Бул макалада президенттин, керек болсо өлкөбүздүн идеологиялык куралы болгон Улуттук биринчи канал туурасында сөз болмокчу. Өткөн жылы өлкө башчысы Атамбаев кыргыз тилиндеги гезиттерди ушакчынын деңгэлинде баалап, натыйжада оппозициялык маанайдагы кыргыз гезиттеринин биримдиги – «КГБ» пайда болду. Албетте бул жагдай мамлекеттин турмушундагы массалык маалымат каражаттарын бийликтин же оппозициянын багытында деп оркойто экиге болуп койду.

Кыргызстандагы эки революциянын чыгышынын негизги себепкери болуп, башында турган жана  “бульдозер” атка конгон Азимбек Бекназаров кайра эле көнгөн адаты боюнча бийлик менен тирешүүдө. Анын экс-президент Акаев тарабынан Үзөнгү-Кууштун кытайларга “белекке” берилишине өз элинин мекенчил уулу катары абийири жол бербей каршы чыгышын жана өлкөнү баласына (Максим) башкартып коюп, талап-тоноого жол берген Бакиевдин бийлигине каршы чыгышын түшүнсө болот. Ал эми кечээ эле ынак достордон болгон Атамбаев менен Бекназаровдун ортосун кайсы кара мышык аралады?

Сыягы, өткөн жумадагы өтө маанилүү окуя - экономика министри Темир Сариев жетектеген өкмөттүк комиссиянын “Кумтөр” кенин изилдөөсүнүн жыйынтыгы чыгарылышы болду окшойт. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев төрагалык кылган өкмөттүк жыйындын жүрүшү коомчулукка кеңири көрсөтүлүп, азыр баарыбыз андан ары эмне болор экен деп чочулап турабыз.

Акыркы убакта Бишкекте жана жалпы эле Кыргызстанда үч уктаса түшкө кирбей турган окуя-жоруктарды көрүп-билип туруп:
 
“Деги, биз, кыргыздар, кыргызстандыктар, кимбиз? Элбизби, журтпузбу же акылынан адашкан манкуртпузбу? – деп сурагым келет.
 
Эгерде биз бир эл, бир журт болсок, анда элди, журтту башкарган, эли-журту үчүн жооп берген бир эл башы, же бир журт башы болуш керек эле да, туурабы?

Кыргызда “Бакылдаган текени, суу кечкенде көрөбүз” - деген таамай айтылган макалыбыз бар. Бүгүн да бул макалыбыз өз актуалдуулугун жогото элек. Атамбаев сүйлөгөн сөзүнө жооп бербеген адам экени баарына маалым. Анын ойлонбой сүйлөгөн сөздөрү үчүн кыргыз-орус, кыргыз-казак маселелери бузулуп, чек араларыбыз чычкан өтүп кете албай тургандай жабылып калганы эсибизде. Биз, ошондо казак президентин жаман көрүп жүргөнбүз. Балакеттин баары АШАда тура.

Өткөн жумада АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысы Роберт Блейктин Бишкекке келип-кетиши бир эле кыргыз бийлиги, президент Атамбаевди эмес, бүтүндөй жогорку элитадагы саясатчыларыбыз менен серепчилерибизди түйшүккө салды окшойт.

Жумалаган Жаңы жылдык өргүүдөн тажай баштаган кезде, «Түштүк борбору тараптан  чакыруу келиптир» деп, жоон топ кыргыз журналистери дүрбөп, убай-чубай ордолуу Ошту карай жөнөп калдык. Ак-кар, көк-музду аралап, жерибиздин кооздугуна суктанып отуруп 600 чакырым жолду кантип басып өткөнүбүздү деле байкабай, күүгүм талаш экинчи ордо калаабызга кирип бардык. Ош шаары жаркырап тосуп алды. Жакшынакай болуп өзгөрө баштаган шаарды аралап, коюнубуз кубанычтуу таңданууга толуп, маанайыбыз да  көчөлөрдөй жапжарык боло түшкөнсүдү.

“Баатырды тарых жасайт”, же анын бактысына саясий жана тарыхый кырдаал шарт түзүп берет. Ал эми тарыхый кырдаалдын же саясий шарттын өзгөрүшү элдин турмушуна байланыштуу болот. Муну буга чейинки эки президенттин турмушу, башкаруу системасы ачык көргөзүп кетти. Биз чынында элдик лидерди, мекенчил азаматты тилекке каршы салыштыруу түрүндө сырттан издеп, ошолорго жараша чен өлчөмүн бычып, чечебиз. Жеке пикиримде бул анчейин ийгиликсиз аяктай турган жосун. Анткени ар бир элдин менталитети, жашоо өзгөчөлүгү, географиялык жактан жайгашкан аймагындагы айырмачылыктар бир топ  айырмаланып турат.

Жөнөкөй адамдан тартып, каары каттуу мамлекет башчыга чейин анын ким экендиги эң оболу анын адамгерчилиги менен өлчөнөт. Бул айныгыс чындык. Мындай сапатты акчага сатып же алмаштырып ала албайсың. Ошондуктан эл тагдырын чечкен башчылардын эң оболу интеллектуалдык деңгээли жогору болуп, мекенчил болушу кажет. Ансыз бүтүндөй өз өлкөсүнүн тагдырына балта чаап коёрун өткөн эле жерди, алтынды сатып, чет жакта азып-тозуп жүргөн башчыларыбыздын аянычтуу тагдырынан билебиз.

Кыштын келиши “бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз” демекчи, бийликтин жаз, жай, күз боюу кышка даярдык боюнча саймедиреген убадасынын канчалык деңгээлде экендигин аныктоочу термометр болуп калды. Анткени алардын теориясы практика жүзүндө сыноодон өтүп, турмуш чындыгы менен өлчөнөт.

Бийликтин жугундусун ичкен “айдактамалар” Кыргыз гезиттеринин биримдигинин (кыскартып айтканда – КГБ) түзүлүшүнө басма сөз күнүнө карата президент, премьер-министр, парламент төрагасы чогуу өткөзгөн “Ала-Арча” резиденциясындагы салтанатта Алмазбек Атамбаевдин кыргыз журналистикасын шыбаган кеби гана түрткү болгонун коомчулукка таңуулап жатат. Бул өтө жаңылыш ой.

Камчыбек Ташиевдин бейнесине сүртүмдөр

Кыргыз элинде муундан муунга өтүп келе жаткан асыл сапатынын бири бул - боорукерлик. Чындыгын айтканда бул сапаттан ар бир кыргыз куру эмес. Бирок, бул сапатын “унутуп” койгондор, башына кыйынчылык түшкөн адамдын тагдырына келгенде жалтактап же кайдыгерлик кылып боорукерлик сапатты четке сүрүп таштап, бул кылыгы үчүн кийин өзү өмүр бою өкүнүп калгандар четтен чыгат...

Убактылуу өкмөт, Роза Отунбаеванын жана Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу кыргыздын башына түшкөндөн бери өсүш тууралуу сөздөр кескин токтогону баарыбызга маалым. Мурунку Акаев менен Бакиев заманында жок дегенде “өндүрүш мынча пайыз”, “салыктар мынчага көп жыйналды” таризиндеги мактанууларды угуп калчубуз. А булар келгенден бери талкан сугунуп алгансып, бир да жетекчи эл алдына мактанып чыкпайт. Буга туура түшүнүү керек, анткени, мактана турган иш жок болсо, асмандан алып айтышмак беле! Бирок, бийлик жөн гана талкан сугунуп алыптыр. Көрсө, өсүш бул бийликтин тушунда да бар экен! Коррупция өсүптүр, коррупция, тууугандар!

Үстүбүздөгү жылдын 8-декабры – ишемби күнү Бишкек шаарындагы “Ак кеме”  мейманканасында  “Жалпыга маалымдоо каражаттары: эркиндик жана жоопкерчилик” деген темада басма жана электрондук маалымат каражаттарында  эмгектенген журналисттердин республикалык  конференциясы болуп өттү. Конференциянын  ниети жана максаты, андагы көтөрүлгөн  маселелер учурдун талабына  төп келип, журналист журтчулугу баягы эле “демократия, сөз эркиндиги, сөз жоопкерчилиги, атаандаштык” сыяктуу жыдып бүткөн темалардын  тегерегинде буктарын дагы бир жолу чыгарып алышты.

Кыргыз бийлиги жогорку кызматтагы чиновниктер менен оппозиция лидерлерин камап, “коррупцияга каршы күрөштүк”.- деп канчалык каттуу кыйкырган сайын өлкөбүз күн өткөн сайын коррупциянын сазына батууда. Эл депутаты Равшан Жээнбеков мындай пикирин кадыр-барктуу эл аралык «Трансперенси Интернешнл» уюмунун отчетуна байланыштуу билдирди.

Башкы прокуратурадан алынган маалыматка ылайык, 3-октябрдагы митинг боюнча тергөө аяктап, иш сотко өткөнү турат. Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ мүчүлүштүктөргө жол берилгенин, бийлик акеңдин буйрутмасын аткарып жаткан Башпрокуратуранын желдеттери камактагы депутаттардын тагдыры менен оюнчуктай ойногондугун адвокаттар, коомчулук бир ооздон айтып чыгышты. Баарынан да Камчыбек Ташиевге карата бийликте карасанатай пландар болгондугун адвокат Икрамидин Айткулов айтып чыкты.

«Ата-Мекен» менен «Республиканын» тиреши эки Өмүрбектин эле эмес, эки идеологиянын, оңчулдар менен солчулдардын күрөшүнө айланып, жаңы форматтагы саясаттын башаты болуп бере алаар бекен?! Же айрымдар ата салты деп ашыра мактап келаткан архаикалык (урук-туугандык, регионалдык) саясаттын кучагында кала беребизби?! Бир ок менен эки коенду атып, «Ата Мекен» менен «Республиканы» чабыштырган КСДПнын кашаң харизмасы жаңыланабы же көнгөн адатыбызга салып Сатыбалдиевди садага чабуу менен чолок саясатты уланта беребизби?

2012-жылдын бюджетинин тартыштыгы кыйынга турчудай болуп калды. Капиталдык салымдар дээрлик токтотулуп, корголгон статьяларды гана эптеп-септеп каржылоо жүрүп, өкмөт каражат табалбай катуу каржалып, Жогорку Кеңешке (ЖК) бюджетти секвестирования кылуу өтүнүчү менен кайрылууда.

7-ноябрь – Басма сөз күнүнө карата ар кандай партиялар, коомдук ишмерлер, саясатчылар, мамлекеттик мекеме-уюмдар, Жогорку Кеңештин депутаттары майрамдык иш-чараларды өткөзүштү. Чын дилинен журналисттерди сыйлап, жөн гана чайга чакырганы, ушундан да саясат жасап, өзүнө "пиар" жасагысы келгени да болду. Баарынан өзгөчөсү катары – президент, премьер-министр, парламент төрагасы чогуу өткөзгөн “Ала-Арча” резиденциясындагы салтанатты айтууга болот.