Тээ атам замандан бери ак нерсе актын, кара нерсе каранын ролун ойноп келе жатканы баарына  текши маалым. Союз тараганы ак ниетте ак мрамор таш менен салынган Ак үйдү кара тосмо менен тосуп койгону, эгемендүү элибиздин иши алдыга жылбай келе жатат. Эмнеге Ак үйдү кара тосмо менен тосуп коюшту? Ушул суроого жооп табуу кыйын болуп турат. 

Балким ошол кара тосмо кара энергияны чакырып жаткан чыгар. Ушул жагын ойлогон жан адам жоктой. Ооба, карасак чын эле чек араны эмес,  биздин  билермандар эмнегедир Ак үйдү тосуу менен ишти башташканы, ар тараптуу ойлорду ойлогонго түрткү берип келет.

 

Ак үйгө ким кирет, эгер ал жактагылар таза иштеп, таза болушса. Ошол Ак үйдү тоскон тосмого эле канча каражат кетти. Корккон өз көлөкөсүнөн коркот болуп, Ак үйдөгү иштегендердин ыплас иштерин кара тосмо коргоп тургандай элес берет. Эгер кара тосмонун ордуна бак же башка бир нерсе менен тосуп коюшкан болсо, балким эки жолу төңкөрүш болбойт эле дагы жүзгө чукул адамдын жаны кыйылбайт эле.

 

Баам салып карасак, жалаң байлардын үйлөрү бийик тосмо менен тосулуп, карапайым адамдардын үйлөрү тосмосу жок эле ээн эркин жашап жатат. Ошол тосулган бийик тосмо эле эмне деген белгинин берип жатат.

Тээ илгери хандар, бектер ак боз үйдө эле элди кабыл алып, эл менен тыгыз байланышта болгон. Ал эми азыркы билермандар  коркуп, коргонуу менен убара. Аларга жолугуу азаптын азабы. Алгач эле кара тосмо жолду тосот, анан кара кийим кийгендер ак үйгө киргизбейт. Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери кара тосмонун ичинде эмне деген гана ыплас иштер, уурдалган акчалар, калпычылык, бирин - бири алдоо өз өкүмүн жүргүздү. Азыр деле ошол иштер кайталанып жатат. Болбосо, эчак бир чара көрүлөт эле го, чек араны тосууга. Сөзсүз эле орустарды же башка элди карап, алардан жардам күтүү керекпи? Чек араны бекемдей албай жатып, Ак үйдүн айланасын бекемдеген - коркоктордун жасаган иши. Ушунча элдин жүгүн моюнга алып жатканда, ушунча жылдан бери эл болуп келе жаткан улуу элибизге “ак иштейм” деп ант бергенден кийин эмнеге коргоном дагы, эмнеге элден корком.

 

Бабанов өкмөт башчы болгондо кайтаруусуз жүрүүнү жакшы эле көтөргөн, анан эле кайра баягы оюн кайра башталды. Президент, спикер, өкмөт башчы ишине барарда канча кишини кыжаалат кылат, жолду жаап. Ошол жолду жабыш үчүн канча МАИ кызматкери башка иштеринен калып, убакытка уттурушат?

 

Жакында мен Дубай шаарына барып калдым. Алардын биздин ажодон бийик абройлуу кишиси көчөдө ээн эркин эле басып жүргөнүн көрүп, абдан таң калдым. Ал турсун анын “шейх” экенин билбей бир дүкөнгө кирип, жөөлөп алдым. Ал киши кайра менден кечирим сурады. Ал эми биздин ажо эмес, бери жактагы эле министрлер көчөдө ээн баса албайт, коркот. Эмнеден, албетте өз элинен. Эмнеге, элдин алдында таза болбогону үчүн. Жакында Кулов Жогорку Кеңештеги жыйында маселе көтөрдү, “депутаттар курал алып жүрсүн, коргонуу үчүн” деген таризде. Ушул сөздүн артында эле эмне деген сөз жатат. Эл менен аралашып жүрө албагандан кийин, эл менен ээн эркин сүйлөшпөгөндөн соң андай  киши кантип иш кылат? Ай үйдүн тосулганы эч нерсе эмес, ошол жакта иштегендерди кайтаргандарга эле канча каражат кетип жатат?

Менин баамымда Ак үйдөгү билермандар башка жакты койдум, көп жылдан бери “Ош” базарын көрө да элек болуш керек.  Алар үчүн андай жерге басып барган уяттай сезилет. Ал эми башка жактын чоңдору базар эмес, дачаларына велосепед тээп барышат. Таза кийинип, сырттарынан сыйда адам болуп көрүнүшкөндөрү менен ичтери кара, алдым жуттумдар чоң болуп алганын өздөрү эле билгизип жатышпайбы. Адам баласы там салганда алгач үйүнүн тегерегин тосот. Ал эми биздин эл эгемендүүлүктү алган соң алгач ишти чек араны тосуудан башташ керек болчу. Казак, өзбек, тажиктерге жакын жашаган элибизди аларга күн кор кылбай. Казактар кандай кылып чек арасын тосуп алышты, биз биринчи ажону кубалаганда. Ал эми өзбектер менен тажиктер биздин чекке кирип келип эле атуулдарыбызды көз көрүнөө сабап кетип жатат. Эмне мынча бүшүркөйбүз дагы, эмне мынча кысынабыз? Бул биздин чоңдордун алсыздыгын, чабалдыгынан белги берип жатпайбы? Чек ара жалжайып ачык жатат дагы, Ак үй кирсе чыккыс болуп тосулуп турат. Чоңдор чек араны эмес, Ак үйдү коргоо менен алек, кандайдыр бир күчтүү душмандан коргонгонсуп. Элинен коркуп,  чоңдордун коргонуусуна канча каражат кетип жатканын эсепке алуу жокко эсе. Айткандай Ак үй ак молодой көрүнөт. Анткени молону дагы мал тебелебесин деген ойдо курчап коёт. Эгер Ак үйдү курчаган кара тосмо болбосо, анда иштегендер таза болсо, сүрү чоң жоопкерчиликти көтөрө алат болучу. Макул, Ак үйдүн четин тоссо тоссун, бирок гүл жана бак менен, эл жазганып баса албай тургандай кооз нерсе менен тосушса атаганат, анда шаарыбыз кандай көркүнө чыгып кооз көрүнөт эле.

 

Эки ажо элинен качып Кыргызстанга келе албай жүрсө, азыркы ажобуз Ахматбек менен Мелисти иштен ала коём деп түштүккө бара албай калганы дагы кандайдыр бир бүдөмүк ойду пайда кылууда. Качанкыга чейин элден качкан, элден сактанган, эркин  жүрө албай коркуп иш кылган ажодон кутулат болдук экен? Бул саясаттын сасык оюну баарын сасытып салат деген чын белем, болбосо таза болгон жерде эч кандай коркуу, коргону деген нерсе болбойт эле. Эмне кылабыз, элдин маңдайына көр оокатка берилген, көр дүнүйөнүн кулу болгондор келип, коргонуу менен алек болуп жатканда, элбиздин ата бабалардан калган жери четинен кертилип бара жатканы кончко түшкөн таш бутту өйкөгөндөй, чоңдордун чабалдыгы жүрөктү өйүп келет. Деги тынчтык эле болсо болгону. Бир жагынан чет элдик жарандарга чыккан кыздарыбыздын балдары, биздин жээндер дагы билинбей бойго жетип келе жатат. Алар чоңойсо Украинаны фашисттер былгыткандай, жээндер дагы элди былгытпайт деп ким кепил боло алат?! Билбейм, деги коргондун ичиндегилер жыйырма жылдан бери эмнени бүтүрүп, эмне иш кылып жатышат, буга жооп  табуу ийне менен кудук казганга тете иш болуп турат.

 

Борончу Кудайбергенов, "Майдан. kg"