Сот “ата-журтчу” депутат А.Келдибековдун камактагы мөөнөтүн дагы бир айга, тагыраагы, 27-июнга чейин узартты. Ансыз деле Ахматбек Келдибековдун саясий буйрутма боюнча камалганы маалым болгон убакта, коомчулук бул чечимди так тескерисинен кабыл алды. Биз бул тууралуу эл тааныган “каймактардан” жооп алдык.

 

Равшан Жээнбеков,Улуттук оппозициялык кыймылдын теңтөрагасы:

 

“Ак адамды акташ үчүн сөзсүз тополоң болушу керек”

 

- Ахматбек Келдибеков боюнча, сот азыр аягына чыкпайт. Анткени Фемида өкүлдөрү Ак үйдүн, президенттин көзүн карап олтурут. Тарых көрсөткөндөй ак адамды акташ үчүн сөзсүз тополоң болушу керек. Андан кийин гана адамдын ак экени аныкталат эмеспи. Андан улам, “сокурга жол көрсөтүүнүн кереги жок”,- -дегендей, А.Келдибеков боюнча адилеттүү сот чечимин күтүнүн кажети жок.

 

Жылдыз Жолдошева,“Ата-Журт” фракциясынын лидери:

 

“Эл Келдибековдун тагдырына кайдыгер карабай, көзөмөл жүргүзүп жатат”

 

- Мен 26-майда шайлоочулар менен жолугуштум. Алар Келдибековдун тагдыры тууралуу сурап атышты. Сотторго Ахматбек Келдибековичтин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча биз дагы, коомчулук дагы көп ирет кайрылдык. Бирок, сот органдары аны мыйзамдуу түрдө чече албай келет. Ошондуктан коомчулукта суроо туулуп жатат:  Батукаевди “үч күндө өлөт”,- деген справканын негизинде чыгарып ийген соттор бүгүн эмне мынча принципиалдуу болуп калышты. Кыргыздын кулагын кескен криматалыкты чыгарып ийген бийликтин Келдибековго келгенде таш боор болуп калганы көпчүлүктү ойлонтууда. Ош жергесинде шайлоочулар менен жолугушууда бир нерсеге түшүндүм: эл Келдибековдун тагдырына кайдыгер карабай, көзөмөл жүргүзүп жатат. Чыныгы бийлик эл колунда. Эл берген бийликти булар акыйкатсыз жүргүзсө, эл өзү сурап алат. Бүгүн А.Келдибековдун бутут ириңдеп, сөөккө өтүү коркунучу туулду. Сабыр Жумабеков өзү да НТС телеканалы аркылуу, аны сактап калуу үчүн чет мамлекеттен операция керектигин айтты. Болбосо ал жоопкерчиликти өзүнөн алып салаарын билдирди. Ошондуктан, кыргыздын бир кыраанын сактап калуубуз керек. Соттор бийликтин буйругун аткаргандын ордуна, адилеттүүлүккө бурулушу керек. Ошондо сотторго эл ишене баштайт.

 

Өмүрбек Абдырахманов,Жогорку Кеңештин депутаты:

 

“Прокуратура президенттин тапшырмасын аткарат”

 

- Кеп Келдибековдо эмес. Кеп биздин прокуратура мыйзам менен эмес, президенттин гана тапшырмасы менен иштегендигинде. Эмне үчүн 6 айдан бери камап отурушат? Эмне учун анын ишин дароо эле сотко өткөрүп беришкен жок? Дүйнөдө ишти текшерип бүтүп, анан камайт. А бизде камайт, анан кылмыш ишин издешет. Ошондуктан бир жылга чейин сотсуз эле камап отура беришет. Биз авторитардык системадан демократиялык системага өтмөйүнчө ушундайлар боло берет.

 

Каныбек Темиров, “7-каналдын” Бишкек өкүлчүлүгүнүн жетекчиси:

 

“Келдибековду толугу менен сындыруу аракети”

 

- “Элдик бийлик келди”,- деген 4 жыл аралыгында сот реформасынын тагдыры эмне болду? Ал бул күндө кабыргасы кайышып, адилеттикти издеп, жарык күндө шам чырак менен жүргөн жарандардын  көп суроосуна жооп болушу керек эле..

 

Бирок, каңырыгы түтөп, чындыкты издеген жарандарыбыз көбөйдү. Нааразычылыктар күч алды.  Ал эми бул бийликтин мурдагылардан айырмасы болбой, саясый опоненттерди куугунттукка алганы өстү.  Антпесе, А.Келдибеков качып кетип калчу инсан эмес болчу. Муну айласы кетип, аргасыздыктын амалы, алдыдагы эл тандоосуна жол бербөө, толугу менен сындыруу аракети десек болот ашыкча болбойт.  “Чегирткеден корккон эгин экпейт” дейт, андыктан  акыйкатсыздыкты канча бурмалап, каткан менен чындык тоо боорундагы булактай  оргуштап атып чыгаары чындык. Андыктан Ахматбек Келдибековдун да чындыгынын чыгышынын убактысы алыс эмес. Анткени алдыда бийликтин баш оорусу көп. Бир эле электр энергиясы эмне деген маселе....

 

Шайырбек Мамактокторов, “Ош ТВ” телеканалынын башкы директору:

 

“Азыркы бийликтегилер көпчүлүгү түрмөлөрдө камалганын унутуштубу?”

 

- Кылмышы далилденбеген жаранды дембе-дем каралап, сот териштирүүсүн созуп, жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектөө - мамлекеттик органдар тарабынан мыйзам бузуу деп эсептейм. Бул жашоодо баарысы салыштырмалуу эмеспи. Келдибековдун былтыркы жылдын ноябрь айынан бери камакта кармалышы, ал эми адам өлтүргөн, жеткен мыкаачы кылмышкер болгон кримтөбөлдүн боштондукка чыгарылышы - таптакыр мыйзамга эле эмес, акыл-логикага сыйбаган көрүнүш. Андан башка салыштыруу - так эле ошол Кылмыш-жаза кодексинин 303, 305-беренелери боюнча күнөө коюлган И.Өмүркулов мырза камаарыбай эле боштондукта жүрөт. Мунун баары, ар-тарабынан караганда деле саясий кугунтук экени көрүнүп калды. Дагы бир нерсе - бир нече жыл мурун, дал ушул бүгүнкү бийликтегилер, дал ушундай ахыбалда болушканын бат эле унутуштубу? Так ушундай саясий куугунтукта болушуп, көпчүлүгү түрмөлөрдө камалганын унутуштубу? Же, тагдырдын жана тарыхтын кайталанышы жөнүндө кабарлары жокпу? Бийлик - элди бириктируунун ордуна, жаат-жаат кылып болуп, түндүк-түштүккө ажыратып, оппозиция-позицияга болгону жакшылыкка алып келбейт!

Келдибеков “Кыргызгаз сатылбасын” дегендиги үчүн камалды. Мына, “Кыргызгазды” аман-эсен сатышты го. Эми камактан бошотсо болмок беле? Же, биротоло саясаттан четтетүү максатыбы?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №20 (149), 28.05.2014-ж.