Бишкек, "Саясат.kg". Бул бир гана кыргыз бийлигинин маанилүү ийгилиги гана эмес, биздин коомдун мындан аркы дагы туруктуу өнүгүүсүнүн негизи.

Эл аралык эксперттердин пессимиттик божомолдору аткарылган жок, өткөн жыл Кыргызстан үчүн бир топ ийгиликтүү болду, айрыкча анын эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу туруктуу чыйырга түшүп, акыркы үч жылда орточо эсеп менен 7 пайыздык өсүштү камсыздаган улуттук экономикасы үчүн.

Жалпысынан 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөлүк экономиканын акыбалы 2024-жылы өнүккөн жана максаттуу экономикалар өсөт, инфляция ылдыйлайт, а алдыңкы борбордук банктар биринчи жарым жылдыкта ставкаларды азайтууга барат деп болжолдоого негиз берет, бул биздин экономикабызга оң таасирин тийгизет.

Бирок күтүүсүз глобалдык инфляциянын жаралышына башкы фактор болчу геосаясаттын реактивдүү күчүн унутууга болбойт.

Бул жыл, менин көз карашымда, дүйнөлүк экономиканын позитивдүү өнүгүү тенденциясын өзгөртүп сала алчу геосаясий пландагы бир катар олуттуу тобокелчиликтерди жана факторлорду ала жүрөт.

Биринчи. Украинадагы кеңири масштабдагы согуштун дагы да уланышы глобалдык экономиканы жайбаракат багытынан аскер багытына бурат, бул алдыңкы экономикаларга аскер-өндүрүш комплекстери үстөмдүк кылышына, ошондой эле чийки затка болгон баанын өсүшүнө алып келет. Тагыраак айтканда, алдыңкы өлкөлөрдүн экономикасы аскердик багыттагы продукцияларды өндүрүүгө басым жасайт.

Экинчи. Газа тилкесиндеги чыр-чатактын күчөшү Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндөгү тирешүүнү бекемдейт, бул нефтке жана газга болгон дүйнөлүк баанын жогорулашына алып келет.

Тобокелчиликтин үчүнчү фактору болуп инфляция турат – анын ылдыйлашын ишеним менен кабыл алууга болбойт. Ошол эле убакта дүйнөлүк экономикада инфраструктурасы менен маанилүү орундарды ээлеген көптөгөн өлкөлөрдө кыймылсыз мүлк тармагында көйгөйлөр сакталып турганын унутпоо керек.

Үчүнчү фактор. 2024-жыл “глобалдуу шайлоолор” жылы болуп эсептелинет, 64 өлкөдө президенттик жана парламенттик шайлоолор болот, бул жалпы эсепте 4,2 миллиард адамга, дүйнө калкынын жарымынан көбүнө таасир этет, бул дагы өзүнчө бир белгисиздик менен коштолот.  

Азия тайвандык жана түндүккореялык факторлорго карабай туруктуулугун сактап келатканын эске алсак, дүйнө бул чөлкөмдүн экономикалык борборлоруна тартылаары бышык. Ал глобалдык экономиканын локомотиви катары калат: анын дүйнөлүк ИДПга болгон салымы 2023-жылы 60 пайызды түздү, а глобалдык орто класстагы үлүшү – 50 пайыз. Андан тышкары, Азия эл аралык каржылык байланышты бекемдеген электрондук коммерцияда алдыда баратат. Ошондой эле азиялык өлкөлөр акыркы жылдары жогорку технология тармагына активдүү инвестиция салып жатканын белгилей кетели.

2023-жылдагы туруктуу өнүгүү боюнча Докладка ылайык, Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүү боюнча 166 мамлекеттин ичинен 45-орунга татыган. Бул бир гана кыргыз бийлигинин маанилүү ийгилиги гана эмес, биздин коомдун мындан аркы дагы туруктуу өнүгүүсүнүн негизи.

Албетте, бул президент Садыр Жапаровдун командасынын чоң жетишкендиги, мындай натыйжаларга жетүү үчүн социалдык багыты айкын болгон мамлекеттик бюджетти түзүп, бюджеттин чыгашаларынын дээрлик жарымы республикадагы негизги кызматтарды: билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо жаатын каржылоого багытталган. 

2023-жыл боюнча Кыргызстандын каржылык-экономикалык натыйжалуулугунун индекси биздин өлкө 2024-2025-жылдары дүйнөнүн экономикасы эң тездик менен өсүп бараткан топ-10 өлкөнүн катарына кириши ыктымалдыгын көрсөтүп турат.

Авазбек Атаханов, КР ТИМ министринин орун басары