Же президент Атамбаев гезит окубаса да коомчулукка ачуу чындыкты гезит аркылуу айтып коюуну туура көрдүм
 
Гезит окубаган ажо
 
Биздин президентибиз аман эле болсун.
 
Атамбаев жакында эле чет өлкөлүк журналисттер менен жолукканда гезит окубай турганын шардана кылды. Аны уккан чет өлкөлүк журналисттер мыйыгынан күлүп, бир жагы таң калып, бир жагы шылдыңдап карап отурушту. Мейли гезит окубасын, ансыз да “Түшкө чейин Имам…” болуп гезит окуганга убактысы жок экенин эл жакшы билет. Бирок, бөтөн элдин өкүлдөрүнө окуйм деп койсо болмок. Президент болгондон кийин чыркырап чындыкты жазган эркин гезиттер менен президенттин саясатын чагылдырган өкмөттүк ММКлар аркылуу өлкөдөгү саясый абалдан кабардар болуп турушу керек болчу. Гезит окубаган президенттин кулагы дүлөй, жүрөгүндө боштук, көзү сокур деп ачык эле айтыш керек. Президентке жагалданып, кошоматка кой сойгон Фарид, Абдил, Чыныбай анан атың өчкүр жанагы шопурунун гана көзү менен өлкөнүн жашоосун көрүп калды. Алар эч качан республикабыздагы болуп жаткан чындыкты ага айтышпайт. Алмас мырза ошолор айткан жомок менен жашап келет. Атамбаевден башка бир дагы өзүн, мамлекетин сыйлаган президент минтип айтпаса керек. Азыркы күндө ким гезит окубайт? Кат сабаты жок, же баш жазгандан колу бошобогон пенде гана гезит окуганга убакыт таппаса керек. Такыр гезит окубайм деген сөзү менен Атамбаев өзүнүн чыныгы жүзүн ачып алды. Мындай сөздү, Кыргызстанга кол шилтеп койгон, мага баары-бир күн өтүп жатат деген кош көңүл гана адам айтышы мүмкүн. Биздин ажобуз үчүн, кыргыз элинин тагдыры, эртеңки күнү бир тыйынга татыбайт дегендик деп билем.
 
Атамбаев туурасында жазбайын деген элем. Аны жазгандан элдин жашоосу оңолуп, дыйкандын талаадагы эгининин түшүмдүүлүгү жогорулап кетмек беле. Атамбаевдин жакында эле Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун башталыш салтанатында сүйлөгөн сөзү, ушул макаланы жазууга себепкер болду. Өз элин сыйлаган президент болсо, баш-этеги жок ушинтип да сүйлөйбү. Журналист Монуев, “Кагаздан башын алса эле президент эмес- башкарма.”-дегендей Атамбаев кол алдындагы кагаздан башын алганда баш-этеги жок сөзгө кирип кетти. Бирок, теледен Атамбаевдин чыныгы деңгээлин көрүп алышты. Өткөндө Жалал-Абаддыктар бата бербей жолго салышкандан бери элге чыга албай бук болуп калган го, оозуна эмне келсе ошону айтты. Кыскасы, эл алдына чыгып бугун чыгарып алды окшойт. “Сөздү уккан адамга айт, сууну сиңген жерге куй”-деп элибиз бекер жеринен айтпаса керек. Ажобуз гезит окубаса да ачуу чындыкты айтып коюш менин журналисттик, атуулдук парзым деп билем.
 
АТАМБАЕВ БАШКАЛАР УКТАП ЖАТКАНДА БААРЫН АЛЫП КОЙГОНУ ҮЧҮН АЗЫР УУРДАБАЙТ БОЛСО КЕРЕК
 
Атамбаев Нарын жергесинде эл менен жолуккандагы сүйлөгөн өз сөзүндө: “Биздин элибиз, бийликке ишенбей, ушакка ишенип калган. Мына, өзгөчө президенттер дайыма ойдогудай чыкпай, казыр деле «кантип эле президент таза иштесин» деп, президент жөнүндө, Атамбаев жөнүндө ушак кетсе батыраак ишенип калат экен тилекке каршы. Мен жөнүндө билесиңер, кандай гана ушактар жүрбөгөн.
 
Анткени Атамбаевге кыйкым табыш кыйын. Атамбаев өзү да уурдабайт, балдары да уурдабайт. Жакындары да уурдабайт. Уурдаса каматтырат.”
 
Алмас мырза, көп эле куру чөп менен оозду арчып, актана бербесеңиз. Ушинтип сүйлөп койсом, эл ишене берет деп жатасыз го. Атамбаев чындыгына келгенде белгилүү ишкерлер Т. Эгембердиев менен А. Салымбековдой маңдай тери менен байлык топтогон жок да. Ажобуз мынча байлыкка кайдан жетти?
 
Кечээ эле жазуучулар союзуна караштуу “Нооруз” рестораны, жазуучулардын чыгармачыл эс алуу үйү “Арашанга” көзү кызарып, аны менчиктеп алып жаны тынган. Ансыз деле итке минген жазуучу, акын, ж. б. жазмакерлердин ырыскысын тартып алууга үлгүргөн. Сөзүм калп болбосун үчүн коомдук саясый ишмер Б. Талгарбеков биздин гезитке берген маегинде: “Атамбаев “Адабият фондун ачат”. Анан сиз экөөбүз кытай уруусунан болобуз деп Айтматовду жетелеп, Акаевге киргизет. Жазуучуларды колдойт экенбиз деген ойдо Айтматов фондго ири сумма акча бөлдүрөт. Ал акчага Атамбаев беш заводду менчикке сатып алыптыр. Жаны кашайган Айтматов мага айтып жатпайбы: ”Акаевге түшүндүрүп, акчаны кайтарып берсеңер”-деп. Мен бул маселеге кийлигишүүгө укугум жогун, өнөр-жай боюнча вице-премьер кайрылуусун сунуштагам. Жыйынтыгы, ал заводдордун байлыгы сатылып, 20–30 миңдей адам жумуштан айдалып, уникалдуу станоктор Кытайга, Туркияга арзан баада кеткени коомчулукка белгилүү. (“Жаңы Ордо” №013 (398) 19. 05. 13-ж.) Атамбаевдин уурдабайм дегени ушубу? “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр”-дегендей актанган Атамбаевдин короосунан “6 заводдун башы чыгып жатканын” байкадыңызбы окурман? Ушунча байлык таап берген Чыңгыз Айтматовго кулдук уруп ырахмат айткандын ордуна “Сенин атаң ким эле? Атаң кыргыз элине эмне кылып коюптур, ал өзү үчүн гана жашаган адам болгон…”-деп жазуучунун кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматованы кабинетинен ыйлатып чыгарган да, оозунан Кудай түшпөгөн Атамбаев экенин элибиздин көбү биле бербесе керек.
 
НАРЫН ДАЙРАСЫН, КУМТӨР КЕНИНЕН АГЫП ЧЫККАН УУ КАЛДЫКТАРЫ ЭМЕС, АЛАРДЫН АЖАТКАНАЛАРЫ БУЛГАП ЖАТКАН ТУРА
 
Алмаз Шаршенович өз сөзүндө ойлонбой туруп дагы бир ирет "балп" эттирип алды: “… Ошондуктан мына, экология деп, элди уулап жатат деп кыйкырып жатат. Мен айтпай жүргөм. Чындыкты айтайын мына, кечирип койгула катуураак тийсе. Мени билесиңер, акты ак деп, караны кара деп айтам. Мына, Нарын дарыясына экология жагынан эң жаман таасир эмне берет? «Кумтөр» береби, башка береби? Мына ачык айтайын. Экологдордон сурагыла ишенбесеңер. Нарын суусу үчүн эң чоң зыян Нарын шаарынын канализациясы. 10 миң кишилик жасалган. Казыр кетип атат кечирип койгула улуу сөздө уят жок, ар кайсы нерсеси. Жанагы Жети-Өгүздөгү балдарды башкарып жүргөн, эки жолу соттолгон каракчы Бактияр Курманов экологияны билет дейсиңерби? Дважды судимый бандит билеби экологияны?”
 
Ушул да президенттин айтар сөзүбү? Президент мырза анчалык болуп калган соң: “Жалаң беш бармак менен этке тоюп, сүт кошулган чайды шурулдата ичип, табарсыгы толгон тоолуктар түз эле Нарын дайрасын пок, сийдикке толтуруп экологияны бузуп жатасыңар!”-деп айтканы араң барып, өзүн токтотуп калды өңдөнөт. Эми президенттин сөзүнө караганда нарындык менин кайын журтумдагылар ажаткана дегенди билбей, курсагын беш бармакка тойгузуп алып, Нарын дайрасынын жээгине ычкырын кармай чуркап чыгып “даарат ушатып” жаткандай образ түзүптүр. Анда жакындан бери Эки Нарын дайрасынын суусу тоңбой жатканы да ошондон го. Өткөндө жанагы Сариев дегени “Эй көлдүктөр, Кумтөрдүн уулуу заттары силерге эмес, Нарын дайрасына агып жатат.”-деп тантырап алды эле. Эки жолу соттолгон Бахтияр Курманов, эки-үч саат УККнын СИЗОда камалган сиз да экологияны жакшы билбейт экенсиз да. “Нарындыктар дарыянын айланасындагы ажатканалардын канализациясынын жоктугунан булгап жибердиңер”- деп ачык эле айтпайсызбы?
 
АТАМБАЕВДИН ДАГЫ БИР КАЛПЫ...
 
Президент көптөн бери эл менен жолукпагандыктанбы, кол чабууларды укканда эреркеп кетти көрүнөт: “… Мына ошол эле Жети-Өгүздөн дептер табылыптыр ошол күнү ким канча акча алганы жазылган. Атаханов начальник УВДга берсе ошол бойдон дептердин изи жок, эмнеге? Дептерде бир топ аткаминердин фамилиясы дагы бар. Ошол эле милициянын ичинен, чоңдордун ичинен саткынчылар чыккан. Анткени бул бийлик, Атамбаев жакпайт. Камап жатат эч кимди карабай. Уурдаган президент керек буларга”.
Ушул сырдуу дептер боюнча журналисттер областтык ИИБнин башчысынан сураганда эч кандай дептерди Атаханов ага бербептир. Кимиси калп айтып жатат болду экенин мезгил өзү көрсөтөөр.
 
АТАМБАЕВ ӨЗҮ БИЙЛИКТИ БАСЫП АЛУУ ЖОЛУ МЕНЕН КЕЛГЕНИН УНУТУП КАЛГАН ГО?
 
Атамбаев ушул жерге келгенде өтө эле эмоциялуу сүйлөдү: “… Эмнеге Жалал-Абадда обладминистрация басылды? Мен ачык айтайын, муну бир күнү силовиктер деле айтат, сыр кылып катып олтурат. Буларга мындай да, ошол эле Сузактыктарга, Барпылыктарга обладминистрацияны басып алгыла дегендерге экология да бир тыйын, Ташиевдин да тагдыры бир тыйын туугандар, бир тыйын. Анткени ошол администрацияны баскандар, жолду буугандар жооп берет. А акча берип, артынан түрткөндөрдүн максаты Ташиевди бошотуу эмес, булардын максаты бир эле: бийликти алмаштырып, Атамбаевди кетириш. Бир эле максат бар да ачык айтайын. Эмнеге мына казыр кыйкырып жатат: «Ташиевди чыгаралык, актайлык» деп. Сотту ким созду буга чейин? Сотту Ташиевдин адвокаттары созгон…”
 
Атамбаев баарын эле өзүндөй көрө береби.Эркин Булекбаев өз маегинде “Атамбаев өзү реваншист. Бир жолу колума акча берип “Эркин, элди алып чыкпайсыңбы?-деген. Кийин элди акча менен митингге чыгарып жүрбөдүбү.” Мындан ашык дагы кандай факты керек. Кечээ эле элге акча таратып, жаштарды ачык өлүмгө түртүп коюп, өзү үйүндө жашынып жатып алып, куралдуу төңкөрүш жасап, кан менен бийликти басып алганын унутуп калса эстетип коёлу. Эртедир-кечтир мыйзамдуу бийлик келсе мамлекеттик төңкөрүш жасагандыгы үчүн Атамбаев өз бандасы менен жооп берери бышык. Мыйзамдуулукту сыйлаган инсан болсо, мурунку бийликти басып алып алган учурда элди мыйзамды бузбоого чакырбайт беле.
 
АТАМБАЕВ ЗЭКтей СҮЙЛӨДҮ ГО
 
“… Мына мен түрмөгө отуруп чыккам. Булар отурган жерлерди одноместный номер деп айтса болот. Өзүнчө ичинде умывальниги да бар, туалети да бар, бардыгы бар. Больницага жаткырса, 2 комнат номер. Казы-картага чейин апкелип турат туугандары.”
 
Биз билгенден Атамбаев эч качан түрмөгө отурган эмес. Ал деле он саатка жетпеген убактай УККнын СИЗОсунда отурган болсо керек. Өзүн тим эле параша жыттаган ЗЭК катары көрсөткөнү күлкү келерлик нерсе. Чыныгы түрмөдө Исаков, Куловдор отурганын билебиз. Ал тургай, УККнын кызматкерлери Атамбаевди алып кеткени келгендеги видеону деле интернеттерден көрдүк. Азыр баатыр болуп жаткан Атамбаев үйүнүн ичинде бир жерде отура албай ары-бери басып, өзүн жоготуп: -“Кубат (азыркы КТРдин жетекчиси Оторбаевге күнү түшүп) видеого тартып кал буларды. Рая балдарды сакта, булар мени атып жок кылат…” - деп кара футболка кийип, тапанча тагынган Атамбаевди билебиз. Эми, ал күндөрдү Атамбаев өзү да унутту. Ошол кездеги коркунучтуу күндөрдүн баарысы артта калып отурат. Ал кезде өзү СИЗОдон коркуп отурса эми депутаттарды СИЗОго кармап коркутуп жаткан кези.
 
ПАРАШАНЫ АЖОБУЗ КАЧАН ЖЫТТАП ЖҮРӨТ?
 
Атамбаев андан ары: ”… Түрмөнү көрөлек булар. Түрмөгө мен отуруп чыккам. Парашаны жыттай элек да мындайча айтканда. Эмнеге муну чыксын, акталсын деп атат? Эгерде азыркы сот 1 жарым жыл бойдон калтырса ансыз деле Ташиев чыгат. А эмнеге акталсын деп кыйкырып жатат?”
 
АК ҮЙ ӨЗГӨЧӨ КАЙТАРУУДАГЫ ОБЬЕКТ ЭКЕНИН АТАМБАЕВ ПРЕЗИДЕНТ БОЛГОНДО БИЛГЕН ГО
 
“… Булар Ташиевге күйгөн жок. Ташиев ал барпаңдаган бала. Бир эле кемчилиги бар. Кээ бирде жасап туруп ойлонот. Биринчи ойлонуп туруп жасаш керек. Камчы Ташиев эч кандай күнөөсү жок отурат деп жатат да. Мына анда мындай сүйлөшөлүк да. Эски совет өлкөлөрдүн бардыгында закондор бирдей. Мына ошол Ташиевге окшоп бирөө «мен Чыңгызхандан кем белем, бийликти алалы» деп туруп, Ташкентте Каримовду деле отурган жеринен качырса же Назарбаевди ак ордосунан качырса же Рахмондукун качырса же Путиндикин качырса, бир жарым жыл алат беле, же 20–30 жыл алат беле? Же ошол эле демократиянын өзөгү деген Вашингтондо Барак Обама отурган Ак үй тосмосунан секирсе, ошол жерден эле атып салмак туугандар. Эгерде Ташиевди актабаса, туугандарын түртүп жатат да «жолду буугула, админстрацияны кайрадан баскыла» деп. Анткени бу түрткөндөргө, акча бергендерге бир тыйын.”
 
Атамбаев табиятынан бирөөгө сын тагып айтканды жакшы көрөт. Мынчалык эле акылдуу экен, 2010-жылы 7-апрелдеги кандуу окуяны өзү уюштурбай токтотуп калбайт беле. Ө. Суваналиев (“Айат” № 38 29.11.12ж.) “Атамбаев дайыма айтчу ”Койчу Конституциялык жолуңарды, бир гана бийликти кууп чыгып, күч менен алыш керек”-деп айткан.
 
Атамбаевге такыр түшүнүп болбойт. Жакында эле Ак үйдү коргогондорду кылмышкер, ал эми Бакиевди канкор деп жатты эле. Эми гана акылына келип ак үй катуу көзөмөлдө кайтарыла турган обьект экенин, ал тургай АКШ президенти Барак Обама отурган ак үйдүн тосмосунан секирсе, ошол эле жерден атып салмак…”-деп эмнени каңкуулап жатат. Анда 7-апрельде Ак үйдү кайтаргандарга туура буйрук берилип СГОнун, “Альфанын” жоокерлери буйрукту туура аткарган болот. Алмас мырза, кече эле өзү айткан сөзүн унутуп, бүгүн башкаларга акыл үйрөткөнүнө жол болсун. Мейли, Ташиев темир тордон секирип өтүптүр. Бирок ал жерде кан төгүлүп, адамдар окко учушкан жок да. Бүгүн К. Ташиев, С. Жапаров, Т. Мамытовдор темир артында камалып отурушат. Кудай маңдайына жазган күнү эркиндикке чыгышаар. Ал эми мезгилдин соту деген болот. Эртедир- кечтир 2010-жылы, 10-апрелде болгон мамлекеттик төңкөрүш үчүн УӨ мүчөлөрү менен кошо Атамбаев өзү да тарых алдында жооп бере турган күн аз эле калды.
 
Ошондо гана Атамбаев чифир ичип чыккан ЗЭК катары “Түрмөнү көрө элек булар. Түрмөгө мен отуруп чыккам. Парашаны жыттай элек…”-деп айтса жарашат. Биз уккандан ал камерага отурбай эле УККнын тергөөчүсүнүн кабинетинде сурак берип отуруп чыккан экен. Анан кайдагы “парашаны” жыттап отурганын ким билсин?
 
Белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, Кубатбек Байболов №02 (02) 13-июнь 2013-жылы “Азия Ньюс” (“Учур”) гезитине берген маегинде “Соттук иштин материалдары боюнча 7-апрелде борбордук аянтта өлгөндөрдүн саны 17 экен. А калган 70 баатыр кайдан чыкты? Мамлекеттик чоң чиновниктердин биринин башына мүшкүл иш түштү эле, мародерлукта курман болгон жигиттердин биринин өлүгү “Ата-Бейитке” коюлганын айтты. Демек, адамдардын өлүмүнө Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн катыштыгы бар үчүн соттук ишти үч жылдан бери аягына чыгарбай, создуктуруп жатышы мүмкүн.”
 
Кыргызстандагы кандуу төңкөрүштүн башталышы Таластан башталган. Генерал Конгантиевди эмне кылып кордодуңар эле! Атамбаев ошондо заары бетине чыгып, “Молдомуса Конгантиевди Кудай өзү жазалады”-деп табасы кана сүйүнгөнү көз алдымда турат. Сталинграддын алдында немецтердин бир канча генералдарын, ошондой эле генерал Шамкеев Жума Наманганинин колуна түшкөндө да мынча кордогон эмес. Ушулбу силердин тынчтык митингиңер? Ал офицер катары милдетин аткарганы барган. Анын ордуна таластык, кеминдик башка генералды жөнөтсө да башкы командачынын буйругун аткарганы бармак. Жанагы капитан министр Шер Болот Бакиевдерди кармаганы барса керек. Жалал-Абадда Болот мырзаны бир Кудай сактады. Таласта таяк жеген милиционерлер жетпей калышты. Өзү ооруп жүрүп, ал жакка эмнеге барды эле. Бир муштум менен оо дүйнөгө кетмек. Жетип келип, Шерди көчүккө тээп калгандарга “Мени аягыла, мен оорукчанмын!-деп жалдырап жибергенин теледен көрдүк эле. Ал эми Таласта туу илинип турган жерге Конгантиевди асып салабыз дегенде ушул Болот мырза карап турган дешет. Кызуу кандыкка алдырган жаштарды токтотуп “Ой, балдар койгула! Бир элбиз, уят иш…”-деп койгонго жараган аксакал чыкпады. Болот Шерди түштүктүн жигиттери ажыратып машинеге чейин отургузуп, качырып жиберишкени жакшы болгон экен.
 
Кандуу төңкөрүштүн уландысы Атамбаевге таандык “Форумдан” башталганын өзү унутуп калган го. Кечээ эле Ак үйдү коргогон СГОнун жигиттерин мыкаачы кылып айтып жаткан Атамбаев Бишкекте пикет болуп эл топтолсо кан менен алган бийлигин коргош үчүн ак үйдүн жер төлөөсүнө чейин солдат менен милицияга толтуруп, сыртынан кулагы чүчбара, мурду сынык спортсмендерди топтоп алганы калпбы? Бийлик ушундай даамдуу нерсе болот…
 
БААТЫР ЭНЕЛЕРДИ “ОБОНГО” ТЕҢЕГЕН ПРЕЗИДЕНТ
 
Атамбаев андан ары мындай дейт: “Урматтуу менин мекендештерим, мына жанагы жолду бууган аялдарды көрүп алып таң калам, ойлоном кээде. Мына айтып жатпайбы «баатыр энелер жолду бууп жатат» деп. Мен ошолорду «баатыр эне» деп айтканга тилим барбайт. Мына Курманжан датка энебиз болгон баатыр эне. Билесиңер баласын эртең даргага асабыз дегенде, айтышкан да алып кетели балаңды дегенде апабыз алып кетсеңер ак падышанын аскерлери биздин элди кырат, андан көрө бир баламдын башы кетсин деп. Жалгыз Кыргызстанды бириктирген. Жалгыз жолубузду буугандар баатыр энеби же обонбу? Анан ошол обонду ойлоп тапкан улуу сөздө уят жок катындарды алдыга чыгарып, аркасына жашынган кимдер эркекпи? Эй, аялдарды антпегиле, аялдар ыйык нерсе. Кечирип койгула мени, катындын аркасына жашыныш кыргыздын адатында качан болчу? Уят да. Уят…”
 
Президент болгон соң, ар-бир сөздү айтаарда ойлонуп сүйлөш керек. Президент ошол баатыр энелерден айланып кетсин! Атамбаев аларды “баатыр энелер” деп айтканга оозу барбаса да, Камчыбектей балдары бар үчүн, бүгүнкү күндүн “Курманжан даткалары” болгон баатыр энелер өз баласынан артык көрүшүп, керек болсо бийликтен коркпой жол тосуп отурушту. Ошол жол тоскон энелер, бул бийлик башындагылар К. Ташиев, С. Жапаров, Т. Мамытовду жанагы баш кесер Азиз Батукаевдей көрбөй жаткандарына күйүп кетишти. Батукаевдин бошотулушу менен Атамбаевден оомат кетип, Кыргызстандын аброю түштү.Канчалык кыйналышса да, жол азабын көрүшсө да энелердин оюн түшүнүү менен караган жолдогу жүргүнчүлөргө ырахмат. Атамбаев баатыр энелерди “катындар” деп келекелеп, кемсинтип айтты. Мээ сызгыткан ысыкта жол тосуп отурган баатыр энелер, чындык алар тарапта экенин чын жүрөктөрү менен сезип отурушту. Атамбаевди да катын тууганын унутпасын. Өзүн болбосо да чоң аталары Асанбай, ага чейинкилерин ошол түштүктүк “катын” эле төрөгөндүгүн унутпай жүрсүн. Бүгүн Кокон ханындай тагы бар, эртең маңдайынан бак кетсе, отурган тагы кошо кетет анда эч ким болбой калышы да мүмкүн. Азыр лөлүдөй самсалап жүргөн кошоматчыларынан бирөөсүн да издеп таппай калаарын президент билбей жүрөт го. Өз канын, эң кымбат өмүрүн кыйып келген жаштардын өлүмү менен ушул такка отурган күнүн Атамбаев унутуп калды го.“Эй, Шералы, чокоюңду унуттуңбу?”-деген сөздү айтканга убакыт да жетти окшойт. Мезгил, тарых деген татаал, өтө орой нерсе болот…
 
Учурунда, УККнын желдеттери Атамбаевди үйүнө келип камап кеткенде кайсыл баатыр энелер жол тосуп чыгышты эле? Азыркы КСДП партиясынан депутат Скрипкинадан башка ким барды эле? Кадыры болсо колдоп чыгышмак болчу. Убактылуу Өкмөт кан менен болсо да бийликти алган соң эркек башыңар менен уялбастан өлкөдөгү жоопкерчиликти Роза Отунбаевага артып, юбкасынын артына жашынып алган мына силер эмес белеңер. Бул чындыкты жалпы кыргыз эли билет. Эркек башыңар менен тагдыр чечээр мезгилде, бүт өлкөнүн эртеңки күнүн аял кишиге жүктөп коюп “жинди сууга” мас болгон адам болуп үйүңүздөн чыкпай жатып алган сиз эмес белеңиз! Бул туурасында ММК беттеринде канча ирет жазып чыгышты. Ошто кан күйүп согуш жүрүп жатканда Отунбаеванын ордуна сиз барсаңыз болот эле го. Ачыгын айтканда, өлтүрүп коёт деп корктуңуз. Ок учуп, от күйүп канга чыланган түштүк эмес, креслоңордун тагдырын ойлоп отурдуңар. Эркек башыңар менен аял кишинин юбкасына жашынып, Отунбаеваны алдап, анын фамилиясын шайлоо бюллетенине киргизбөөнүн амалын издеп “Өткөөл мезгилдин президенти”-деп ойлоп таптыңар. Бул дагы ачуу чындык. Кыскасы апчебизди алдадыңар. Ошон үчүн, толук кандуу эл шайлабаган президент катары Отунбаева тарыхта калып калды. Анткени, аял болсо да Отунбаеванын салмагынан корктуңар, анткени, батыш мамлекеттери лидер катары силерди билбейт болчу. Бюллетенге Отунбаеванын аты-жөнүн киргизгенден коркуп, утуп алса бийликти бербей коёт деп, эркек башыңар менен ичи тарлык кылып, ошондой арам интрига жасаганыңарды эл деле билет. Ош жергесинде Отунбаева не деген гана жаман сөздөрдү укпады. Эркек адамдар чыдай турган эмес. Аял экен ошолордун баарын көтөрдү. Кыргыздын чыныгы патриот жигити болсоңуз, өтө опурталдуу ошол күндөрү Отунбаеваны Бишкекке калтырып, “Роза Исаковна, кантсе да эркек эмесминби, кан төгүлүп, адамдар окко учуп, өлүп жатышканда Ошко өзүм барайын?”- десеңиз жарашат эле. Ошого жарай албай, согуштан качкан дезертирдей корккондон жүздөн алып, жумушка чыкпай үйдө жашынып жатып алганыңызды УӨ мүчөлөрү айтып жүрүшөт.Чынында, өзүңүз айткандай “… катындын аркасына жашыныш кыргыздын адатында качан болчу? Уят да. Уят…” эле иш болду. Отунбаеванын юбкасына жашынып отурган Атамбаев жана Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү эмес беле. (Исаков менен Бекназаровдон башкасы) Алмас мырзанын тили менен айткандай “катын” Отунбаеванын артына жашынып Ош шаарына баргандан корккону калп беле? Азыр да баргандан коркуп жүргөнү, бул чындык. “Жашылдар партиясынын лидери” Эркин Булекбаев өз маегинде “Түштүктө кандуу кагылыш болуп жатса, Атамбаев 3–4 күн дайынсыз жок болуп кеткен.”-деп жазып чыкты. Бүгүн баатыр болуп, ооз толтура мактанып жаткан Атамбаевдин чыныгы жүзү ошондо эле ачылган. Көрсө, Алмас мырзанын Отунбаеванын артына жашынганы чын болуп жатпайбы.
 
КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ДУШМАНЫ, КЫРГЫЗ ЭЛИ ЭМЕС, ПРЕЗИДЕНТ…
 
Атамбаев сүйлөгөн сөзүндө:-”Президент болуп иштегеним 1 жыл 6 ай 12 күн болду. Ар бир күндү санап жатам ачык айтайын. Мына 4 жарым жыл калды. А чындыгында шайлоо 4 жылдан кийин башталат деп жатабыз андан мурун эле башталат да. Эй президент болом дегендер, кичине сабыр эткиле да. Болосуңар эл шайласа. Мына элибиз да байкуш алданып кетет бирөө келип бал сөз айтып, куру убада берсе. Менден кийин ким билет, ким силерге президент болот. Жок дегенде мына 4 жыл калды, мобу баштаган иштеримди бүтүрүп салып кетейин да. Кайран элбиз да, кайран элбиз. Шордуу элбиз. Анткени мен дайыма айтам, бирөө сурайт да «кыргыздын душманы ким» деп. Кыргыздын душманы кыргыз.”- деп айтып жиберди.
 
Урматтуу президент, сиз туура эмес айтып жатасыз,”Кыргыздын душманы, анын президенттери” деп айткым келет. Атамбаевдин бул сөзүнөн кийин, ажобуз иш кылбай эле, кабинетинде отуруп качан кетерин эсептеп, календарь тешип отурат окшойт деген пикирде калат экенсиң. “Эй президент болом дегендер, кичине сабыр эткиле”-деп акылдуусунуп айткан сөзүнө ким ишенет. Кечээ жакында эле “Миң адам өлсө да бийликти алабыз!”-деп Куловго айткан Атамбаев эмес беле. Эмне үчүн, өзү учурунда сабырдуу боло албады? Азыркы отурган такка отуруш үчүн кыргыз жаштарынын өмүрүн кыйып, канын төгүү керек беле. Ушунча баланын каны төгүлгөндөн кийин өзү бийликке жетип алып, Атамбаев акылдуусунуп “Эй президент болом дегендер, кичине сабыр эткиле…”  -деп элди сабырдуулукка чакырганын кантесиң. Өзүлөрү да бийликти кан төгүү, куралдын күчү менен албай, сабыр этип, элди акча менен Ала-Тоо аянтына алып чыгышпай, кийинки президенттик шайлоого шымалана даярданбайт беле деген суроо өзүнөн-өзү пайда болот. Эми, Атамбаев сүйлөп койду да…
 
“ТАЛАС САГА ЖЕР БОЛБОЙТ, ТАЛАСТЫКТАР ЭЛ БОЛБОЙТ!”
 
Атамбаев Талас жергесинде элдер таш бараңга алганын эстеп кеттиби:-“Мына Манас атабызды билесиңер өлөөрүндө айткан Каныкей апабызга «Талас сага жер болбойт, таластыктар эл болбойт» деп Ташкентке качырган. Манас өз үй-бүлөсүн качырган Ташкентке. Кайда барабыз туугандар? Бирөөбүз бирөөбүздү жеп атып кайда барабыз?”-деп айтты эле.
 
Президентибиз акылдуусунуп сүйлөгөнү менен "Манасты" деле кыйратып окубаптыр деген ой келди. Манас атабыздын аялы тажик кызы болгондуктан Ташкентке эмес Бухарага алып качса керек. Бир ирет орустарга “Кутузов менен Тургеневдин да түбү кыргыз”- деп өлдүр-сөлдүр сөздөрдү айтып уят болуп кайткан жайы бар эле. Алмас мырзанын айткандары, жанагы Мидин Алыбаевдин “Ак чүч” деген чыгармасындагы “Евгений Онегинди жазыптыр Чехов деген акын”-деген ыр саптарындай эле болуп калыптыр. Бишкек шаарындагы Эркиндик гүлбагында жашаган чылк “киргиздердин” арасында ошентип сүйлөсөңүз жарашмак. Нарындыктар “Президент балабыз "Манасты" окуган эмес го, Сагымбай Орозбак уулунун өмүр баянын билер болду бекен…”-дешип күбүрөнө түшкөнү менен “Миңдеген балдарыбыз ГЭСке иштеп, үй бүлө багып калар, анан да бир канча ГЭС куруп берем деп калп да болсо убада берип жатса, уят кылбай эле коёлучу”- деп коюшуптур…
 
КЫРГЫЗДЫ БҮЛҮНДҮРГӨН КИМ?
 
Ажобуз жалпы кыргыз элинин биримдиги туурасында мындай кеп козгоду: “… Манас атабыз айткан: «Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө, бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүптүр кыргыз деп, бөтөн элге кеп кетет». Кеп кетпедиби мына! «Афганизация Кыргызстана» деп жатат. Мен теледен чыгып алып сүйлөгөндөргө таң калам. Аксы эли, Сузак эли, Жети-Өгүз эли дешет. Бизде бир эле кыргыз эли бар. Бөлбөгүлө элибизди, бөлбөгүлө!”
 
Президенттин бул сөзүнүн кошула турган жери да бар. Кыргызстанды эч качан бөлбөшүбүз керек. Биздин бир эле мекенибиз бар. Ал улуу Кыргызстан! Эч качан жөөт адамы, өзүнүн мекени Израилди кичинекей өлкө дебейт.Бул алардын улуу касиети, патриоттуулугу деп билем. Биздин жетекчилерибиз “Кыргызстан кичинекей мамлекет”, “Үркөрдөй бир ууч элбиз”,“Биз алакандай өлкөбүз”- деп мажүрөө, бечара болуп сүйлөшөт. Эгер биз өз өлкөбүздү ушинтип жерип сүйлөй берсек анда өзүнчө эркин өлкө боло албайбыз. Кыргызстанды дайыма тымызын бөлүп келген Атамбаев өзү. Ушул жерде белгилүү саясатчы Бекболот Талгарбеков:-”Бир жолу Ташиевге Атамбаев сен президент, Келдибеков премьер-министр болуп түштүктү бөлүп алгыла. Түштүгүңдүн мага кереги жок.”-деп айтканы эле элди бөлүп жаруу эмеспи. “Жаңы Ордо” № 31 (375) 19-октябрь,2012-ж. Атамбаев дайыма эки сүйлөгөн саясатчы экенинен кабар берет.
 
“Керек болсо мен кетейинчи, Кыргызстанды сактап калалы” -деп Атамбаев өз сөзүндө абдан туура айткан. Ушундай кадамга президент бара алса, бул Атамбаевдин жалпы кыргыз элинин алдында буга чейин жасабаган чоң эрдиги болот эле. Жанагы орустардын “ичкич” ажосу Ельцин да “Кечирип койгула, мен кеттим!”-деп Россиянын тагдырын Путинге өткөрүп берип, өз каалоосу менен кызматтан кетип калганын билебиз. Ал ошентип Россияны сактап калды.
 
Алмаз байке, кыргыз элинин алдында кыйратуучу президент катары тарыхта калбай, сиз чын эле тактан кетип Кыргызстаныбызды сактап калалычы.
 
Бекен НАЗАРАЛИЕВ
"Жаңы Ордо", №22 (407), 21-июнь, 2013-жыл