Бүгүнкү кыргыз армиясы жана күч органдары кыргыз элин, кыргыз жерин эмес, кыргыз бийлигин гана кайтарып, Атамбаевдин коопсуздугун карап, ага каршы сѳз айткан оппозицияны куугунтукка алып атканга гана жарап калды.


Буга далил, Баткен чек арасындагы бир эмес, бир нече жолку кайталанган кырдаалга кайдыгер карап, аскер күчүн күчѳтпѳй, курсагы ач, кийими жыртык чек арачыларды турмуштун жетим балдарындай мамиле кылып, ал эми Атамбаевдин коопсуздугун караган жоокерлерди килеңдетип багып атканы, азыркы бийликтин элин ойлобой, жеке керт башын гана ойлоп калганын билсе болот.

Анын кесепетинен кечээ 7-майда кайрадан чыр чыгып, анын арты курчуп отурат. Чек ара аймагында жашап, унутта калган баткендиктерди тажик чек арачылары атып кетип, талкалап, байлап матап салса да кош кѳңүл караган кыргыз бийлик башчылары чыр чыккан маалда гана ойгонгонсуп коет. Кайра унутта калышат. Буга чейин бир канча жолу тажиктер кол салып кордук жасашкан. Ошондой абал жаралса да чек араны тактап, чек арачыларды күчѳтүү аракети кѳрүлгѳн жок. Кыргыз мамлекетинин чек арасына караганда Атамбаев акүйдүн чек арасын бекемдеп, тылдын баарын ѳзүнүн айланасына куруп атат.

maalymat.kg