Ушул, бир эле жуманын ичинде Жогорку Кеңештеги көпчүлүк башкаруучу коалициянын таркашы жана жаңы коалициянын түзүлүшү боюнча кыргыз гезиттеринде ар кайсы саясый булактарга таянып бир нече маалымат жарыяланды. Алардын ичинен эки маалымат, биздин оюбузча, олуттуу болуп эсептелет.
 
Биринчиси, бул - Текебаев жана Кулов башкаруучу коалицияны бузуп, КСДП, "Ата Журтту" оппозицияга калтырып, "Республика" фракциясы менен бирдикте жаңы башкаруучу коалицияны түзүшөт. Башкаруучу коалициянын таркатылышына байланыштуу өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетет. Жаңы башкаруучу коалиция "Ата Мекен",  "Ар-Намыс",  "Республика" фракцияларынан туруп, спикерликке Өмүрбек Текебаевди, ал эми Феликс Куловду премьер-министрликке дайындашат. Феликс Кулов жаңы өкмөттүн курамын түзөт.
 
Бул комбинацияны ишке ашырыш өтө татаал, бирок ишке ашырса болот. Биринчиден, Текебаев менен Кулов жаңы кыргыз саясатындагы өтө тажрыйбалуу оюнчулар. Кыргызча айтканда саясаттын эски карышкырлары. Чыныгы саясатчылар эч кандай түбөлүк душман же дос боло алышпайт. Саясый кызыкчылыктар үчүн ар кандай убакта тил табышып кете алышат. Бул жолу эки карышкыр тил табышкандай. А эгер тил табышса бул экөөнүн учурдагы кыргыз саясый ситуациясында башкаруучу коалицияны бузуп, жаңысын түптөөгө күчтөрү жетет. Бүгүнкү  Текебаев жана Кулов тандеминин түзүлүшүнө эмнелер себеп болушу мүмкүн? Буга чейин башкаруучу коалициядагы үч фракциянын ичинде КСДП фракциясы ортомчул, бириктирүүчү ролду ойноочу. КСДП негизги оюнчу эле, бирок акыркы учурларда болуп өткөн бир нече окуялардан кийин: Батукаевдин түрмөдөн бийликтеги эң чоң адам аркылуу эрте бошотулуп, качырылышы, "мародёргейт" ишинин кайра козголушу, Жети-Өгүз жана Жалал-Абад окуялары кыргыз саясат айдыңындагы саясый күчтөрдүн балансын бузуп, КСДПнын алсырашына алып  келди. Анын үстүнө коалициядагы үч фракция лидерлеринин ичинен "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен "Ар-Намыстын" лидери Феликс Кулов өз алдынча оюнчулар болсо, үчүнчүсү КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков өз алдынча  эмес. Президенттик аппараттын кол баласынын ролун ойногон номиналдуу лидер. Эки эски карышкыр менен теңата ойной албаган, президенттик аппараттан эмне буйрук болсо ошону гана ташып келген, өз үнү жок оюнчу. Ал эми КСДП фракциясын чеңгээлинде мыкчып кармап турган Алмазбек Атамбаевдин үч жыл өлкөгө бийлик жүргүзгөндөн кийинки жыйынтыгы ушул болду - күн өткөн сайын өзүнүн кадыр-баркы кетип, өлкөнү толук кандуу башкара албай баратат. Мына ушундай саясый ситиуациянын фонунда өлкөнү башкарып  турган коалациялык көпчүлүктүн эки лидери өз ара тил табышып, өз оюндарын жүргүзүүгө толук шарт түзүлдү.
 
Өмүрбек Текебаев эмнеге кызыкдар болушу мүмкүн?  Албетте, эң биринчиси өзү автормун деп жүргөн, бирок аликүнчө толук кандуу иштебей жаткан 2010-жылдагы жаңы Конституциянын иштеп кетишине кызыкдар. Ал Конституциянын иштебей жатышынын эң негизги себеби Алмазбек Атамбаев "мен эмне, Англия ханышасындай укукка ээ болмок белем. Мен деле мурунку президенттердей  доор сүрүп, Путин, Назарбаев, Каримов, Лукащенколор менен теңата болуп иштегим келет. Текебаевдин Конституциясы боюнча Кыргызстан парламенттик республика болуп, парламент доминант катары чыгат. Өлкөнүн ички, тышкы саясатын негизинен парламентке отчет берген премьер-министр  жүргүзөт", деген таризинде таарынган Атамбаев 2011-жылы оппозицияда жүргөн "Ата Мекенди" башкаруучу коалицияга кошуу жана "мародёргейтти" жабуу үчүн Текебаевди өзү жазган конституциянын  нормаларына карама каршы жаңы мыйзамдарды жаздырып, кабыл алдырууга аргасыз кылган. Ал мыйзамдарга ылайык эми өлкөнүн ички, тышкы саясатын жүргүзүүдө президент доминант болуп калды. Тышкы саясатты  дүйнөдөгү парламенттик өлкөлөр Түркия, Италия, Япония, Малайзия сыяктуу премьер-министр жүргүзбөй, Кыргызстанда эми президент жүргүзөт. Бул кыргызча парламенттик мамлекет деген сөз. Өмүрбек Текебаевдин өзүнүн Констуциясына карама каршы келген экинчи дагы бир мыйзам - бул  парламентте фракциялардан тышкары депутаттык топторду да түзүүгө болоору жана алар фракцияларсыз эле өз алдынча добуш бере ала тургандыгы. Бул жерде да Конституция одоно бузулду. Бузулганда да парламенттик система үчүн күрөшүмүш  болушкан Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаев аркылуу бузулду. Конституция боюнча парламентке өткөн депутаттар фракция гана түзө алышат, депутаттык топторду түзө алышпайт.
 
Мына ушул сыяктуу бир нече мыйзам бузуунун негизинде Алмазбек Атамбаев өзүнүн президенттик  бийлигин бекемдеп алды. Жогорку Кенеш кайрадан президенттин чонток парламентине айланды. Ал эми "Ата Мекен" фракциясы башкаруучу коалицияга кирип, майлуу-сүттүү министрликтерди алды. "Мародёргейт" кылмыш ишин жаптырууга жетишти.
 
Бүгүн болсо саясый абал кайрадан өзгөрдү. Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси менен кримтөбөл Азиз Батукаев түрмөдөн 8 жыл эрте бошотулуп, качырылышы боюнча "Ата Мекен" президентти колдобой койду. Мунун натыйжасында "мародёргейт" кылмыш иши кайра козголду. Буга ачууланган Өмүрбек Текебаев азыр Алмазбек Атамбаевдин айынан иштебей калган Конституциясы үчүн реванш алганга даяр. Бул үчүн башка фракция лидерлеринин колдоосу гана керек. Албетте, эң биринчи башкаруучу коалициядагы "Ар-Намыстын" лидеринин колдоосу зарыл. Бүгүн Өмүрбек Текебаев өзү жазган Конституциясы иштеп кетиши жана президент Алмазбек Атамбаевди Конституция талаасына кайрып  келип, конституциялык ыйгарым укуктарынын гана чегинде иштөөгө аргасыз кылуу үчүн шайтан менен да дос болууга даярдай сезилет. Андыктан бул максатты ишке ашырыш үчүн "Республика" фракциясы менен, ал тургай "Ата Журт" менен да тил табышууга даяр болуп калган. Саясаттын классиктери айткандай "саясатта түбөлүктүү достук жок, түбөлүктүү кызыкчылыктар гана бар". Президентти Конституциянын чегине киргизип, КСДПны оппозицияга түртүп чыгаруу менен Өмүрбек Текебаевдин Конституциясына жаңы кан жүгүрө баштамак. Өлкөдө чыныгы парламенттик система орномок. Бул үчүн Өмүрбек Текебаев ак эткенден так этет. Ошол эле учурда Өмүрбек Текебаев өзүнүн бийликтеги позициясын чыңдап, спикерликке жетип, "мародергейтти" жаап, 20 жыл бапестеп келаткан "Ата Мекен" партиясын келечектеги кыйроодон сактап калмак.
 
Ал эми Феликс Кулов эмнеге кызыкдар болушу мүмкүн? Феликс Кулов 60 жаштан эбак өтүп президенттиктен үмүт үзүп, азыр дагы бир жолу толук кандуу премьер-министр болсом деген кыялын ишке ашырууга кызыкдар. Бийликке сатылып кеткен качкын депутаттары Каныбек Иманалиев, Токон Мамытов, Акылбек Жапаров, Камиля Талиева, Абдырахман Маматалиев сыяктуулардын айынан ыдырай түшкөн "Ар-Намыстын" абалын чыңдоо үчүн колунда премьер-министрдин ресурстары болушу зарыл. Андыктан Феликс Кулов азыр премьер-министрликке жетиш үчүн Өмүрбек Текебаевдин кандай гана шарты болбосун баарын кабыл алууга даяр.
 
Келечектеги башкаруучу коалициянын эки фракциясы бар, эми үчүнчүсү гана жетишпейт. Ал үчүн "Республика" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын ар кайсы гезиттер жазууда. Эгер "Республика" фракциясы Өмүрбек Текебаев менен Феликс Куловдун бардык шартын кабыл алып, Өмүрбек Текебаев спикер, Феликс Кулов премьер-министр  болуп дайындалышына макул болушса, анын кунуна КСДПнын бүткүл ресурстарын, министрликтерин алышмак. Ал тургай биринчи вице-премьер-министрликтен кем эмес чоң мамлекеттик кызмат алардыкы болмок. Ошентип үч фракциядан түзүлгөн башкаруучу коалиция жаралышы мүмкүн. Бирок, айрым скептиктер "коалиция үч фракциядан түзүлө алат, ошентсе да алар "Ата Мекенден", "Ар-Намыс" менен "Республикадан" бөлүнүп кеткен депутаттардын айынан көпчүлүк добушка ээ боло албай калышы анык" деп ойлошу мүмкүн. Бирок өз фракцияларынан чыгып кеткен депутаттардын айрымдары идеологиялык келишпестиктерден - парламенттик өлкөдө Конституция бузулуп, бийликти президентке мыйзамсыз өткөрүп берүүлөргө нааразы болгондор экени белгилүү. Мисалы Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдырахманов ж.б. Алар бул коалицияны колдошмок, андан сырткары көптөгөн депутаттык топтор жана айрым депутаттар кызмат жана каржы ресурстары үчүн көпчүлүк колалицияга кошулуп кетишмек. Бул Алмазбек  Атамбаевдин ыкмасын Өмүрбек Текебаев менен Феликс  Кулов пайдаланды дегендикке жатат. Ал эми "Ата-Журт" фракциясы идеологиялык максатта болсо да бул жаны коалициянын алгачкы кадамдарын колдомок. Мындай комбинацияны ишке ашыруу татаалдыкты жаратканы менен ийгиликсиз эмес.
 
Ал эми экинчи комбинация бул - кечээ Феликс Кулов басма сөзгө берген маалымат. Анда "Ар-Намыстын" лидери башкаруучу үч фракцияга төртүнчү "Республика" фракциясын кошуу менен көпчүлүк коалицияны чыңдоо оюн айткан. Бул комбинация ишке жеңилирээк ашат. Алмазбек Атамбаев Феликс Куловго күзүндө премьер-министрликти убада кылганы баарына маалым. Ошондуктан мындай версияда Феликс Кулов Алмазбек Атамбаевге иштеп, күзүндө премьер-министрликке конууга камданып турат. Бирок бул вариантта "Ата Мекен" эч нерсе деле утпачудай. Спикерликтен дайын жок болот. Өмүрбек Текебаевдин Конституциясы мурдагыдай эле иштебей кала берет. "Мародёргейт" иши жабылбайт. "Ата Мекен" партиясы ыдырай бермекчи. Андыктан саясаттагы чоң оюнчу Өмүрбек Текебаев ушул ролго ыраазы болуп эле кала береби, бул өзүнчө маселе. Буга ишенүү кыйын. 

Ал эми "Республика" фракциясы да башкаруучу көпчүлүк коалицияга кел десе эле чуркап бара бербейт. Алар азыркы ситуацияда чоң талаптарды коет. КСДП, "Ата Мекен" жана "Ар-Намыс" фракциялары өз ресурстары менен бөлүшүүгө туура келип, бул олуттуу талаш-тартыштарды жаратат. Андыктан экинчи комбинациянын ишке ашышы да жарга такалып калышы ыктымал. Эгер ишке ашып калса президент Алмазбек Атамбаевдин конституциялык талаадан чыгып кеткен бийлиги сакталып кала берет. КСДП фракциясы бийликте мурдагыдай орду болбосо да Атамбаевдин кучу менен көп багыттарда таасирин сактап калат.
 
Бул жумада гезит беттеринде биздин көзүбүзгө илинбеген дагы бир вариант бар. Ал - "Ата Мекен", "Ар-Намыс", "Республика" жана "Ата Журт" фракциялары биригип, жаңы башкаруучу коалицияны түзүп, КСДПны жалгыз оппозицияга калтыруу. Фракция лидерлери бул версияны тымызын талкуулашса керек. Эгер бул комбинация ишке ашып кетсе Кыргызстанда чыныгы саясат башталмак. Биринчиден, бул төрт фракция президентти конституциялык талаага кайтып келүүгө аргасыз кылмак. Алмазбек Атамбаев өзүнүн конституциялык ыйгарым укуктарынын чегинде гана иштей баштамак. Экинчиден, Өмүрбек Текебаевдин Конституциясы толук кандуу ишке киришип, өлкөдө анык парламенттик система орномок. Бул максатта Өмүрбек Текебаев азыр "Республика" жана "Ата Журттун" лидерлери менен да тил табышат болчу. Булар бири бирине кечирим кадамдарын да ташташмак. Анткени Өмүрбек Текебаев өмүр бою күрөшүп келаткан идеянын ишке ашышына дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Ал эми тилектеши катары эсептелген Алмазбек Атамбаев бул идеяларга "Республика" менен "Ата Журттан" кем эмес душман болуп чыкты. Төңкөрүштү бирге жасашканы менен Алмазбек Атамбаев "бардык бийлик меники" деп баарын басып алууга аракетин токтоткон жок. Ошол эле учурда өлкөдө башкаруу системасы өлүп, экономика очоюп, социалдык көйгөйлөр өсүүдө. Мындай шартта Өмүрбек Текебаев өзү үчүн эки жамандыктын азыраагын тандоого туура келет. Ал эми жамандыктын азыр көбүрөөгү Өмүрбек Текебаев үчүн бул анын Конституциясын иштетпей жаткан Атамбаев болуп калды. Албетте Текебаев үчүн бул комбинацияны ишке ашырууга ички, тышкы күчтөрдүн кепилдиги да керек болот. Менимче, Текебаев жана Кулов сыяктуу саясаттагы эски карышкырларга мындай ички жана сырткы кепилдиктерди алуу өтө деле кыйынга турбас.
 
Кана күтө туралычы, эмки жумада кандай саясый оюндар башталат...
 
Таалайбек Асанов,
"Кыргызтудэй"