алкоголь жана тамеки продукцияларынан башка товардын түрлөрү үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) милдеттүү түрдө колдонуу жокко чыгарылган. Салык кызматы үстүбүздөгү жылдын 20-мартында маалымдагандай, бул чечимди министрлер кабинети кабыл алган. Мекеменин маалыматына ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып, ЭТТК дары-дармектер жана медициналык буюмдар үчүн милдеттүү түрдө колдонулат.

Ишкерлик үчүн административдик жүктү азайтууга багытталган ЭТТК боюнча төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилген:

- Мамлекеттик салык кызматынын ЭТТК модулунан мунай зат, алкоголь жана тамеки продукцияларын кошпогондо, бардык товарлар эсептен чыгарылат. Мунай зат, алкоголь жана тамеки продукциялары жок виртуалдык кампалар өчүрүлөт.

- Маркалоо коддорун көрсөтүүдөн бошотууда 2026-жылдын 1-апрелине чейин салык төлөөчүлөр алкоголь жана тамеки продукциялары үчүн ЭТТК модулундагы документтерге маркалоо коддорун көрсөтүүдөн убактылуу бошотулат.

Белгилүү болгондой, Алмамбет Шыкмаматов ЭТТКны беш товарга гана (мунай заттарына, алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге, дары-дармекке жана медициналык буюмдарга) калтырууну сунуштаган. Негизи ЭТТК системасында 13 миңден ашык ар кандай товарлардын аталышы бар экендиги маалымдалып келген. Бажы, салык же башка органдарга көрсөтүү үчүн талап кылынуучу бул документ 2015-жылы өлкө Евразиялык экономикалык биримдикке кирген соң, онлайн форматка өтүп электрондук товардык – транспорттук коштомо кагаз - ЭТТК деп аталып калган. 2022-жылы кабыл алынган Салык кодексине ылайык, дүң соода кылган ар бир ишкер ЭТТК колдонууга милдеттендирилген.

ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ болуп эсептелет.

Кыймылсыз мүлк сатууда салык карызынын жоктугу тууралуу милдеттүү маалымкат жокко чыгарылган

Бюрократиялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүм учурундагы салык карызынын жоктугу тууралуу милдеттүү маалымкат жокко чыгарылган. Учурда салык карызынын бар же жок экендиги тууралуу маалымат автоматтык түрдө "Кадастрда" жеткиликтүү. Карызы болгон учурда кыймылсыз мүлктүн сатуучулары сумманы онлайн түрдө төлөө мүмкүнчүлүгү бар.

Салыкка 50 миң сомго чейин карызы барлар өлкөдөн чыга алышат

Эми 50 миң сомго чейин салык карызы бар жарандар алдын ала милдеттүү төлөмсүз өлкөдөн чыга алышат. Мындай чечимди Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов I кварталдын жыйынтыгы боюнча ведомствонун коллегиясында демилгеледи. Жаңы демилге боюнча эгерде текшерүү учурунда жарандын карызы бар болсо, ошол жерден QR-коддун жардамы менен төлөп сапарын уланта алат. Бул жаңыланууларды жакынкы айларда ишке ашырылмакчы.

Жыйынтыктап айтсак, бул жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин бардыгы президенттин кол койгон жарлыктарына, Салык кызматына койгон тапшырмасына ылайык, өлкөдөгү кичи жана чакан ишкерликти колдоо, этап-этабы менен салык төлөөчүлөргө жеңилдиктерди берүү максатында жүргүзүлүүдө. Жогоруда айтылгандай, ЭТТКны жоюу, салык өндүрүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү президенттин негизги тапшырмаларынын бири болгон. Эми Салык кызматынын төрагасы маалымдагандай, жарлыктын негизинде соода тармагына патент системасын кайра киргизүү боюнча Жогорку Кеңешке мыйзам даярдалып киргизилмекчи.

Чолпон Жумалиева
Булак: "КАБАР" МА