Кыргызстандагы эки революциянын чыгышынын негизги себепкери болуп, башында турган жана  “бульдозер” атка конгон Азимбек Бекназаров кайра эле көнгөн адаты боюнча бийлик менен тирешүүдө. Анын экс-президент Акаев тарабынан Үзөнгү-Кууштун кытайларга “белекке” берилишине өз элинин мекенчил уулу катары абийири жол бербей каршы чыгышын жана өлкөнү баласына (Максим) башкартып коюп, талап-тоноого жол берген Бакиевдин бийлигине каршы чыгышын түшүнсө болот. Ал эми кечээ эле ынак достордон болгон Атамбаев менен Бекназаровдун ортосун кайсы кара мышык аралады?
 
Чындыгында 2009-жылдагы президенттик шайлоонун алдында Бакиевдин негизги атаандашы катары белгилүү Атамбаевди Азикең түштүккө жетелеп алпарып, Лейлектен тартып алыскы Аксыга чейин түрө кыдырышкан. Ал эми ошол жай саратандын кечинде аябай катуу “сыйлап”, эртеси Базар-Коргондогу эл менен жолугушууда Атамбаев “өзүнө келе албай” “транс” абалында “кэчээ досум Азимбек катуу сыйлап коюптур” деп айтканын теледен, интернеттен көргөн эл булардын достугу бекем экендигине чындап ишенген болчу.
 
Бирок тарых кайра кайталанып, Бакиев бир туугандары менен кошо Минскиге карай качканда Атамбаев иш жүзүндө анын ордун ээлеп, майлуу-сүтүү кызматтарды өз билгениндей бөлүштүрө баштаган. Ошондон тартып жакын достордун  ортосуна алгачкы жарака кеткен болчу. Интернетке жарыяланган алардын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө азыр да Бажы кызматын башкарып отурган К.Кулматовдун тегерегинде кер-мур айтышкан. Демейде хандан, бектен кайра кайтпаган Бекназаров “Эгер силер мага каршы бир несе ойлоп тапсаңар, анда үчүнчү революция жасаймын, менде күч жетишет”,- деген. Ошол эле учурда ал Бакиевге алдангандай экинчи ирет алданбай тургандыгын, өзүнүн оюнун баштай тургандыгын эскерткен.
 
А.Бекназаров 2010-жылы парламенттик шайлоодо утулуп калып, катуу чарчаганбы же “банкрот” болгонбу, эки жылга жакын бар-жогу билинбей унчукпай жүргөн. Бирок жакында Жогорку соттун судьялыгына талапкерлигин коюп, тилекке каршы өтпөй калган (өткөрбөй коюшкан). Анткен менен Азикең жөн жатпай, эски досу Атамбаевди, азыркы бийликти сындап, Жогорку Кеңешти таратам деген сын макалалары менен маектери оппозициялык маалымат каражаттарына автоматтын огундай эле жаадыра баштады. Бул Бекназаровдун достукка бекем турбагандыгыбы же Атамбаевдин алешемдигине кыжыры кайнаган достуктан да жогору турган бекем позициясыбы? Ал учурда бийлигиң деле жөн жатпай, өзүнүн “кара жащиги” аркылуу Азикеңдин огородуна “бомба” ыргытып, дүйнө-байлыгынын сары эсебин чыгарып жооп берүүдө.
 
Мындан мурда айрым бийликке жагалданган гезиттер Бекназаровдун байлыгын, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрүн, ажатканасына чейин эсептеп, сүрөтү менен кошо жарыялады. Көрсө, ошондо жыландын башы кылтыйган экен. Андан көп өтпөй жакында бийлик тарабынан Бекназаровдун дарегине алгачкы “точечный” сокку жасалды. Мурда аты-жыты билинбеген “Элдик кайрат” деген коомдук уюм пайда боло калып, Башкы прокуратурага 2010-жылы апрель окуясында Ак үйдүн сейфинде сакталып турган 16 млн. сом акча А.Бекназаровго берилип, андан соң дайынсыз жоголуп кеткендиги тууралуу кайрылыптыр. Ушуну гана күтүп турган Башкы прокуратура шымалана киришип, азыр ал акчанын сары изине түшкөн кербези. Эгер бийлик менен Башкы прокуратура ошончолук эле принципиалдуу болсо, ошол апрель тополоңунда банк ячейкаларынан уурдалган миллиондогон сомдор менен долларды издебейби? “Морадёрлор” тарабынан уурдалган бакиевдердин эки тонна алтынын мамлекеттин эсебине кайтарып бербейби? Эмне, Кыргызстанда дале бирөөлөр ийне уурдаса деле камалып, башкалар мүшөктөп акча, тонналап алтын уурдаса да жоопкерчиликке тартылбай жүрө береби?
 
Бирок Бекназаров Убактылуу өкмөттүн буйругу менен ошол акчанын 10 млн. сому Ош жана Жалал-Абад облусттарындагы өз тарапаташтарын (Убактылуу өкмөттүн) колдоо үчүн 5 млн. сомдон бөлүнүп берилгендигин айтууда. Ал тургай ал акчанын тиешелүү документтерин А. Атамбаевдин жеке өзүнө берген экен. Бирок президент азырынча ал документтерди алган-албагандыгы тууралуу ак же көк деп айта элек.
 
Мындан тышкары Бекназаровдун баласы Эрнистин атасы депутат кезинде машина бизнес жасаймын деп бир адамдан ири суммада акча алып, азырга чейин бербей жүргөндүгү кайрадан козголууда. Андан ары  Бакиев учурунда Башкы прокурор болуп турганда издөөдөгү кылмышкерлерди кантип “актагандыгы” жана башка ишмердүүлүгү ачыкка чыгышы мүмкүн.
 
Ким билет, эгер Бекназаров унчукпай эле жүргөндө бул “былыктары” жабылуу аяк жабылуу бойдон кала бермек беле? Бирок ал күн өткөн сайын эски досу Атамбаевди баш кылып, азыркы бийликтин бир катар былыктарын чукуп жатат. Деген менен анын деле колунда азыркы бийликтегилердин көптөгөн көмүскө иштерин ачыкка чыгара турган карта жетиштүү. Бир чети анын учурда камакта жаткан К.Ташиев, С.Жапаров жана Т.Мамытовдордун жок жерден “абийир туткуну” болуп жатышына жаны кейип жатса керек. Албетте, бул үч депутат акыры бир күн бийликтин зынданынан чыгат. Ошондо тарых кайра кайталанып, бүгүнкү чардап жашаган далай Ак үйдөгүлөр түрмөдө отуруп калышы ажеп эмес. Болду болбоду мындай кырдаалды алдын ала сезип-туйган Азикең арканды алыс ыргытууда.
 
Азыркы бийлик демекчи, булардын 2010-жылдын апрелинде кантип 90 азаматты окко тосуп берип, бийликти басып алгандан тартып, бакиевдер менен алардын жакындарынын үй-жайын, алтындарын, банктардагы акчасын талап-тоноп, Тейиттеги бакиевдердин ата-бабасынан калган үйүн кыргыз боз үйү, желегине кошуп өрттөлүшүнө тиешеси жок деп ким айта алат? Бийликти алабыз деп бүтүндөй түштүктү канбайрамга салып, жүздөгөн бейкүнөө адамдардын өлтүрүлүшүнө ким жооп берет? Албетте, ошол кезде бийликте турган Убактылуу өкмөт башчылары! Ооба, зордук менен зомбулук, митайымдык менен наадандык өкүм сүргөн бүгүнкү кыргыз бийлигинин тушунда алар жазаланбайт. Бирок “кан куткарбайт” демекчи, эртеби-кечпи бизде да адилеттик өкүм сүрүп, тарых алдында булар деле жооп бере турган учур келер.
 
А. Бекназаров дал ушул экинчи революциянын да максатына жетпей калгандыктан улам үчүнчү ирет революция жасаймын деп жандалбастап жатса керек. Же аны бийлик озунуп камап салабы?
 
Капарбек Жамгырчиев
Булак: "Майдан.kg"