Бишкек, "Саясат.kg". Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров б 28-ноябрда, “Кыялымдагы Кыргызстан” аттуу республикалык жаштар форумуна катышты.

Иш-чара бул форумга арналган видеороликти жана прологду көрсөтүү менен башталды.

Андан соң форумдун катышуучулары - ишмердүүлүктүн ар кыл тармактарындагы активдүү жаштардын өкүлдөрү Президент Садыр Жапаровго кайрылып, сөз алышты.

Сөз сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы чогулгандарга акыркы үч жылдагы жыйынтыктар жана өлкөдөгү болуп жаткан оң өзгөрүүлөр жөнүндө кыскача айтып берди. Тактап айтканда, Садыр Жапаров негизги жетишкендикке - саясий коррупциядан арылууга өзгөчө басым жасады. 

Мындан тышкары, ал жаштарга өзгөчө көңүл буруп, токтоло турган негизги багыттарды белгиледи.

Мамлекет башчысы билим алып, татыктуу кесиптин ээси болуп чыгышы үчүн билим берүү менен кесипке даярдоо тутумун колдоону күчөтүүгө сөз берди. Экономиканын жаңы тармактарында жаштарды иш менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат. 

Садыр Жапаров жаш ишкерлерди колдоо боюнча өзүнчө мамлекеттик программа иштеп чыгуу тапшырмасын бергенин билдирди. 

Президент Садыр Жапаров жаш муун өкүлдөрүн биргелешип иштеп, мыйзам үстөмдүгү орногон, туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн коомду курууга чакырды.

Иш-чаранын аягында Мамлекет башчысы чакырылган катышуучулардын арасынан активдүү жаштар менен эстеликке сүрөткө түштү.