Сыягы, Акыйкатчы Турсунбек Акундун кызматтан алыныш маселесин кароо менен кыргыз парламентинин 5-чакырылган сессиясынын акыркы жыйыны тарыхтагы унутулгус трагедиялуу да, комедиялуу да окуялар менен эсте калды окшойт. Эң негизгиси А.Атамбаев башында турган бүгүнкү кыргыз бийлигинин “сырын” ачып, кылмыштуу жолго түшкөндүгүн далилдеди. Депутаттар мурда эле бүтүрүп коё турган бул ишти улам артка жылдырып отуруп, ушул күнгө такап коюшту. Бир чети амалкөй Акун да өмүрү барбаган Кызыл-Кыяга өзбек чек арачылары аткан жарандын өлүмүн шылтоолоп чаап кетип, ал жакта ооруп калып, түз эле ооруган боюнча парламентке кирип кетпедиби.
 
Бирок ал кызматын өтө “сүйгөндүгүнө” карабай, депутаттардын туш-тараптан айтылган сын-пикирине  туруштук бералбай, фойеде эстен танып жыгылып, андан ары тез жардам кызматы арабага салып алып кетти. Айрыкча “снайпер” Ж.Жолдошеванын бомбадай жарылган сөзүнөн соң соо калууга мүмкүн эмес болчу.  Депутаттар деле жоо чаап келаткансып, анын ооругандыгына карабай, омуроолоп басып калышып, акыры кызматтан кетип тынышты...
 
Негизи эл арасында “комик”, “шут” атка конгон Турсунбек Акундун экинчи ирет бул абройлуу кызматка келиши туура эмес болгон. Анткени анын билим деңгээли (ветеринар), интеллектуладыгы төмөндүгүн эске албаганда да, Акыйкатчылык кызматта бир мөөнөт иштеп, өзүнүн ресурсун түгөтүп, чыныгы жүзүн көрсөтүп койгон болчу. Өзгөчө ажы-акыйкатчынын өткөн жылы казинолордун жабылышына каршы чыгып, көпчүлүк учурда акчалуулардын таламын талашып калгандыгынан улам коомчулук бул кызматты “бизнеске” айландырып алгандыгынан шектене баштаган. Бирок анын ушундай деңгээлин билип туруп же эгер кызматтан алынса, өздөрүнүн абийрин ачып коёрун алдын ала көрө албаган Ак үй аны көпчүлүк коалициянын күчү менен шайлатып койду.
 
Баарынан да анын “мыйзамдагы ууру”, далай кыргыз жигиттеринин түбүнө жетип, кулагын, колун кескен Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгышына чоң салым кошкондугу элдин гана эмес, өзүн “жараткан” парламенттин да чыдамын биротоло кетирди. Эгер бийлик парламенттин колу менен Т.Акунду садага чаап, А.Батукаевдин балээсинен кутулбаса, анда өзү “нокаут” кетмек. Албетте, Акыйкатчы А. Батукаевди түздөн-түз түрмөдөн чыгарган жок, бирок кыйыр түрдө таасир бере алды. Алгач бийлик бул маселени Шамил Атахановду отставкага кетирүү менен чечүүгө аракет кылды. Бирок, оппозиция ага канааттанбагандыктан, Акыйкатчыны “курмандыкка” чалып берди. Тилекке каршы К.Ташиев, С.Жапаров жана Т.Мамытовдордун эркиндикке чыгышы менен катары толукталып, күчтөнгөн оппозиция ого бетер оолугуп, Атамбаевдин гвардиясын “качырып” калган кербези. Мындай сөздү айтууга ошол парламенттин акыркы жыйынында (балким, чындап эле акыркы...)
 
Турсунбек Акун мурда “байытып” жүргөн атом бомбаларын “жарып”, А.Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда чыгарылып, “Манас” аэропортунун VIP залынан сый-урмат менен узатылышына премьер-министр Ж.Сатыбалдиев, Башкы прокурор А.Салянова, УКМК төрагасы Б.Табалдиев, Президенттин аппарат  башчысы Д.Нарымбаевдин күнөөлүү экендигин айтышы далил боло алат.
 
Өзгөчө тээ Акаев доорунан бери Ак үй интригаларын уюштуруп келаткан Д.Нарымбаевдин Т.Акунга “Сен прессага К.Ташиев жинди болуп калыптыр деп айт. Бул президент А. Атамбаевдин өтүнүчү. Ошондо ал түрмөдөн чыгат” деп агынан жарылышы бомба эмей эмне? Бул А. Атамбаевдин жана анын тегерегиндегилердин чыныгы жүзү. Демек, алар К.Ташиев, С.Жапаров жана Т.Мамытовдорду саясый жагдайда куугунтукка алып, биротоло саясый аренадан жок кылууну көздөгөн. Бирок, бул депутаттардын тарапкерлери бийликтин андай “фашисттик” планын жокко чыгарды.  Албетте, эгер Турсунбек Акун ушул сөздү ошол учурда айтканда, ал чыныгы Акыйкатчы деген атка татыктуу болуп, ага чейинки жогоруда айтылган күнөөлөрү жуулуп кетмек.
 
Эл арасында “Буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт” деген сөз бар. Анын сыңарындай бир чети Т.Акун былтыр Японияда дүйнө Акыйкатчыларынын жыйынына катышып, аягында Манас айтып, калпак кийген баяндамасында өз элин, өкмөтүн, ал тургай өзүн шайлаган парламентти кошуп жамандашы анын бул кызматта иштөөгө моралдык укугу жок экендигин тастыктап койду. Анткени эч ким, Акыйкатчылык жогорку кызматты мындай кой,  жөнөкөй жаран да өз өлкөсүн чет жакта, болгондо да эл аралык маанилүү форумда сындап сүйлөшү чыккынчылыкка барабар. Чындыгында Т.Акун мансапка манчыркаппы же ишенген тоосуна таяныппы, акыркы кезде чоң сүйлөп, “Мени эч ким кызматтан кетире албайт, кетирем дегендер өзү жок болот”,- деп, айрыкча, “оор салмактагы” экс-спикер А. Келдибековго машкедей жабышып, бир чети бийликтин көңүлүн алып жүрчү. Ал эми кинодогу “Шамандай” ыңгайлуу учурду күтүп жүргөн А.Келдибековдун сессиядагы “баары регламентке ылайык болуш керек” деп Акыйкатчыны кызматтан кетирүү маселесин добуш коюуну сунуш кылгандыгы анын тагдырын чечип койду.
 
Казак баурдастар “Төөнү соёру сойдум, эми тогуз катын эмне кылам” деп айткандай, А.Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна Турсунбек Акундун тийешеси болбогон менен “тийешелүүлөр” ачыкка чыгып калды. Демек, жогоруда аты аталган чоң чиновниктер уяты болсо өздөрү билип (Ш.Атахановго окшоп) отставкага кетүүгө тийиш эле. Бирок алардын уяты болбогондуктан, күзүндө бул маселе кайра каралып, бийликти кетире албаса да алысыратуу аракети жасалат. Ага чейин оппозиция тылын чыңдап, бычак, найзасын курчутары турган сөз.
 
Дагы бир маселе – Акыйкатчылык кызматка ким келет? Азыр бул суроо көпчүлүк бул кызматка өзүн көргүсү келгендердин тынчын алып, депутаттардын алдынан өтүүдө (Акыйкатчыны депутаттар шайлайт). Бирок, алгач Акыйкатчы болуп эки мөөнөт иштеген Т.Акундун “түгөйү” Турсунбай Бакир уулунун кайра эле эски креслосуна көзүн кызартып жатышы акыл-эстүү, абийирдүү адамдардын тынчын алууда. Эгер жиндиканадагы айлампадай Акыйкатчылыкка Т.Бакир уулу үчүнчү ирет келе турган болсо, анда бул адам укугун коргоо институтун кор кылбай же бир адамдын мамлекеттик каражатты жеп-ичип, оюз-зоокко айлантышына жол бербей, жаап эле койгон оң. Себеби ал өткөн Акыйкатчылык шайлоодо экинчи орунду алгандыктан жана депутат, бийликтеги партиянын депутаты катары шайлануу мүмкүнчүлүгү көп.
 
Анткени “кыздын сыры төркүнүнө маалым” демекчи, ислам динин башына селдедей ороп, эки сөзүнүн биринде Кудайды сүйлөгөн менен кудайдын каарына кала турган иштерди жасаган мындай адамдар эгер бизде адилеттик болсо, түрмөдө отуруш керек. Бирок, ошол ислам шариаттарына терс иштерди жасаган, популист, амалкөй, моралдык жактан бузулган жана бирөөнүн үй-бүлөсүн, жашы жете элек кызды бузган бул адамдын Акыйкатчы болуп калышы биздин башаламан өлкөбүздө карышкыр кой кайтарганга барабар болмок. Андан көрө аны өзү кабыл алган “кастрация” мыйзамы менен жазаласа адилеттик болот. Анын мындай моралдык жүрүш-турушу тууралуу өзүнчө сөз кылабыз. Бул башка тема...
 
Ж.Жайнаков
Булак: “Майдан.kg” гезити