Бишкек, "Саясат.kg". Муну ар бир кыргызстандык түшүнүшү керек.

Муну ар бир кыргызстандык түшүнүш керек: НПОлор жөнүндө мыйзам кабыл алынат деген сөздөр пайда болгондон баштап  кыргызстандык айрым көз карандысыз ММКлар жана бейөкмөт уюмдар бул мыйзамга  караманча каршы экенин билдиришкен. Өздөрүн көз карандысыз журналистербиз дегендер "бийлик бул мыйзам менен сөз эркиндигине кысым кылып жатат" дешүүдө. Ал эми, НПОлор тыштан алынган ар бир сом боюнча отчёт беришинен качуу амалын издей баштаган.
Мыйзам кабыл алынарына көзү жеткенден соң булар чет өлкөлүк донорлоруна арызданып жиберишкен. Ал эми чет өлкөлүк кожоюндары  кыргыз парламентине кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатышат.
НПОлор боюнча мыйзамдын парламенттеги биринчи окууга Кыргызстандагы БУУнун тутумунун туруктуу координатору Антье Грейв жана ЕККУнун демократиялаштыруу департаментинин башчысы Константин Вардзелашвили келишкен. Алар өз позицияларын билдиришип, сунушталып жаткан нормалар эл аралык стандарттарга дал келбейт жана уюмдун ишмердүүлүгүн чектей турганын баса белгилешкен. Эл аралык стандарт жөнүндө Президент Садыр Жапаров  АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катына берген жообунда мындай деген:
«…учурда кыргыз парламентинин депутаттары демилге кылган мыйзам долбоорунун концепциясы 1938-жылы АКШда кабыл алынган жана азыр да колдонулуп жаткан Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө мыйзамдын (Foreign Agents Registration Act, FARA) концепциясына жакын экенин баса белгилейм.
Белгилүү болгондой, FARA Мыйзамында чет өлкөлүк агенттин статусу жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн гана эмес, башка юридикалык жана жеке жактар үчүн да каралган.
Каттоодон кечиксе же баш тартса – административдик эле эмес, ал тургай кылмыш-жаза жоопкерчилигин да тартат деп турат.
Ушуга байланыштуу бир суроо жаралат:
эмнеге силер кылсаңар болот, биз кылсак болбойт?»
Ал эми өлкөбүздөгү көз карандысыз маалымат каражаттары чын эле көз карандыбы? 
“Салам Кыргызстан” телеграм каналында кызыктуу билдирүү жарыяланган:
"2021-жылы Американын Улуттук демократиялык фонду (NED) Кыргызстандагы "көз карандысыз" ЖМКларды жана НПОлорду 450 миң долларга каржылаган. 2023-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти программанын алкагында "демократиялык кайра түзүүлөр" фондуна 300 миллион доллар бөлгөн. "Евразия", постсоветтик өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргыз Республикасын "демократиялаштырууга" багытталган. Ал эми АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) "Кыргызстандагы ЖМКнын көз карандысыздыгын колдоо демилгеси" долбоорун ишке ашыруу үчүн 5 жыл ичинде 12 ЖМК жана НПОлорго 10,65 миллион доллар бөлгөн. 2023-жылы ЮСАИД өлкөнүн массалык маалымат каражаттарына жана жарандык секторуна “орусиялык пропагандага маалыматтык каршы турууга” 21 миллион доллар бөлгөн".
Мынча эбегейсиз каражат көз карандысыз ЖМКалар менен НПОлорго бөлүнгөнү  Кыргызстандын ички иштерине кийлигишкендигинин белгиси эмеспи? Албетте, ошончо каражаттарды алган ЖМКалар менен НПОлор чет өлкөлүк кожоюндарынын айтканын кылышат.
Бүгүнкү күндө дүйнө тездик менен өзгөрүүдө, мамлекеттер ортосундагы мамилелер да өзгөрүүп жатат. Көз карандысыз маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын темасынын артында ири державалардын геосаясий кызыкчылыктары жатат. Кыргызстан алардын оюнундарында  курмандыкка айланбашы керек. Муну ар бир кыргызстандык түшүнүшү керек.

 

Бакыт Кошоев