«Ата-Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев канчалык кооздоп: “өлкөнү парламент гана башкарыш керек”,- деп ооз көптүрбөсүн, өзөктүү жана акчалуу маселелердин бүт-баарын президент чечип жаткандыгы айдан ачык болуп калды. Айрым маалымат каражаттары жазып чыккандай, ажонун көзү менен тең айланган Социал-демократтар партиясы буга чейинки «Алга Кыргызстан» менен «Ак Жолдун» жолун жолдоп, айрым маселелер боюнча мурдагы экс-президенттерден да ашып өткөндүгү айкын болууда. Өздөрү өз мезгилинде куп эле пайдаланып, бийликке жетүү үчүн колдонгон «алтын көпүрөнү» (тагыраагы, көчө демократияны) жээрип, каралап, керек болсо ошол «көпүрөнү» бузуп салууга да жан үрөп жатышат. Бул «көпүрөдөн» бизден бөлөк эч ким өтпөш керек дегениби, же бийлик-байлык кумары кыска эле убакта адам баласын ушунчалык таанылгыс кылып өзгөртүп салабы, айтор, чындык деп безеленип көчөгө чыккан элди баягы эле КТР аттуу кара жащиги аркылуу ашата каралап, шылдыңдап, калыстыктан ашкере тая баштаганы сокурга да көрүнө баштады...
 
Өлкөнүн туруктуу экономикасы, тунук экологиясы үчүн реалдуу позициялары менен өз алдынча топтолуп, бийликке нараазычылыгын айтып чыккан карапайым элди «булар бандиттер, бирөөлөрдүн тукуругу менен акчага жалданып иштеп жаткан бир ууч ОБОНдор» деп сыпаттоого президент баш болуп, кара жащиктин намысы жок журналисттери төш болуп, уялбай-этпей эле күн сайын сайрап жатканына күбө болуудабыз. Кыскасы, кызык кырдаал түзүлдү. «Электр энергиясы сатылганы атат, Бакиев баарын орустарга сатканы атат» деген жөө жомокторду чыгарып, бийликке жетүү үчүн карапайым элди окко тоскон «азыркы азаматтардын» аракети мыйзамсызбы, же “Кумтөрдөгү” ыплас иштерге ызаланган топту баштап, митингдин алдында эл баштап жүргөн Ташевдин аракети мыйзамсызбы? Наркылардын арамза аракетинин алдында, беркилердин тосмо ашканы бир топ цивилдүү экендигин бүгүн айтпасак да, тарых эртең эле айтып чыгат.
 
Сотко кысым көрсөтүү эмеспи?
 
Ошентип, «Ата-Журттун» үч депутатынын Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, бошотулушу кеңири коомчулуктун көңүлүн өзүнө катуу бурду. Акталгандар «ак ийилет, бирок сынбайт”, чындык жеңди» деп кубанып турган маалда, сот өкүмүнө нааразы болгон топ көчөгө чыгып, митинг өткөрүп алууга, керек болсо түрдүү ыкмалар менен ачык эле коркутуп-үркүтүүгө да үлгүрүштү. Ач айкырык, куру кыйкырыктан майнап чыкпагандай түр көрсөтүп, «эми Жогорку соттун чечимин жөн - жай эле күтөлү» демиш болушуп, тарап кетишти. Албетте, шүк олтурушкан  жок. «Мекен шейиттери», «Апрель баатырлары» жана «Айкөл Манас» сыяктуу коомдук кыймылдардын буга чейинки сот өкүмүнө ачык сес көрсөтүү акциялары эми жабык жана кыйыр формага өттү. Алардын койгон талаптарын баарын чогулта келсең, айланып-тебеленип келип эле Жогорку сотко алдын ала көрсөтүлүп жаткан кысым, керек болсо «топтук буюртма» дегенден башканы билдирбейт. Арты кандай болот билбейм, бирок, азырынча кыйыр кысым көрсөтүлүп жатканы ырас. Эгерде Жогорку сот экинчи инстанциядагы  соттун өкүмүнөн өөн таба албаса, Жамансариевдер «жакшы, жарайт!» деп жайланып олтуруп калышы кыйын. «Мекен шейиттеринин» лидери: «Арийне сот системасы четке чыга берет, алардын алдында чоң жоопкерчилик турганын  сезиш керек!» дегениниде эле кандай «эскертүү» бар экенин байкоо кыйын эмес.
 
Президентибиз  Нарынга барып топ жыйында: «Ташиев ишенчээк,  жасап алып анан ойлонот,  жасардан мурда ойлонуш керек болчу. Мындай кылмыш үчүн башка өлкөлөрдө ондогон жылдарга эркинен ажыратылат» маанисиндеги сөздөрүн коомчулук депутаттын соту болоор алдынан сотторго берген кыйыр көрсөтмөсү, саясий буюртмасы катары кабылдаганы бекеринен эмес. Президент деле бир нерсени айтып алып, анан ойлонбой, ойлонуп туруп анан айтканга үйрөнсө жаман болбос эле. Бул Башкы прокуратура, ириде Аида Саляновага да тиешелүү сөз. «Кирип алып, кайра чыга албай кыйналгандан көрө таптакыр кирбей эле койгон дурус болуп жүрбөсүн?» деп бир акылман айткандай, “ата-журтчулардын” ошондо эле коомчулук тараптан “бейбаштык” катары кабылданган аракеттерин мынчалык саясатташтырыштын кереги жок болчу. Ал эми Бишкек шаардык сотунун актоо өкүмүн Ташиевдин каршылаштары кандай негиз-жүйөөлөргө таянып, “адилетсиз” деп эсептеп, бул маселени ого бетер саясатташтырып жатканын кандай түшүнсө болот? «Сот өкүмү ташиевчилердин кысымы астында чыгарылган» дегендер эми өзүлөрү нааразылык акциялары аркылуу Жогорку сотко кысым жасап жатышканын эмнеге сезбейт, же түшүнбөйт?
 
Балким, булар баарын сезгени жана түшүнгөнү үчүн ушул кадамга барып аткандыр? Тагыраагы, буларды ушул кадамга бардыртып аткан көшөгө артындагы «оюнчулар», «сот адилеттиги сага да жок, мага да жок» принциби менен иш тутуп, «оюндан от чыгарып» болсо да бийлигин сактап калуунун айласын кылып жатышат. Булар ушундай «от чыгаруу» жолу менен келген бийлигин эми акырына чейин ушундай чыдабастык кылып, интеллектуалдык бийиктикти эч качан сактабайт көрүнөт.
 
Мыйзам кылмышка эмес, кишиге карап иштейби?
 
“Ата-журтчу” депутаттарга бийликти күчкө салып тартып алмак болду деген күнөө коюлуп, чубактын кунундай узакка созулган талаш-тартыштар бүтө электе, эл өкүлдөрүнө караганда бир нече оор статьялар менен камакта камалып жаткан мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевге азаттык берилип, түрмөдөн гана эмес, өлкөдөн да сыртка чыгарылып жиберилгендиги коомчулуктун нараазычылыгын ого бетер ойготту. Ажонун адилетсиздигин дагы бир жолу  далилдеген мындай «жашыруун операция» элдин эсин эңгиретип, бийликке болгон ишенимин ого бетер жоготту. Нарында узун-сабак кеп курган Атамбаевдин кылмышкер Батукаев тууралуу ооз ачпаганына караганда, анын да бул «операцияга» түздөн-түз тиешеси бар турбайбы деп, кеп кылгандар көбөйдү.
 
Насилинде, өлкө башчысы деген агына да, көгүнө да бирдей каада күтүп, адамдарды бөлүп-жарбай, бүткүл бийлигин мыйзам чегинде аткарганда коомчулукта эч кандай нараазычылык чыкпайт болчу. Бир эле өлкөдө, бир эле мыйзамдын эки башка кишиге эки башка колдонулушу албетте, бийликтин элге жек көрүнүшүнө бирден бир себеп болуп саналат. Мисалы, ташиевдер айыпталган мыйзам беренелери боюнча өз учурунда жоопко тартылган жарандар азыркы күндө бийлик менен «ага-ини» болуп алгандыгына байланыштуу «майлуу-сүттүү» кызматтар менен сыйланып, сый-урмат көрүшүүдө. Тагыраак айтканда, Ташиевдерге коюлган Кылмыш кодексинин 297-беренесинин 2-бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо) жана 295-28-беренелери (Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу) боюнча 2010-жылдын 13-майында Үсөн Сыдыков баш болгон Бакиевдик реваншисттер Ош облусунун мамлекеттик администрациясына чабуул жасап, күч менен басып алышкан. Үсөн Сыдыковдун саясий планын ишке ашыруу үчүн Исхак Масалиев, Сүйүн Өмүрзаков, Мамасадык Бакиров, Айтмамат Кадырбаев баш болгон экс-чиновниктер кутум уюштуруп, Ош облустук администрациянын эшик-терезелерин, кабинеттерин талкалап, чоң суммадагы материалдык зыянга учураткан. Жаалданган топ азыркы спикер Асылбек Жээнбеков менен губернатор Сооронбай Жээнбековду ашата сөгүп, шылдыңдап, кабинеттеринен кууп чыгышып, алардын ордуна элдик бийлик жарыялап, элдик губернатор кызматына Айтмамат Кадырбаевди шайлап алууга чейин барышкан. А.Кадырбаев өзүн элдик губернатор сезип, кадимкидей эки күн губернатордун кабинетин ээлеп жаткан. Борбордук бийлик эс-учун жыйып алган соң бул реваншист “азаматтарды” эки ай түрмөгө отургузуп, бирок, кандайдыр бир себептерден улам алардын эч бирине кылмыш ишин козгобой туруп толук актап, камактан чыгарып жиберишкен. Чыгарып жибермек түгүл, алардын ар бирине майлуу-сүттүү кызмат орундарын берип, саясий чайкоочулукка баргандыгын коомчулук ачык эле сөз кылышууда. Мисалы, Исхак Масалиев үчүн Салык кызматынын башчылыгын тартуу кылса, Сүйүн Өмүрзаковго ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы кызматын бере салды.
 
Ал эми Айтмамат Кадырбаевди да чоң бир мамлекеттик кызматка таптап, даярдап жаткандыгы акыркы мезгилде көбүрөөк айтыла баштады. “Булардын баары кечээ эле Бакиевчил реваншист топтун ана-башчылары болгонугуна карабастан, кантип эле кыска убакыттын ичинде азыркы бийликтин да сүймөнчүгүнө айланып калды?” деп, таң калгандар четтен чыга баштады. Таң калуунун деле кереги жок экен. Алмазбек Атамбаев менен Икрамжан Илмияновдун “отуну менен кирип, күлү менен чыгууга” макул болуп, касам ичкен эргулдар мына ушинтип бир паста эле сый-урматка бөлөнүп калат экен. Ал эми өз позициясын ачык айткан байкуштар КТР жана жалданма жашыл прессалар аркылуу “шыбалып”, элге “бөкөчө” көрсөтүлүп, моралдык-психологиялык жактан болуп көрбөгөндөй кысымга алына баштайт тура...
 
Кыргыз бийлиги мына ушундай парадоксалдуу окуяларды биринен сала бирин жаратып отуруп, адилетсиз чечимдерден улам ансыз деле азайып бараткан кадыр-баркын ого бетер түгөтүп бүткөнү калды. 2010-жылы убактылуу өкмөттүн таламын талашып жүрүп, Жалал-Абад облусуна губернатор болуп отура койгон Медер Үсөновду ошол кезде баатыр санаган убактылуу бийлик эми 2013-жылы Ташиевди колдоп атып облустук администрациянын имаратына кирип барганы үчүн аны уурдап кетип, дагы бир парадоксалдуу кырдаалдын пайда болушуна түрткү болду. Кызык, эгерде бийликтин тарабында туруп алып, мамлекеттин имараттарын ээлеп алса, сотко өкүмзордук көрсөтүп, митинге чыкса боло берет экен да, “Кумтөр”, чегара маселелери боюнча мүдөө-талаптарын коюп, митинге чыкса болбойт экен. Адилетсиздиктин да чеги болушу керек! Өзгөчө, журт атасы аталган президентибиз элдин баарына тегиз карап, регионализм боюнча «күйүп-жанып» айткан сөздөрүндөй турмушта саясат күтпөсө, Кыргызстан адилетсиз үй-бүлөгө айланып, чыр-чатактарга эч качан чекит коюлбайт.
 
Шамшидин Абдумиталипов,
Жалал-Абад шаары
Булак: “Майдан.kg”, №027, 31.07.2013-ж.