- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2256
Же электр энергиясынын баасын көтөрүүгө ашыккан атамбаевдик бийликтин күнү бүткөнү калдыбы?
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 1264
Бийлик кеч боло электе эсине келип, адам тагдырларын талкалаганды коюп, адилеттүүлүккө карай жүзүн бурушу керек. Ошол аракетине жараша болот баары. Антпесе, ажонун улам журналисттерге жолуккан сайын бийликтеги мөөнөтү бүтүшүнө канча убакыт калганын санап бергени түккө да арзыбай калат. Ал мөөнөтү күтүүсүз токтоп калышы мүмкүн да...
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 1783
Оторбаевдин өкмөтү ишке киришери менен коомчулукта “биринчи вице-премьер-министр” кызматы баш мыйзамда көрсөтүлбөгөндүгү, демек, ал орунду Т.Сарпашев мыйзамсыз ээлей баштагандыгы кызуу талкууга алынган болчу. Атүгүл, ал багыттагы талаш-тартыш ушул убакка чейин созулуп, бул маселени тактап берүү талабы менен коомдук ишмер Каныбек Абдыкадыровго окшоп Конституциялык палатага кайралгандар да бар. Парламентте да Сарпашевдин персонасынын тегерегинде көп талкуулар болуп, ага караштуу “Градиент” фирмасынын тендерлерди адатынан көбүрөөк ута баштаганы айтылган болчу. Деги Т.Сарпашев өзү ким? Экономикалык оор маселелерди кызматына жараш чечкенге анын дарамети канчалык? Бул маселеге бир баш катырып көрдүк.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 1841
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2862
Ош облусунун мурунку ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдылда Капаров массалык маалымат каражаттарынан бир нече жолу Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков 2010-жылы июнь коогалаңында Өкмөттөн берилген 3 млн. АКШ долларын жеп кетти, аны ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Дүйшөн Чотонов алып келген болчу деп айтып келген. Бул боюнча С. Жээнбеков А. Капаровду сотко берип, укук коргоо органдары да ал акчанын сары изине түшкөн болчу. С.Жээнбековдун адвокаты В.Вахидов ал акча боюнча төмөндөгүдөй билдирүү таратты.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 1452
10-июнда 2010-жылы өлкөбүздүн түштүк аймагында орун алган Ош коогалаңына 4 жыл болот. Бирок, 500гө жакын адамдын өмүрү кыйылып, 40ка жакыны ушул күнгө чейин дайынсыз жок болуп, мамлекетке миллиарддаган сом зыян келтирген, эң негизгиси Кыргызстандын жарымын (түштүгүн) автономия катары бөлүп кетүүнү көздөгөн өзбек сепаратисттеринин бири да кармалып, сот жообуна тартылган жок. Кармалмак турсун, К.Батыров, Д.Сабиров, К.Абдуллаева жана башка котур ташын койнуна каткан кыргыз элинин душмандары ар кайсы чет өлкөлөрдө баш калакалап, чардап жашап жүрүшсө (алар жөн жатпагандыр...), дагы башка айрым ниеттеш жана тилектештери акырын жылып Кыргызстанга кирип, эл арасына кошулуп кетишүүдө.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2320
“Мегакомдун” тегерегиндеги кылмыш ишин негизининен кароо дагы эле баштала элек. Андан бери 2,5 жыл өттү. Башында миллиондогон коррупциялык схема катуу жарыяланды эле, андан соң ал айыптын миллиондору кургап соолуп отуруп, эми болсо мазмунун унутуп да калды. Азыр соттук иликтөө сотту кантип укуктук нукка келтирүү жөнүндө болуп жатат.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 1829
Сот “ата-журтчу” депутат А.Келдибековдун камактагы мөөнөтүн дагы бир айга, тагыраагы, 27-июнга чейин узартты. Ансыз деле Ахматбек Келдибековдун саясий буйрутма боюнча камалганы маалым болгон убакта, коомчулук бул чечимди так тескерисинен кабыл алды. Биз бул тууралуу эл тааныган “каймактардан” жооп алдык.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 1061
Тээ атам замандан бери ак нерсе актын, кара нерсе каранын ролун ойноп келе жатканы баарына текши маалым. Союз тараганы ак ниетте ак мрамор таш менен салынган Ак үйдү кара тосмо менен тосуп койгону, эгемендүү элибиздин иши алдыга жылбай келе жатат. Эмнеге Ак үйдү кара тосмо менен тосуп коюшту? Ушул суроого жооп табуу кыйын болуп турат.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2436
"Мегакомдон" ири суммадагы акчаларды чыгарып кеткендиги айтылып, камакка алынып, соттолуп жаткан Алмазбек Абековдун ачуу чындыгы
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 1992
Жаңы өкмөт дайындалып ишке киришкени айдан ашты. Жоомарт Оторбаев былк этпей, зымпыйып отурганы болбосо, кыймылдаганы деле, ишинен бир майнап чыгарары деле байкалбайт. Чек арадагы жаңжалдар уланып, жаңы вицеси эски адаты боюнча барымтага түшүп, чыңалуу күч алып барат. Түштүк тарап газы жок калып, көпчүлүк тамак бышыруу ж.б. күнүмдүк керектөөлөр үчүн электр энергиясын колдонууга өттү. Электрдин тартыштыгынан кубаттуулугу төмөн болуп, тамак 2-3 саатта араң бышып, көп кабатту үйлөрдүн жашоочулары короого казан асып, от жагып, дааратканаларга сырттан суу ташып, кирип-чыгып бийликти каргап жатат.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2158
Союздан мураска калган өксүк өнөр-жай, өндүрүш базар экономикасынын шартына, талабына жооп бере албай, сырткы базардын атаандаштыгына туруштук бербей куруп, постсоветтик өлкөлөрдү экономикалык өнөктөшүүгө, рыногун бирге коргоого мажбурлап, Бажы союзунун түзүлүшүнө түрткү болду. Бирок, Кыргызстандын ички дүн продукциясы (ИДП) жан башына чакканда 1300 доллар экенин эске алсак, экономикасы 10-15 эсе күчтүү өлкөлөр менен кантип өнөктөш боло алат?
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 3757
“Адам болуш кыйын, күн сайын адам болуш андан да кыйын”,- деп залкар инсаныбыз, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов таамай айткан. Анткени адам деген атты сактап, жашоодо өзүнүн тазалыгы менен жасаган аракети дал келиши абзел. Адамдык сапатты бийик тутуп, жашоо кечирген адамдар сейрек кездешет. Биз сөз кылып жаткан каарман дал ошол сейректиктердин бири - Рустам Маманов.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 1551
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 1428
Бүгүнкү кыргыз армиясы жана күч органдары кыргыз элин, кыргыз жерин эмес, кыргыз бийлигин гана кайтарып, Атамбаевдин коопсуздугун карап, ага каршы сѳз айткан оппозицияны куугунтукка алып атканга гана жарап калды.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 1823
“Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт,”- деп шордуу Алыкул Осмонов бекеринен айтпаган экен. Анын бул сөзүн учурда биз да кайталоого милдеттүү болуудабыз. Ата-Журт “шордуунун журту” болуп жатса ким эмне демек эле? Жашоо, кимдер кантип жашап жатышат? Кимдир бирөөлөр башка бирөөнүн пешене теринин эсебинен ар кандай айла-амалдар менен байлык топтоп арам жашап жаткандыгын, Курандын сөзү менен айтканда: “бул чындыкты кудай көрүп турат”. Аны менен акыретте эсептешүү болот. Эмне үчүн эле адамдар мансапка карай жулунушат? Эмне үчүн шаарларга карай умтулушат? Эмне үчүн? Себеби өтө көп!
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 2185
Парламентте башка маанилүү маселе калбай калганбы же бүгүнкү күндүн опурталдуу көйгөйү ушулбу, айтор 23-апрелде депутаттар сойкулукту ооздуктоого арналган “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-окууда карашты. Бул мыйзам долбоорун депутаттар Замир Бекбоев, Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиевдер иштеп чыгышыптыр.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 1430
Кыргызстанда баардык балакет: митинг, пикет, ызы-чуу, нааразычылык, коррупция, жердешчилик менен бөлүнүп-жарылуу жана башка коомду будуң-чаң түшүргөн окуялар шайлоодон башталат. Бир шайлоодогу тополоң кийинкисине чейин улантылат. Ал тургай жалаң шайлоонун болушун күтүп, ошонун арты менен акча таап, жан баккан “дежур активисттер” - ОБОН деген аялдар тобу бар. Алар үчүн шайлоо чоң “бизнес”. Демек, акчаң болсо, сен кылмышкерсиңби, билимиң жок чала сабатсыңбы, сени шайлап коё турган атайын “жалданма” топ бар. Анткени көпчүлүк элдин добушуна ээ болоруна көзү жетпеген талапкерлер шайлоочуларды ар кандай айла-амалдар менен сатып алышат, шайлоо мыйзамын одоно түрдө бузушат. Анын кесепетинен бийликке элдин же мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, жеке өзүнүн жыргалчылыгын ойлогон шылуундар менен шумпайлар, уурулар менен кескилер, кем акыл чала сабат саясатчылар келишет.
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 1151
- Подробности
- Категория: Аналитика
- Просмотров: 1963
Өткөн жумада Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат А.Сулайманов камактагы “ата-журтчу” депутат А.Келдибековго тагылган айыптарды изилдөө боюнча түзүлгөн парламенттик комиссия өз ишин аяктаганын жар салып, анын жыйынтыгын карап чыгууну талап кылды. Бул маселе эртең, 24-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында талкууга алынат.