Өткөн жумда бүткүл жер жүзүндөгү мусулман жана чыгыш өлкөлөрүнүн калкы жаз майрамы – Ноорузду белгилешти. Гумандуулук, тынчтык, кечиримдүүлүк жана бейпил турмушта жашоо сыяктуу жакшылыктардын жарчысы болгон бул майрамга ал тургай БУУнун Башкы Ассамблеясы да жогору маани берип, анын идеясын бүткүл адамзатка жайылтуу боюнча 2004-жылы атайын Резолюция кабыл алган. Анткени Ноорузда чындап эле бүгүнкү согуш оту тутанган, адам адамдын өмүрүн кыйып, кан жыттанган опурталдуу дүйнөнүн жарасын айыктыра турган касиеттер бар. Ушул күнү ар бир адам өзүндөгү жаман ойлорду жоготуп, кимдир-бирөө менен мурда чатакташкан болсо кечиришип, көңүлүн ооруткан адамды да кечирүүгө милдеттүү. Сүмөлөктү кайнатууда да жалаң жакшы калоо-тилектер айтылат.
 
Кыргыз бийлиги да ошол 21-март күнү Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияга өлкө элитасын чакырып, чоң жыйын өткөрдү. Анда алгач сөз баштаган Бишкектин мэри И. Өмүркулов куттуктоо сөзүн сүйлөгөн соң кезекти президент А.Атамбаевге берди. Алгач ал кагазды карап жакшы эле сөздөрдү айтып келатып, мүдүрүлгөн атка окшоп, эски адаты кармады окшойт, сөзүн орусчага буруп, атын ачык айтпаса да бүгүнкү бийликке оппозиция болгондорду каарып, жектеп өттү. Ал протоколдо, докладында жок бул жосунсуз сөздөрдү айтуу менен бир гана филармониядагы эмес, бүтүндөй ошол жыйынды телевизордон көрүп отурган кыргызстандыктарды жер каратты. Анткени биз атайын президенттин сайтын ачып, ошол күндөгү салтанаттагы сүйлөгөн сөзүн окуп көрсөк, жакшы эле сөздөр жазылыптыр. Демек, чийилген пластинкадай эски ооруусу кармап кеткен. Эмесе, өлкө башчынын сөзүн кандай, кайсы тилде айтса, ошондой берели: “- Приходится добавить грустную ноту. К сожалению, есть среди нас и те, кто мечтает создать в стране хаос. Грабить, убивать, как убили Усена Кудайбергенова, Раатбека Санатбаева, Руслана Шаботоева, Геннадия Павлюка, Медета Садыркулова, Сергея Слепченко. Расстреляли наших соотечественников в Аксы и на площади в Бишкеке. А есть и такие, о которых очень емко сказано в русской поговорке: "Кому война, а кому мать родна". Они, как стервятники, тоскуют по людской крови, большинство из них привыкло наживаться во время чумы на людской беде. Таким нелюдям и стервятникам я хочу сказать от имени всех здесь сидящих в зале и от имени всего народа Кыргызстана, как всенародно избранный президент: "Не дождетесь!”.
 
Көрдүңүздөрбү, бүгүнкү бийликке сын айткандардын баары эле эски бийликти эңсеген желмогуз, келесоо экен. Ооба, 2010-жылдын апрелине чейин алар тарабынан кетирилген кемчиликти эч ким оңдой да, актай да албайт. Өзгөчө аты аталган белгилүү уулдарыбыздын өмүрлөрүнүн кыйылышы бийликтеги болобу, оппозициябы, баардыгыбыздын кабыргабызды кайыштырууда. Андыктан эч ким ошол доордун кайтып келишин каалабаса керек! Болгону ошол эски бийликтин тушунда элдин көңүлүнө көк таштай тийген эки жүздүүлөр менен алдамчылардын, уурулар менен шүмшүктөрдүн бул бийлик менен да тил табышып алгандыгына нааразычылык күч алууда.
 
Андыктан А.Атамбаевдин өз бийлигине каршы чыккандардын баардыгын эле эски адатына салып канкорго теңей бериши журт башчынын айта турган сөзү эмес болчу. Ал жок дегенде ушул Улуу күндө эмоциясын ичке катып, жылуу, жакшы гана сөздү айтса болмок. Деги президентибиз элди экиге бөлгөндүгүн качан токтотот. Ошол биз үлгү алган АКШ менен Батыш өлкөлөрүндө өзүн сындаган же шайлоодо атаандашына добуш бергендерди тап душманы катары санап, өч алган ит адат болбосо керек.
 
А.Атамбаев же өзү, же командасы жакшы иштей албаса эл эмне деш керек эле? Мына президенттик мөөнөтүнүн жарымы бүтүп баратат, Кыргызстан күн сайын оңолбой эле оңкосунан кетүүдө. Жердешчилик, бөлүнүп-жарылуу, ар кандай шайлоолорду бурмалоо айыл өкмөтүнөн тартып, президент, парламентти шайлоого чейин орун алып, элдин ишеними такыр кеткендигин былтыры күзүндө жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолор эле көрсөтпөдүбү.
 
Ооба, азыр бакиевдердин үй-бүлөлүк, кландык башкаруусу жок. Ал заман тарых сыяктуу бүгүнкү “жакшылар” айткан “бакиевчилер” канчалык каалабасын, кайра кайталанбайт. Тилекке каршы азыр Кыргызстанда партиялардын, болгондо да  “морадёрлук”  кылгандардын кландык бийлиги орногондугун ким жокко чыгара алат. Ошондуктан коррупция, жердешчилик күч алып, экономика сызга отурууда.
 
Ж. Жакшылыков
Булак: “Майдан.kg”, №011, 2013-жылдын 27-марты