Бүгүнкү күндө:” Эки ирет революцияны баштан өткөрүп, 90дон ашык адамдын каны менен келген Кыргыз бийлиги эмнеге мамлекетти үч жылдан бери өнүктүрө албай жатат? Эмнеге бир ууч кыргыз эли жер-жерге, уруу-урууга бөлүнүп, ыркы кетип ырылдашып калды?”-  деген суроолорго ар бир эле сергек ой жүгүрткөн адам “ынтымагыбыз жоктугунан улам” деген жоопту бериши айдан ачык.
 
Ушул бүтүндөй мамлекетибиздин бүтүндүгү менен коопсуздугуна коркунуч келтирген маселенин себебин табуу жана элди ынтымакка үндөө демилгесин ысык-көлдүктөр колго алып, облус борбору Каракол шаарында 10-августта 600гө жакын адамдын катышуусунда “Ынтымак” форуму өттү. Ага Көл боюнда жана Бишкекте жашаган көлдүк аксакал-көксакалдар менен белгилүү инсандар  катышып, бир гана аймактын эмес, бүтүндөй Кыргызстандын элин ынтымак менен биримдикке үндөгөн сөздөр айтылып, жыйындын соңунда Үндөө кабыл алынды.
 
Анда мындай деп айтылат: “Учурда Кыргызстандын тагдыры, анын мындан ары эгемендүү мамлекет катары өнүгүш маселеси  мезгилдин, тарыхтын  таразасына коюлуп турат. Өлкөдөгү саясий жана экономикалык оор ахвал ар кандай саясий күчтөргө шарт түзүп, алардын мамлекетти бүлүнтүүгө, аймак менен аймактын калкын бөлүүгө, элди бири бирине тукурган “түндүк-түштүк” деген сокур саясий оюндарды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүп,  өлкөнү эң эле кооптуу чекке жеткирип койду. Мамлекеттин бүтүндүгүнө, элдин биримдигине коркунуч туулуп  турат. Мындай абалдан кантип чыгабыз, эмне кылышыбыз керек деген суроо азыр ар кимибизди түйшөлтпөй койбойт. Бизде бир эле Мекен бар – ал Кыргызстан! Биз мамлекеттин да, коомдун да, ар бир региондун да, ошондой эле ар бир жеке адамдын да мүдөөсүн көздөгөн макулдашылган саясатты ишке ашыруу менен гана Кыргызстанды гүлдөтүп өнүктүрө алабыз.
 
Мекенибиздин  бир ууч саясатчылардын барымтасында болушу, алардын жеке кызыкчылыгы менен келечекке балта чабылышы туура эмес. “Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” демекчи азыркы саясий кырдаал да өзгөрөт, саясий оюндар да токтойт. Акыры эле өз көйгөйү менен, күнүмдүк турмуш кыйынчылыктары менен алпурушкан карапайым эл калат. Ушуну туура түшүнөлү.  Саясий авантюристтердин жетеги менен журт бузулса, эл ичи тополоң болуп, мамлекет ыдырап кокту коктуга бөлүнүп кетсек акыры келип анын кесепети элдин эле башына түшкөн мүшкүл боло турганы да ачуу чындык. Бул коопту жагдайдан чыгуунун бирден бир жолу республиканын жети дубаны жана эки шаарынын коомчулугунун, ал жакта жашоо кечирип келе жаткан жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн  бетме бет жолугуп сүйлөшүүсү, район жана шаарлардын, регион менен региондордун ортосунда жолугушуулардын өтүшү (Үндөө кыскартылып берилди)”.
 
Ооба, бүгүнкү күндө Кыргызстанга, кыргыз элине сырткы душман же кайсы бир табигый коркунуч эмес, ич ара ынтымагыбыздын жоктугу коркунуч туудуруп жаткандыгын көлдүктөрдүн бул кайрылуусун окуган соң дагы бир ирет ишенүүгө аргасыз болосуң. Керек болсо бул – ынтымагыбыздын жоктугу жана бөлүнүп-жарылуучулук ядролук куралдан да опурталдуу болууда.
 
Сөз келгенде ачуу чындыкты бетке айтып коюшубуз керек. Деги биздин талашканыбыз, бөлүшө албай жатканыбыз эмне? Эгер маселени кабыргасынан коё турган болсок, ал – бийлик талашуу, “президент бизден болсун” деген тээ илгерттен бери каныбызга сиңип калган бөлүнүп-жарылуучулук жана трайбализм. Эң өкүнүчтүү жагдай – кыргыз элитасынын, интеллигенциясынын, чиновниктеринин өздөрү трайбализмдин уусуна сугарылып, жетекчилик жана башка ишмердүүлүгүндө карапайым элге “үлгү” көрсөтүп келаткандыгында. Мындай бөлүнүүчүлүктөн керек болсо кыргыздын чыгаан уулу И.Раззаков жабыр тартып, кызматтан алынып, калган өмүрүн чет жерде өткөрүп, сөөгү өлгөндөн 20 жылдан соң араң мекенине алынып келген. Аны ошол эле азыркы көзү тирүү кыргыздар көрө албай, куугунтукташкан. Кыргыздын дагы бир чыгаан уулу, өкмөт башчы Султан Ибраимов да көралбастыктын, бийлик талашуунун курмандыгы болду. Андан кийин кристаллдай таза, чынчыл, И.Раззаковдун шакирти Абсамат Масалиев да куугунтукталып, кызматтан алынды. Тунгуч премьер-министрибиз Насридин Исанов болсо табышмактуу жагдайда автокырсыкка кабылып көзү тазаланды. Биринчи президентибиз Аскар Акаев деле аялы, балдарынын ачкөздүгүнөн өз мекенинен качууга аргасыз болду. Курманбек Бакиевдин тагдыры деле ушундай күнгө туш болду. Албетте, алар деле өз элине, мекенине алгач таза кызмат кылгысы келишкен. Бирок ачкөздүк, жердешчилик, бийликке жеткен соң өз уруусу менен жердештерин майлуу-сүттүү кызматка коюп, башка региондун өкүлдөрүн куугунтуктоо сыяктуу даанышман эл башчысына татыктуу эмес деңгээлдеги иш жүргүзүшү болду. Ошентип улам бир аймактан президент шайланган соң, андан мурдакысынын кадрларын куугунтуктап, камап, репрессиялаганга чейин барып жатышы бизди ушул абалга жеткирди.
 
Азыркы алгач  Р.Отунбаева, андан кийин А.Атамбаев башкарган заманда да уруучулук, жердешчилик жана түндүк-түштүккө бөлүнүү сыяктуу трайбалисттик көрүнүштөр күч алууда. Анткени алар жеке бийлигин сактап калуу же өздөрү оппозицияда жүргөн учурда запкы жегендерден өч алуу максатында мурдагы бийликте иштегендерди куугунтуктоо, камоо, иштен алуу жана эки жүздүүлөр менен кошоматчыларды алардын ордуна коюу саясатын жүргүзгөндүктөн, кыргыз эли бөлүнүп-жарылуунун сазына батууда.
 
Кыргыз элинин дагы бир трагедиясы – майлуу-сүттүү кызматка жеткен деңгээли төмөн адамдардын мекенчил сезими жана интелелктуалдык деңгээли жоктуктан, жеке кызыкчылыгын гана ойлоп, байлыктын артынан түшүп алгандыгы болууда. Кыскасы, кыргыз элитасынын чирип бүткөндүгү жана жаңы, таза муунга мүмкүнчүлүк бербей жаткандыгы тамырыбызга балта чабууда. Баарынан да ошол эки жүздүү жана айткан сөзү менен  жасаганы бири-бирине карама-каршы келип жатышы коомубузду артка тартууда.
 
Ошол эле ысык-көлдүктөрдүн “Ынтымак” форумунун уюштуруу комитетинин төрагасы, Кыргыз эл баатыры Б. Жакиев Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты комитетин жетектеп турганда ушул сыйлыктын чыныгы татыктуу талантууларга берилбей, кол ийрисине тарткандыгы боюнча канча маданият чөйрөсүндө ызы-чуу болду. Ал эми учурда Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп иштеп жаткан, бул форумдун негизги демилгечиси Э.Каптагаев Р.Отунбаеванын тушунда президенттик администрацияны башкарып турганда жалаң жердештерин чоң кызматтарга коюп, ал тургай ыйык деп саналган ажылыкты уюштуруу ишине баласы менен кошо аралашкандыгы бүтүндөй мусулман коомчулугун нааразы кылбадыбы. Эми ушундай адамдардын элди ынтымакка чакырып жаткандыгына ишенсе болобу? Же бул айтылуу классиктин чыгармасынын аталышындай, “Пейилдин оңолушубу?”.
 
А.Белеков
Булак: “Майдан.kg”, №029,14.08.2013-ж.