Оторбаевдин өкмөтү ишке киришери менен коомчулукта “биринчи вице-премьер-министр” кызматы баш мыйзамда көрсөтүлбөгөндүгү, демек, ал орунду Т.Сарпашев мыйзамсыз ээлей баштагандыгы кызуу талкууга алынган болчу. Атүгүл, ал багыттагы талаш-тартыш ушул убакка чейин созулуп, бул маселени тактап берүү талабы менен коомдук ишмер Каныбек Абдыкадыровго окшоп Конституциялык палатага кайралгандар да бар. Парламентте да Сарпашевдин персонасынын тегерегинде көп талкуулар болуп, ага караштуу “Градиент” фирмасынын тендерлерди адатынан көбүрөөк ута баштаганы айтылган болчу. Деги Т.Сарпашев өзү ким? Экономикалык оор маселелерди кызматына жараш чечкенге анын дарамети канчалык? Бул маселеге бир баш катырып көрдүк.

 

Таланттуу адамдардын ордосу аталган Токтогул өрөөнүндө бала чагы калган Тайырбек Сарпашевдин баскан жолуна саресеп сала турган болсок, эң ириде анын койгон максатына жетүүдөгү өжөрдүгү, көп окуп, өзүн-өзү өстүрүү багытында катуу иштегендиги, далай кыйынчылыкты баштан кечиргени көзгө чалдыгат. Ал ириде реалист. Бирок, кээде ишке ашпачудай көрүнгөн бийиктик болсо, тартынбастан, аны багындырууга аракет жумшаган адам. Буга анын жаш кезине карабастан парламенттик шайлоого катышып, жеңгендиги мисал боло алат. Бүгүн көбүнесе Сарпашевдин байлыгына назар салышат. Изилдеп көрсөк, Сарпашевдин мыйзамсыз байый тургандай деле мүмкүнчүлүгү болбоптур. Депутат болуп иштегендир, бирок, майлуу-сүттүү кызматты аркалаганы көрүнбөйт. Тайырбек Сарпашев азыркы кызматына, жада калса тээ 2000-жылдардагы депутаттыгына да бизнестен келген. Башкача айтканда алгач курсагын, көзүн тойгозуп алып, анан саясатка аралашкан. Кыргызстанды сук көздөр курутуп келатпайбы, а Таке көзү ток адам. Ошон үчүн да эл-жерин ардактап, ага пайдасын тийгизип кетүүгө катуу аракет көрөт.

 

Депутаттар, коомчулук бүт текшерип чыгып, “Градиент” боюнча Сарпашевдин күнөөсүн таба алышкан жок. Башкача айтканда, “Сарпашев кызматынан кыянатчылык менен пайдаланды”,- деген сөздү анын каршылаштары колдоно албай калды. Тендер демекчи, өткөндө “Кумтөр” боюнча эксперттик жыйын болуп өткөн эле. Ошонун жүрүшүндө эксперттер “Кумтөрдө” жүк ташуу, тамак-аш жеткизүү, күйүүчү май сатуу ж.б. жумуштарга кыргызстандык фирмалар тартыларын айтып чыгышты. “Кумтөр” менен ушундай мамиледе келишим түзгөн фирмалардын баары чиновниктерге, депутаттарга, жада калса оппозициядагы айрым ишкерлерге таандык экен. Бийлик башында тургандардын ичинен “Кумтөргө” байланып “бакс” таппаган бир гана Тайырбек Сарпашев экен. Бул да болсо Т.Сарпашевдин тазалыгынан кабар берип турат.

 

“Биринчи вице-премьер-министрлик кызмат Конституцияда жок”,- деп айкырып жатышпайбы. Өздөрүн ушул кызматка койсоң жаны калбай чуркап барып олтурат деңизчи. Болгону аларды Сарпашевдин персонасы ойлонтот. Колунан бир иш келген адамдын олтуруп калышын көрө алышпайт. Анткен менен көпчүлүк калк буга анчалык деле катуу маани берген жок. Элибиз “эчки болобу, теке болобу, сүт берсе болду”,- деген позицияга өтүп алган капкачан эле. Бул туура кадам. Себеби, Сарпашев мыйзамсыз олтурабы-жокпу, башкысы Кыргызстанга пайда алып келгени керек. Бул жагынан алып караганда, көп эле иштер жасалыптыр.

Быйыл айрыкча айыл чарбасын өнүктүрүү багытында көп жумуштар жасалды. Азыр туш-туштан Бабановдун өкмөтүн калпычы атап атышпайбы. Анткени убагында Бабанов арзандатылган насыя менен калкты камсыз кылууга убада берип партиясын Жогорку Кеңешке өткөзгөн. Өзү болсо ошол программасын аткаруу вазийпасы менен премьер-министрлик кызматка олтурган. Бирок, Бабановдун жана анын “Республикасынын” арзан кредити эмгиче жок. Келаткан парламенттик шайлоодо ушунун азабын тартып калбаса болду. Ал эми Тайырбек Дүйшекеевич болсо эч кандай пиары жок эле ошол жеңилдетилген насыялардын түздөн-түз дыйкандарга берилишине жан үрөп, жаман эмес жетишкендикке тушукту. Мисалга алсак, былтыр жеңилдетилген кредиттин жалпы көлөмү 3 миллиард 176 милилон сомду түзгөн болчу. Быйыл болсо, 5-июндагы маалыматты карасак, жеңилдетилген кредиттин көлөмү 4 миллиардга жетиптир. Сарпашев жылдын аягына чейин анын көлөмүн 7 миллиардга жеткизүүгө убада берип жатат. Бул арифметиканын артында эмне жатат? Чечмелей келгенде, жеңилдетилген кредиттер өз ээсине – баба дыйкандарга жетти. Демек, жазгы талаа жумуштары жогорку деңгээлде өткөзүлүп, бечара дыйкан эч кимге жалдыраган жок. Айылга барып сурап да көрдүк. Бабанов көлөмү аз болгондуктан андай кредитти “Республика” партиясынын мүчөлөрүнө гана таркаттырганы мурда далай сөз болгон. А азыр болсо кредитти алыш үчүн сөзсүз эле Сарпашевге тууган же КСДПнын мүчөсү болуш керек эмес. Документиң туурабы, ала бер.

 

Жазгы талаа жумуштары боюнча айта турган болсок, быйыл буудай 131 миң гектар аянтка эгилиптир. Демек, өзүбүздү өзүбүз камсыздай алабыз, ундун баасы көтөрүлбөйт. Арпа былтыркыга караганда 5300 гектарга көп айдалган, жалпысы 42 миң гектарга эгилди. Ошондой эле жүгөрү, картошка, жашылча-жемиш боюнча да пландар толук аткарылган. Ал эми төө буурчак 9 миң гектарга көп айдалган. Былтыр төө буурчакка баа жогору болгондуктан да дыйкандар анын көлөмүн көбөйтүшкөн.

 

Кант кызылчасы 7300 гектарга айдалыптыр, бул мурунку жылдагыдан 300 гектарга көп. Өкмөт дыйкандарга кант кызылчасынын уругун атайын Германиядан алып келип берген. Кыргызстанды кант кызылчасы 18 миң гектарга айдалса, кумшекер менен камсыз кылса болот. Сарпашев бул көрсөткүчкө жакынкы жылдары жетишсек болорун айтууда.

 

Өзгөчө сөзгө жер семирткичтер менен камсыз кылуу иши татыйт. Быйыл дыйкандарга жер семирткичтер борборлоштурулган ыкма менен берилип жатат. Азыркы тапта 50 миңден ашуун тонна таркатылып бүткөн. Өкмөт жер семирткичти 16 сомго чейин берип жатты. А базарларда 1 кг жер семирткич 26-27 сомдон сатылып жатканы белгилүү. Ошондо ар бир килограммдан дыйкандын чөнтөгүнө 10 сомдон пайда калып жатса жаманбы?  50 миң тоннаны алганда, дыйкандарга жалпысынан 500 миллион сом пайда болуп жатпайбы. Ошончо акча дыйкандардын чөнтөгүндө калды. Анда эмнеге Сарпашев тууралуу сөз жүргөндө биз мына ушундай жакшы жумушун айтпайбыз?!

 

Коомчулукта кумшекер мафиясы тууралуу кеңири сөз жүргөн. Башкача айтканда бир ууч топ бул рынокту монополиялап алган да, элге өздөрү каалаган бааны таңуулап келишкен. Айрыкча сезон маалында кумшекердин баасын эпсиз, 30 пайызга чейин кымбаттатып ийишет. Ошентип олтуруп кумшекер 60-65 сомго чыгып кетет. Мындай манипуляциянын алдын-алуу максатында Т.Сарпашевдин демилгесине ылайык, Азербайжандын өкмөтү менен 10 миң тонна кумшекер сатып алуу боюнча алгачкы келишим түзүлдү. Керегибизге жараша ала беребиз ал түгөнсө. Алдын-ала эсеп боюнча, бул кумшекер келсе, базарда ашып кетсе 45 сомдон сатылат экен. Мамлекеттик резервке да арзан кумшекер сатып алынган. Башкача айтканда, монополист бир ууч мафиоздор быйыл элди алдай албай калышты.

 

Президент А.Атамбаев биометрикалык паспортторду киргизүү маселеси талкууланып жатканда Сарпашевге ачык эле: “бул маселени күзгө чейин ишке ашырбасаңыз, кете бериңиз”,- дегенин билесиздер. Ушул чуулгандуу баш оору да Сарпашевдин жоопкерчилигинде. “Учурда биометрикалык база менен биометрикалык паспорттун айырмасын билбегендер арабызда көп болуп жатат. Биз бул багытта 2 этап менен иш алып барабыз. Биринчиден биометриялык базаны чогултуу ар бир жарандын милдети, 16 жашка чыккан адам милдеттүү түрдө өзүнө тийешелүү биометрикалык издерин  берүү керектиги боюнча Жогорку Кенеште мыйзам каралды. Экинчи этап - биометрикалык паспортту берүү, ал белгилеп кетейин, ыктыярдуу түрдө өтөт.  Биз аларды мажбурлабайбыз. Анткени башка өлкөлөр да ушул системага ык коюуда. Эртең алар чек арасынан биометрикалык паспорт менен өтүү талабын коюушу мүмкүн”,- дейт Т.Сарпашев.

 

Сарпашевдин маалыматы боюнча 31-августан тарта жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу иши башталат. Бүгүнкү күндө 18 өлкөдөн 30га жакын компания биометрикалык маалыматты чогултуу үчүн шаймандарды сунуштап жатышат. Тендер аркылуу бирөөсү тандалат. Сарпашевдин демилгеси менен мамлекет бул фирсалардан керектүү жабдууларды гана алат, а биомаалыматты чогултууну өкмөт өзү колго алат.  Башкача айтканда, биопаспорт маселесине келгенде да Т.Сарпашевдин жигердүүаракети байкалып турат. Бул темп менен кете берсек, биопаспорт берүү иши шайлоолорго чейин чечилип бүтчүдөй. Биз ошондо таза шайлоо өткөзүүгө мүмкүнчүлүк алабыз.

 

Кыргызда жакшы сөз бар, “ит үрө берет, кербен жүрө берет”,- дегендей. Азыр Кыргызстанда обу жок эң көп сындалып жаткан фигуралардын бири – дал ушул Тайырбек Сарпашев. Иштеп жаткан адам кимге жаксын? Аны абдан жакшы, мыкты иштеп атат деп айтууда алыспыз. Учурунда Абсамат Масалиевич айтчу эле, “иштеп жаткан адамдан кемчилик кетпей койбойт”,- деп. Ошол сыңары, Сарпашев колунан келишинче эли-жерине күйүп иштеп жатат. Чукугундан көрө көмөктөшпөйлүбү?!

 

Автандил Белеков,

“Саясат.kg”