Жаңы өкмөт дайындалып ишке киришкени айдан ашты. Жоомарт Оторбаев былк этпей, зымпыйып отурганы болбосо, кыймылдаганы деле, ишинен бир майнап чыгарары деле байкалбайт. Чек арадагы жаңжалдар уланып, жаңы вицеси эски адаты боюнча барымтага түшүп, чыңалуу күч алып барат. Түштүк тарап газы жок калып,  көпчүлүк тамак бышыруу ж.б. күнүмдүк керектөөлөр үчүн электр энергиясын колдонууга өттү. Электрдин тартыштыгынан кубаттуулугу төмөн болуп, тамак 2-3 саатта араң бышып, көп кабатту үйлөрдүн жашоочулары короого казан асып, от жагып,  дааратканаларга сырттан суу ташып, кирип-чыгып бийликти каргап жатат.

 

Ансыз да, эл үчүн талбай эмгектенип, Ошту оңдоп келе жаткан Мелис Мырзакматовду куугунтуктап, анын ордуна кайсы бийлик болбосун таманын жалап, оту менен кирип күлү менен чыккан немени алып келгенине нааразы болуп жаткан эл эми чындап карарып, “эй!, койчу ошолорду” дешип, керек болсо борборго арыздангылары келбей калганын айтышууда. Эски мэрдин ордуна жаңысын алып келгенде эле “бет аарчы беребиз деп туруп даарат кагаз берип койгондой кылышты” дешип, борбордук бийликтен түңүлгөнү тууралуу кеп болуп, шайыр көңүлдөрү “ ой, болгондо да колдонулган көтаарчыны берди” деп каткырышып, аты эле “жаңы” неменин Жаныш Бакиевдин, андан мурунку бийликтин алдында кол бала болгондоруна чейин эскеришти.

 

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам “кышында светсиз куурайбыз” дегендерге өкмөтүбүз: “Тажикстандан электр энергиясын сатып алабыз”,- деп, июль айынан тарта бааны көтөрө турган болууда. Өз элине маал-маалы менен өлчөп ток берип, катуу кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан таажиктерден электр энергиясын импорттой турганын уккан эксперттер муну, баягы, “ач иттин көчүгүн сук ит жалайт” деген ылакап менен салыштырышууда. Көлдө, Таласта да кен-байлыктарга байланыштуу нааразычылыктар токтобой, борбордо оппозициянын жаагы тынбай, билдирүу артынан билдирүү жаадырып, жазгы компаниядагы алешемдиктеринин кемтигин толуктап, күздү эңсөөдө.

 

Салыктар жыйналбай, казына куруп баратат. Биринчи кварталда 1 млр. дан ашык сом салык жыйналбай калганы аз келгенсип, экинчи кварталда да ахывал начар. Күйпөлөктөп эле жаны тынбай иштеп жүргөнсүгөндөй образга кирип алганы менен өкмөттөгү ишине караганда “өзү үчүн” дегендегилеринин ызы-чуусу көп болуп кеткен Тайырбек Сарпашев салыкчылар менен жыйын куруп чыйпылыктады. Ал кеткенден кийин салыкчылар, эксперттер жалпы эле коомчулук: “салык жыйналбай, казына курук калса, өкмөтү банкрот болуп, отставкага кетээрин билип туруп, эмдигиче салык кызматына жетекчи дайындабай, статс-катчыны и.о. кылып коюп жүргөнү кандай? Же башка тармактагы иштебегендерди кызматтан албайт? Буга эмне баары бирби? Өкмөт өлсө өлө берсин, мени баары бир кетиришет, премьер деген атым калды, ошо жетет” деп жатканыбы? “Болбосо эмне кенебейт?”, - дешип баштары маң. “Жебейт ичпейт, таза” деп, кыздын баласындай мактап кызматка койгон “Ата Мекен” фракциясынын айрымдары да: “аа-а, уурдабаганы эле эмес, иштей турганы керек экен” дешип, бармагын тиштешсе, башкалары “ээ-э, майличи, шайлоодо анча-мынча пайдасы тийээр”,- деп, тымпыйат.

 

Ички кыйынчылыктар аз келгенсип, геосаясат да катаалдашып, капшабы Кыргызстанга тийчүдөй болуп барат. Батыштын боткосуна ашкере тоюнган фашистик азчылыктын Украинадагы зомбулугу аркылуу Орусияны кысууга аракеттенип жаткан Америка  КМШны да чандырдан алууну көздөп жатканын бир топ таасирдүү эксперттер айтып чыгышты. Мындай оюн салууга ылайыктуу сахна даяр, батышта Украина болсо, чыгышта Кыргызстан турат. Эки жак тең ызы-чуулу, революциячыл атка конгон. Эркиндикти самап көтөрүлгөндөрдүн көбү ар дайым революциялык дивидендден кур кала берип, жиндене, радикал-экстремистке айланып, ким жоро-бозо бергенге кызмат кылууга, “мага жок болсо сага да жок” таризинде, кезектеги “илибой” бийликтин катыгын берүү үчүн көчогө чыгууга даяр.

 

Орусия менен Казакстандын лидерлик кылуу аракеттерине моюн толгоп Жааматтык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) курамынан чыгып, АКШ менен өз бет алдынча мамиле түзүп, алардын Ооган жергесинен чыгарылып жаткан куралдарын алып жаткан Өзбекстандын Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтотушу да геосаясат менен тыгыз байланыштуудай сезилет. “Газпромдун” жетекчиси Миллер аркылуу да өзбек тараптан жооп ала албай жатканын өкмөт башчы айткандан кийин, бир топ таасирдүү талдоочулар, “Ислам Каримов азыр керек болсо Путинди да укпашы мүмкүн, ал Украинанын сценаристтери менен иштешип жатат, батыш андай пландан баш таркан күндө И.Каримов Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушун токтотууну талап кылат, өтө кымбат баа сурап жатат деген кеп түккө турбайт, кеп акчада эмес,”- деген пикирлерин билдиришти.

 

Ошентип, тиягыбыздан да, биягыбыздан да кооптуу кырдаал туулуп келе жатат. Быйыл кыш кыйын болуп нааразычылык күч алса чатак болоорун сезген бийлик айласы куруп, эртелеп шайлоо өткөрүүнү көздөп калганы байкалат. Антпесе, 2015-жылы добуш алмак тургай, ага жетпей калышы да толук ыктымал. Анткени эл Баткендегидей өзү көтөрүло баштаса, чындап кыйын болот. А оппозиция качан болсо бозосун көтөрө чуркап алдына чыгып алат. Андыктан, “оппозиция бириге албаптыр, уюштуруу иштери начар, акчасы, ынтымагы жок экен” деп магдырабай, Кыргызстанга келе жаткан татаал сыноону татыктуу тосууга бел байлашы кажет. Анткени, бул ааламдашуунун  оор сыноосу жаңы сыноо. Бул жерде элибиздин ички биримдиги, ынтымагысыз кыйын болот.

 

Сабыр МУКАНБЕТОВ

Булак: “Майдан.kg”