“Кумтөр”  кениндеги Чубактын кунундай чубалып келаткан көйгөйлөрдүн көптөн бери чечилбей келатышы эртеби, кечпи коомчулуктун чоң жарылуусун жаратмак. Акыры ага  байланыштуу Жети-Өгүз районунун эли митингге чыгып, жол тосуп, андан соң электр энергиясынын өчүрүлүшү жана окуянын 63 адам ар кандай деңгээлде жаракат алып аякташы бүгүнкү А.Атамбаев башында турган бийликтин кризисин далилдеп койду.
 
Президент А.Атамбаев “Кумтөргө” же Жети-Өгүз районуна барып, митингчилер менен жолугуша албаса да, Ак үйдө күч министрлерин чогултуп алып, жыйын өткөрүүгө жарады. Андан соң ал “Эгер Кумтөрдөгү тополоң токтобосо, анда республикабыздын бюджетине алты миллиард сом зыян келет. Андыктан биз аргасыздан “секвестирлөөгө” барып, мугалимдер, врачтардын маянасын, пенсияны кыскартууга мажбур болобуз”,- деп сүйлөп, ыйлап жибере жаздады. Мына, биздин мамлекет башчыбыздын абалы жана коомдогу нааразычылыкты чечүү ыкмасы.
 
Ал эми Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “кырдаал өзү жөнгө салынат”,- деп күткөнбү же жети-өгүздүктөрдү жек көрөбү, айтор беш күн боюу башын катып, үн чыгарбай жатып, көмөкчордон экинчи ирет өчүрүлгөн соң гана ишембиде араң барды. Ошондо да айрым маалымат каражаттарынын “Ж.Сатыбалдиев Жети-Өгүз районуна барып, митингчилер менен жолугууну каалабайт”,- деп жазган соң жана мындай ызы-чуу, тополоң болгон жерде өзүнүн жетишрей тургандыгын сезип, өзү жетип барып, “кырдаалды көзөмөлгө алууга умтулган” айтылуу  Нурлан Мотуев Жети-Өгүзгө жетип баргандыгын уккан соң көл тарапка жол тартты окшойт.
 
Ал эми бул аралыкта Жети-Өгүздөгү митингдин кесепетинен 63 адам жаракат алып, (анын 15ке жакыны милиционерлер, калганы жөнөкөй жарандар) далай бейкүнөө адамдардын башы, көзү жарылып, кан акты. Жок жерден ИИМдин бир автобусу күйүп кетти. Акыры айласы кеткен президент бул аймакка 10-июнга чейин коменданттык саат киргизип, анысын кайра 3-июнда алып салды. Көрдүңүзбү, биздин башкы командачынын “көрөгөчтүгүн”. Баарынан да бул окуя чет элдик массалык маалымат каражаттары аркылуу  дүйнө жүзүнө таратылды. Айрыкча Россиянын ОРТ жана РТР телеканалдары атчан митингчилерди, күйгөн автобусту жана башы, бети жарылган адамдарды эки күн улам кайталап, Кыргызстанды терс жагынан дагы бир ирет “рекламалашты”.
 
Бул аралыкта дайыма чындыкты бурмалап, оппозицияны отко сүйрөп келген бүгүнкү бийликтин акырынан жем жеп, арамза идеологиясын жүргүзүп келген КТР, 5-канал, “Пирамида” деген “кара жащиктер” Жети-Өгүз окуясына бүтүндөй оппозицияны “оптом” күнөөлөп, Бекназаров, Келдибеков, Жээнбеков (Равшан), Медетбеков жана башкаларды сүрөтү менен көрсөтүп жатты. Баарынан да Атамбаев бийлигинин идеологдорунун уятсыздыгы, учурда Германияда дарыланып, башынан операция болгону жаткан жана көзүнө “Кумтөр” эмес, карандай жаны гана көрүнүп турган Кубанычбек Исабековду да кошуп койгону акмакчылык болду. Ал тургай КТРдин радосунун журналисттери Кубанычбек Сатиндиевичке телефон чалып, “Кумтөрдөгү митингди уюштуруучулардын арасында сиз да бар экенсиз го?”,- деп байкуштун күйбөгөн жерин күл кылбадыбы. Кубанычбек мырза да кыйналып жаткандыгына карабай “Мени ушинтип ак жеримден каралагандар мендей болуп ооруп калсын”,- деп жооп кайтарды.
 
Жети-Өгүздөгү митинг учурунда бир чети азыркы бийликтеги көлдүктөрдүн өз элине кадыр-баркы канчалык экендиги көрүндү.  Көмөкчордон бир эмес, эки ирет өчүрүлүп, алтын ишканасы 20 жылдан ашык мезгилде биринчи ирет токтоп калды. Жети-өгүздүктөрдүн мындай кадамын токтотуу үчүн барган парламенттеги көлдүк депутаттарды эл угуп да койгон жок. Дагы жакшы, кубалап чыгышпады. Айрыкча КСДПнын мүчөсү Элмира Иманкожоева айым былтыр трибунада Садыр Жапаровго илбирстей асылганда, биз аны аял болсо да кыйын экен деп ойлоп калганбыз. Бирок өткөн жумадагы митингде аны жердештери укмак турсун, көмөкчордонго ээрчитип кирип, “депутаттарды эл шайлаган, ошондуктан силер биздин депутат, элдин өкүлү катары электр энергиясын өзүңөр өчүрүп бергиле” дегени бир чети күлкү келерлик көрүнүш болду. Кокус Элмира айымды жаштар болбой эле электр энергиясын өчүрүүгө мажбурлашканда жана ал бул талапты аткарганда, анда кызыктай абал жаралмак. Мындан тышкары Ысык-Көлдөн чыккан далай кадыр-барктуу аксакалдар, президенттер Бишкекте туруп албай, жердештерин ушундай аргасыз кадамдарга баруудан токтотуп калыш керек болчу.
 
Эгер былтыркы жылы 3-октябрда “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары К.Ташиев, С.Жапаров жана башка “Кумтөрдүн” келечегине кызыккан жигиттерибизди бийлик куугунтуктоонун жана камоонун ордуна, маселени чечип койсо, Жети-Өгүздөгү, андан ары Жалал-Абаддагы окуялар болмок эмес. Демек, бийлик туура эмес жолдо баратат...
 
Ж. Жайнаков.
Булак: “Майдан.kg”, №021, 05.06.2013-ж.