Кара-Суудагы шайлоо бийлик партиясынын чыныгы жүзүн көрсөттү
 
Биз 2010-жылы апрелден кийин Кыргызстанда бийликке жалаң бандиттер, ууру-кескилер, морадёрлор, алкаштар жана таксисттер менен моралдык жактан бузулгандар келгендигин сан сайын жазып келүүдөбүз. Ал сөзүбүз Кара-Суу шаардык кеңешине болгон шайлоодо дагы бир ирет далилденди.
 
18-августта Кара-Суу шаардык кеңешине болгон шайлоо бүгүнкү президент А.Атамбаев башында турган  КСДП партиясы бийликке жалаң бандиттердин күчү менен келгендигин кашкайта далилдеп койду. Чындыгында Кыргызстандын түштүгүндө кадыр-баркы улам жоголуп бараткан, экинчи борбор болгон Ош шаарында бийликти алдырып койгон бүгүнкү бийликтин үчүнчү шаар катары белгилүү, калк эң жыш жайгашкан жана Борбор Азиядагы эң ири базар жайгашкан аймакта бийликтин партиясынын таасирин жоготушу өлүмгө тете болчу. Ошондуктан алар шайлоону адаттагыдай эле бурмалап, жалданма бандиттердин күчү менен болсо да жеңишке жетишүүдөн башка аргасы жок болчу. Себеби максатына жетүү үчүн элди экиге, керек болсо улуттар аралык кагылышууга чейин жеткирүүдөн кайра тартпаган, өзгөчө 2010-жылдагы июнь коогалаңында бир кабар алып койбогон бул партияга жана анын лидерлерине болгон түштүктүктөрдүн таарынычы али жазыла элек.
 
Эгер президент А.Атамбаев мэр шайланбай калгандыгы үчүн эле Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын таратпай, ошол бойдон эле калтырып, башка талапкерди сунуштаганда бул бир аймактын эли бычакташып, атышпайт да болчу. Анын үстүнө көпчүлүк мурдагы депутаттар да ушул КСДПдан эле. Демек, А.Атамбаев жана анын тегерегиндегилер атайлап же саясый жактан алысты көрө албагандыктан, элди бири-бирине салып, атыштырып, бычакташтырып койду. Бул Кыргызстандагы административдик мыйзамдардын “атасы” аталган Өмүрбек Текебаевдин реформаларынын толук бойдон кыйроого учурашы же турмуш чындыгына дал келбегендигинин да далили болуп саналат.
 
Кара-Суудагы шайлоого КСДП, «Өнүгүү», «Ата-Мекен», «Замандаш», «Мекен ынтымагы», «Бир бол» жана «Кыргыз-Ата» партиялары катышкан. Бирок бийликтин партиясы ачык эле берки башка партияларга үстөмдүк кылып, бюллетендерди пачкалап ыргытып, байкоочуларды шайлоо участокторунан кубалап, чыкпагандарын уруп-сабай баштагандыктан, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлдөрү өзгөчө мыйзамсыздык орун алган №5266 участоктун жанында алгач тынч эле КСДПнын тарапкерлерин тартипке чакырган. Бирок бийлигине, акчасына жана бандит экендигине ишенген беркилер тынчып калуунун ордуна, чак түштө (саат 13 чамасында) тигилерди уруп-сабап, бычактап, тапанча менен атып кирген. Жалпысынан элүүгө жакын жигиттер мушташып, КСДП партиясынын өкүлү Мунар Сайпидинов аттуу жигит шайлоо тилкесине келген шайлоочуларга тапанчадан бир нече жолу ок чыгарган. Күбөлөрдүн айтымында, ошол учурда массалык баш аламандык орун алып, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлү Нурмухаммеддин көкүрөгүнө ок жаңылган. Ошондой эле окуяга күбө болгондордун айтымында, «Мекен Ынтымагы» партиясынын мүчөсү Исламбек Каримов колунан жаракат алган. Ал эми КСДП партиясынын өкүлү Мунар Сайпидинов өзү да бычактан жаракат алган, бирок кимдин колунан бычак жегени азырынча белгисиз. Ошол эле кезде КСДП жана укук коргоо органдары тарабынан «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлү бычак колдонгон соң КСДПнын өкүлү жооп кылып, ок чыгаргандыгы тууралуу бир беткей маалыматтарды таркатышууда.
 
«Өнүгүү» партиясы 19-августта бул окуя боюнча расмий билдирүү таратып, административдик жана маалыматтык үстөмдүккө ээ болгон КСДП партиясы чындыкты бурмалап, башка нукка буруп, өздөрүн күнөөлөп жаткандыгын билдирди.
 
Ал эми бул шайлоого катышкан «Кыргыз Ата» саясий партиясынын лидери Төлөгөн Келдибаевдин өзүнүн билдирүүсүндө, чындыкты, болгон окуяны бурмалабай айткандыгы үчүн артынан бейтааныш спорттук дене-түзүлүшүндөгү балдар аңдый башташкан.  «Бандиттер менин артыман түшкөнүн байкап калдым. Үй-бүлөмдү күндүзү коопсуз жерге алып барып койгон элем. Анан түндө үйүмө кире албай, эки саат жүрдүм. Акыры милиция менен келип, ошолордун жардамында кирүүгө мүмкүнчүлүк болду»,- дейт Т.Келдибаев.
 
Ал Кара-Суу шаардык кеңешке шайлоону «чёрныйлар» көзөмөлдөп, өткөрүштү деп жарыялаган болчу. Ошондой эле шайлоонун таза өтпөгөнүн, ашыкча бюллетендерди пачкалап салуу коштолгонун жана бул мыйзам бузуулар бийликтин КСДП партиясы тарабынан жасалганын айтып чыккан.
 
Т.Келдибаев өзү мурда «Ата-Мекен» партиясынын мүчөсү болгон. Анын арты менен азыр Ош облусунда  мамлекеттик кызматта иштеп жатат. Бирок бул партиянын лидерлери баш болуп, аябай ыплас иштерди жасап жаткандыгы менен келише албай, былтыр мүчөлүктөн чыгып кетип, өз алдынча партия түзгөн. Т.Келдибаев Кара-Суудагы окуяга райондук жетекчилерден тартып, укук коргоо, бажы, салык органдары жана Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү С.Жээнбеков орун басарлары менен кошо күнөөлүү деп эсептейт. Анткени алар баардыгы биригип, «чёрныйлардын» күчү менен шайлоодо жеңебиз деп аракет кылышкан. Ал тургай атайын даярдыктагы күч органдарынын кызматкерлери жарандык кийимди кийип алышып, шайлоонун жүрүшүнө тоскоолдук жаратышкан.
 
Кара-Суудагы чыр-чатактын натыйжасында эки адамга ок тийип, бир адамдын бооруна бычак сайылды. Ал эми жабырлануучуга медициналык жардам берүү үчүн шашылып бараткан Сатыкулов деген врач-хирург аварияга кабылып, ошол замат каза тапкан. Мына сага Атамбаевдин «адилет» башкаруусу жана таза шайлоосу.
 
Күбөлөрдүн айтуусунда, эски бийликтердин тушундагы «карусель» ыкмасы кадимкидей колдонулган.Ал эми чындыгында ар бир шайлоо участогуна орточо 100дөн гана шайлоочу барып добуш берген. Натыйжада жалпы шайлоочулардын 5%ы гана катышкан (минтип бийликтин көпкөн бандиттери чак түштө бычакташып, атышып жатса, кайсы жанынан тойгон адам шайлоого бармак эле?). Бирок КСДПнын колуна курал, бычак кармаган жалданма бандиттери  бюллетендерди пачкалап ыргытуу менен 78% шайлоочулар катышты, жеңишке жеттик деп жар салууда. Ошондой эле КСДП партиясы ар бир шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө 1000 доллардан берип, аларды алдын ала эле сатып алып коюшкандыгы эл ичинде айтылууда.
 
Ал эми өзүнө каяша сүйлөгөндөрдү четтен аткан КСДПнын тарапкери Мунарбек Райымбеков дегеле шайлоого кийлигишүүгө укугу жок экендигине тийешелүү жетекчилер кандай жооп берер экен?. Анткени ал укук коргоо органында иштейт. Бирок жарандык фома кийип алып, башаламандыкты баштаган. Албетте, кандуу бийликтин жалданган жаналгычы болсо, кутурбай эмне кылмак эле.
 
Азыр жергиликтүү эл “шайлоону бурмалайт, добуштарды уурдайт”.- деген Акаев, Бакиевдин тушунда да мындай мыйзам бузуулар болбогондугун айтып жакасын кармашууда.
 
Кыскасы, кандуу, мыйзамсыз жол менен бийликке келген Атамбаев жана анын тегерегиндегилер мыйзамдуу жолго түшө албай, шайлоодо бандиттердин күчү менен жеңишке жетишүүдө. Алар 2010-жылы апрелде да бийликти ушинтип алышып, андан кийинки президенттик, парламенттик шайлоолорду бурмалап өткөрүп келишүүдө. Себеби элдин ишениминен чыккан. Кыскасы, Атамбаев Кара-Сууда ыплас шайлоо өткөрүү менен мөөнөтүнөн мурда отставкага кетүүгө дагы бир кадам жасады...
 
Ж.Кадыров
Булак: “Майдан.kg”, №30, 21.08.2013-ж