“Манас” аба майданындагы АКШ баш болгон НАТО аскерлеринин чыгарылышы же чыгарылбашы күн өткөн сайын азыркы кыргыз бийлиги үчүн рак шишигиндей илдетке айланып, ал тургай тагдырын чече турган маселеге айланууда. Ким билет, 2010-жылы шайлоо алдында А.Атамбаев ойлонуп сүйлөгөнбү же элдин колдоосун алыш үчүн ойноп эле сүйлөп койгонбу, “2014-жылы АКШ базасы “Манас” аэропортунан чыгарылат, жарандык аэропортто чет элдик аскердик техникалар болбош керек”,- деп кесе айткан болчу.  Эми ал ошол сөзүнүн кулуна айланып, эмне кыларын билбей башы маң болуп отурган чагы.
 
Анткени Кыргызстан бүгүнкү күндө кайрадан 20 жылдык тыныгуудан кийин дүйнөлүк державага айланып, аймактык таасир талашкан АКШ менен Россиянын геосаясый кызыкчылыгын жараткан полигон экендиги белгилүү. Эгер Россия СССР учурундагы “эски жайытын” кайра колго алгысы келсе, АКШ жаңы аймакты ээлеп алууга кызыгууда. Бир жагынан кылкылдаган улуу Кытайдын капталында жайгашкандыгыбыз да бул эки державанын тымызын тирешүүсүн пайда кылууда.
 
Баса, мурдагы президент К.Бакиев да Москвага барганда АКШ базасын чыгарам деп ири өлчөмдө Кремлден акча алып, бирок Бишкекке келип, акыл-эсин топтогон соң кайра артка кетип, болгону “Транзиттик борбор” кылып аталышын гана өзгөрткөн “куулугу” үчүн орус “медвединин” каарына калып, бийлигинен ажырашына негизги себеп ушул жагдай болгондугу белгилүү. Дагы бир маалыматтар боюнча, АКШнын союлу болгон Борбордук чалгындоо кызматы (ЦРУ) Курманбек, Жаныш, Максим бакиевдердин тасмага тартылган бир топ чуулгандуу иштерин көрсөтүп, эгер база маселеси тууралуу Москвада айткан сөзүнөн артка кайтпаса, ал маалыматтар коомчулукка жарыяланып кетерин билдирип, ультиматум койгондо, ары карап ыйлап, бери карап күлүп, айласыз базаны калтырган экен.
 
Бүгүнкү күндө А.Атамбаев деле дал К.Бакиевдин кейпин кийип отурат. Анткени ал жогоруда белгиленгендей, шайлоо алдында 2014-жылы АКШ базасын чыгара тургандыгын жарыя кылып, бирок андан кийин президенттик такка отурган соң алгачкы иш сапарын НАТОнун мүчөсү болгон “экинчи мекени” Түркияга жасап, “старший браты” А. Гүл менен сүйлөшкөн соң мурдагы позициясы бир аз өзгөрүп, “Манас” аба майданын реконструкциялоого АКШ, Россия жана башка мамлекеттер катыша аларын билдирген. Анткен менен Кремль бүгүнкү кыргыз бийлигине бирде муштумун, бирде күлксүн көрсөтүп, астыртан да, ачык да “АКШ базасын качан чыгарасыңар?” деп демитип келүүдө. Өткөн жылы күзүндө РФ президенти В. Путин бишкекке жасаган иш сапарында “Несмотря с разногласиям с прежней властью, отношение российской власти к кыргызскому народу остался неизменным”,- деп ички сырын ачыкка чыгарган. Андан тышкары орус бийлиги ар качандан бир качан өз аймагындагы бир миллионго жакын кыргыз эмгек мигранттарын “барымта” катары кармап, Акүйгө эскертүү берип келет. Ошондой эле Нарын дарыясынын боюнда бир нече ГЭСтерди биргелешип куруу боюнча кыргыз-орус макулдашуулары да Кремлдин Кыргызстанга “сүйүүсү” күчтүү экендигин далилдеп турат. Өзгөчө 2014-жылдан баштап Кыргызстандын Россия, Казакстан жана Беларус мүчө болгон бажы союзуна кирүү ниети да “старший братка” көз карандылыкты күчөтүүдө.
 
25-мартта болсо Бишкекте кыргыз жана орус эксперттери Манастагы Транзиттик борбордун тагдыры, кыргыз-орус мамилесине байланыштуу кеңейтилген талкуу жүргүздү. Орус эксперттери Транзиттик борбор чыгарылыш керектигине басым жасаса, кыргызстандыктар андай чечим эмнеге алып келерин туурасынан койду.
 
Кремлдин элчилери катары келген Борбор Азия жана КМШ боюнча айтылуу эксперттер Алексей Власов, Аджар Куртов, Андрей Грозин, Леонид Бондарец  АКШ базасы боюнча кыргыз тараптын  Мурат Бейшенов, Элмира Ногойбаева, Мурат Сүйүнбаев, Зайнидин Курманов, Жумакадыр Акенеев жана Марс Сариев сыяктуу өкүлдөрү менен бир топ бүдөмүк маселелерди ачык талкуулашты.
 
Орус эксперттери негизинен Кыргызстан Транзиттик борборду чыгаруу боюнча айтылган сөзүн аткарыш керектигин айтып демитишти.  Алексей Власов "Манас" маселеси Орусия үчүн ишеним маселеси деп ачык эле айтты. Анын пикиринде, Россиянын мындай бүтүмгө келүүсүнө, буга чейин кыргыз бийлиги "Манастан" АКШнын аскердик базасын чыгарабыз деп бир нече жолу айтып, бирок аны аткарбаганы себеп болгон.
 
 Бирок кыргыз бийлиги жыл сайын 120 млн. доллардын тегерегинде какшыган бюджетке каражат түшүрүп турган АКШ базасын колдон чыгарып жиберүүнү да каалабайт. Ошол эле учурда жүк ташуучу борбор болуу үчүн атаандаштык жаралып, Казакстан Алматы, Өзбекстан Навои аба майданын даярдап жатканы айтылууда. Ал тургай ошол эле Россиянын өзү да Ульяновск аэропортун да транзиттик жүк ташуучу борбор катары берүүгө даяр экендиги белгилүү. Тилекке каршы АКШ бул варианттардын бирине да барууга көңүлү жок. Анткени экономикалык жактан да, саясый көз караштан да аларга “Манас” өтө ыңгайлуу.
 
Эгер кокус эле Кремлдин салмагы тараза ташын басып кетип, янкилерди “Манастан” чыгара турган болсок, анда эле сырткы инвестиция, кредитсиз жашай албаган кыргыз экономикасы жээкке сүрүлүп калган балыктын абалын элестетип калары бышык. Ал эми бүгүнкү күндө мамлекетибизге сырттан келип жаткан көпчүлүк каражат АКШдан түздөн-түз жөнөтүлбөсө да, бул улуу державанын кыйыр түрдө башкарган эл аралык финансы уюмдарынан каржыланууда. Ошондуктан бүгүнкү кыргыз бийлиги да АКШны карап күлүп, Россияны карап ыйлап, айласы кетип жаткан учуру.
 
Анткен менен келерки жылы АКШ жана НАТОго мүчө-мамлекеттер өздөрү Афганистандан аскерлерин чыгарып кетмекчи. Ал тургай Пакистан аркылуу четинен чыгара баштагандыгы да белгилүү. Бирок андан соң АКШнын Афганистан, Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанда кандай геосаясый планы бар экендиги чоң табышмак...
 
К.Болотов
Булак: “Майдан.kg”, №011, 2013-жылдын 27-марты