Сыягы, өткөн жумадагы өтө маанилүү окуя - экономика министри Темир Сариев жетектеген өкмөттүк комиссиянын “Кумтөр” кенин изилдөөсүнүн жыйынтыгы чыгарылышы болду окшойт. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев төрагалык кылган өкмөттүк жыйындын жүрүшү коомчулукка кеңири көрсөтүлүп, азыр баарыбыз андан ары эмне болор экен деп чочулап турабыз.
 
Натыйжада жыйырма жылдан ашык убакыт дүйнөдөгү жети ири алтын кенинин бири болгон “Кумтөрдөгү” алтын казуу ишинде эл аралык деңгээлдеги шылуундар бир гана экологиябызды орду толгус оор жоготууга туш кылбастан, экономикабызды да сызга отургузуп келиптир. Анткени келишимдер Кыргызстандын эмес, инвестордун кызыкчылыгы үчүн гана ыңгайлуу түзүлүп калган. Мисалы, эки тарап үлүштү казылган алтындын көлөмүнө карап эмес, тапкан кирешеден бөлүшө турган келишим түзүлгөн. Бул жагдайда маңыроо кыргызды эл аралык тажрыйбасы бар шылуундар оңой эле алдап, чыгашасын көп көрсөтүп, бизге болор-болбос акча төлөп келишет. Кала берсе өзүбүздөн сатып алган жергиликтүү азык-түлүктөр он эсе алган суммадан жогору көрсөтүлүп, ошол эле учурда жумушчуларга Америка менен Аргентинада эки жыл мурда мөөнөтү өтүп, ит жебей калган этти ташып келип жаткандыгына былтыры күбө болбодукпу.
 
Ал тургай Акаевдин өкмөтүн башкарган “легендарлуу” премьер-министр Турсунбек Чыңгышев да “Кумтөр” келишими Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлүп калгандыгын моюнга алып, 28-январда журналисттерге ыймандай сырын мындай деп айтты: “Менин пикиримде, учурдагы келишимди бузуу керек, анда Кыргызстандын кызыкчылыгы толугу менен жокко чыгарылган. Компаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүүгө барып, “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАК ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча мамкомиссия тарабынан аныкталган доолорду коюу керек”.
 
Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Центерра Голд Инк.” акционерлери жана башкаруучулары менен сүйлөшүүгө баруу керек. Бирок  “Кумтөр” боюнча маселеде Кыргызстан тийиштүү жыйынтыктарга жетпей калуусу ыктымал, ал эми күрөш катаал болушу мүмкүн. “Ошентсе да, жана ал сүйлөшүүлөрдүн 100% ийгиликтүү болооруна ишенич аз болсо да, өз алтыныбыз үчүн күрөшүү керек. Негизинен экология маселесине басым коюу зарыл”,- деди Т.Чыңгышев.
 
Экс-премьердин айтымында, 1992-жылы кабыл алынган Кыргызстан өкмөтү жана “Кумтөрдүн” ортосундагы келишим парламент тарабынан кабыл алынган эмес. “Ал 90-жылдары биз отставкага кеткен элек, ал эми “Кумтөр” боюнча долбоор унутта калган, бирок анда кирешенин 66,6%ы Кыргызстанга тийиштүү экендиги көрсөтүлгөн”,- деп кошумчалайт Т.Чыңгышев. Ким билет, Турсунбек мырзанын кеч болсо да мекенчилдик сезими козголдубу же алдыдагы жоопкерчиликтен кутулуу амалыбы, айтор ушинтип агынан жарылып отурат.
Мындай көрүнүшкө ошол учурдагы кыргыз бийлигинин башында тургандар жол бергендиги айдан ачык. Ошондуктан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ал “кылым келишимине” кол койгон жетекчилердин баардыгын жоопкерчиликке тартууну талап кылды. Тилекке каршы далай жетекчилердин, ал тургай туңгуч премьер-министр Насирдин Исановдун башын жуткан “алтын чатагынын” күнөөкөрлөрүн жазалоого Жантөрө мырзанын чамасы жетер бекен? Баса, ишти Н. Исановдун табышмактуу жагдайда өлтүрүлүшүнөн баштоо көп “алтын сырына” байланышкан табышмактын жандырмагын ачышы мүмкүн. Себеби кыргыз эли менен мамлекетинин келечегине балта чаба турган келишимдин опурталдуу экендигин алдын ала көрө билген таза инсан өкмөт башчы катары кол коюудан баш тарткан. Анын Таш-Көмүрдөгү ооруканага жакшы эле абалда жеткирилип, бирок “Ак үйдөнбүз” деп палатага кирген эки кара плащ, кара шляпачан адам чыккандан соң көзү жумулгандыгына күбө болгон айрым жергиликтүү медицина кызматкерлери бар экен. бирок алар ушул күнгө чейин чындыкты айтуудан коркуп келишет. Эгер Жантөрө Жолдошевич бул жагдайга да көңүл бурса, анда далай “Кумтөргө” тиешелүү адамдардын кылмыш жоопкерчилиги да ачыкка чыгышы мүмкүн.
 
Баса, өткөн жылы 3-октябрда Ак үй алдында “Кумтөрдү” улутташтыруу маселесин көтөрүп чыгып бийлик тарабынан камалган депутаттар К. Ташиев, С. Жапаров жана Т. Мамытовдор анда эмнеге камакта отурушат? “Кумтөр” кени боюнча түзүлгөн келишим мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келери өкмөттүк комиссия тарабынан далилденген соң алар токтоосуз түрдө акталыш керек болчу. Көрсө, эл ичинде “Үч баатыр” атка конгон Ташиев, Жапаров, Мамытов айрым бийликчил депутат-жердештери айыптагандай эч кандай популисттиги жок эле чындык үчүн чыркыраган экен го. Анын “20 жылда 260 тонна алтыныбызды алып кетип, өзүбүзгө 1.5 тонна эле калышына кантип чыдап отурасыңар?!”,- деп каңырыгы түтөп кыйкыргандыгы кашкайган чындык турбайбы.
 
Ал эми өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиев 28-январда  Бүткүл дүйнөлүк банк жана Азия Өнүктүрүү Банкынын өкүлдөрү менен жолугушууда да “Тоо кен тармагындагы бардык инвесторлор менен Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында мамиле түзөбүз”,-деп кесе айтты.
 
“Инвесторлор менен биздин мыйзамдардын алкагында кызматташуу алтын өндүрүүчү компаниялардын да, алардын акционерлеринин да, анын ичинде “Centerra Gold Incтин” туруктуу иштешин камсыз кылат. Тоо кен тармагындагы бардык инвесторлорго өлкөнүн мыйзамынын алкагында бирдей мамиле жасалат. Бардык инвесторлор менен бирдей шартта иштешибиз керек”,- деди ал.
 
Эмне үчүн “Кумтөр” маселеси дайыма көтөрүлүп келет? Анткени келишим мамлекеттин эмес, айрым адамдардын кызыкчылыгын көздөп түзүлүп калган. Бул маселе биздин мамилебиз мыйзамдуу алкакка түшмөйүнчө көтөрүлө берет. “Кумтөр” келечектүү кен. Өкмөт “Centerra Gold Incтин” жетекчилиги менен иштиктүү сүйлөшүү жүргүзүүгө дайым даяр. Биз бүгүнкү инвесторлор менен мындан ары да иштешүүгө кызыкдарбыз”.
 
Экономика министри Т. Сариевдин маалыматы боюнча,  “Центерра Голд Инк” компаниясы менен 2009-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, “Кумтөр” мамлекеттик бюджетке салыктын бир түрүн гана төлөп келген. Башкача айтканда компания 13 пайыздык гана салык төлөгөн. Мындан тышкары, алар кирешенин 1 пайызын жергиликтүү фондго салык катары которушкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө башка кен иштеткен компаниялардын келишимдерине салыштырмалуу, “Центерра Голд Инк” өзгөчө келишим менен иштеп келгендиги аныкталган.
 
Бирок эгер кыргыз тарап мурда түзүлгөн келишимди бузса, анда “Центерра Голд Инк” эл аралык сотко бериши мүмкүн. Президенттен карапайым адамдарга чейинки чочулачу жагдай ушул. Анткени жаза тайып утулуп кала турган болсок, анда бир гана экономикабызды өргө сүйрөп келаткан жалгыз ишканадан ажырап, миңдеген адамдар жумушсуз калбастан, сырттагы активдерибиздин баардыгы камакка алынышы мүмкүн. Ансыз деле түрктөр “Ак кеме-Пинара” мейманканасын талашып, эл аралык банктардагы болор-болбос каражатыбызды талашып турушат. Кала берсе бизде эл аралык деңгээлдеги англис тилин билген юрист да жок экен.
 
Ошондуктан карыя тоо кен адиси Орозбек Дүйшеев “Кумтөргө” байланыштуу маселени эл-аралык сотко жеткирбей чечүү зарыл деген пикирде. Анын пикиринде, мамкомиссия тарабынан сунушталган чет элдик компаниянын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча сунуштар негиздүү жана объективдүү. “Парламенттин башкаруу коалициясынын фракциялары да мамкомиссия сунуштарын колдоого алышты. Бул туура чечим. Анткени мында компаниянын ишин токтотуу маселеси эмес, тескерисинче, келечекте кызматташуу зарылдыгы белгиленүүдө”, - деди ал.
 
Кыскасы, Ж.Сатыбалдиев башында турган өкмөт чоң сыноонун алдында турат. Эгер “Кумтөрдү” иштеткен эл аралык инвесторлор күнөөсүн мойнуна алып, жаңы келишим түзсө, анда экономикабызга чоң салым кошулуп, Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң түрткү берилет. Кокус жаза тайып, алар эл аралык сотто утулуп калса, анда бүтүндөй мамлекетибиз Пушкиндин жомогундай тешик тешпини кармап отуруп калабыз.
 
Ал эми мамлекеттин кызыкчылыгын жеке пайдасына алмаштырып бул келишимге кол койгон мурдагы жетекчилер тарых алдында жооп берүүгө тийиш... Анан албетте, “Кумтөр” боюнча көтөрүп чыккан талаптары толук далилденген эл депутаттарын камактан чыгаруу керек.
 
Ж. Жамгырчиев