Жакында “КыргызГаз” ишканасы карызга белчесинен батып, оор абалда турат деген шылтоо менен Атамбаев башында, КСДП фракциясы кашында турган бир ууч элдин энчисин саткан топ, “КыргызГазды” Орусиялык “Газпром” ишканасына 1 долларга сатып жиберген. 
 
Сатканга чейин ар кандай убадаларды байма-бай айткан Атамбаев, газыбыз орустарга ѳтѳ турган болсо кѳйгѳй чечилип, бул тармак ѳнүгүп ѳсүп кетет деген. Буга далил, “КыргызГазды” сатууда чоң роль ойнгон Атамбаевдин “куурчак” депутаттары жана КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, маалымат каражаттарынын биринде мындай деген пикирин айткан: “Кыргызгазды” сатуу бул туура чечим. Орустар сатып алгандан кийин газ кѳйгѳйү толугу менен чечилет. Башкаруу системасы да ѳзгѳрѳт. Анткени орустардын тажрыйбасы бай, аларда чоң мүмкүнчүлүктѳр бар. Алар бул жерге офисин ачып, Орусиялык компания кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштеп берет”,-деп айткан.
 
“Кыргызгазды” сатууга ашыккан Атамбаевдик бийлик бир гана себепти айткан. “Кыргызгаз” ишканасынын карызы 40 млн. долларга жетти деген. Ал эми азыр “Кыргызгаздын” 1 жылдык кирешеси 15 млн. доллар болчу деген кызык маалыматтар эми айтыла баштады. Андай болсо, бийлик элди “Кыргызгазды” сатуунун алдында алдадыбы же эми кулакка кесме илип жатабы деген суроо туулат.  Эмне болгон күндѳ да карапайым элди бийлик алдаганы кашкайган чындык. 
 
Бүгүн, “Кыргызгазды” банкроттоштуруп, акыры сатып тынган бийлик менен мурдагы убакыттарды салыштырып кѳрѳлү. 
 
2010-жылга чейин “Кыргызгаздын”   2-3 млн. доллардын тегерегинде карызы болуп келген. Ал Ѳзбекстан менен кызматташуу, алака кылууда мыйзам ченемдүү кѳрүнүш катары бааласак болот. Ал эми 2010-жылдан кийин “Элдик бийлик” орноп, карапайым элге күйүп-бышкан адамдардын бийлиги жүрүп баштагандан кийин 4 жыл аралыгында “Кыргызгаз” 40 000 000 доллар карызга батып, акырында кыргыз элинин энчиси, мүлкү болгон “Кыргызгаз” 1 долларга (!) сатылып кетти. 
 
Эми ошол “Кыргыз Газдын” сатылуусунун түшѳ турган 1 доллар мамлекеттин бюджетине түштүбү же аны орустар бере элекби деген суроо да жоопсуз турат. 
 
Жакында, парламентте депутаттар тарабынан кызык маселе кѳтѳрүлдү. Совет учурунда курула баштаган газ ѳткѳрүү түтүктѳрү кайрадан казылып, Кулмурзаев тарабынан сатылып жатканын айтышты. “Кыргызгаз” сатылып кеткенден кийин ал түтүктѳр Кулмурзаевге карабайт эмесби? Демек, Кулмурзаев аталган түтүктѳрдү сатууга укуктуу эмес, алар “Газпромдуку”. 
 
“Кыргызгаз” менен кыргыз элдин мойнуна 40 миллион доллар карызды үйүп салып унчукбай отурган, жоопко тартылбаган Кулмурзаев менен элдин энчисин 1 долларга сатып жиберген Атамбаевге сурак болобу жокбу?
 
Мейли, буларга бул жарык дүйнѳдѳ сурак жок экен дейли. 40 миллион карызбыз деп 1 долларга кыргыз элинин мүлкүн сатып жибергенин, башка мамлекеттер менен салыштырып карабайлыбы. 
 
Украинанын газ боюнча эле карызы 2 млрд. доллар. Андан украиндер жок болуп же кырылып калышкан жок го? “Кыргызгазды” сатуунун кажети бар беле?!.. Бул ишкананы карызга батырып, акырында элдин энчисин сатып жиберген Атамбаевдин эң жакын досу Кулмурзаев жоопко тартылышы керек болчу. Тилеке каршы, Кулмурзаевдин куураган саясатынын кесепетин жалпы кыргыз эли тартып жатат. 
 
Армения да кыргыздарга окшоп, “Армянгазын” орустарга сатып жиберген. Бирок, алар 1 долларга карматып жибербей, “Армянгаздын” 20%ын 150 млн. долларга баалаган. Орусия аны сатып алгандан кийин, эми Арменияга 500 млн. доллар инвестиция берүүнү убада кылышты. А биз “Кыргызгаздын” 100%ын 1 долларга сатып жибердик. Орус тарап бизге деле 500 млн. долларлык инвестиция берүү тууралуу үн катканы менен, азырынча аракеттер байкала элек.   
 
“Кыргызгаз” сатыла электе, кайсы бир деңгээлде жоопкерчилиги каралчу. Ал тургай газ кѳйгѳйү пайда болсо, депутаттар трибунадан кыйкырып, маселе кѳтѳргѳнгѳ жарачу. Эмичи? Бир топ күндѳн бери Ош шаарында газ жок. Кимди күнѳѳлѳйбүз, депутаттар кимге кыйкырат? Пушкингеби же Кулмурзаевгеби? Кулмурзаев суудан кургак чыгып, “Кыргызгазды” 40 млн. долларга карызга батырып коюп тымпыйып отурат. Жоопкерчилик ала турган эч ким жок. Ѳзбекстан алдын ала тѳлѳмдѳрүн алса дагы, газ берүү тууралуу унчугушбайт. Ал эми Ѳкмѳт башчы Жоомарт Оторбаев ѳзбек газынын жетекчисин таба албай убараланып жатканын билдирди. Кулмурзаев ийинин куушуруп “ѳзбектер сүйлѳшбѳй жатат”,-деп күңкүлдѳп туру. 
 
Ѳзүнүн энчисине ээ боло албаган кыргыз бийлиги менен ѳзбектер сүйлѳшмѳк беле? Ансыз да Атамбаевдин Ѳзбекстанда кадыры жердин битиндей деңгээлде. Кыргыз элчилиги бул тууралуу далай жолу какшап айтып, Ѳзбекстандагы кыргыз элчилигин жоюп салуу керек экендигин айтып келет. Белгилүү болгондой 2010-жылдан кийин Ѳзбек тарап Ѳзбекстандагы Кыргызстандын элчилигин тааныбайт. Иш-чараларага катышууга да чакырбайт. Айтор, кыргыз элчиси ѳзү менен ѳзү алек, кабинетин кайтарып отургандан башка эч кандай имунитетке ээ эмес. 
 
Дайырбек ОРУНБЕКОВ