Кыргыз бийлиги жогорку кызматтагы чиновниктер менен оппозиция лидерлерин камап, “коррупцияга каршы күрөштүк”.- деп канчалык каттуу кыйкырган сайын өлкөбүз күн өткөн сайын коррупциянын сазына батууда. Эл депутаты Равшан Жээнбеков мындай пикирин кадыр-барктуу эл аралык «Трансперенси Интернешнл» уюмунун отчетуна байланыштуу билдирди.

Башкы прокуратурадан алынган маалыматка ылайык, 3-октябрдагы митинг боюнча тергөө аяктап, иш сотко өткөнү турат. Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ мүчүлүштүктөргө жол берилгенин, бийлик акеңдин буйрутмасын аткарып жаткан Башпрокуратуранын желдеттери камактагы депутаттардын тагдыры менен оюнчуктай ойногондугун адвокаттар, коомчулук бир ооздон айтып чыгышты. Баарынан да Камчыбек Ташиевге карата бийликте карасанатай пландар болгондугун адвокат Икрамидин Айткулов айтып чыкты.

«Ата-Мекен» менен «Республиканын» тиреши эки Өмүрбектин эле эмес, эки идеологиянын, оңчулдар менен солчулдардын күрөшүнө айланып, жаңы форматтагы саясаттын башаты болуп бере алаар бекен?! Же айрымдар ата салты деп ашыра мактап келаткан архаикалык (урук-туугандык, регионалдык) саясаттын кучагында кала беребизби?! Бир ок менен эки коенду атып, «Ата Мекен» менен «Республиканы» чабыштырган КСДПнын кашаң харизмасы жаңыланабы же көнгөн адатыбызга салып Сатыбалдиевди садага чабуу менен чолок саясатты уланта беребизби?

2012-жылдын бюджетинин тартыштыгы кыйынга турчудай болуп калды. Капиталдык салымдар дээрлик токтотулуп, корголгон статьяларды гана эптеп-септеп каржылоо жүрүп, өкмөт каражат табалбай катуу каржалып, Жогорку Кеңешке (ЖК) бюджетти секвестирования кылуу өтүнүчү менен кайрылууда.

7-ноябрь – Басма сөз күнүнө карата ар кандай партиялар, коомдук ишмерлер, саясатчылар, мамлекеттик мекеме-уюмдар, Жогорку Кеңештин депутаттары майрамдык иш-чараларды өткөзүштү. Чын дилинен журналисттерди сыйлап, жөн гана чайга чакырганы, ушундан да саясат жасап, өзүнө "пиар" жасагысы келгени да болду. Баарынан өзгөчөсү катары – президент, премьер-министр, парламент төрагасы чогуу өткөзгөн “Ала-Арча” резиденциясындагы салтанатты айтууга болот.

2010-жылдын апрелиндеги элдик төңкөрүштү уюштуруп, авторитардык режимди кулаткан, а кездеги негизги оппозициялык күч, Бириккен Элдик Кыймылдын (БЭК) саясый бюросунун мүчөлөрү Убактылуу Өкмөт (УӨ) түзгөнүн жарыялап, ар кимиси өз каалаган «портфелдерин» кучактай жыгылганы белгилүү.

Эзелтеден элибиз алтын чыккан жердин чыр болорун айтып келген. Кылымдарга кылым уланып, канча мезгил өтсө да, элдик сөз эч маанисин жоготпостон, учур чындыгы бойдон калып жатканын байкаган чыгаарсыз? Бүгүн да, кыргыз элинин кен байлыктарын чет мамлекеттен келген шылуун-шумпайлар талоонго алып, аларга бийликтеги аткаминерлер демчи болуп жатканы ачык айтылып, ал дүйнөлүк масшщатбагы чоң чырдын башаты болуп турат.

Казакстандын республикабыздан сүт сатып алууга мораторий жарыялашы ансыз деле араңжан экономикабызды андан бетер алсыратып, айлабызды кетирүүдө. Адистердин эсебинде баурдастардын сүт “согушунан” күн сайын 20 млн. сомдук продукциябыз сатылбай, онго жакын заводдор токтоп турат. Демек, жүздөгөн фермерлер, миңдеген уйлар “кысыр” калды. 

Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна бир айдан аз убакыт калды. Шайлоого аттанган партияларды каттоо аяктап, үгүт иштери башталып кетти. Катышабыз деп, камданып, уюштуруу иштери менен иш кагаздарын өз убагында тууралагандар дээрлик каттодон өтүп, бийлик тарабынан бут тосуулар, баштагыдай атайылап каттатпай коюу аракеттери байкалган деле жок. 

Мен дайыма ар кандай маселеде объективдүү сүйлөгөнгө аракет кылам. Бул менин досум же душманым деген мага жат көрүнүш, канткен менен чындык айтылыш керек. Бирок ачуу чындык дайыма кимдир-бирөөлөргө жакпайт. Мен С.Жапаров менен "Кумтөр" боюнча комиссияда иштегем. С.Жапаровдун "Кумтөр" боюнча айткандары айрымдарга жаккан жок. Мен деле улутташтырууну колдобосом да бул келишим Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн эмес деп эсептеймин. Көптөгөн чиновниктерибиз жеке кызыкчылыгы үчүн элибиздин байлыгын садага чабышты.

3-октябрдагы “Кумтөр” кенине каршы митингдеги эмоционалдык гана чекте, жөнөкөй тилде айтканда “тентектик” кыла койгонун шылтоолоп, Камчыбек Ташиев баш болгон оппозиция лидерлерин камакка алууга канчалык зарылчылык бар эле? Бүгүнкү күндө эң талаш жараткан жагдай ушул болууда. Бирок, канткен менен, көп эксперттер, дүйнөлүк коомчулук башкасы бир тең, а президенттик жарышта Ташиевдин азыркы ажого негизги атаандаш катары чыккандыгын, анда Кыргызстандын шайлоого келген адамдардын теңинен көп добушту чынында алганына көңүл бурушууда.

Тавтология болуп калса кечирим сурайм, бирок ошентсе да ушу президенттерге таптакыр жарыбай койдук деген сөздү дагы бир ирет кайталоого аргасызмын. Ушундан улам, эмне бешенебизге жылкы – мылкы эмес, эшек – мешек тепкенби деп да ойлоп калат экенсиң, аргаң куруганда. Себеби, президенттерибиз, өкүнүчтүүсү аткарган иштери менен мактанышпай, өздөрү же жакындары менен мактанганды өнөкөт оорууга айландырып алышкан.

Дүйнөлүк Банкттын эксперттери “Эрежеси жок базарлар” (“Базары без правил”) жана “Борборбук Азиядагы аймактык жакындашуу” ("Региональная интеграция в Центральной Азии") аталышында эки китеп жазып, коомчулукка сунуш кылышты. Адатынча, океандын ары жагын карагандан тажабаган биздин чиновниктер бул эмгектерди жылуу кабыл алышып, батышчыл вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев атайын өкмөттүн кеңешмесин өткөзгөнгө да үлгүрдү.  

 

 

Белгилүү саясатчы, учурда Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкер Азимбек Бекназаровдун  Отунбаева-Атамбаев доорундагы коррупция тууралуу билдирүүсү

КТРКнын телеэкраны аркылуу адамдарга терс таасирин тийгизүүчү көрсөтүүлөрдүн, жарнамалардын берилип жатканы өтө өкүнүчтүү. Көзүң көрүп, жүрөктү оорутуп турган маселелер тууралуу айтпай да коё албайт экенсиң. Мына ошондон да улам бул маселеге мен мурда да кайрылып, макала жазган элем. Азыр да ошол эле маселе тууралуу кеп козгоого да туура келүүдө.

Атамбаевдин чөгүп бараткан бийлиги өлбөстүн аргасы катары - элге ачуу чындыкты тартынбастан жеткизип, өлкө жетекчилеринин уйку бездерин талкалаган чыныгы мекенчил саясатчыларды ак жеринен каралап, камакка алып, саясий карьерасына балта чабуу аракетине өттү. Коомчулук “кыска убакытта кыргыз элинин Акаев менен Бакиевден ашкан байлыгын куруткан коррупционерлер” аткаминерлердин өз бийлигин тарыхта нечен ирет далилденген коркунучтуу жол менен коргоого өткөнүн эске алганда, бул байкуштардын абалы чындап жаман экен. Чынын айтканда, булардын башка айласы, аргасы барбы?

Айкөл элибиз Бакиевдин түрмөсүндө чирибесин деп Сиз ж.б. “мародер” соратниктериңиз үчүн Ак үйдүн астында өлүп да беришти, бул аздык кылып калды окшойт, “Алмаз уулубуз” деп президент кылып да шайлашты өзүңүз атын атагандан жийиркенген митингчи, пикетчи, жалкоо “кээ бир элиңиз”! Дагы эмне керек Сизге Урматтуу Президент? Же эмне, кекеткидей “кээ бир элде” ата – бабаларыңыздан калган биз билбеген кетпес кегиңиз, өчпөс тагыңыз барбы, айтыңызчы деги?

Өзү жалгыз жашайт экен. Үйү кудум Кубат акенин тоо үйүнө окшош, бирок суу боюна салыныптыр. Кадимкидей шаркыратманын жээгинде эки кабат үйдө турат. Туш-тарабы чытырман токой. Балконуна чыгып, эңкейип карасаң баш айланат. Суу сүрүнөн коркосуң. Балкондон ары узун көпүрө. Анысы алкынган суунун ортосуна жетет. Көпүрөнүн башына коюлган отургучтарга отуруп алып Мелис байке балык кармап атыптыр...

Депутат Равшан Жээнбековдун саясий кырдаал тууралуу макаласы

«Чыныгы тарых өз өтмүшүн жоготту. Аны тарых жазуучулар өз улутун улуу кылып көрсөтүүгө, жеке адамдардын кызыкчылыгына бурмалап отурушуп жөө жомокторго айлантып салышты. А, чыныгы тарых летописттик кол жазмаларда бекилген бойдон калууда. Бирок, бир айтаарым бурмаланган тарых президентти дагы, тарых жазуучуну дагы эртедир-кечтир жөн койбошуна кепилдигим бар. Себеби чыныгы тарых өтмүшүндө не деген инсандардын каны-забалы жатат. Ким болбойлу ушуну унутпашыбыз керек!».