Же электр энергиясынын баасын көтөрүүгө ашыккан атамбаевдик бийликтин күнү бүткөнү калдыбы?

 

2010-жылкы революциянын башкы ураандарынын бири – электр энергиясынын баасын арзандатуу, бул тармактагы коррупцияны токтотуу болгону бешиктеги балага да белгилүү. Бирок, арадан 4 жыл өтүп-өтпөй, кырдаал дал ошол 2010-жылдын апрелиндегидей деңгээлге жетти. Бийлик башындагылар, дүжүр эксперттер күн сайын теледен, үналгыдан, гезиттерден бизде электр энергиясынын баасын көтөрүүдөн башка аргабыз жоктугун айтышып, элдин мээсин айлантуу менен убара болушууда. Бакиевдик бийлик да бааны көтөрөөрдө элдин мээсин ушундайча массалык түрдө чайкачу эле. Азыркылар андан кем калган жок, а бирок, калп айтуу жагынан капкачан ашып түшүшкөн. Анткен менен карапайым калк мурдагыдай бал сөзгө алданып калбайт, бааны көтөрүү – бийликтин энергетика системасындагы коррупцияны оздуктоого алсыздыгын көрсөтүп жатканын мыкты билишет.

 

Эсептеп көрсөк, быйылкы баалардын көтөрүлүшүн кошкондо, 20 жылдын ичинде 11-ирет “башка жол жок”,- деген шылтоо менен бийлик элдин жонунан кайыш тилип жатат. Энергетика көйгөйлөрүн элдин эсебинен чечүү ар бир бийликтин, өкмөттүн окшоштугу бойдон калууда. Албетте, ар бир баа көтөрүүдө ким жана эмне буга күнөөкөр экендиги ар башкача аталат. Жабдуулар керектен чыккандыгы, электр энергиясын ташуудагы жоготуулар, айтор, миң кыялдуу шылтоолор айтылып келет. Быйыл болсо энергетиканы ушул мышык ыйлагыдай кебетеге жеткизген башкы желмогуз катары үч фазалуу колдонуучулар аталды. Балакеттин баарын ушул үч фазалуу ток пайдануучулар жасап жатыптыр. Муну Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев оозу-мурду кыйшайбай туруп айтып салды.

 

Эсибизде болсо, Артыкбаевден мурда Атамбаев өзү оппозицияда жүргөн кезинде энергетика маселелерин элдин эсебинен чечкиси келген бакиевдик бийликти катуу сындаган эле. “Бакиевчилер электр энергияга болгон бааны себепсиз көтөрүп жатат. Эми элдин жашоосу кыйын болот”- деп кыйкырып, “өзүбүздө чыккан алтын өзүбузгө жетет, элге өздүк баада сатса болот” – таризинде карапайым калкты көтөрүлүшкө үндөп, Бакиевди тактан кулатышкан эле. Аталган тармакта учурдагы бийликтин камчысын чабымыш болуп,  2010-жылдан бери 3 министр алмашты. Эптеп “жаңы бийлик электр энергиянын баасы көтөргөн жок”,- деген сөздү бетке кармап жүрүштү. Бирок, көшөгө артынан башка сюрприз даярдап атышкан тура. Салыштырсак, азыркы аткаминерлер бакиевчилерден эбак ашып түштү. Таппаган балакети жок. Энергетика министри О.Артыкбаев депуттаттар каникулга узаар алдында, “кетер аяк” катары “баа саясатын өкмөт өзү чечсин” деген чечимди чыгартып, тизгинди өкмөттүн колуна алып берди. Ошол замат баалар асманга жыла баштады Жогорку Кенештин чечими 30-июнда чыкса, эртеси жылуулукка, ысык сууга тарифтер расмий түрдө 28 пайызга көтөрүлдү. Анын артында да бир саясат тургандыр. Анткени буга чейин белгилүү болгондой, башка мыйзамдар кабыл алынып , ишке киришпей келген. Айлап, жылдап, жада калса 2-3 жылдап айрым маселелер улам артка жылдырылып олтуруп, чекит коюулчу эмес эле.  Эл өкүлдөрү энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин айтканына эрип кетиштиби, же буйрук аткарылдыбы, аз убакытта эс алууга шашкан депуттаттар чекитти коюп коюшту. Коюшса коюшсун деңиз, бирок эртең трибунадан “Менин атыман башка бирөө кнопканы басып коюптур. Мен макулдугумду бербейт болчумун. Мен катышкан жок элем,”- деп актанышпаса болду. Өкмөт эми тарифтерди “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем”,- таризинде каалагандай калчай алат. Анча-мынча колу узундар буга чейин эле бүт маселени өздөрү чечип коюшканы ачык. “Айдын он беши жарык, он беши караңгы” дегендей, жаныдан жарык тийген аткаминерлер ар тараптан өздөрүнө пайда көрүүнүн айласын таап коюшкандыр. Бийлик баркын кетирип жаткан чиновниктер болгон амалдарын ишке ашырышууда. Буйрукка баш ийбегенин аттан шыпырып түшүп, айрымдарын жыга чабуу менен алек. “Көрбөгөндүн көргөнү курсун” дегендей эле кутурган чиновниктер элдин камын ойлогонду унутканы ушул. Электр энергиясына тарифти көтөрүшкөнү менен, аны менен элди үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагы кандай болот? Бааны көтөрүүдөн түшө турган 550 миллион сомду жабдууларды алмаштырууга жумшай турушканын айтышууда. Аны жасаган-жасабагандыгы кычыраган кыштын күнүндө эле билинип калат. Адатынча, бул каражаттар да кумга сиңген суудай жок болуп кетпесе, бизге келиңиз.

 

Буга чейин энергетиктер жабдууларды жаңылоо зарылдыгын көп жолу айткан. Бирок, ушунча убакыт эшек такалап жүрүштүбү? Ал жактагы “ширшовдук уурулукту” жоюшса эле бул ишке каражат табылат эле го! Бул жомок эскирди. Аны менен элдин башын айлантуу мүмкүн эмес. Дал ошондуктан, министр Артыкбаев жабдууларга мурда айткандай акча керектигин арткы планга жылдырып, башкы көйгөй катары - өндүрүлгөн жарыктын үч фазалуу ток колдонуучуларынан артпай жатканын атады. Факт катары, Осмонбек Артыкбаев учурда калктын 4 пайызы үч фазалуу колдонуучулар экенин айтып, бирок алар өндүрүлгөн  электр энергиянын 50 пайызын коротуп жатышканын баса белгилеген. Анын айынан калган 96 пайыз керектөөчүлөргө электр энергиясы жетишпейт жатыптыр. Андан 2-3 кун мурун болсо министр айрым ММКларга берген маалыматында, үч фазалуу ток колдонуучулары  өндүрүлгөн электр энергиянын 78 пайызын сарпташарын белгилеген. Ошол эле күнү дагы бир маалымат агенттигине берген маегинде жалпысынан алганда 120 миң абонентке үч фазалык эсептегич орнотулганын  айткан экен. Ошондой эле, ал өлкө ичинде  1.2 млн тиричилик абоненти бар дептир. Анда жөнөкөй арифметика менен  эсептегенде  жогоруда айтылгандай, калктын 4 пайызы эмес, 10 пайызы үч фазаны  керектөөчү болот да. Министрлик аны али күнгө чейин расмий билбесе, анда төлөнүп жаткан каражат сол чөнтөккө түшүп жатканынан кабар берет десе болгудай.

 

Электр энергияны тартыштыгына башкы душман катары үч фазалык керектөөчүлөрдү күнөөкөр атаган министр, учурда тарифти 70 тыйындан 1 сом 20 тыйнга чейин көтөрүү амалын издөөдө.  Бааны көтөргөнү менен керектөө азайып калбаары белгилүү. Туура деңиз, жакшы жашоо үчүн жакшы төлөш керек. 3 фазанын колдонуучулар бир эле хан сарайларда эмес, карапайым адамдар да колдонот. “Беш кол тең эмес”,- дегендей, үч фазаны колдонуучулардын так санын министрлик билбегендей эле, керектөөчүлөр кимдер экени белгисиз. Карап көрсөк үч фазаны колдонгондор да, жөнөкой абонент да, өзүнүн иштеткен электр энергиясына төлөшөт. Фазаны колдонгондордон кем эмес кубатуулукту пайдалангандар да бар.  Министр айткан электр тартыштыгын жоюу максатында акыркы жылдары ГЭСтерди, көмөк чордондорду куруу иши активдүү жүрө баштаган. Ал маселе да чечиле тургандай  бирок, ошондо да,  “орок оро албаган орок тандаптыр” болуп,  кайрадан эле күнөөнүн баары тилсиз тетиктерге  жүктөлүп, эл өзүнүн  жон териси менен кыйынчылыкты башынан  өткөрө берери турган кеп. Эмнеси болсо да, баанын асмандашын карапайым калк оңойчулук менен кабыл албайт. Убагында электр энергиясынын өздүк баасы үч тыйын экенин айтып, аны 1 сомдон өйдө саткан бакиевдик бийликтин кетишин тилегендер эми өздөрү кантет? Булар Белорусия токоюна батпайт... Кайда качат?

 

Г.Ташбалтаева

Булак: «Майдан.kg» гезити, №023, 09.07.2014-ж.