Сыягы, Акыйкатчы Турсунбек Акундун кызматтан алыныш маселесин кароо менен кыргыз парламентинин 5-чакырылган сессиясынын акыркы жыйыны тарыхтагы унутулгус трагедиялуу да, комедиялуу да окуялар менен эсте калды окшойт. Эң негизгиси А.Атамбаев башында турган бүгүнкү кыргыз бийлигинин “сырын” ачып, кылмыштуу жолго түшкөндүгүн далилдеди. Депутаттар мурда эле бүтүрүп коё турган бул ишти улам артка жылдырып отуруп, ушул күнгө такап коюшту. Бир чети амалкөй Акун да өмүрү барбаган Кызыл-Кыяга өзбек чек арачылары аткан жарандын өлүмүн шылтоолоп чаап кетип, ал жакта ооруп калып, түз эле ооруган боюнча парламентке кирип кетпедиби.
10-июнда 2010-жылы беш жүзгө жакын адамдын өмүрү кыйылып, миңдеген адамдар үй-жайынан ажыраган улуттар аралык кагылышууга үч жыл болду. Кыргыздар маркумдарга үч жыл аза күтөт. Бирок, бүгүнкү кыргыз бийлиги алардын ашын берип, арбагына багыштап куран окуу мындай турсун, али кан жыттанган Ошко барып койгонго да жарабады. Президент А.Атамбаев Бишкекте туруп алып, узун сөздөрдөн куралган катын кайсы бир деңгээли төмөн гезитке жарыяласа, премьер-министр Ж.Сатыбалдиев Жалал-Абаддын Топурак-Бел участкасына Санпа окуясында сепаратисттердин огунан каза болгон кыргыздардын эстелигине гүл коюп кайтты. Анткени алардын бул окуяга тиешеси болгондуктан, элдин жаалынан коркушат...
7-июнда, 10-11-июнда Бишкек шаардык сотунда “бийликти күч менен басып алууга аракет” жана “Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык” беренелери боюнча айыпталып, райондук инстанциядагы сотто 1-1,5 жылга эркинен ажыратылып, камакта олтурган “Ата-Журт” фракциясынын үч депутаты К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов, ошондой эле үч жансакчы, генерал-майор К.Кожоналиевдин үстүнөн жүрүп жаткан бийликтин “шоу-соту” уланды. Бүгүн болсо соттук коллегия өз өкүмүн чыгараарын коомчулук күтүүдө. Сот олтурумундагы кызыктар менен окурман журтун кабардар кылабыз.
Ушул, бир эле жуманын ичинде Жогорку Кеңештеги көпчүлүк башкаруучу коалициянын таркашы жана жаңы коалициянын түзүлүшү боюнча кыргыз гезиттеринде ар кайсы саясый булактарга таянып бир нече маалымат жарыяланды. Алардын ичинен эки маалымат, биздин оюбузча, олуттуу болуп эсептелет.
“Кумтөр” кениндеги Чубактын кунундай чубалып келаткан көйгөйлөрдүн көптөн бери чечилбей келатышы эртеби, кечпи коомчулуктун чоң жарылуусун жаратмак. Акыры ага байланыштуу Жети-Өгүз районунун эли митингге чыгып, жол тосуп, андан соң электр энергиясынын өчүрүлүшү жана окуянын 63 адам ар кандай деңгээлде жаракат алып аякташы бүгүнкү А.Атамбаев башында турган бийликтин кризисин далилдеп койду.
Баардык эле өнүккөн өлкөлөрдүн тарыхына кайрылсак, алар чет элдик инвестиция, кредиттин эсебинен бутка тургандыгына күбө болобуз. Ал тургай эң чоң держава болуп саналган АКШнын карызы триллиондогон доллар менен эсептелет. Экономикасы экинчи орунда турган кошунабыз Кытай деле чет элдик капиталдын эсебинен дүркүрөп өнүгүп жатат. Себеби алар акчаны алганды да, туура пайдаланганды да билишет. Ошондуктан өздөрүндөгү жана башка жактагы миллиардерлер бул мамлекеттерге акчасын коркпостон чегеришет. Эң негизгиси аларда мыйзам иштейт жана баарынан жогору турат. Коррупция, рейдерлик басып алуу, тигил же бизнеске “жашыл жарык” ачып бергендиги үчүн кайсы бир чиновникке пара беришпейт.
«Алганды эле билет, бергенди билбейт. Орусиянын алдындагы карызы үчүн Карадеңизден да кооз Ысык-Көлдү алыш керек» маанисинде Кыргызстан тууралуу айткан сөзүнө чычалап, Жогорку Кеңештин депутаттары белгилүү орус саясатчысы, ЛДПР лидери В.Жириновскийдин Кыргызстанга келүүсүнө тыюу салган чечим кабыл алды. Бул туура болдубу же жокпу? Ар ким өз бүтүмүн чыгарар. Бирок бир өлкөнүн эл өкүлдөрү кызыл чеке боло талашып, уу-дуу чыгара талкуулай турган маселе эмес эле. Бул улуттук парламенттин улук даражасына жарашпай турган иш болду. Эмне үчүн?
Биз башында эле, маселени кабыргасынан коюп, “Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министрликке татыктуубу же ыңгайлуубу?” – деп жазган болчубуз.Атамбаевдин жакын досу, аппарат башчысы болуп турган жеринен Жантөрө Сатыбалдиевдин багы ачылып, Бабановду кетиргенден кийин түзүлгөн “Ырыс алды – ынтымак” коалициясынын колдоосу менен өкмөт башчысы кызматына бекиген болчу. Жүз күндүгүндө, мына азыр учуру келип жарым жылдыгында да анткен менен, Кыргызстанды бөлүп алып башкарып жаткан парламенттик КСДП, “Ар-Намыс” жана “Ата-Мекен” фракцияларынан турган коалиция дайындаган өкмөт чеке жылытарлык иш жасабагыны көрүнүп турат.
Өлкөдөгү саясый-экономикалык абал кескин начарлап, “Кумтөр” менен камалган депутаттар боюнча нааразычылыктарга, кылмыш чөйрөсүнүн аталыгы аталган Азиз Батукаевди кастарлап узатуу боюнча көтөрүлгөн ызы-чуу кошул, ташыл болуп жатканда Жогорку Кеңеш (ЖК) май майрамдарынын шылтоолоп эки жумалык өргүүгө баса берди. Маалымат чордонуна айланган “саясый казандын” оту тартылганынан коом бир аз дымый түшкөнсүгөнү менен, “көйгөйлүү шишик” тарап кеткен жок. Туюк жарага айланчудай болуп баратат.
9-май күнү океандын ары жагынан кыргыз бийлиги үчүн суук кабар келди. Анткени АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бруклин прокуратурасы Максим Бакиевге карата козголгон кылмыш ишин токтоткондугу тууралуу билдирүү жасады. Эмнегедир алдын ала 13-майга белгиленген сот иши төрт күн эрте болгондугу да табышмактуу. Демек, М.Бакиев Лондондо кала бермекчи. Баса, ал өткөн жылы октябрда Улуу Британия соту тарабынан кармалып, айып тагылганда саясый качкын макамын алууга да жетишкендиги белгилүү.
Президент Атамбаевдин саясаттагы башкы атаандашы катары дүйнөлүк коомчулук тааныган Камчыбек Ташиев баш болгон “Ата-Журт” фракциясынын депутаттарынын, генерал-майор Кубатбек Кожоналиевдин жана үч жансакчы: Бекзат Исаев, Каныбек Камчыбеков жана Заирбек Кадырбаевдин үстүнөн сот ишин Бишкек шаардык соту 2-майда карай баштады.
3-майда Американын “Манас” Транзиттик жүк ташуу борборунун КС-135 май куючу самолетунун Кыргызстан менен Казакстандын чек арасына жакын аймакка кулап түшүп, күм-жам болушу океандын ары жагынан келген куралчандарды кетирүү маселесин кабыргасынан койду.
“Кумтөр” алтын кен фабрикасы ишке киришкенден 2 жыл өтүп-өтпөй, 1998-жылдын 20-майында цианид жүгүн тартып бара жаткан кубаттуу автоунаа Барскоон суусуна кулаган. Цианиди менен сууга түшкөн контейнерди чыгарып алууга аракет жасалганда, ал кайра сууга түшүп кетип жарылбай, бирок экинчи ирет көтөргөндө, суу ичинде жарылып, андан 1762 килограмм цианид агым сууга аралашкан. Контейнерде калган цианид кошумча келген автокран менен көтөрүлүп чыккан сон, “Кумтөр Оперейтинг Компанисинин” ошол кездеги жетекчиси Герхард Граддын түздөн-түз көрсөтмөсү менен авария болгонун жаап-жашырып кетүүгө аракет кылынган. Бирок Барскоон тарапка жаңыдан сугатка деп салынган канал аркылуу суу менен кошо ачуу жыттагы киргилт агындылар агып кирген.
Өткөн жумада, 26-апрелде Баткен облусунда алгачкы ирет эл аралык деңгээлде инвестициялык форум өткөрүлгөндүн эртеси күнү Ворух анклавы менен Ак-Сай айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр-чатак чыгып, тажик тараптан жети миң, кыргыздардан төрт миң адам чогулуп, аз жерден согушка айланып кете жаздады. Анткен менен жаалданган тажиктердин колунан төрт адам денесине келтирилген каттуу жаракаттан улам облусттук ооруканага жаткырылган. Мындан тышкары жол курулуш техникалары талкаланып, бир нече үйлөрдүн эшик, терезеси сынган. Бул окуя жыл башында Сох (Өзбекстан) анклавынын эли Чарбак айылынын жашоочуларын ур-токмоктогондой эле окуя болду.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан бир гана экономикалык жактан алсырабастан, саясый кризистин да сазына белчесинен батып, океанга чөгүп бараткан “Титаниктин” абалын элестетип калды. “Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусун кулаттык” деп алардын ордун морадёрчулук, кандуу, төңкөрүш жолу менен басып алган бийликтин жогорку эшалонундагылар майлуу, сүттүү кызматтарга өздөрүнүн жердештери менен партиялаштарын орнотуп, карапайым калкты унутту. “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыккан депутаттарга “кылым кылмышкери” деген айып коюлуп, ошол эле учурда кыргыздардын кулагын кесип, канын ичкен “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев жаза мөөнөтүнүн жарымы бүтпөй жатып сый-урмат менен Чеченстанга узатылды. Керек болсо бакиевдер деле ага мындай мамиле жасашкан эмес. Бул бүгүнкү кыргыз бийлигин эл аралык державалардан тышкары криминалдар да башкарып алгандыгынын далили.
Кайта-кайта президенттерди кубалап чыкмай жоругубуз өнөкөткө айланчудай болуп, бийликке карата нааразычылыктар күндөн-күнгө күч алып бара жатат. “Кумтөр” кени боюнча келишимди денонсациалоо, камактагы депутаттарды бошотуу талабы менен 24-апрелде митинг өткөргөнү жаткан «Эл үнү» кыймылыныкы жетишпей жаткансып, эми Батукаевдин бошонгонуна нааразы болгондордун калың катмары пайда болду. Бийликке ызырынгандардын саны күн санап өсүп жатышынан улам, “ахыбал кескин начарлап баратат, дагы бир революция болгону калды, бийлик үчүнчү жолу кучкө салуу жолу менен алмашса, арты тополоңго айланып, узакка созулган граждандык кагылышуулар менен коштолуп, акыры кыргыздар мамлекеттүүлүгүнөн ажырайт”,- деген божомолдорду айткандар көбөйдү.
Эки жолку элдик көтөрүлүш кыргыздын кыйын чыкмаларына, өзгөчө эл башындагы эренге сабак болбогону элибиздин кабыргасын кайыштырып, эртеңин бүдөмүк кылып, өлкөнүн бүтүндүгүнө сокку уруп турган маал. Жок дегенде ондогон азаматтын каны менен бийликке жеткен азыркы журт башчыбыз мурункулардын жолоюна түшпөй, так иштесе түзүк болмок. Тилекке каршы, шорубуз каткан эл экенбиз, өлкөбүздү жеген мите курттардан арылбадык. Анын бир мисалы – «Кумтөр».