Кыргызстанда баардык балакет: митинг, пикет, ызы-чуу, нааразычылык, коррупция, жердешчилик менен бөлүнүп-жарылуу жана башка коомду будуң-чаң түшүргөн окуялар шайлоодон башталат. Бир шайлоодогу тополоң кийинкисине чейин улантылат. Ал тургай жалаң шайлоонун болушун күтүп, ошонун арты менен акча таап, жан баккан “дежур активисттер” - ОБОН деген аялдар тобу бар. Алар үчүн шайлоо чоң “бизнес”. Демек, акчаң болсо, сен кылмышкерсиңби, билимиң жок чала сабатсыңбы, сени шайлап коё турган атайын “жалданма” топ бар. Анткени көпчүлүк элдин добушуна ээ болоруна көзү жетпеген талапкерлер шайлоочуларды ар кандай айла-амалдар менен сатып алышат, шайлоо мыйзамын одоно түрдө бузушат. Анын кесепетинен бийликке элдин же мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, жеке өзүнүн жыргалчылыгын ойлогон шылуундар менен шумпайлар, уурулар менен кескилер, кем акыл чала сабат саясатчылар келишет.

 

Алар андан ары майлуу-сүттүү кызматтарга өздөрүнүн туугандарын, жердештерин, партиялаштарын, кала берсе ойношторун коюшат. Мамлекет, мекенчилдик сезим деген эмне экендигин билбеген булар пара алуу, жеп-ичүү менен гана алектенишет. Карапайым элди уруп да ойнобойт. Анткени алар элди шайлоо учурунда бир бөтөлкө аракка же бир добушту 500 сомго сатып алышкан. Мамлекетибизди азыр дал ушундай шумпайлар башкарып жатат. Ошондуктан эгемендүүлүккө жеткенибизге чейрек кылым болуп калса да өнүкпөй эле артка кетип, бир эмес, эки ирет революция жасап, эки президентти кубаласак да  мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучунда турабыз. Бир чети эл арасында ушундай шылуундар көпчүлүккө үстөмдүк кылып, башкарып алган. Дал ушул жагдайдан улам элибиз өнүгүп-өспөй, бутуна улам жем түшкөндөй аксап, бүтүндөй коомубуз артка кетип жатат. Айтылуу акылман саясатчы айткандай: “революцияны фанаттар жасап, анын жыргалын шумпайлар көрүүдө”.

 

Мурдагы оппозицонерлер керек болсо жүздөгөн адамдардын каны аркылуу бийликти басып алып, морадёрлук жасап, максатына жеткен соң, А.Атамбаев айткандай, “Ак үйгө кирери менен жети баштуу ажыдаарга айланып калууда”. Эгер Акаев, Бакиев учурунда мамлекеттик бир үй-бүлө же бир туугандар кланы башкарса, азыркы Атамбаевдин тушунда парламенттеги саясый партиялардын фракциялык кланы башкарып жатат. Алар баардык өлкөбүздүн майлуу-сүттүү кызматтары менен байлыгын бөлүп алышкан. Ошондуктан газ, ГЭС, аэропортубузга чейин сатышууда. Көрсө, “Парламенттик башкарууга өтсөк, жеке үй-бүлөлүк башкаруудан кутулабыз” деген сөз жөн гана жөнөкөй элди алдоо экен.

 

Эгер эсиңиздерде болсо, 2010-жылы күзүндө болгон парламенттик шайлоодо азыркы Жогорку Кеңештин депутаттарына добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 30%ы гана катышкан. Ал эми бүгүнкү өлкөнү башкарып, Бакиевдин “Ак-Жол” партиясынын ордун баскан КСДП оппозициялык “Ата-Журттан” артта калган. Демек, бүгүнкү эл өкүлдөрүнүн 70%ына эл ишеним көрсөткөн эмес. Себеби алардын көпчүлүгү баягы эле эски бийликтердин тушунда бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына кызмат кылган эки жүздүү, карапайым калктын канын митедей соргон шылуундар.

 

Эмне үчүн бизде XXI кылым болсо да  шайлоолор эски ыкма менен өтүп, ал да ар кандай ыплас бурмалоолорго, “шайтан оюндарга” туш болуп, мекенчил, таза иштеген, билими менен интеллектуалдык деңгээли жогору адамдар шайланбайт? Мисалы, добуш берүү интернет аркылуу электрондук эсеп менен жүргүзүлбөйт же өлкө аймагынан сыртта жүргөн бир миллиондон ашык мигранттар катыштырылбайт? Улам эле мурдагы бийликтин отунун жагып, күлүн алган кулпенделер кайра жомоктогудай болуп “тирилип” келишүүдө?. Анткени алар бийлигинен, байлыгынан пайдаланышып, шайлоо мыйзамдары менен жол-жоболоруна коппупциялык механизмдерди киргизип коюшкан.

 

Ошентип дагы бир жылдан кийин азыркы асмандан түшкөндөй бакылдаган 120 депутаттын да күнү бүтөт. Туура бир жылдан соң алар Ак үйдө азыркыдай кызыл килемде тайраңдап, май курсагын сылап баса албай калышат. Андыктан “Кууган да шайлоого баратат, качкан да шайлоого баратат” демекчи, бүгүнкү оппозиция менен бийликтегилердин жолу ошол келерки жылы күзүндө боло турган шайлоодо кесилишет. Андыктан “элдин элегинен кантип өтөбүз” же “дагы кандай айла-амалдарга салып, шайлоочуларды сатып, алдап добуш алабыз”,- деген табышмактуу ой ар бир “депутат болом” деген эргул менен саясый күрөшкө аттанууга камынып турган партиянын түн уйкусун бузуп, уктапай жаткан учур. Алардын айрымдары азыртан эле аймактарды аралап, ар кандай акциялар менен иш-чараларды өткөрүп, элдин алдынан өтүп жатышууда.

 

Сыягы, карапайым эл мындан ары арак менен жарыбаган акчага добушун сатпай тургандыгын алдын-ала сездиби же “менден кийинки шайлоолор таза өтүп, жарытылуу бир иш жасай албаган соң, жок дегенде таза шайлоо өткөрдү деп тарыхта атым калсын”,- деп жатабы, айтор президент А.Атамбаев азыртан таза шайлоо өткөрүүгө каттуу камынып жаткан кербези. Өткөндө мамлекет башчысы КР туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында келерки парламенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн кашаң өкмөткө биометрикалык паспортту даярдоо тапшырмасын берген болчу.

 

Ал эми 25-апрелде Ала-Арча резиденциясында Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны болуп, анда негизги маселе катары президент өкмөткө берген биометрикалык паспортту даярдоо тапшырмасынын аткарылган же аткарылбагандыгы тууралуу отчет талап кылды. Көрсө, “кызматтан кетесиң” дегенде өкмөт мектеп, оорукана курууга, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин маянасын көтөрүүгө жетпеген каражатты оңой эле таап коюптур, бул маселе моюнуна жүктөлгөн 1-вице-премьер-министр Т. Сарпашев “биометрикалык паспорт даярдоого керектүү 250 млн. сом табылды”,- деп такылдап жооп берди.

 

Ага ылайык, 2015-жылдын 1-июлуна чейин “Кыргызстандык жарандардын биометрикалык каттоосу тууралуу” мыйзам кабыл алынып, маалымат базасы түзүлмөкчү. Бул үчүн өкмөт президенттик аппарат менен чогуу үстүбүздөгү жылдын 7-майына чейин жарандардын биометрикалык маалыматын жыйноо жараянын уюштуруп, башкаруучу атайын борбордук штаб түзүүнү көздөөдө.

 

Борбордук штабга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жетекчилери кирет. Облус, район, айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде аймактык штабдар түзүлмөкчү. Биометрикалык маалыматты чогултуу үстүбүздөгү жылдын 31-августунан башталарын кошумчалады  Т.Сарпашев.

 

Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде эгер бул айтылгандар быйыл 1-сентябрга чейин ишке ашырылбаса, Т.Сарпашев 2-сентябрда кызматтан кете тургандыгын эскертти.

 

Өкмөт мамлекеттин жарандарынын биометрикалык маалыматын чогултуп баштоону 2014-жылдын 1-сентябрына белгиледи. Бул процессти көзөмөлдөө жана башкаруу үчүн жакын арада борбордук жана ошондой эле аймактык жана ведомстволук штабдар түзүлөт.

 

Президент А.Атамбаев Кыргызстандагы таза жана адилеттүү шайлоого даярдык боюнча иштин маанисин баса белгилеп, премьер-министр Ж.Оторбаев баштаган өкмөткө алдыга коюлган маселени чечүүдө ыкчам аракеттери үчүн ыраазычылык билдирүү менен мындай деди: “Биздин максат - бардык жарандарды биометрикалык паспорттор менен камсыз кылуу гана эмес, таза шайлоо өткөрүү. Элибиз баарына чыдап бере алат, бирок акыйкатсыздыкка чыдабайт. Таза шайлоо гана – өлкөнүн туруктуу өнүктүрүүнүн өбөлгөсү. Азыр бул жерден баарыңар баш ийкегилеп, иш жүзүндө эч нерсе жасалбай калгыдай болбошу керек. Айткан сөзгө туруш керек. Биз ушул эле курамда сентябрда чогулабыз, эгерде коюлган максаттарды ишке ашырбасаңар, отставкага кете берсеңер болот”.

 

Кыскасы, келерки жылы күзүндө боло турган “чоң казатка” – парламенттик шайлоого даярдык иштери азыртан кызуу башталып, аны таза, адилет өткөрүү камылгасы көрүлүүдө. Бирок жердешчилик, паракорчулук  менен уруу-урууга чейин бөлүнүп-жарылуу илдетинен арыла албаган элибиз мурдагы шайлоолордогудай саясатчылардын акчасына карап добуш береби же тазалыгына, мекенчилдиги менен билим –деңгээлине басым жасайбы? Бул жагдай да өзүнчө сөз кыла турган тема...

 

С.Кадыров

Булак: "Майдан.kg"