Бийлик кеч боло электе эсине келип, адам тагдырларын талкалаганды коюп, адилеттүүлүккө карай жүзүн бурушу керек. Ошол аракетине жараша болот баары. Антпесе, ажонун улам журналисттерге жолуккан сайын бийликтеги мөөнөтү бүтүшүнө канча убакыт калганын санап бергени түккө да арзыбай калат. Ал мөөнөтү күтүүсүз токтоп калышы мүмкүн да...

 

Эртең, 10-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-спикери, депутат, “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Ахматбек Келдибековго байланыштуу соттук териштирүү башталат. Жогорку Кеңештин төрагасы, Социалдык фонддун жетекчиси, Мамлекеттик салык кызматынын башчысы болуп турган учурунда өлкөгө он миллиондогон сомдук зыян алып келгени айтылып, мамлекеттик же болбосо бийликке көз каранды маалымат каражаттары аркылуу алдын-ала күнөөкөр аталып, болушунча мазакталып жаткан Ахматбек Келдибековдун учурда абалы өтө оор. Анткени, башынан үч жолу оор операция өткөздү. Андан кийин ден-соолугун калыбына келирүү зарылдыгы пайда болсо да, “өлсө ушул жерде өлсүн, бирок, тирүүсүндө чыкпайт”,- дештиби, темир тордо зомбулук менен кармап олтурушат. А.Келдибековго дарыланууга мүмкүнчүлүк берүү керектигин ЖК депутаттары канча какшап айтышты, бул балакетти баштаган өлкө башчыларынан эч кандай реакция болгон жок.

 

10унда баштала турган сот процесси канчалык созулат белгисиз. Бирок, сот канчалык узак созулса, бийлик башындагылардын доору ошончолук узак болору бышык. Анткени, дал ушул сот процессинин мисалында өлкө башчыларынын чыныгы жүзүн билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Булар үчун адам тагдыры оюнчук экендиги, канда айла менен болсо да чындыкты айткандарды камап, жок кылуу башкы максаттары болуп келаткандыгы фактылар менен далилденет. Буга чейин бул ыкма К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовду, саруулук баатырларды соттогондо колдонулган. Эми кезек Ахматбек Келдибековго келип жетти. Башкы прокуратура кимдердин буйрутмасын аткарып жаткандыгы айтпасак да белгилүү. Буларга эмне керек? Албетте, А.Келдибековду коомчулуктан алыстатуу, керек болсо ден-соолугунан ажыратуу, саясий аренага келбес кылуу. Ташиевдер шайлануу укугунан ажырагандан кийин, Мырзакматовдун артына бандиттерди салып, ал кайда жүргөнүн жашырууга аргасыз болгондугунан соң, албетте, бийликтин негизги атаандашы Ахматбек Келдибеков болууда. Эгерде эстен чыгалек болсо, кийинки жылы парламенттик, андан кийинкисинде президенттик шайлоо турат. Эгер булар алдын-ала кам көрбөсө, А.Келдибеков эки жарышты тең утуп кетчү күлүк ат экенин билишет. Ошондуктан, Келдибековго козголгон кылмыш иштеринин баарынын артында сасык саясат жатат. Бул бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнүн тандалма өңүттө жүрүп жатканын далилдеп турат. Болбосо, эмне үчүн арак заводду менчиктегени айтылган фракция лидерин же кандуу калабадан кийин Ошту бутуна тургузуунун ордуна келген каражатты оңду-солду максатсыз чачкан экс-премьер жоопкерчиликке тартылбайт? Эмнеге бир гана “Ата-Журт” партиясынын өкүлдөрү камалышы керек? КСДП, “Ата-Мекен”, “Ар-Намыс” сыяктуу коалицияга кирген партиянын өкүлдөрү же сүттөн акпы? 2010-жылдан бери коомчулукта тынымсыз айтылып келе жаткан мародерчулук боюнча кылмыш иши анда эмнеге сотко жетпей эле арада жок болду? Ошончо каракчы эмес экен, мен Текебаевдин ордунда болсом, Атамбаев менен “ишти жаппасаң көрсөтөм”,- деп эрөөлгө чыккандын ордуна, ишти сотко жеткизип, ошол жерден тазаланып алмакмын. Корккондуктан иш сотко жетпей жатпайбы!

 

Ахматбек Келдибековдун үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин соттук перпективасы жок. Маселен, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда ачкан Москвадагы өкүлчүлүк боюнча Келдибековдун күнөөсү жок экендигин парламенттик комиссия далилдеп чыккан жана бул багытта парламенттин токтому бар. Башка эпизоддор боюнча да анын күнөөсү жоктугун Келдибеков өзү да, жактоочулар да фактылар менен далилдеп айтып беришкен. Бийликтин ишенгени -  билегинде. Сот чөнтөгүндө, каалаган чечимди чыгартып алышат. Бир эле телефон кагып коюшса болду. Мындайдын канчасын көрдүк. Ошондуктан, кокус Келдибеков күнөөсү далилденбесе да сот тарабынан күнөөлүү болуп чыга турган болсо, таң калуунун кереги жок.

 

10-июлдагы сот олтурумунда Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасы дагы каралаары турган иш. Алайлыктар дээрлик бир айга чукул бууп койгон Ош-Эркештам жолун эмнеге ачышты эле? Аларга А.Келдибековдун тагдырын чечип берүүгө убада кылышкан. Бул бийликтин кезектеги тил эмизүүсү болгондугу эртең эле билинет. Себеби, бийлик үчүн жолдор жабылбаса койсун, башкысы – Келдибеков капаста калышы керек. А бирок, эл ушунун баарына унчукпай олтуруп береби? Бир эле Алай эмес, бүтүндөй региондор Атамбаевге катуу нааразы. Ажо “бандиттер жана террористтер” деп атаган Саруу менен Барпы, “малсыңар” деген нарындыктар, “эл эмес” болуп калган таластыктар, “саан уй артык” экени белгилүү болгон көлдүн эркектери, газсыз олтурган Оштун эли, лидеринин бири “канкор”, “кандын жытын эңсеп калды” деп сүрөттөлгөн аксылыктар жана жалпы жол тоскон “каапырлар” Алай менен тилектеш катары көтөрүлүп кетсе эмне болот? Ошондуктан, бийлик кеч боло электе эсине келип, адам тагдырларын талкалаганды коюп, адилеттүүлүккө карай жүзүн бурушу керек. Ошол аракетине жараша болот баары. Антпесе, ажонун улам журналисттерге жолуккан сайын бийликтеги мөөнөтү бүтүшүнө канча убакыт калганын санап бергени түккө да арзыбай калат. Ал мөөнөтү күтүүсүз токтоп калышы мүмкүн да...

 

Автандил Белеков

Булак: «Майдан.kg» гезити, №023, 09.07.2014-ж.