Өткөн жумада Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат А.Сулайманов камактагы “ата-журтчу” депутат А.Келдибековго тагылган айыптарды изилдөө боюнча түзүлгөн парламенттик комиссия өз ишин аяктаганын жар салып, анын жыйынтыгын карап чыгууну талап кылды. Бул маселе эртең, 24-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында талкууга алынат.

 

“Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы” атыккан Азиз Батукаевди кызыл килем төшөп, өзгөчө даражадагы коноктордон бетер узаткан күч органдары А.Келдибековду коркунучтуу кылмышкерден бетер, чак түштө колун кайрып камакка алган күндүн эртеси эле коомдук ишмер Азимбек Бекназаров бийликке мунун арты жакшылык менен бүтпөй тургандыгын эскерткен. “2002-жылы депутат А.Бекназаровду камакка алганы, коомдук-саясий ишмер А.Атамбаевди мыйзамсыз куугунтуктаганы үчүн ошол кездеги башпрокурор Ч.Абышкаев эмес, тарых эл алдында президент А.Акаев күнөөлүү болду. 2008-2009-жылдары И.Исаковду кылмыш жообуна тартканы, М.Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишти жаап-жашырып, бурмалаганы үчүн ошол кездеги башпрокурор Э.Сатыбалдиев эмес, президент К.Бакиев тарых алдында жаза тартты”,- деген А.Бекназаров, азыр да А.Келдибеков, анан мурда К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовго байланыштуу жасалма иш козголуп, саясий куугунтук уюштурулгандыгы үчүн башкы прокурор Аида Салянова эмес, учуру келгенде Атамбаев өзү керт башы менен жооп берерин жакшы эле эскерткен. “А.Келдибековду камакка алгандар Кыргызстанды үчүнчү революцияга түрткөндөрдүн, өлкөдө жол тосуулар, башаламандыктарды каалагандардын, түпкүлүгүндө президент А.Атамбаевге каршы күчтөрдүн иши десек болот. Алайда, Ошто, Саруу айылындагы жол тосуулар, башаламандыктар үчүн да күнөөлүү бүгүнкү бийлик болот. А.Келдибековду камакка албай эле тергесе болот эле да. Аксы окуясынан, март, апрель ынкылаптарынан, Акаев, Бакиевдердин качып жүргөнүнөн качан сабак чыгарылат?”- дейт Азимбек Анаркулович.

 

Бирок, бийлик от менен ойноп жатат. Кайсы бир бийлик өкүлүнүн: “эми Ахматты камасак, аны ким коргомок эле, акчасы түгөнгөндө митингдер да токтоп калат”,- деген шылдың кеби чындыкка айланбай, эл уулунун боштондугун тилеген адамдар азыр аргасыз, айла кеткендеги чарага – бийликти суудай жууп кетүүгө барганы калышты. Буга биринчи кезекте бийлик өкүлдөрү күнөөкөр болот. Камаган соң, кыйын экен, ага тагылган айыптарды далилдеп беришпейби?! Мына, аны Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн мыйзамсыз ачканы айтылып, камакка алышты. Бирок, парламенттик комиссиянын отчетунда эртең айтылат, А.Келдибековдун ишмердүүлүгүндө бир да мыйзам бузуу табылган жок го... Же болбосо жактоочулардын жүйөөлүү талабы бар эле: ал кылмыш иштерин бириктирүү. Муну да Башкы прокуратура аткарган жок. Себеби, балакеттин баарын баштаган прокуратура Ахматбек Келдибековду камакка алган Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү боюнча иш талкаланып, быт-чыты чыгаарын билишкен. Ошондуктан, бул иш ойрон болорун билип, калганын атайылап кармап турушкан, Келдибековду чыгарбаш үчүн. Түлеевди да ошентишкен, бир иш боюнча сот чыгарып койсо, экинчисин бетке тутуп, дароо камакка алышып.

 

А бирок, бийлик ушундай арамза оюн жасап жаткан чакта А.Келдибековдун абалы чынында начарлап баратпайбы! Бишкек жаракаттарды жана ортопедияны илимий-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков депутат А.Келдибековдун абалы өтө оор экенин, жада калса операция жасоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгын билдирди. “Анын тизеси шишип кеткен, ошондуктан операция али жасала элек. Шишик тарап жана парламентарий нормалдуу абалына келгенден кийин, ага операция жасалмакчы. Операция жасоо күнү дарылоонун тиешелүү курсу аяктагандан кийин гана белгилүү болот»,- дейт башкы дарыгер.

 

Буга чейин катары менен үч жолу операцияны баштан кечирген Келдибековго ден-соолугун калыбына келтирүү иш-чаралары зарыл экенин дарыгерлер жакшы эле айтышкан. Бирок, Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилиги адам өмүрүн оюнчук көрөт шекил, Келдибековду ооруканадан өздөрүнүн атайын медициналык мекемесине которушкан. Албетте, аталган мекеме Келдибековго операциядан соңку иш-чаралар боюнча кызмат көрсөтө албайт. Ошонун айынан депутаттын абалы оорлошуп кеткен. Дал ушул жагдайды эске алып, өткөн жумада Келдибековдун коллегалары А.Салянованын отчет берип жатканынан пайдаланып, дагы бир ирет кайрылышты, үй камагына которуу өтүнүчү менен. “Башкы прокуратура 6 ай убакыттан бери Ахматбек Келдибековдун күнөөсүн аныктай албай келет жана ошол убакыттан бери депутат ден-соолугуна карабастан камакта отурат. Бошотулушу керектиги тууралуу дарыгерлердин бүтүмү бар. Силер бир дарыгердин бүтүмү менен эле Батукаевди эркиндикке чыгардыңар, ал эми Келдибековдун буту шишип кетти, силер кое бербей жатасыңар», - деди маселен депутат Надира Нарматова.

 

Бирок, буга окшогон миңдеген кайрылууларга карабастан, А.Келдибековду коё бергилери жок. Ошондон улам булардан шексинип да калдык. “Эмне, максатыңар Келдибековду биротоло ден-соолугунан ажыратуу, саясий аренадан жоготуу, а балким – аны өлтүрүү болуп жүрбөсүн?!” – деп өткөндө митингде карапайым бир адам кыйкырган болчу, биз да ошол суроону кабыргасынан коёбуз.

 

Улутук оппозициялык кыймылдын теңтөрагасы Равшан Жээнбеков: “Бийлик “коррупцияга каршы күрөш” шылтоосу менен саясий оппоненттерин келечектеги президенттик, парламенттик шайлоо алдында саясий аренадан жок кылуу максатын көздөөдө. Кыргызстан эң коррупцияланышкан мамлекет болуп эсептелет. Коррупциялашкан мамлекетте жалгыз эле бир чиновник же жалгыз эле адам жеп-ичкен болбойт, бул жалпысынан баардык бийликтин бул илдетке чалдыккандыгынын далили болсо керек. Бүгүнкү күндө Кыргызстан дүйнөдөгү 178 мамлекеттин ичинен 155-орунда турат. Акыркы 20-орунду акыркы он жылдын ичинде биз эч кимге бербей келе атабыз. Ошонун ичинен “бир гана Нариман Түлеев, бир гана Ахматбек Келдибеков коррупционер, калагандары таптаза”,- деп айтуу акылга сыйбаган көрүнүш. Азыркы бийликтин жүргүзгөн саясаты мындай - кимде-ким бизге каршы чыга турган болсо алардын баары түрмөдө отуруш керек”,- деген болчу. Ошол сыңары, Атамбаевдин колтугуна кирип алган Турсунбеков, Сарпашев сыяктуулар өз адам катары жеп-ичсе да тутулбай, тескерисинче кызматтык секирик жасап жаташат. “Кыргызгаз” сатыларда каршы чыгып, “мунун азабын карапайын эл тартат”,- деген Келдибеков түрмөдө. Ал айтканындай эле түштүктө газ буулуп, эл азапка батууда. Бирок бийлик минтип чындыкты айткандарды түбөлүк капаста кармап тура албайт. Учуру келет, булар дагы качат. Ошондо кылган ишине өкүнөөр. Өкүнбөсө адамдык касиеттин жарым кашык да калбай калгандыгынын далили болот.

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg”, №015 (144), 23.04.2014-ж.