10-июнда 2010-жылы өлкөбүздүн түштүк аймагында орун алган Ош коогалаңына 4 жыл болот. Бирок,  500гө жакын адамдын өмүрү кыйылып, 40ка жакыны ушул күнгө чейин дайынсыз жок болуп, мамлекетке миллиарддаган сом зыян келтирген, эң негизгиси Кыргызстандын жарымын (түштүгүн) автономия катары бөлүп кетүүнү көздөгөн өзбек сепаратисттеринин бири да кармалып, сот жообуна тартылган жок. Кармалмак турсун, К.Батыров, Д.Сабиров, К.Абдуллаева жана башка котур ташын койнуна каткан кыргыз элинин душмандары ар кайсы чет өлкөлөрдө баш калакалап, чардап жашап жүрүшсө (алар жөн жатпагандыр...), дагы башка айрым ниеттеш жана тилектештери акырын жылып Кыргызстанга кирип, эл арасына кошулуп кетишүүдө.

   

Кыргызстандын тарыхында бир эмес, экинчи, ал тургай үчүнчү ирет (мындан мурда 1967 жана 1990-жылдары болгон) кайталанган бул улуттар аралык жаңжалдын себеби, түпкү максаты эмне? Албетте, Ош, Жалал-Абад шаарларын жана башка өлкөбүздүн түштүк аймактарын бөлүп, өз алдынча автономия түзүү. Андыктан улам 20 жылда кайталанып турган коогалаңдын артында сөзсүз сырткы күчтөр турушу мүмкүн. Эгер мурдагы эки ирет болгон улуттар аралык жаңжалдар темирдей тартип орун алган, кубаттуу армиясы бар СССРдин тушунда орун алгандыгын эске салсак, анда маселенин тамыры тереңде экендигин баамдоого болот. Сыягы, ал күчтөр үчүнчү ирет (2010-жылы июнда) ошол учурда апрель төңкөрүшүнөн кийин кыргыз бийлиги алсырап тургандыктан, сөзсүз максатыбызга жетебиз деп ойлошсо керек. Чындыгында ошол күндөрү кыргыз бийлиги, армиясы өтө алсыз болчу. Ал тургай жок эле. Экс-президент К.Бакиевдин бийлиги күч менен кулатылган соң, анын жана туугандарынын бийлиги эле эмес, байлыгын да мародёрлук жол менен талап-тоноп бөлүштүрүп бүтө албай жаткан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү улутчул сепаратисттер баш көтөргөн өлкөнүн түштүгүн көзөмөлдөмөк турсун, өздөрүнүн баш-аягын жыйнай албай жатышкан. Керек болсо буларга түштүктө бир башаламандык болуп, эл алагды болуп турушу ыңгайлуу эле. Булар өздөрү мыйзамсыз (куралдуу төңкөрүш) жол менен бийликке келгендиктен, кандай гана ыкма менен болбосун легитимдешип алуунан башканы ойлобой калышкан. Эң негизгиси “түштүк эли бакиевдерди колдоп чыгат, республика экиге бөлүнүп калат”,- деп чочулашкан.

 

Мен ошол  кара түтүн каптаган алгачкы күндөрү Оштогу окуяларды өз көзүм менен көргөн журналист катары ошол учурдагы (азыркы бийликтегилер) мамлекет жетекчилери түштүккө кандай мамиле жасагандыгын эң жакшы билем. Тилекке каршы ММК жана акыркы журналисттерди “Атайылап жалаа жапкандыгы үчүн” деген мыйзам боюнча чектөөлөргө ылайык көпчүлүк жагдайларды болгонун болгондой айтууга мүмкүнчүлүк жок. Бирок ансыз деле Оштун эли кимдин-ким экендигин жана бийликтин жүзүн эң сонун билишет. Апрелде (2010-жылы) өлкөбүздүн түндүк аймактарында болгон окуялардан кийин, өзгөчө ИИМ министри, генерал М.Конгантиевдин Таласта чала өлүк болуп сабалышынан соң кыргыз милициясы, армиясы, бүтүндөй күч түзүмдөрү деморализацияланып, коркуп калган болчу. Андыктан 10-июнда Ошто башталган ала допучандардын тополоңун басууга күчү жеткен эмес. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болсо түштүккө бармак турсун, кайра качып, 1-2 ай боюу ар кайсы шылтоону айтып даай албай жүрүштү.

 

Дал ушундай учурду 20 жыл боюу зарыгып күткөн К.Батыровдун адамдары бир түндө ырыскысы төгүлгөн байыркы Ош шаарын кара түтүнгө каптап, жүздөгөн күнөөсүз адамдарды мыкаачылык менен өлтүрүштү. Алар эки күн боюу Ошто, андан соң Жалал-Абадда, Сузакта, Базар-Коргондо, Кара-Суу районунун бир нече айылдарында кадимки фашисттердей басып кирип, адам баласынын акыл-эсине келбеген, сөз менен айтууга ооз барбаган жырткычтык иштерди жасашкан. Себеби өздөрүн толук “жеңдик” деп эсептеп, түштүк аймактын калган бөлүгүнө да өрт коюп, майрамдай башташкан. Алардын планы боюнча алдын ала кыргыздар жашаган кварталдарга (Ошто азыркыга чейин кыргыздар менен өзбектер квартал, көчөлөргө бөлүнүп жашашат) түнү менен “SOS” деп жазылып, түнкүсүн чет жактан учуп келген авиация ал үйлөрдү бомбаламак. Ушул түнксүн күйө турган красканы эле сатып алууга сепаратисттер 15 млн. сом жумшагандыгын кийин А.Эркебаев жетектеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Ж.Жекшеев айтып берген. Көрдүңүзбү, Ошту автономия кылып бөлүп алууга кандай чоң каражат жана күч жумшалгандыгын. Албетте, Ош коогалаңынын себебин иликтөөгө бир эмес, үч комиссия дайындалды (ал кездеги Акыйкатчы Т.Акун жана К.Кильюнен жетектеген эл аралык комиссияларды кошсок). Бирок алардын бири да чыныгы күнөөкөрлөрдү жана уюштуруучуларды ачык атай алышкан жок (билишет, бирок “уялышат”). Кайра К.Кильюнендин комиссиясы кыргыз элин геноцид жасаган катары айыптады. А.Эркебаев болсо кийин “Ал кезде мен мамлекеттик комиссиянын жетекчиси катары көп чындыкты ачык айта албадым, эми айтам”,- деп дале айта элек. Сыягы, ал Улуттук илимдер академиясынын президенттигинен түшкөнчө күтөт окшойбуз.

 

Канткен менен кыргыз бийлиги жана армиясы алсыз болсо да эли баатыр, мекенчил экен. Оштогу алааматты уккан Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн районунун жаштары, карапайым жашоочулары жөө-жалаң, атчан келишип, үчүнчү күнү Ошту колго алууга жетишишти. Бирок колунда таш менен таяктан башка эч нерсеси жок алар тишине чейин куралданган сепаратисттердин тапанча, автомат, граната сыяктуу куралдардан бир нече күн жамгырдын огундай атылган огуна туруштук берип, акыры кууп чыгууга жетишти. Дал ушул элибиздин баатырдыгы гана К.Батыровдун адамдарынын мизин кайтарып, “чагылгандай тез согуш” планынын ташын талкан кылды. Көрсө, сепаратисттердин ошол каргашалуу түнү Ошто көчөдө жолуккан эле бейкүнөө адамдарды фашисттерден бетер (алар советтик элди мынчалык кыйнап өлтүрбөй, туткунга алышкан) жыртыкчтарча кыйнап, тирүүлөй өрттөп же кескилеп өлтүрүшүнүн себеби – ушундай коркутсак калган аймактагылар өздөрү эле жүрөгү түшүп качып кетет деп ойлошкон экен.

 

Канткен менен адилеттик үчүн айтып коюшубуз керек, Ош коогалаңы чыкканда бийликти колго алган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болгону генерал И.Исаков менен А.Бекназаровду жөнөтүп коюп, калганы Бишкекте “маанилүү иштерден” колу бошобой жатканда азыр бийлик тарабынан камалып, кылмыш иши козголгон экс-спикер А.Келдибеков, депутаттык мандатынан ажыраган К.Ташиев, Ош шаардык коменданттын орун басары Р.Маманов сыяктуу кыргыздын тайманбас жана эр жүрөк жигиттери кан күйгөн жерде болушуп, колдон келген материалдык жардамын берип, жаалданган эки тарапты токтотууга жетишти. Булар ал кезде бийликте эмес болчу, кайра “бакиевчи” деген жалаа моюнуна илинип, куугунтукталып жүрүшкөн. Дагы бир жарык дүйнө менен эрте кош айтышкан “Замандаш” партиясынын негиздөөчүсү Мухтар Өмүракуновдун эрдигин эскербей коюуга болбойт. Ош коогалаңы башталып, эл жегенге нан, ичээрге суу таппай турганда ал бир нече машинага азык-түлүк жүктөп Ошко жеткирген. Жолдо баратып Жалал-Абадга кире бериште жана башка жерлерде сепаратисттердин автоматтан аткылоосуна туш болуп, өздөрү аман калгандыгына кайыл болуп, гуманитардык жүктү көздөгөн жерине жеткирген. Мындай эр жүрөк уулдары менен кыргыз эли дайыма сыймыктаныш керек. “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”,- деп элибиз бекер айтпаган экен.

 

Ооба, Убактылуу өкмөт “болор иш болуп, боёсу кангандан” соң акырындап эсине келип, түштүккө К.Байболов, К.Асанов, М.Турганбаев сыяктуу генералдарды күч органдарына жетекчи кылып жөнөттү. Булардын ичинен Оштун коменданты катары азыр да Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалын өрт өчүргүчтөй кыргыз бийлигинин намысын коргоп жалгыз өзү басып жүргөн К.Асановдун эрдиги да баалоого татыктуу. К.Батыров жана башка сепаратисттердин айынан үч жүз миңге жакын бөөдө запкы тарткан өзбектер Өзбекстанга качып киргенде ал жактан Ошко авиациялык чабуул жасалат деген суук кабар келгенде К.Асанов үч миңге жакын милиция кызматкерлерин “Кимиң душманга каршы чыксаң, бир кадам алга жылгыла!”,- дегенде бири калбай бир кадам алга жылышкан. Ушундай эр жүрөк уулдарыбыз гана ошондо душмандардын планын үзгүлтүккө учуратып, Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калган.

 

Коркок, катын мүнөз адам дайыма татыктуу атаандашынын капталына Коңурбайчасынан канжар саят эмеспи. Азыркы кыргыз бийлигинин Оштун экс-мэри М. Мырзакматовду кызматтан алып, ага да канааттанбай, кылмыш ишин козгоп, жакын тууганынын буюртма өлүмү тууралуу имиштер жана башка кыянатчылык мамилеси ошол катынча мамилеге окшоп турат. Анткени М.Мырзакматов Оштун мэри катары 10-июндагы коогалаң башталгандан кызматынын акырына чейин бир эмес, эки Кыргыз эл баатырына татыктуу эрдик жасады. Түштүк борбордун асманын түтүн каптап, Улуу Ата Мекендик согуштагыдай жарым урандыга айланган, адамдар дайынсыз жоголуп, жырткычтык менен өлтүрүлүп, тирүүлөй өрттөлгөн шаарды бир күн башкаруунун өзү канча нервди жейт. Азыркыдай газ, суу, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы ал кезде көйгөй катары саналчу эмес. Адамдарга нан, азык-түлүк, жарадарларга дары-дармек жетпей жаткан. Бир чети жети баштуу ажыдаардай баш көтөргөн сепаратисттердин башчысы К.Батыров жана башкалар чет жакка качып кеткен менен анын адамдары дале тынчтык бербей, “партизандык” согушту жүргүзүп жатышкан. Ош өзбектер жашаган махаллаларга бөлүнүп, ал жакка кокус кирип калгандар туткунга алынып, ырайым  кылынгандары алмаштырылып, айрымдары дайынсыз жоголуп да жатты.

 

Мына ошол урандыгы айланып, жашоого эмес, көчөдө басууга мүмкүн болбой калган шаарды М.Мырзакматов 2-3 жылда түп тамырынан кайра куруп, таанылгыстай кылып өзгөртүп, Оштун кире бериш дарбазасынан ыйык Сулайман тоонун тегерек-четине чейин мурдагыдай ыйык, бейпил шаарга айлантакандыгы үчүн эгер бүгүнкү бийликтин эси болсо кызматтан алганда жок дегенде “Даңк” медалын бериши керек болчу.

 

“Жамандыкты амандык жеңет” демекчи, арадан төрт жыл өтүп Ош шаары кайра калыбына келди. Бирок 10-июндагы коогалаңда дайынсыз жоголгон 40ка жакын жигиттин же өлүүсү же тирүү экендиги билинбей кала берүүдө. Ал эми ошол коогалаңды уюштурган жана негизги күнөөкөр катары саналгандар дале качып, эркиндикте жүрүшөт. Ошол эле учурда бүгүнкү кыргыз бийлиги ал күндөрү өмүрүн тобокелге салган азаматтардын депутаттык мандатын тартып алып, кылмыш ишин козгоп, эски жигулисин санап, “баласы рогатки менен митингге чыгыптыр” деген айып тагуу менен убара. Андан көрө укуругу күчтүү биздин укук коргоо органдары өз уулдарын реприссиялоонун ордуна сырткы душмандарды издеп таап жазалап, шейит кеткен маркумдардын арбагын ыраазы кылбайбы...

 

Ж.Болотов

Булак: “Майдан.kg” гезити, №20 (149), 28.05.2014-ж.