Бишкек, "Саясат.kg". Болбосо, Мадумаровдун санаалашы, тилектеши макул болбойт эле…

Башкы прокуратуранын ЖК депутаты Адахан Мадумаровго кылмыш ишин козгоого уруксат берүү өтүнүчү канааттандырылыптыр. Башкы прокуратура 4 берене менен кылмыш ишин козгоону сураса, депутаттар 338-берененин 3-пункту («Превышение власти») боюнча жоопкерчиликке тартууга макулдук беришти. Тагыраагы, кызмат абалын ашыра пайдалануу менен кыргыз-тажик чек арасындагы 275 метрлик асфальт жолду берип ийген деп айыпталууда.

Албетте, бул ишке каалагандай саясий түс берип, талкууларды жүргүзө берсек болот. Бирок Мадумаров боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү Мирлан Самыйкожонун Мадумаровго кылмыш жоопкерчиликке тартууну колдогондугу Башкы прокуратуранын өтүнүчүнүн негизи бардыгынан кабар бербей койбойт. Болбосо, Мадумаровдун санаалашы, тилектеши макул болбойт эле…

Эмнеге адатта иштеп келген «инстинкт самосохранения» бул ирет Мадумаровго карата иштеген жок? Эмнеге буга чейин башка депутаттарды сактап калчу кесиптештик, тилектештик бул ирет болгон жок? Эмнеге депутаттар А. Мадумаровду сактап калышпай, Башкы прокуратуранын кылтагына «илип» беришти? Бул суроолорго ар кандай жоопторду берүүгө болот. Ага объективдүү да, субъективдүү да себептер болду окшойт. Бирок эң башкысы, Адахан мырзанын «мен гана кыйынмын, калганыңар балээни да билбейсиңер» деген ЭГОсу, башкалардан өзүн жогору койгон текеберлиги өзүнө каршы иштеди окшобойбу. Мадумаров көп жолу парламенттин курамына ичи чыкпастыгын кыйыр түрдө билдирип, орусча айтканда, «не в своей тарелке» болуп кыйналып, акыл үйрөтүп, нотация окуй берип, депутаттарды да жүдөтүп, чүнчүтүп ийди эле. Ошол эле мезгилде парламент мүчөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгү кечээги эле тарыхый факты менен эсептешпей коё алышкан жок десек туура болчудай…

Эми кандай болот? Ушундай суроолор, тагыраагы, Мадумаров камалса эмне болот? - дегендей суроолор буга чейин көп эле берилип келатты. Албетте, Жогорку Кеңеш дасыккан депутатсыз, чеченсиз калат, бирок эч нерсе болбойт, андан Жогорку Кеңештин иши токтоп калбайт, мындан трагедия кылуунун кереги жок. Тескерисинче, эгерде кылмыш иштин алкагында мандатынан ажырап калса, анда Мадумаров эми парламенттин сыртындагы оппозициядагы боштукту толтурат. Парламентте регламенттик чектөөлөрдөн улам ойлогонун, каалаганын айта албаса, эми каалаганын каалаган жерде айтып, билдирип, оппозициялык саясатчы катары ишмердигин уланта алат. ЖКдагы «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы лидерсиз калып, Мадумаровдун позициясы, ойлору фракциялаштарынын ооздору менен айтыла башташын күтсөк болот. Фракцияда чындап бирдиктүү позиция, партиялык идеология болгон болсо, ал Мадумаровсуз да сакталат, болбосо, фракция мүчөлөрү чачылып, жайылып кетери турган иш.

Адахан Мадумаровдун кыргыз-тажик чек арасындагы жолдун тажик тарапка өтүп кетүүсүнө канчалык күнөөсү бар? Чын эле кызмат абалынан ашыра пайдаланып, өлкөбүздүн кызыкчылыгына каршы келген кадамга барганбы? Кезинде Азимбек Бекназаров А.Мадумаровду бул иш боюнча күнөөлөп, билдирүүлөрдү жасаган. Албетте, так жоопту тергөө-иликтөөнүн жыйынтыгы берсе, күнөөсүн соттук чечим аныктайт. Өзү айтып келаткандай, чын эле күнөөсү жок болсо, саясий иш болуп атса, анда күнөөсү жоктугун далилдеп алат.

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист