Кыргызстан улам мамлекеттүүлүгүн жоготуп, башка мамлекеттерге көз карандылыгы артууда. Башкасын айтпаганда да Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларды тактоо боюнча 2010-жылдан бери бир да иш жүргүзүлө элек. Анын кесепетинен республикабыздын түштүк аймагы кошуналарга өтүп кетүүдө. Анткени алар канчалык чек араларды тактоо иши артка жылган сайын, утушка ээ болорун билишип, атайылап бут тосушууда. Бул аралыкта алардан кордук көргөн чек арага жакын аймактарда жашаган кыргызстандыктар өз үй-жайын таштап кетип жатышат.
 
Бир эле Ала-Бука районунда 24 миң гектар жерибизди Өзбекстан “талаштуу жер” деген шылтоо менен талашып, улам бери көздөй жылып келатат. Ал тургай былтыр талаштуу эмес аймакка да жол салдырбай, бир жоокерибиз атышып окко учту. Баткенде болсо Сох өрөөнүндө жарым кылымдан ашык мезгил боюу газ, мунай кендерибизди иштетип, жада калса ижара акысын да төлөбөй келатышат. Өзгөчө 19-июнда Кадамжайда Б.Тагаев аттуу жараныбызды өзбек чек арачылары аймагыбызга басып кирип, жөн гана кийикке аңчылык кылгандай атып кетиши элдин кыжырын келтирүүдө. Ушул көрүнүштөргө көз жумуп же коркоктук саясат жүргүзүп олтурган кыргыз бийлигине ар бир намысы бар кыргызстандыктын каңырыгы түтөп жатат.
 
Кийинки кезде Өзбекстандын “ыкмасын” Тажикстандын бийлиги менен эли да өздөштүрүп алып, баткендиктерге түрдүү өнөрлөрүн көрсөтүшүүдө. Себеби алар кыргыз бийлиги алсыз экендигин эң жакшы билишет жана ар кандай жолдор менен кыргыз жерин ээлеп алууга жанталашууда. Анткени 70% аянтын чөл баскан Өзбекстан менен калкы улам тез өсүп бараткан Тажикстанда жердин биздегидей баасы жок эмес. Алар үчүн жер, суу, таш – өмүр менен барабар. Ошондуктан керек болсо, согушууга да даяр.
 
Ал эми өлкөбүздүн ичиндеги абал да көңүл жылытарлык эмес. 2010-жылы апрель төңкөрүшүнөн кийин гана бийликти ээлеп, бакиевдердин байлыгын ээлеп алган морадёрлор жакшы жашабаса, элдин 90%ынын жашоосу дээрлик оңолуу жолуна түшпөдү. Бир да туруктуу иштеген өндүрүш жок. Бишкектеги кафе, ресторан сыяктуу кирешелүү тейлөө тармактарын түрктөр, чет элдик инвестициянын эсебинен курулуп жаткан жол, завод, курулуштар жалаң кытайлардын колуна өттү. Бул карапайым калк да депрессия абалына кабылып, кара жумуш жасоого жөндөмсүз болуп калгандыгынын белгиси.
 
Ошол эле учурда кыргыздар ич ара бөлүнүп-жарылып, жердешчилик, аймактык бөлүнүүчүлүк сыяктуу трайбализм рак шишигиндей күч алууда. Коррупция да жети баштуу ажыдаардай башын көтөрүп келатат. Ал эми укук коргоо органдарынын бул багыттагы жасап жаткан иши айсбергдин үстү гана. Өткөн жылы коррупция мамлекеттик бюджетке 1,3 миллиард сом зыян келтирилсе, анын 102 миллиону гана кайтарылыптыр. Бул жалпы бюджеттен (демек, элден) уурдалган каражаттын 7%ы гана кайтарылды дегендик. Жеп-ичкендерге 284 кылмыш иши козголуп, 28 адам гана соттолгон. Мына, бийликтин коррупцияга каршы күрөшүп жаткандыгынын натыйжасы. Мындай маалыматтарды “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Анарбек Калматов сессия учурунда айткандыктан, калп дегенге болбостур. Болгону жакында Кыргызстанга келген бир япон окумуштуусунун “Эгер япондор кыргызча жашаса, анда 90%ы түрмөдө отурмак экен” деп таң калган сөзүн кошумчалак койсок, бүгүн кыргыз коомуна так аныктама берген болот элек. Көрсө, “легендарлуу” премьер-министр Турсунбек Чынгышев канткен менен “Бизде жалкоолор менен келесоолор гана уурдабайт” деп таамай айткан экен. Анткени азыр жетиштүү турмушта жашоо үчүн пара алып, уурулук кылып же бирөөнү тонош керек. Ансыз маянаң же пенсияң эч нерсеге жетпейт. Элдин деле жарымынан көбү жумушсуз эмеспи...
 
Кыргызстан 20 жылдан ашык мезгилде кабылган бул депрессиялык абалды Улуу Ата Мекендик согуштун кесепетинен да оор абалга салыштырса болот. Ал кезде фашисттерди жеңип, социализмге умтулган элдин эртеңки күнгө, жаркын келечекке  карата үмүтү, духу болгон. Ошон үчүн алар тоону томкоргонго, мекен үчүн жанын берүүгө даяр болушкан. Бирок бүгүнкү XXI кылымдын илим, билимине сугарылган бизде дал ошол мекенчилдик менен дух болбой жатпайбы. Өз жериңде, үйүңдө башка мамлекеттин жоокерлери келип сабап, атып кетип жатса, мамлекет коопсуздугуңду камсыз кыла албаса, кайдагы дух болмок эле...
 
Бир эмес, эки ирет революция жасаган элге жаңыча көз караштагы, мекенчилдик сезими менен духу жогору президент керек эле. Тилекке каршы А.Атамбаев бул үмүттү актай алган жок. Анын дээринде лидерлик сапат болбогондуктан, бийликти алуу үчүн ар кандай айла-амалдарга барып, 2010-жылдагы июнь окуясында дээрлик эки ай боюу түштүккө бара алган жок. Эми ошол кыйын күндөрү эки элди жараштырып, далай адамдардын өмүрүн сактап калган К.Ташиевди болор-болбос шылтоо менен каматып, дале кылмыш ишин узартып келатат. Муну менен ал өлкөбүздүн түштүгүндө кадыр-баркын жоготуп алды. Өткөн жумада Базар-Коргондо “Датка” көмөкчордонунун ачылышында “жакында Россиядан курал-жарак келет, чек арабыз ишенимдүү корголот” деп жатпайбы. Ал куралга ишенгенден көрө элдин духун көтөрүп, мекенчилдикке тарбиялаган сөздөрдү айтпайбы.
 
А.Атамбаев алгач президенттик такка отурганда мамлекетти башкаруу эмне экендигин билбей, өзүнүн жеке бизнеси бар экинчи “родинасы” Түркияга каттап, Россияга акаарат келтирген сөздөрдү сүйлөп, ал тургай кошуналарга сес көрсөтүп, “керек болсо сууну бууп коём” деп эмоцияга алдырып бир топ адашты. Эми гана Россия менен мамилени оңдоп, туура жолго түшүп бараткандай. Анткен менен улам бир саясый оюндарды уюштуруп, К.Ташиев, А.Келдибеков, М.Мырзакматов сыяктуу кыргыздын тиреги боло турган жигиттерди куугунтуктоону токтото элек.
 
Мамлекеттин тышкы саясаты менен экономикасынын жогоруда айтылган кейиштүү абалынан тышкары бул А.Атамбаевдин өз акылы менен иш кылбай, кайсы бир уруучулук же аймактык деңгээлде ой жүгүрткөн кеңешчилеринин жетегинде калгандыгынын далили. Ошондуктан ал мамлекетти башкара албай тургандыгын сезип, дагы төрт жыл бекер эле убактысын кетирип, Кыргызстанды жок кылып жибере элегинде Россиянын тунгуч президенти Борис Ельцинге окшоп, кыргыздын Путиндей мекенчил жигитин таап, бийлигин өткөрүп берсе, тарыхта жакшы аты калат эле. Ал эми Атамбаевдин Ельцинге окшош жактары жок эмес...
 
Ж.Кадыров
Булак: “Майдан.kg”, №026, 2013-жылдын 23-июлу