Өзү жалгыз жашайт экен. Үйү кудум Кубат акенин тоо үйүнө окшош, бирок суу боюна салыныптыр. Кадимкидей шаркыратманын жээгинде эки кабат үйдө турат. Туш-тарабы чытырман токой. Балконуна чыгып, эңкейип карасаң баш айланат. Суу сүрүнөн коркосуң. Балкондон ары узун көпүрө. Анысы алкынган суунун ортосуна жетет. Көпүрөнүн башына коюлган отургучтарга отуруп алып Мелис байке балык кармап атыптыр...

Депутат Равшан Жээнбековдун саясий кырдаал тууралуу макаласы

«Чыныгы тарых өз өтмүшүн жоготту. Аны тарых жазуучулар өз улутун улуу кылып көрсөтүүгө, жеке адамдардын кызыкчылыгына бурмалап отурушуп жөө жомокторго айлантып салышты. А, чыныгы тарых летописттик кол жазмаларда бекилген бойдон калууда. Бирок, бир айтаарым бурмаланган тарых президентти дагы, тарых жазуучуну дагы эртедир-кечтир жөн койбошуна кепилдигим бар. Себеби чыныгы тарых өтмүшүндө не деген инсандардын каны-забалы жатат. Ким болбойлу ушуну унутпашыбыз керек!».

 

Бирөө айтты эле «парламенттик башкаруу деген менен дагы эле президенттик диктовка» деп. Муну калчагычам болбой белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров «Азаттыктын» «ыңгайсыз суроолор» теледебатында СДПКнын лидери Чыныбай Турсуналиев менен болгон кайым айтышуусунда али премьер-министрден дайын жок Жантөрө Сатыбалдиевди куттуктап ийбедиби. Ал байкуш кокус берилген суроого алапайын таппай бардык иш Конституциянын негизинде деп алтерге түшө жалпактабадыбы.

 

Кайсы бир кытайакылманы XXI кылымда дүйнөнү кытай ээлей тургандыгын айткан экен. Болгондо да алар согуш ачпастан туруп эле ички. Мыйзамсыз миграция жолу менен ар кайсы мамлекеттерге желип-жортуп жетип, “кебез менен мууздай тургандыгы” айтылып жүрөт. Ал эми жер бетиндеги адамзаттын төрттөн бир бөлүгүн дал ушул кыска бойлуулар түзөт.

“Ырыс алды ынтымак” аттуу (элдик макал менен чаташтырбагыла, ага таптакыр тийешеси жок) жаңы коалиция Атамбаевдин буйругуна жараша, өз алдынча дааратканага да бара албаган техникалык өкмөт түзүүгө бел байлап, анын анабашына Жантөрө Сатыбалдиевди олтургузмай болушту.

Өлкөбүз эгемендик алып, эгемендүү мамлекет болгондон бери эле бийликке келгендер тарабынан саясатчыларга, айрыкча, оппозициялык маанайдагы саясатчыларга, алардын  арасынан чындыкты бадырайта көрсөтүп, бетке айткандан да тайманбаган  журналисттерге аша чапкан куугунтуктар болуп келгендиги жашыруун эмес.

2012-жылы 20-апрелде укук коргоочу-адвокат Ороз Мадиновтун “Судьялардын кылгы жанга батты” деген макаласы  “Эркинтоо” гезитине жарыялаган соң, Нарын областынын коррупцияланган соттору уюшуп алышып, “биз эл алдында сүттөн акпыз”,- деп ага каршы чабуулга өтүштү.

Кытай элинде «эгер жолборс адамды жегиси келсе, анда анын адамды качан жеши ошол жолборстун табитинен гана көз каранды болот» деп айтылмакчы Ө.Бабановдун өкмөтүнүн кулашы коалициялык көпчүлүктүн табитине жараша болуп калды. Эми эң негизги маселе элге, жерге адилет кызмат кылып берчү жаңы өкмөт башчысын тандап алууда турат.

Учурда айрым эксперт сөрөйлөр коомчулуктун башын адаштырып, акыры парламенттеги башкаруу коалициясынын ыдырашы менен бүткөн өкмөттү кетирүү демилгесине “жөн гана кызмат талаш”, “жеке өч алуулар” катары боёк сүртүшүүдө. Анткен менен, терең анализдей келгенде, өкмөттүн, Бабановдун отставксына негиз боло турган бир топ себептер бар. 

Нариман Түлеевдин тегерегинде болуп жаткан окуялар бийликти колдогон «Апрель байрагы», «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмелеринин чырагына май тамызып, сот, прокурордун ролун ойногондордун табаларын кандырып олтурууда. Бирок, эмне себептен жалаң элди куруткан, кыргыз мамлекетинин мүлкүнө кол салгандардын арасынан жападан жалгыз Нариман Түлеевке токтолуп жатышат. Балким, мунун артында саясий оюн жаткан жокпу? Ө.Бабановдун акчасына алка-шалка тердеп, жаштар өзүнчө маалымат жыйынын өткөрсө,  карылары чогулуп, башка пресс-конференцияларды уюштуруп жатышат. Жаштардын арасында да, карылардын арасында да бет кап жамынып, эки жүздүүлүктөрү үчүн  «дүжүр» деген ыпылас  атка конгону  элге эчак эле билинип калган. Кайда гана жүрбөсүн Бабановго колдоо көрсөтүшүп, апрель айында каза болгондордун арбагын нааразы кылышып, жарадар болгондордун укугун колдобой жалаң гана өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөшүп, бийликти коргоо жолу менен акча тапкан механизмди жакшы өздөштүрүп алышты. 
 
Мындай дүжүргө айланган саткынчылар бийликти убактылуу гана коргой алаары бышык. Бийлик ыңгайсыз абалда калгандыктан, коомчулукту дүрбөтүп, Нариман Түлеевди камакка алуу менен бийликтин саясатчыларга карата аң уулосу башталганын ачыктан ачык көрсөттү. Эгерде 2010-жылдагы революцияда ушул эле Азимбек Бекназаров менен Кыргыз Республикасынын ошол кездеги башкы прокурору Байтемир Ибраев телевидение аркылуу күнүгө “Нурлан Сулаймановду, Нариман Түлеевди жана Бакиевдин тегерегинде жүргөн башка чиновниктерди түрмөгө камайбыз, ошондой эле “Ак-Жол” партиясынын бир далай депутаттары да жоопко тартылат» деп биринин артынан бири сайрашты эле. Бирок, алардын айткандары ишке ашкан жок. Коомчулук “Н.Түлеевдин жазага тартылышы эп” - деп турса, ушул эле Биринчи май райондук соту аны актап, “эч бир кылмышы да, күнөөсү да жок экен” деп бошотуп жиберген. Ошондо бул соттун чечимине баары таң калган.
 
Албетте, чындыкты айтуу кажет. Бакиевдин кол алдында иштеп жүргөн көп чиновниктер, убагында оппозицияга маалыматтарды жең ичинен ташып жүрүшкөн маалым. Мисалы, ошол эле коопсуздукту сактоо кызматынын айрым тыңчылары оппозициянын агенттери болушчу. Жаңы бийлик келээри менен алардын баарысы ак үйгө кызматка алынганынын себеби ошондо. Булардын көбү Максимдин жаман адатына туш болушуп, кызтекеге айланып калган деген да кептер айтылып жүрөт. Ал эле эмес Клара Кабилова: «Максимдин буйругун аткарбайм» деп тетирленгени үчүн Максим кабинетинен чыгарбай эмне кордукту көрсөткөнүн коомчулукка жарыя болуп кетпеди беле. Же болбосо, сот жообуна тартыла турган генералдар, прокурорлор, соттор, мамлекеттин эсебинен байыган аферисттер, саткындар, мамлекеттик мекемелерди уюшкан коррупциялык кылмыш топторуна айланткандардын катары эки жүзгө жеткен, мамлекеттин бюджетин мүлжүгөн, менчигине басып алган уруулар көп. Тилекке каршы, бийлик башындагылар өзүлөрү уурулардын анабашына айланган. Демек, темир тордун артына өздөрүнө жолтоо болгон айрым чиновниктерди гана эмес, дал ошол мамлекетке залкасын тийгизгендердин баарысын тегиз камакка алууга тийиш. Ошондо гана бийликтин Түлеевти камаган аракетин кош колдоп кубаттоого алат элек.
 
Убакыт өткөн сайын ар бир жасалган иштерди салыштырууга, сынаганга мезгил келет. Мына апрель революциясынан кийин, Бишкек шаары таштандыга айланды, көчөлөрү бузулуп, тротуарларды дубалдар ээлеп, көчө тарып, жол тилкесинен айласыз жөө баскандардын өмүрүнө коркунучтар туулду. Мындай “беспределге”, шаарыбыздын мэри Иса Өмүркулов өзү жол бергенден кийин, шаардыктар борборбу, жаңы конушпу, айылбы же шаарбы деп эске албастан чаптама үйлөрдү салып,  тротуарды менчикке кошуп алышкан, мыйзамсыз жерлерге күркөлөрдү, контейнерлерди коюшуп, шаардын көркүн кетиришкен. Базарлардын тегереги мыйзамсыз соода кылгандарга (алар да жумушсуздуктун айынан ошерде олтурушпайбы) толуп, адам басканга, эркин соода кылууга жер да, шарт да калган эмес. Базар түйүндөрү шаардын ортосунда болгондуктан, эл маршруткаларда тыгылып, маршрутка, автобус, жеңил авто унаалар көчөлөрдө, базар жээктеринде тыгындарга кабылып жатат, айтор, шаар “кимди ким көрдү, Баржыбайды там басты” акыбалда. Жол кырсыктарына кабылган, кылмышкерлердин запкысына туш болгон шаардыктардын илең-салаң жашоосу тууралуу кеп кылбай эле коёлу. Ал эми шаарга пайгамбарлык кылган Иса Өмүркуловтун жеке чөнтөгүн кампайткандан башканы ойлогонго убактысы жоктой сезилет. Ал эми Нариман Түлеев шаар башчысы болуп турган мезгилде баалоого татыктуу иштери аз эмес.
 
Иса Өмүркулов ал тургай Нариман Түлеевдин жазып кеткен программасын улантып, аны да так аткара албай жатпайбы. Эгерде мамлекетте мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөндө, Бишкек шаардык мэриясындагы иштеген чиновниктердин дээрлик көпчүлүгүнүн орду алигиче түрмөдө болмок. Бул жакта иштеген айрым аткаминерлердин мыйзамсыз иштерине шаардыктар күн сайын күбө болуп, тилин тишине кыпчып, унчукпай келе жатышат. Иса Өмүркуловдон кийин шаарды жетектөө ишин колуна алчу мэрди “шорлуу” деп эсептесек да жаңылышпайбыз. Албетте, минтип жанга баткандыктан айтып олтурабыз. Шаардын тамтыгын кетиргендерди акыры жоопко тартылабы? Же ошол эле социал-демократтар партиясынын мүчөлөрүнүн анын ишин көрбөгөн көздөрү сокурбу же кулактары кереңби? Тез аранын ичинде Иса Өмүркуловдун үстүнөн кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартыш керек, эгерде дагы кызматта олтура берсе, анда Бишкектин жерин эле эмес, көчөлөрү менен тротуарларынын баарысын менчикке чыгарып, баарын сатып жибербейт деп эч ким кепилдик бербейт.
 
Иса Өмүркулов “Кыргыз темир жолу” ишканасын жетектеп турганда вагондорду темирге өткөрүп, паракорчулуктун классикалык даана үлгүсүн көрсөткөндүгү эл ичинде узун сабак сөз, ушак-айың иретинде айтылууда. Темир жолдун артын менен ал үч жолу КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өткөн. Ал эми Н.Түлеевке ишкананы оңдоп-түзөө оңойго турган жок. Биринчиден, «Кыргыз темир жолу» ишканасына мыйзамдуулукту орнотуп, тарыхында биринчи жолу темир жолчулар 20 миң сомдон айлык ала баштаган. Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты жакшырып, жүктөрдү темир жол аркылуу ташып өтүүдө мыйзамдуулук орной баштаган. Мындай зор эмгекти бааласа болобу же азыркы Н.Түлеевдин иштеген эмгегин, чогулткан каржыларын жеп-ичип, темир жолду сызга отургузганды колдойбузбу? Ошол эле темир жолчулардын оозунан Н.Түлеевтин ишин жамандаган же болбосо акча жегендиги тууралуу пикирди уккан жокмун.
 
Коомчулук учурда кимдин ким экенин биле албай түкшүмөл абалда турат. Бүгүн кимдин колунда бийлиги, байлыгы болсо эле оюна келгенди кылып, саясаттагы сасыткы иштерин жасап, кыргыз мамлекетинин ашмалтайын чыгара берсе болобу? Эгерде чын-чынына келсек, ууланган көмүрдү элге таркаткандарды камамак тургай, кызматтан да алышкан жок. Деги акча менен эмне гана маселелерин чечишкен жок. Акчанын кудурети менен республикага келген радиоактивдүү деген көмүр “радиоактивдүү эмес” эмес болуп чыгып калбадыбы? Натыйжада, уулуу көмүрдүн залакасы ар бир шаардыктын ден соолугуна али күнгө чейин тийип жатканы бештен белгилүү. Эгерде калк үчүн, мамлекет үчүн күйсө, эмне себептен бул багытта тийешелүү иш-чаралар көрүлбөй келе жатат. Көрсө, азыркы бийликтегилер акча алдында ата-эне эле эмес, аялын, бала-чакасын деле сатып ийгенге даяр тургандай акыбалга келип калган окшобойбу?..
 
Ооба, ошентип, учурдагы  бийликтеги төбөлдөр саткындык илдетин тумоодой жугузуп, анча-мынча энөө адамдарга акча берип, өз талаптарын аткартып жатат. Митинг, пикеттерге элди карама-каршы кылып чыгарып, саткындарды алдыга коюп, коомчулукка каршы тукурганды жакшы өздөштүрдү. Алакандай кыргызды аймакка бөлүп, ал эмес ага-инилерди касташтарып, бийликтин камчысын чаптырды. Ал эми оппозициялык маанайдагы саясатчыларга ачыктан ачык элди каршы тукуруп, кол салганга чейин барышып, карапайым калк да өз пикирин айтуудан айбыгып калды. Мындай иштер демократиянын улуу дөөлөттөрүн бурмалап, мамлекеттин баягы эле авторитардык системага айланып баратканын көрсөтүп турат. Эгерде биз мыйзамдуу өлкөдө бактылуу, байгерчиликтүү жашоону кааласак, мамлекеттик кызматкерлердин уурулугун токтотушубуз керек. Ал эми мындай жаман адатты токтотконго саясий эрки бекем, кыргыз мамлекети үчүн күйүп-бышкан, таза иштеген, жаратман, ыймандуу инсан журт башчылыгынына келиши керек. Калп күлүп, оозунан алтын шилекейин чачырата сүйлөгөн, жүрүм-туруму жасалма, бирок, жүрөгү ыпылас, көздөрү байлыкка тойбогон, завод-фабрикаларды менчиктештирип алып, жабдууларын текейге баалап сатып, цехтерин кампаларга айлантып, ижарага берип, акча тапкан ишкерлердин бийликке келиши кыргызга жакшылык алып келбейт. Элди тынчтыкка чакырымыш болуп, бийлик креслосунда олтуруп, мамлекетти экономикалык сормо сазга тыккан жол башчылардын кимге кереги бар? Ошол эле канадалыктар “Кумтөрдүн” тамтыгын чыгарып,  алтынын ташып кеткен соң, кыргыздын укум-тукумунун генофондун бузуп, муундан муунга зыян келтиргенинин бизге кереги барбы? Эл байлыгы, мекенибиздин ырыскысы болгон кен байлыктарыбызды, гектарлаган жерлерибизди, салыктан качып, күйүүчү май менен аткезчилик  кылып тапкан миллиарддаган долларларды сологон бийликти укук коргоо органдары эмнеге жоопко тарта албайт? Деги кыргыз качан ойгонобуз же көнүмүш адаттардан арыла албай, саткын бойдон кала беребизби? Бийликтин рекетчилигин, зулумдугун унутуп калдыкпы? Бул бети каралар алардын ишине жолтоо болгон, бай саясатчыларды камакка алышат  дагы, анан уй саагандай акчаларын “саай” башташат. Эгер андай кылуу колунан келбесе, өлтүрүп тынышат. Бул дагы мамлекеттин жогорку бийлигинде олтургандардын көмүскө бизнесине айланган шекилдүү. Баяман Эркинбаевти, Жыргалбек Сурабалдиевди, Руслан Шаботоевди, Санжар Кыдыралиевти, Рыспек, Тынчтык Акматбаевтерди дал ушинтип жок кылышкан. Убагында Ишенбай Кадырбековду камакка алып, акыр-соңунда баш-аягы 500 миң долларды сарптап, кое бергенин унуттукпу? Урмат Барктабасовдун  “Гелен-Ваген” үлгүсүндөгү 300 миң долларлык “Мерседес” машинесин, 50 миңдик ролик саатын, жанындагы 250 миң долларын СНБнын кызматкерлери тартып алып, кайра кайтарып беришпей койгонун да жакындары айтып жүрүшөт. Урмат Барктабасов молдолор аркылуу соодалашып кутулду. Чындыгында, анын кылган кылмышы да жок эле, айласы куругунда Урмат Барктабасов өлкөдө  мыйзам үстөмдүгү жоктугунан, мүлкүн доолагандан тартынып, кутулганына сүйүнүп, тынч оокатын кылууда. Орусча айтканда, мына ушундай “беспределден” кийин бийликке ишенсе болобу?
 
Чындыгында, Н.Түлеевке коюлган статья бардык чиновниктердин башында бар, керек болсо, адам өлтүргөн жана адам өлтүргөн кылмыштарды жашырган генералдар эмне себептен камалбайт? Чаң басып жаткан кылмыш иштерин кайра көтөрүп, козгоп чыкса, эмнеге болбосун? Ө.Бабанов акчасынын күчүнө салып, Италиянын Берлусконисине окшоп  массалык маалымат каражаттарын колго алып, карама-каршы чыккандарын жолун ар түрдүү ыкмалары менен тазалап, акчанын күчү менен Кыргызстандын баарын сатып алмай болду.
Айтор, Кыргызстандын эртеңки тагдыры бүдөмүк бойдон турат.
 
Жаркынай Мурзабаева,
эркин журналист 
«Байларга караганда жардылар кабагым-кашым дебей, жадырап-жайнап, 
шайыр-шаттуу жашашат»
 (Сенека)
 
Сөзүмдүн башын байыркы римдиктердин көрүнүктүү ойчулу, саясий ишмер, император Неронду тарбиялаган устат Луций Анней Сенеканын даанышман кебинен баштагым келип жатат. Анткенимдин жөнү бар, өзүңүздөр баамдап тургандай, сөзүбүз байлар туурасында болмокчу. Анда эмесе, cөзгө конок берели.

Байлык ашып-ташыганы менен анын да азап-тозогу бар. Уйкуну жеген убайымы бар. Таза жол менен келген байлык болсо жарасы жеңил го, ичип-жегени сиңимдүү, жандары тынчырак жашашат дегендей. Канткен менен уурулук жол аркылуу маарыгандардын «көчүктөрү» өтө эле кууш болуп калат.

Ооба, карапайым адам кабагым-кашым дебей, коркпой-үркпөй эле жашоосун кечире берет. Ал эмес "эй, эртеңки күнү эмне жейсиң?" десе, «Кудайдын айтканын көрөбүз да» деген жообун айтып, бурулуп алып басып кетет. Кыргыз калкынын 70-80 пайызы акыркы жыйырма жылда ушундай топуктуулук менен эле жашап келатат. Топук кылбагандар, тойбогондор кимдер? Баягы эле «байлар». Бирок «байлар» деп жалпылап айтканым одонороок болуп калат го дейм, андыктан «коррупционерлер» деп эле айтайынчы. Мына, накта «байлыгы» башынан ашып-ташыган «танкалардын» армиясы так ушулар.

Кантип, кандай жол менен булар мындай эсепсиз байлыка ээ болуп алышкан? Асмандан жаадыбы буларга байлык? Жок. Булар кадимки эле уурулар. А ууру кылган адамды, бирөөнүн чөнтөгүнө, элдин ырыскысына, калктын, мамлекеттин капчыгына кол салгандарды илгери Кытайда колунун манжаларын керте чаап, мойнуна каамыт кийгизип салышчы тура. Бул өлүмгө тете жаза болгон.

А бүгүнкү мезгилде деле Кытайда «коррупционерди» аяп, башынан сылап, эркелетип отурбайт. 2005-жылы Орто Азиядан барган журналистердин тобу Кытайдын кылкылдаган шаары Шанхайда болуп, ошол 18 миллион калкты тейлеген Шанхай шаарынын мэри менен жолуккан элек. Ошондогу биздин «коррупция» деген айыкпас илдетке байланышкан сурообузга расмий жооп берүүдөн баш тартып, а бирок кийинирээк атайын түштөнүү учурунда тымызын четин чыгарып айтып берген эле. Ошол мэрден мурункусу шаар курулуш иштеринен анча-мынча тыйын өөнөй койом деп болгон мүлкүнөн ажырап, 25 жылга түрмөгө кесилип кетиптир. Анын азырак жеп, аман калганын айтып, «бактылуу адам» экен деди эле мэр өзү.

Ал жакта кайсы бир өлчөмдөгү суммадан ашык жеп койсо сурак-мурагы жок эле атып саларын баса белгилеп беришкен. Мына, ушуга кандай карайсыздар? Менин жеке пикиримде туптуура кылышат. Карагыла, биздикиндей «жеп-жутаарлары» болсо аларды миңдеп атып турса да, күнөөсү тоодой «коррупционерлерди» айтам, андан кытайлыктардын кылы да кыйшайып койбойт, эзели элинин саны бөксөрүп да кетпейт, а бирок миллиардаган калктын жашоо турмушуна, экономикасына эсепсиз пайда болоору турган иш. Дал ошондой үзүрлүү реформанын аркасы менен акыркы 20-30 жылда улуу Кытай болуп көрбөгөндөй гүлдөп, өнүгүп, өсүп, бүтүн дүйнө жүзүн багып, дүңгүрөтүп жатат.

Эми өз өлкөбүзгө келели. Бакиев мезгилинде Бишкекти «бийлеп» турган Түлеевдин ойдаа бир жылдызы жанган эле. Биягына бапырата парк куруп, тиягынан фонтан аттырып, фонтанды да жөн аттырбай айланасына Манас бабабыздын кас душмандарынын айкелин каз катар тизип, аларды "Ала-Тоо" аянтында сейилдеп, сергип турсун дегендей аракет кылды эле, кашайып Бакиев «атасы» экөөнүн ал максаты иш жүзүнө ашпай калган. А бирок анткен менен анын ошол май-көл, сүт-көл учурдан ченебей пайдаланып, эсепсиз маарыганы эми булайып чыгып, кыңыр иши кырк жыл эмес, төрт жылга жетпей эле билинип калды. Азырынча билингени бир миллион төрт жүз миң доллар экен, элдин эсебинен «ап» деп койгон акчасы. Акчасы жөн эле акча болсо жыргабайт белек, «жапжашыл» акча тура, кытыраган. Анан ошол кытыраган акчалар аны депутат кылды.

«Эч кимдин колу тийгис болуп алдым, эми эртелеп кайра шаардын мэри же премьер боло калсам, андан аркысын көрө жатармын. Биринчи адам болушка бир кадам калат» деп, алакан ушалап турган. Анан эле ачык турган асманды кара булут каптап, Нариман акебиз «нарга» түшүп калбадыбы. Баракелде дебеске арга жок, «акактай таза адамдын аброюна шек келтирип, бул деген накта саясий куугунтук» дешип, кай бири жакаларын уучтап, 37-жылды оозанып да жиберишти. Түлеев өзү түз эле БУУнун эшигин тыкылдатып кирип барып, эл аралык сотторго жетип, «Атамбаевди баш кылып соттотом» деп айтып ийди. Жакындарынын бирөөсү «эшектер, эртең бийлик алмашса - баарыңар тең өлөсүңөр» дегендей ызырынды. Бакиев кайра келип калат дегендей үзүлбөгөн үмүттөрү бар го сыягы.

2007-жылдын март айларында МТРКнын журналисти Кайрат Биримкуловду өз үйүнүн жанынан өлөөрчө сабап кетишти. Жылдын башында «Кыргыз Темир жолу» ишканасындагы ашынган былык иштери боюнча журналисттик изилдөө жүргүзө коюп, анын жыйынтыгын басма сөздөргө жарыялайм деген аракетинен майнап чыкпай, аягы чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Январь айында мага келип, толгон чуулуу материалдарын жая салып көрсөтүп, аларды «Агымга» жарыялоону чечкенбиз. Анан эле кечке жуук кайра келип «Байке, кереги жок, чыгарбай эле койолучу, бул чыгып кетсе, соо калбайм, Түлеев түбүмө жеткени калды окшойт» деп, болгон кагаздарын кайра көтөрүп кеткен. Ошону менен жабылуу аяк жабылуу бойдон калып, Кайрат иним октябрда укук коргоочу Качкын Булатов менен атайын келип коштошуп кеткени эсимде. Анын ал учурдагы абалын анча деле аңдаган эмес экем. Кийинчерээк так ошол Кайраттыкындай тагдыр өз башыма түштү. “Башка түшсө, байтал жорго болот” деген чын экен да.

Эл журттун курсагы курулдап, ачкасынан кесээрип, эмне кылаар айласын таппай отурганда Түлеев түз эле жүз миллион доллар иштеп тапканын жарыялап жүргөн. Ошондо ондогон адамдардын оозу ачылып, ошол бойдон жабылбай да калган. Ошол ачылган ооздор эми олигарх Түлеев түрмөгө түшкөндө араң жабылбадыбы. Ошентип ушу тапта жалгыз эле Түлеев эмес, түмөн «жегичтердин» түн уйкусу бузулуп, ашыкча дөөлөттөрү баштарын жарып, айлаларын таппай «аллергия» болуп турган чактары.

Түлеев менен кошо отурган Ак үйдөгү парталаш «ак көйнөкчөндөрдүн» теңинен көбү май калпыган «мансаптуулар». Алардын жоон тобу тээ тиги токсонунчу жылдан баштап эле элди тоногондор, эң кызыгы бийликтин эки чылбыр, бир тизгини жалаң гана ошо тоногонго көнгөндөр, жалаң ошол тойбогондордун колунан чыкпай турат. Этектерине эрмешип, жакаларына жармашып атышып эки президенттин эсебин табышты. Ал экөөндө болсо ар-намыс, уят-сыйыт дегендин жыты да калбаптыр. Жылтырагыча тоюп, семирип алышты да «жылт» коюп кете беришти. Качып барып алышып, капкайдагы жомок менен элдин башын айлантып, акыл-насаат үйрөтүп турушат, анда-санда.

Экөөнүн тарбия-таалимине сугарылып бүткөн, жөө тумандай «жөкөрлөрү» саткын кожоюндарга каалагандай, катыра кызмат кылып беришти. Жаман эмес, ошонун үзүрүн эмдигиче көрүп жатышат. Колу буттарын кайрып, кармап келип, аларды элден кечирим суратып туруп, катыра жазасын берчүүлөрдүн ана башында так ушул эки «кит жегич» турат. Чартаңдаган «чабактары» мындан көп.

Кандай айырмасы бар, китпи, битби, чабакпы баарынын тең эл алдында жооп бере турган учуру келди, бири да калбай. Алардын баарын санасаң санактан адашасың. Эң кызыгы азыр санатпай-этпей эле, эл журт алардын ар бирин аттын кашкасындай тааныйт жана жатка билет.

Эми ошол Акаев менен Бакиев бийлигинин тушунда майын чыгарып «иштеп», мансапка оңбогондой маарыгандардын баарын «кустуруп», акыйкаттык менен дыкат текшерип, күнөөлөрүн аныктап, күнөөсү жок болсо актап, тактап, таразалоо зарылчылыгы турат.

Андан дагы булардын кимисине болбосун ооз ачып эле койсо болду, «опулдап», коргоп чыккандардын армиясын кадимкидей эле «компанияга» айлантып, таптакыр эле кесип кылып алышты десеңер. Бир чети аларды күнөөлөш да чекилик болуп калчуудай. Себеби аларды көкүтүп, калканыч кыла койгон ошол эле байлыгы башынан ашып-ташкан «байкуштар» болуп жатпайбы. Дароо «байкуш» боло калышат.

Канткен менен эл деле түшүндү көрүнөт. Тууганы ак болсо, таза болсо жакындарынын туруп бериши керек го. Аларды алиги «жегич» тууганы жеткизе камсыздап келген да убагында, аны актайм деп чыккан тууганы -  акесинин тапканы кайдан, кандай жол менен келгенин билип коюптурбу? Азыр эми арам акчаларды алып жүрүшкөнүн аз да болсо аңдап жаткандыр.

Туура түшүнсөңүздөр экен, акыры эл катары, эгемен өлкө катары жакшы турмушта, эркин, бакубат жашагыбыз келсе мындай долулукту таштайлы, бул жарабайт. Эртеңкини, бала-чакаңардын, небере-чөбөрөнүн келечегин да ойлоп дегендей. Байлыкты ак иштеп, таман акы, маңдай тери менен тапкандар деле бар го, бирок андайлар өтө аз жана саналуу болуп жатпайбы. А “сизиң” менен “бизиңдин” ырыскыбыздан өөнөп, каалаганындай уурдап, миңдеп эмес, миллиондоп жеп атса деле алардын таламын талашып, коргой берген кайсы акылга сыйсын?

Коргой турган адамды, жөн эле жерден кордук көрүп атса акыйкаттык үчүн андайларды жактап чыгуунун жүйөсү бар десек жарашар. Колдоого муктаж болуп турган азыр президент Атамбаев. Колуңардан келсе анын ушул коррупцияга каршы жасаган чечкиндүү кадамдарын кош колуңар менен колдоп, жардам берсеңер жарашаар беле?

Кандай гана реформа, өзгөрүү, жаңы башталыш болбосун - элинин, журтунун колдоосу жок болсо кайдагы жылыш да, кайдагы өсүш? Өйдөлөгөн, өскөн өзүбүзгө керек го акыры. А силер коргоп, кокуйлап аткан коррупционерлердин басып койгон байлыктары керек болсо төрт-беш муунуна жетет. Андан силерге эмне пайда?
                
Асыран АЙДАРАЛИЕВ
Эркин журналист, публицист.
Финляндия. 10.07.2012.
Бишкек, "Саясат.kg". “Канадалык «Кумтор Оперейтинг Компаниясы» менен Бабанов башында турган өкмөт республиканы чөгөлөтүп  жатат”,- редакциянын дарегине келген “Акыйкат» элдик кыймылынын билдирүүсү мына ушундайча башталат. Төмөндө бул кайрылууну кыскартуу менен окурмандын назарына бурабыз: 
 
Кыргыз элинин кен байлыгы, жеринин сулуулугу, мөңгүлөрүбүздүн дарылык касиети, абанын тазалыгы Жараткандын элибиздин энчисине тартуулаган чоң сыймыгы. Дүйнөлүк цивилизациянын туу чокусун чагылдырып, 2200 жылдык карт тарыхка ээ «Манас» эпопеясы дүйнө элин таң калтырган. Ошентсе да, бүгүнкү күндө каада-салтыбыз, акылмандыгыбыз, алысты көрө билген даанышмандыгыбыз бара-бара жоголуп, кошуна мамлекеттердин көрө албастыгы күчөп, элибизге туш-туштан урулган сокку уланууда. Азыркы бийликтин башында турган, элди, мекенди коргоо милдетин алган журт башчыларын учурдагы Кыргызстан элинин тынч жашап, гүлдөп, өнүгүп, өсүшү кызыктырган жок. Мамлекеттин кыйынчылык мезгилди башынан өткөрүп жашап жаткандыгына биздин падышабыз А.Атамбаев, премьер-министр Ө.Бабанов, спикер А.Жээнбековдордун эл ишенимине татыбай жаткандыгынан десек жаңылыштык эмес.
 
Ошол эле 2010-жылдын апрель-июнь окуяларында эр-азаматтарыбыз ушундай калыстыгы жок мамлекет башчыларынын кылган кылыктарына каршылык көрсөтүп, жан беришти. Мамлекеттин өнүгүп-өсүүсүн эңсеп курман болгондордун аракеттерине жана ошондогу каргашалуу окуяларга бийлик тараптан эч кандай саясый жана укуктук баа берилбегендиги маалым. Бийликке келгенде УӨ мүчөлөрү көз жаш тамызып, “калыс, адилет чечим чыгарабыз, элибизге акыйкаттык алып келебиз”,- деп ант беришкени менен азыркы бийликтин иши тескерисине айланды. Кимиси бийликке келбесин, өз көмөчүнө күл тартып, элдин байлыгын элге бербестен, президент, премьер-министр, спикер жана бүтүндөй министрлер кабинети, депутаттар акчага сатылып, өзүм билемдиктерин жасап келишет. Тунгуч экс-президент Акаевтин учурунда Канаданын жеке менчик компаниясы менен мыйзамсыз келишимдер түзүлүп, али күнчө чуусу чубактын кунундай чубалып келе жатат. Мурдагы президент Бакиев Кумтор алтын кени боюнча маселени чечмек тургай, барымтага коюлуп, чет өлкөлүк банктардан  миллиондогон жашыл акчалар алынып, анын ордуна завод курулду деген жасалма отчеттор берилип, сол чөнтөктөргө түшүп кетип турган. Маалым болгондой, 15-20 жыл аралыгында Кыргызстанга өндүрүлгөн алтындын 10 пайызы да тийбептир. Бул дагы чет өлкөлүк банктардын биринде жаткандыгы тууралуу маалымат бар. Канадалык шылуун «бизнесмендер» менен жең ичинен суйлөшүп алган биздин бийлик башындагылар азыркы тапта дагы өздөрүнүн чөнтөгүн гана ойлошуп жаткан кези.
 
Ал эми “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгү  Ысык-Көл облусунун жана Нарын дарыясынын экологиялык чөйрөсүнө орду толгус зыян келтире тургандыгы да белгилүү болуп туру. Баса, азыркы учурда “Кумтөрдө”  Канададан келген жумушчулар менен кыргызстандык жумушчулардын айлык акыларын салыштырып болбойт. Биздин сунушубуз буга чейин ишкана тарабынан болуп келген бардык залакалар эске алынып, Канаданын жеке менчик делген компаниясы менен түзүлгөн мыйзамсыз келишимдери жокко чыгарылууга тийиш. Кыргыз эли өзүнүн алтынын чоочун колдорго бербеши керек. Ал эми президент А.Атамбаев бул туурасында эч кандай чечкиндүү ой айта албаганы өкүнүчтүү. Премьер-министр Бабанов болсо, канчалык дэңгээлде бул ишке калыс карай тургандыгы күмөн. С.Жапаров башында турган комиссиянын чечимин колдобогон жарандар кыргыз элине  душмандык кылгандар. Дээрлик 9 жылдан бери талыкпай изилдеп, жеке керт башын сайып “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыккан чыгаан депутат Садыр Жапаровго баракелде.
 
Кыргыз эли даанышман, акыйкатчыл эл экенин дагы бир ирет далилдеши керек. Жер байлыгы элдики болушу керек. Азыркы өкмөт башчысы баш болгон бийлик башындагылар тазаланып, кыргыз элин мыкты, таза иштеген жигиттер башкарышы керек. Кыйын кырдаалдан чыгарып, жардам кылууга эл даяр. Мамлекеттин гүлдөп өнүккөн өлкөгө айландырууга кен байлыктарыбыз жетиштүү. Адилеттик менен чындыктын орношуна убакыт бышып жетилди.         
  
Урматтуу калайык калк, өз элибизди сыйлап, бири-бирибизге жөлөк болуп, ачка болсок, жарым нанын берген сыйлуу, Кудай сүйгөн эл экенибизди унутпай, ынтымактуу болушка милдеттүүбүз. Бөлүнбөйлү кыргыз элим, «бөлүнүп калды кыргыз деп, бөтөн элге кеп кетет» деп «Манаста» айтылгандай биримдикте бололу.
 
Бийлик башындагы коррупционерлер менен соодалашууга барып, айрым ичи бузуку атуулдарыбыз добушун жашыл акчаларга сатышып, элдин келечегине балта чапканын эл көрүп турат. Өкмөт башчысы Ө.Бабановго ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыккан «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Ө.Текебаевдин эки күн ичинде өз оюн өзгөртүүсү анын жең ичинен жасаган саясий шоу болгондугун эл түшүнүп калды. Ал эми анын партиялашы Ш.Айтматованын агасы Санжар Айтматовтун бул ишке аралашуусу бар экенине карабай, өзүнүн позициясын элдин кызыкчылыгына багыттап добуш бериши анын депутаттык жана инсандык тазалыгын тастыктап турат.
 
“Акыйкат” кыймылы парламентик шайлоодо эл ишенимине ээ болуп,  депутаттык мандат алышкан төмөндөгү депутаттарды өз элине чыккынчылык кылды деп эсептейт:
 
Каршы добуш бергендер:
1. Абдыкеримов Ш.Ш.
2. Иманкожоева Э.Б.           
3. Алымбеков З.М.
4. Исаев Ж.К.
5. Арипов Н.Т.
6. Исаев К.К.
7. Бекбоев З.И.                               
8. Исаков Э.Б.
9. Бекешев Д.Д.                                           
10. Кадыралиева Ы.К.
11. Бекматов А.Г.                                            
12. Кадыров Б.С.
13. Гусаров И.К.                                               
14. Карамушкина И.Ю.
15. Домшенко О.Л.                                           
16. Кочкарова Э.А.
17. Досалиев А.А.                                             
18. Мадеминов М.Г.
19.  Дыйканбаев К.С.                                         
20. Маматов А.
21.  Жамгырчиева Г.О.                                      
22. Маматов Б.А.
23.  Жоошбеков З.С.                                          
24. Ниязалиева Д.А.
25.  Жээнбеков Р.Б.                                            
26. Нышанов С.К.
27.  Зулпукаров Т.З.                                           
28. Обдунов Э.А.
29.  Измалкова А.Н.                                          
30. Омурбеков К.К.
31.  Иманалиев К.К.
32. Орозбаев М.О.
33. Осмоналиев К.О.                                 
34. Султанбекова Ч.А.
35. Осмонов М.К.                                    
36. Султанов А.Ш
37. Режевалиев А.М.                                   
38. Туманов Т.Т
39. Сакебаев Э.А.
40. Турсунбеков Ч.А.
41. Салимов Т.А.                                         
42. Узакбаев Т.М.
43. Салымбеков М.М.                                 
44. Шин Р.
45. Скрипкина Г.А.                                      
46. Эрматов Э.
 
Кайдыгер карап, добуш бербегендер:
1. Абдрахманов О.
2. Коркмазов Х.З
3. Акназарова Р.К.                                     
4. Кулов Ф.Ш.
5. Алимбеков Н.К.                                       
6. Кутушев А.О.
7. Алымбеков Э.Дж.                                   
8. Маматалиев А.М.
9. Аманбаева У.А.                                        
10. Мамытов Т.Б.
11. Артыков А.А.                                            
12. Никитенко Н.В.
13. Баатырбеков А.Б.                                        
14. Пирматов И.А.
15. Балтабаев Т.                                               
16. Сабиров М.Э.
17. Бокоев К.С.                                                 
18. Садырбаева Г.
19. Джумалиева Э.Б.                                        
20. Сапарбаев Ж.Р.
21. Жетигенов Б.Дж.                                        
22. Сасыкбаева А.А.
23. Жээнбеков А.Ш.                                         
24. Сулайманов А.Т.
25. Иманалиева Э.С.                                         
26. Текебаев О.Ч.
27.  Калматов А.Б.
 
А.Анарбаев,
“Акыйкат” элдик революциясы кыймылынын төрагасы
(Кайрылууга кыймылдын 20 активисти кол койгон)

 

 
 
Бүгүнкү күндө Бабановду апендинин эшегиндей мактаган басма сөз катчысы С.Каназаровдон башкалардын баары эле кетсе экен деп турушат. Анткени өкмөттү ушунчасында коомубуздагы сокур ичегидей кесип ыргытпаса, анда кышында кара башыл адамдар эле эмес, төрт түлүк малыбыз да жутка кабылып, караңгыда Бабановдун “тангосун” бийлеп калышыбыз мүмкүн.
 
 

Азыр дал ушул коркунуч Баткен облусунда жашап жаткан элди түн уйкусунан ойготуп жаткан кез. Аталган облустун Бүргөндү массивинде кара алтын (нефть) менен газ өндүрүлөөрү баарыбызга белгилүү. Муну биздикилер өндүрбөйт, өзбек туугандар күм-жам болгон Союздун учурунан бери каалагандай иштетип келет. Өзбектер иштетип келаткан нефти менен газ чыкчу Түндүк Сох кени 1955-жылы бургулоого берилген болсо, ошол жылдан тартып кыргыздар жарытылуу пайда көрө элек. “Фергананефть” нефти менен газды өндүргөн башкармалыгынын маалыматы боюнча 1993-жылы 3 скважина газ өндүрсө, 24 скважина нефти өндүргөн. Суткасына 2 миң куб метр газ, 47 тонна чийки нефти суткасына өндүрүлүп турган. Бул Союз тарагандан кийинки маалымат.
 
2006-жылдын 30-январында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын № 06-токтому менен биз тараптын өкүлдөрү жана Түндүк Сох участогунда жайгашкан газ сактоочу жайды иштетип келаткан “Узтрансгаз” тараптан Р. А. Мойдинов курамына кирген комиссия  участоктогу объектилерди текшеришип, АКТ түзүшкөн. Түндүк Сохто өзбек тарап 3 пункт менен газды иштетишет. Ошол АКТыда ар бир пунктта канча скважина бар экени так көрсөтүлгөн. №1-пунктта 29 скважина бар болсо, анын 25и иштей турган абалда, 4 скважина иштен чыкканы аныкталган. №2-пунктта 26 скважинанын 21и иштей турган болсо, 5 скважина капиталдык ремонтту талап кылынаары такталат. Үчүнчү пунктта 62 скважинанын болгону 8 гана скважинасы иштен чыккан. Бул деген 2006-жылга чейин өзбек тарап биздин аймактан газды каалагандай өндүргөн дегенди билдирет да. Биздин бийлик бул нерсе менен баш ооруткусу да келген эмес. Бул газды өндүргөн гана скважиналар. “Узтрансгаздан” сырткары ал жерде “Андижаннефть” АККсы да иш алып барат. Алардын карамагында 56 скважина бар болгон болсо, алардын экөөсү газ өндүргөн. Нефтини алчу 54 скважинанын 21и иштеген. Орто эсеп менен ошол кезде суткасына 20 тонна нефть алынган. Булардын баары биздин мамлекетке 20 жыл мурун өтүш керек болчу. Ушул кезге чейин өзүбүздүн байлыгыбызды, токочубузду өзбек туугандарга тарттырып олтурабыз. Буга ким күнөөлүү? Албетте бийлик башына келген кыргыздын азаматтары.
 
1992-жылы КМШга кирген мамлекеттер “Ар бир мамлекеттин аймагында жайгашкан финансылык ресурстар, ишканалар, организациялар ошол өлкөнүн менчиги болуп таанылсын” деген келишимге кол коюшкан. Буга Түндүк Сохтогу нефти менен газ чыкчу жерди 20 жылдан бери өткөзүп бербей келаткан Өзбекстан дагы кол койгон. Биздин Жогорку Кеңеш ошол келишимди 1994-жылдын 12-январында ратификациялаган. Ушул келишимдин негизинде эле өзбектерди “ туугандар келишимде мындай деп жазылган экен. Эми силер бизден алыс болгула” деп чыгарып койсо болмок. Бирок, биздин мажирөө бийлик андай сөздү айтмак түгүл, өзбектердин мышыгын “пыш” дей алышпай жатат.
 
Түндүк Сохтогу газ сактоочу жайга “Узтрансгаз” жылына 1,5 млрд куб газ камайбыз деген маалыматты берип келет. Камалган газ Өзбекстандын өзүнүн аймагында өндүрүлгөн жерлерден келет экен. Биздикилер ушул маалыматка муюп келүүдө. 1976-жылы Түндүк Сохтон алынган газдын жылдык көрсөткүчү орто эсеп менен 6,5 млрд куб метрге жеткен. Анан кантип өзбектердин “Биз бул жерге башка жактан келген газды сактап, кыш мезгили келгенде сатабыз” деп айтканына ишенесиң? Бул газ сактоочу жайга камалган газ бүтүндөй Фергана өрөөнүн газ менен камсыз кылат. Өзбек тарап эмнеге бергиси келбей жатканын ушундан эле билсе болот. Кыргызстан үчүн жылына орто эсеп менен 200 млн куб метр газ керектелет дейли. Андай болсо Түндүк Сох менен эле өзүбүздүн элди көгүлтүр от менен камсыз кылса болот экен. Бирок, “Жеген ооз уялат” болуп, биздикилер ала допу достордун сунганын сугунуп коюп, ток этер сөздү айта алышпай жатпайбы. Бабановдун “Түштүктү өзүбүздүн газ менен камсыз кылабыз” деген программасы Түндүк Сохту өзүбүздүн менчикке өткөргөндөн соң ишке ашчудай. Курулай убада берип элди алдабастан, ушул маселенин үстүндө иш алып барганда, Өкмөт башчы программасын иш жүзүнө ашырганга жол ачмак. Жөн гана “Асманда мынча турнам бар” деген сөздү айта бербестен. 
 
Баткен өзүнчө облус аталып, ага алгачкы губернатор болуп Айбалаев дайындалбады беле. Ошондогу Айбалаевдин жасаган ишин, саясий эрктүүлүгүн андан кийинки губернаторлордун бири да жасай элек. Баткенде Өзбекстандын Сох анклавы бар. Ушул жерден өзбектер нары-бери өткөн кыргыздарды текшере берип жүдөткөнү жүдөткөн. Губернатор облустун аймагына тиешелүү болгон жерден газ менен нефтини иштетип жаткан өзбектерди өткөрмө кагаз менен өтө турган кылып, өтмө кагазы жокторун өткөрбөй коюп, Өзбекстанды биздин казынага түшчү 9 млрд сомго жакын салыкты төлөтүүгө аргасыз кылган. Өзбектер карызын техника менен жабууга аргасыз болуп калганда, өкмөттөгүлөр “Эки элдин ортосундагы ынтымакка доо кетирбей эле койгулачы” деп, Айбалаевдин жасап жаткан иштерин токтотуп койгон деген сөздөрдү угуп жүрбөйбүзбү.  Ошол кездеги Ташкентке кылтыңдап турган кыргыз өкмөтүн Амангелди Муралиев башкарып турган болчу. Бул окуяны жакшы билген адамдар Акаевдин айтканы менен Муралиев Айбалаевди өзү токтоткон деген сөздөрдү айткан жайы да бар. Анткен менен 2000-жылы Амангелди Муралиев  “Түндүк Сохтогу газ сактоочу жай “Кыргызнефтегаздын” балансына өтсүн” деген токтомду чыгарат. Эгер Айбалаевди Өкмөт башчысы өзү токтоткон болсо, чыгарган токтому жөн гана көзгө басчу документ болгонбу? Амангелди мырзанын Өкмөтү токуган токтомго 12 жыл болсо, андан бери ал Баткенге жете элек. Тагыраагы аткарылбай ара жолдо калган. Бул маселе тууралуу Муралиев ала допучан туугандарына тарттыбы же жокпу, пикирин учуру келгенде билебиз.
 
Өкмөт башчысы болуп келген кыйындар Түндүк Сох тууралуу ар кимиси ар кандай токтом кабыл алганы менен, анысынан эч кандай натыйжа чыга элек. 2009-жылы И. Чудинов аталган жерди өткөзүп алуу иштерин тездетүү үчүн, кендерди андан ары иштетип, инвестиция тартуу иштерин  “Амин” ЖЧКсына тапшырат. Аталган ЖЧК жарытылуу иш алып бара албай, лицензиясы кайра чакыртылып алынган. “Аминди” мурунку бийликте чоң ролду ойногон адам “калкалап” турган деген маалыматтар да айтылган. Мындан кийин “Кыргызфере” ЖЧКсы ишти алып бармай болуп, ал дагы алсыз болуп чыгат. Өткөн жылы “Главнефтегаз” ЖАКсы Түндүк Сохтогу газ менен нефтини иштетүүгө лицензия алат. Бирок, алар да өзбектерден аталган участокту өткөрүп алыша элек. “Өзүбүздүн аймагыбызда жайгашса эмне үчүн өткөзүп алалбайт?” деген суроо туулса керек. Өзбектер ал жерди талаш, биздин аймагыбыз болуп калат деген ойдо турат. Ал тургай Сох анклавына кирбей, өзүбүздүн аймагыбыз менен Баткенге барчу жаңы салынып жаткан жолду “Биздин жерге салып жатышат” деген сөздөрдү чыгарышууда. Газ менен нефти чыкчу жерден Сох анклавына коридор сурап жатканын уккан жергиликтүү эл “Эгер бүгүнкү бийлик ошол жерден коридор бере турган болсо, ошол коридор аркылуу өздөрүн Өзбекстанга жеткизебиз” деп турат. Анткени, коридор берилди дегиче эле Баткен, Лейлек райондору анклавга айланат да, байланыш үзүлөт. Жаңы салынып жаткан кара жол өзбектердин карамагында болуп калат. Эмне үчүн кен чыкчу жерден, башка жерден сураган жок? Өзбекстан чек арасын адам тургай шайтан өтө алгыс кылып казып таштаган эмес беле. Так ошол кен чыкчу жер менен чектешкен жерлерин казган эмес. Жанындагы айылдар толук казылып салынган. Өзбектердин көздөгөнү Түндүк Сохту өзүлөрүнө өткөрүп алуу. Бир кезде Атамбаев "Назарбаевге чөгөлөсөм да, Каркыраны кайтарып алам" деп айткан эле. Кеткен жерди кайтарып алууга чөгөлөбөй эле жакын арада кете турган болуп жаткан Түндүк Сохту сактап калса эрдик жасаар эле.
 
Өткөн жылы лицензия алган “Главнефтегаз” участоктогу объектилерди өткөрүп алууга барганда өзбек тарап ызы-чуу салып, биздин аткаминерлерге чейин чыгып бир топ болот. Баткен облусунун губернатору Жеңиш Раззаков ОИИБ начальниги менен түнкү саат ондордо барып “Главнефтегаздын” балдарына “Силердин кандай акыңар бар өзбектерди чыгарганга? Лицензияң мени кызыктырбайт” деген сөздөрдү айтканын ошол жерде болгондор айтып жүрөт.
 
Ал эми өзбектер болсо “Биз бир жарым жылдын салыгын берип коюптурбуз, дагы бир жарым жыл бул жерди иштетишибиз керек” деген сөздү айтканы кызык. 20 жылдан бери “Узтрансгаз”, “Андижаннефть” мамлекеттин казынасына бир да тыйын салык төлөбөсө, кимдин чөнтөгүнө бир жарым жылдын салыгын алдын ала төлөп койду экен? Мурунку бийликтегилерге берди дейли десек, андан кийин Роза Отунбаева, Өмүрбек Бабанов ошол жерге барып, көйгөй менен таанышып келишпедиби. Өткөн жылы жергиликтүү эл иштеп жаткан өзбектерди участоктон кууп да чыгышкан экен. Ошондон бери Түндүк Сохто газ менен нефть өндүрүү токтогон. Өзбекстан ошол айыл өкмөттүн өзүнө эле 650 миң доллар карыз. Анда кандай салык төлөп жатты экен? Акаевдин тушунда Өзбекстандын Риштон тарабынан тиешелүү адамдар чоңдордун оозун майлаганы тиешелүү “доляны” алып чыкчу деген сөздөр жөн жеринен айтылбаса керек. Азыр Түндүк Сохто өзбектер 10 кишиден турган топту кароол кылып коюп, аларды 2 суткада алмаштырып турат экен. Кароолдору биздин чек арадан тизме аркылуу өтөт. Нефти скважиналарына көз салгандардын тизмеси чек арачыларга Андижандан берилип, биздикилер мөөрүн басат. Биздин чек ара аркылуу кирип жатканына карабастан өзбектер участок талаш жерде дегенди бекем карманат. Буга газ сактоочу жайдын начальниги Абдувагап Алагушаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө дагы бир жолу ынандым. Абдувагап “Мен бул жерде 10 жылдан бери иштейм. Газ азгына бар болчу. Аны иштетпесе жок болот. Бул жер Кыргызстанга карабайт. Талаш жер. Мен сизге эч нерсе айта албайм. “Узтрансгазга” кат жолдосоңуз, ошол жактан жооп берет” деген сөздү айтып жатпайбы.
Макул, өзбек тарап азыр эч нерсени айтпайт экен. Биздикилер алардан неге талап кылбайт? Ушул жылдын 8-июнунда кароолчуларга “Участка кылдын үстүндө турат. Бул жагын өзүңөр жакшы билесиздер. Бириң аралашып калсаңар жаман абал болот” деген кат келип түшкөн. Өзбектер кен чыккан жерден кол жууп калаарын эмитеден сезип, мындай катты жазып жатса, биздин бийлик  кол куушуруп олтурганына жол болсун. Сак болгула деген тапшырманы алган өзбек кароолчулары “Өзбек ватанинде” жүргөндөй болуп, көк чай ичип эч нерсе билбеген адамдай болуп жүрүшөт.
 
Алар эмес бул жактан барган киши да кудум Анжиянда жүргөндөй эле болот. Коопсуздук эрежелеринен тартып, макалдарына чейин өзбек тилинде бадырайта жазып илип алышкан.
 
Кенди алып кеткени аз келгенсип, өзбек тарап эч нерсеге жооп бербейт экен. Мындан 3 жыл мурун 2 кыргыз баласы нефти сакталчу цистернанын ичине түшүп кетип каза болгон фактысы катталган. Буга эч ким жооп бере элек. Ал тургай мындай маалыматты ишенген мыктычыкмаларыбыз укпаптыр. Муну ошол цистерналарга жооп берген өзбек кароолу айтып жатпайбы. Балдар техникалык эрежелер так сакталбагандыктан цистернага түшүп кеткен. Жергиликтүү элдин маалыматы боюнча мындай окуя эки жолу кайталанган. Түндүк Сохтогу өзбектер биздин бийлик үчүн кыйышкыс ыйык окшойт. Адам өмүрү кыйылып жатса да кыңк дебестен айтканын аткарып жатканына караганда.
 
2011-жылдын 13-майында Жогорку Кеңеш Түндүк Сохтогу газ сакталуучу жай менен газ, нефти чыкчу жерди кайтарып алуу тууралуу токтом кабыл алган. Анда аталган объектилерди кайтарып алуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүнү, Өзбекстан бизге канча зыян алып келсе, ошону төлөтүүнү, газ менен нефтини өндүрүүнү, газ сактоону токтотууну Өкмөткө тапшырган. Андан бери бир жыл убакыт өтсө дагы эч кандай өзгөрүү болгон жок. Бечел бийликтин айынан Бүргөндүнүн багы жакынкы күндөрү ачылбайт окшойт. Бийликтин бул жүрүшү өзбек тарап сураган коридорду берүүгө деле алып барышы толук мүмкүн. Андан кийинкиси кандай болоору белгилүү да.
 
“Багы ачылбаган Бүргөндү”  боюнча журналисттик иликтөөнүн бул болгону алгачкысы гана. Кийинкисинде Өзбекстан душманындай көрүп, телевидениесинен ар кандай маалыматты тараткан Алчыбай Төралиевдин, “Өзбектерди кууганган сенин кандай акың бар?” деп айткан Баткендин губернатору Жеңиш Раззаковдун, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдун аткарылышына көзөмөл салган мурунку отун-энергетика комплекси, жер казынасын иштетүү комитетинин башчысы болгон Азамат Арапбаевдин Өкмөттүн иш аракетине берген баасы, өзбек кароолчулардын айткандары менен уламакчыбыз.
 
Наралы Асанбаев,
"Жаңы Ордонун" журналисти
Өмүрбек Бабанов баш болгон Өкмөт мындай саясый жүрүшү менен келечектеги муундардын ырыскысын жеп коюшу ажеп эмес. Себеби, өтө көп. Анда, эмесе сөз ирети менен болсун.
 
2010-жылдагы  тополоңдон кийин кыргыз бийлиги талкаланган экономиканы калыбына келтирүү үчүн кыпындай иш жасабаганына карабастан, жакындарынан ажыраган жарандарыбыздын ар бирине 1 миллион сомдон жардам берип, турак жай куруп берүүгө жетишти. Өндүрүш ишке кирген жок. Байлар капиталын сыртка алып чыгып кетип атат. Коммерциялык банктарда кредиттик портфел күн сайын азайып барат. Бирок, Өкмөт социалдык милдеттенмелерин дээрлик аткарып жатканы кызык. Какшып калган казынаны кантип толтуруп жатат? Ушуга акылым айран эле. Мындай иштерман Өкмөткө Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын бериш керек эле. Көрсө, кеп башкада экен. Өткөн жылдын аягында айрым ири ишкерлер салыкты алдын ала төлөп келгендиги тууралуу тар чөйрөдө күдүң-күдүң сөз кылганы эсимде. Мындай көрүнүштү алар, колун кайрып, зордоп алып жаткан рэкеттердей эле мүнөздөшкөн. Бул сөздөр тегин жерден айтылбаптыр. Ишкерлердин эң патриоту эсептелген Аскар Салымбековдун Москвадан базар ачып, ошол жакты ыктап турганы тууралуу миш-миштер бекеринен эмес. Эми башкасын айтпай эле туралы. Кыргызстандын рэкет-Өкмөтүнө «Кумтор оперейтинг компани» ишканасы 2013-жылда төлөнүүчү салыктын эсебинен бюджеттин чыгаша бөлүгүн колдоо үчүн 20 миллион долларды өз эрки менен которуп жатат. Муну бийликтеги финансистер мыйзамдуу иш чара катары кабылдашууда. Жок, бул келерки жылдын бюджетине кол салуу – кылмыш болуп эсептелет. Өкмөт быйылкы бюджетти өзүнүн акыл-эс дарамети, ички резервдери менен толтура албаса, тезинен кызматын тапшырып кетиши абзел. Бул караандай элди алдоо. Бүгүнкү күндө Кыргызстан экономикалык, социалдык жактан болобу башаламан саясаттын  курмандыгына айланды. Жылдын жарымы өтүп кетти, 2011-жылдын бюджети кандай аткарылды? Ага эч ким баа бере элек. Бюджеттин аткарылышын түздөн түз көзөмөлдөгөн Жогорку Кеңеш сентябрь айында бул ишти карайт экен. Ушундан өткөн кайдыгерлик болобу? Ал эми кыргыз Өкмөтү болсо, өткөн жылдын бюджетинин «ак-көгү» аныктала электе, «өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип» дегендей, келерки жылдын бюджетине кол сала баштады. Ичи көңдөй бюджетти толтуруунун айласын кылган бийликтин былыгы эми билине баштады. Бул бир.
 
Экинчиден, Өкмөт Жаштар министрлигинин алдында «Ала Тоо Финанс» чаканкредиттик агенттигин ача койду. Ага дагы «Кумтор» компаниясы колу ачыктык кылып, 21 миллион доллар, же болбосо 550 миллион сом бөлүп бере калды. Ушул жерде бир нече суроо жаралат. Эмне, «Кумтөр» саан уйбу? Эмнеге эле алар берешен болуп жатат? 21 миллион доллар каражатты эмненин эсебинен беришти? Ушунчалык эле алардын кирешеси көбөйүп баратыптырбы? Анда, кыргыз Өкмөтүнүн акциясынын үлүшү неге көбөйбөйт? Айтор, жообунан суроосу көп. Бирок, бир гана айныксыз жоромол бар. Жөөттөр бизге жөндөн жөн эле жардам бербей калды го. Бул деген Кумтөрдөгү алтын кенинин эсебинен түшкөн пайданы өзүбүзгө берип жакшы көрүнүп жатат дегенди түшүндүрөт. Өзүбүздүн «эмебизди» өзүбүзгө эле жедирип жатышат. Эми «Ала Тоо Финанс» агенттигине токтололу. Аталган агенттиктин Жогорку Кеңештин депутаттары – бюджеттик мыйзамдардын нормаларына туура келбей тургандыгын таасын белгиледи. Андай агенттикти ачууга укуктук негиз жок экен. Арийне, чын эле «Ала Тоо Финанс» кандай жобонун негизинде иштейт? Белгисиз. Эмне үчүн «Ала Тоо Финанс» чакан кредиттик компаниясынан акча каражаты бөлүнүшү керек? Бул кайсыл шылуундун долбоору? Аталган структурасын түзүп, ишин жөнгө салганча 100 миллиондон ашык каражат кетери турган иш. Анда бул финансы агенттигин түзүүнүн эмне зарылчылыгы бар эле? Анан дагы ар бир кредит алуучуга 50 миң сомдон берүү лимитинин коюлушу, эч кандай экономикалык акыл-эске сыйбайт.  Кредит алуучуга 50 миң сомдон бөлүп бергенден  көрө, Өкмөт 550 миллион сомго бир ишкана ачып койсо, аз да болсо жумушчу күчү менен камсыз болуп, финансы булактарын максаттуу жумшаганга шарт түзүлөт болчу. Себеби, «Ала Тоо Финанс» агенттиги экономиканы көтөрө турган финансы кызматы боло албай турганы чу дегенде эле билинген. Ошондуктан, акчалар таланып-тоноло электе чара көрбөсө болбойт.
 
Үчүнчүдөн, Бабановдун Өкмөтү Мамлекеттик Өнүгүү банкын түзүү тууралуу маселе көтөрүп келет. Эң жакшы идея. Мындай банк илгери эле түзүлүшү керек болчу. Анткени, өзүнүн каражатын сарамжалдуу пайдаланууну көздөгөн өлкөлөрдө мындай банктар натыйжалуу иштеп келатат. Бирок, Кыргызстанда Өнүгүү банкын түзүү үчүн, анын чөнтөгүнөн акча куюлуп турушу керек. Ошондо гана максатына жетет. Азыркы бийлик арты көңдөй экенине карабастан, Экономика министри Темир Сариевдин оозу менен көп убадаларды бердиртип жатат. Өнүгүү банкынын ачылышына Улуттук банктын өкүлдөрү каршы чыкканынын жөнү бар. Себеби, аталган банк кайсыл мыйзамдарга таянып иштейт? Аны ким көзөмөлдөйт? Бабановдун долбоору боюнча эч кандай лицензия албай эле иштей бериши керек экен. Макул, Өнүгүү банкын түзөлү. Кайсыл каражатка? Улутташтырылган мекеме-ишканаларды сатуудан жарытылуу пайда түшкөн жок. Дээрлик көпчүлүк обьектилер «жең ичинен» сатылып кетти. Анан кайдагы 7 пайыздык үстөгү  менен узак мөөнөткө кредит берүүнү айтып жатат, азыркы бийлик? Учурда мамлекет банктарга карыз болуп отурат. Айрым маалыматтарга караганда, жазында дыйкандарга бериле турган 1 миллиард сомдук кредиттин акчасын Өкмөт айласы куруганда Бабановдук «Кыргызстан» банкынан өз кепилдигин берип 20 паланча пайыз үстөгү менен алган дешүүдө. Ошондо 7 пайыз үстөгүн дыйкан-фермерлер төлөсө, калган үстөгү сиз менен биздин, баягы карапайым салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жабылышы мүмкүн. Мындан-келди Бабановго дыйкан-фермерлер гана эмес, биз дагы карыз болуп отурабыз. Ошондуктан, аты бар, заты жок Өнүгүү банкын түзөрдөн мурда Өкмөт ички финансылык башаламандыкты жөнгө салып алса дурус болор эле.
 
Орустар, «чет өлкөдөн футболдук команда, яхта  сатып алды» дешип Абрамовичти жаман көрүп келишет. Ошол эле учурда Абрамович өзүнүн ишканаларын Чукоткага каттатып, ошол жерге салык төлөп, элдин кирешесинин көбөйүшүнө зор салым кошуп келатат. Ал бүгүн барса, бүгүн губернатор кылып шайлап алганга эл даяр турат. Ал эми ишканаларын чет өлкөгө чыгарып кетип, башка өлкөнүн экономикасына акчасын салып жүргөн биздин «балта жутар» жетекчилер, мурункуну кыйратып койгонсуп, кийинки жылдын казынасына кол салып жатса унчукпай келебиз. Опурулган оппозицияга ок тийгенби, оозуна талкан салып алгандай тым-тырс. «Көзүн май» баскан көңдөй Өкмөттүн өзүм билемдиги качан токтойт?
 
Шекербек Калыков,
"Жаңы Ордо"
Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргызстанда жакынкы келечекте дефолтко кабылуу коркунучу пайда болду. Энергетикадагы кыйын абал, узакка созулган кыш менен келген жут, али күнгө чейин дарысы табылбаган мал ооруулары жана күзгү эгин жыйынынын күмөндүгү өкмөттүн өзгөчө кырдаалдарга жана аба ырайынын каарына даяр эместигин көргөздү. Буга кошумча реформалар дагы жылбай, коррупция менен күрөш ишке ашпады.
 
Азия өнүктүрүү банкынын билдирүүсү боюнча 2012-жылы Кыргызстандын экономикасы 5 пайызга төмөндөөсү күтүлүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2012-жылдын башына карата өткөн жылга салыштырмалуу биздин экспорт 36,7%га төмөндөп, импорт 1,5 эсе көбөйгөн. Ички дүң продукциянын көлөмү 7% төмөндөгөн. Айыл чарбасы 2012-жылы 1%га өстү. Тышкы карызыбыз 3 млрд. АКШ долларына жакындады.
 
Абалдын кыйын экендигин бийлик өкүлдөрү да моюнга алышууда. Маселен, өкмөт башчы Ө.Бабанов салык чогултуу пландарынын аткарылбай атканын айтып, тоо-кен, мобилдик байланыш жана туризм тармактарында салыктарды көтөрөөрүн жарыя кылууда. Вице-премьер-министр Ж.Оторбаев Европа, АКШ өлкөлөрүнө жана Дүйнөлүк Банк, Эл аралык Валюта Фонду өңдүү финансылык уюмдарга барып келип «Батыш  Кыргызстанга көңүл бурбай жатат» деп басма сөздөн жарыя кылды. Ал эми Финансы министри А. Жапаров быйылкы жылы бюджеттин киреше бөлүгүнө 5 млрд. сом, Бишкек мэри И.Өмүркулов шаардык бюджетке 1,25 млрд сом түшпөй калуу коркунучтары бар экенин тастыкташса, Ош шаарынын биринчи вице-мэри А.Байгазаков дагы жыл аягында салыктардын чогулбай калуу коркунучу бар экенин «Азаттык» радиосуна берген маегинде айтты.  Бул жерде республикалык бюджеттин расмий тартыштыгы 17 млрд., ал эми Бишкек шаарынын бюджетинин муктаждыгы 9 млрд. сомдун тегерегинде экендигин, бирок бюджет 6 млрд. 283 млн. сом менен гана түзүлгөндүгүн да эске алып коюшубуз керек.
 
Өкмөт өткөн жылдагы шайлоолордун алдында 21% менен коммерциялык банктардан 8 млрд. сом кредит алып, бюджеттин камсыздоо булагынын жоктугуна карабай, пенсияларды жана айлыктарды жогорулаткан. Мамлекеттик аппаратты кармоого чыгымдарды 30-40%га көбөйтүп, экономикалык өнүгүүгө пайдасы жок болсо да миллиарддаган акчаларды мамлекеттин эсебинен 7% менен кредит берүүдө. Ошол эле убакта өкмөттүн өзүнүн жана бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн эффективдүүлүгүн көтүрүү боюнча маанилүү кадамдар жасалган жок.
Жогорудагы көйгөйлөрдүн келип чыгышына өкмөт башындагы адамдардын мамлекетти башкаруудагы дилетанттыгы жана эл аралык донорлорду ынандырып, кызматташа албагандыгы себеп болду.
 
Өкмөттөгү экономикалык тармакты тейлеген төрт адамдын үчөөсү мамлекеттин макро жана микроэкономикалык ишине министр жана вице премьер катарында гана келип аралаша баштагандыктары дагы өз таасирин берип атат окшойт. Экономикалык тармакта адис катары иштеп жогорку деңгээлге жеткен мамлекеттик жетекчи менен бизнестен келип министр, вице-премьер же премьер болгон жетекчинин айырмасы, билген адамга асман менен жердей.
 
Тилекке каршы, премьер-министр Ө. Бабанов мамлекеттин алдындагы кыйын тапшырмаларды чечүүгө жарактуу, бир максатка умтулган, бирдей баалуулуктарды жана принциптерди карманган, пикирлеш, адис, прогрессивдүү лидерлердин командасын түзө албады. Реформаны колдогон парламенттин сыртындагы саясатчылар эмес, парламенттеги депутатардын башын бириктирип, өз тарабына тарта албады.
 
Адатта демократиялык агым аркылуу келген бийлик жок дегенде Европа мамлекеттеринин жана Американын символикалуу болсо дагы колдоосуна ээ болот. Бирок, бийликтин ички жана тышкы саясаттындагы туруксуздугу ишеним арттырып колдоого ээ болгон жок.
 
Өкмөт сөз жүзүндө тышкы саясатта бир векторго басым жасап, кайра-кайра Россияга жүгүнгөнү менен иш жүзүндө көп векторлуу саясатка өттү. Мурда Кыргызстан көп деле көңүл бурбаган Катар, Түштүк Корея, Кувейт жана Азербайжанга окшогон жаңы өнөктөштөр пайда болду. Бирок, бул байланыштар өкмөт тарабынан "тарыхтагы биринчи ийгиликтер" катары бааланганы менен азырынча колго илинээр жемиш берген жок. Казакстан, Катар инвестициялык фонддору, Азербайжан нефть заводу азырынча кагаз жүзүндө гана калууда.
Европа Биримдиги, АКШ, Кытай, Япония өңдүү донорлорубуздун бири да бүгүнкү күндө бюджетке жардам берген жок. Эл аралык Валюта Фонду, Дүйнөлүк Банк, Азия Өнүктүрүү Банкы өңдүү эл аралык финансылык уюмдар да буга чейин берип келген колдоолорун кескин азайтты.
 
Коррупция менен күрөшүү башталбай жатып токтоду. Реформа жасоого өкмөттүн алы да, акчасы да жок. Элдин өкмөткө ишеничи жазгы тумандай тарай баштады.
 
Бизге эми «Экономиканы көтөрүүнүн 100 күндүк планы» эмес, «Дефолтко чейинки 100 күн» программасы зарыл болуп калды.
 
Менимче ал, төмөнку багыттарды камтышы керек.
 
Биринчиден, дебюрократизацияга баруу. Мамлекеттин элге жана ишкерлерге көргүзгөн кызматынын санын кескин кыскартуу жана калганынын санын кескин жакшыртуу. Бул кадам коррупция деңгээлин азайтып, элдин өкмөткө болгон ишеничин арттырат. Кийинки реформаларга шарт түзөт.
 
Экинчиден, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн кыйынчылыкка, каршылыктарга карабастан баланска алып келүү. Тапкан кирешебизге жараша оокат кылуу. Бул кайсы гана өкмөттү болбосун элге жек көргөзөт, бирок, бул күндүн талабы.
 
Үчүнчүдөн, чыныгы, системалык реформаларга баруу. Биринчи кезекте сот, укук коргоо органдары, билим, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо тармактарын өзгөртүү. Бул реформалар аябай кыйын жана көп ресурстарды талап кылат. Бирок, муну жасабасак үчүнчү революцияга негиз түзөбүз.
 
Төртүнчүдөн, бюджетти колдоого жана реформаларды жылдырууга жок дегенде, жылына 500 млн доллар жардам тартуу. Реформаларды адатта эки гана булак каржылайт, Европа жана АКШ. Бул мамлекеттер менен болгон мамилелерибизди кайра карап чыгуу.
 
Бешинчиден, административдик жана финансылык децентралдаштырууга баруу. Тактап айтканда баардык бийликти борборго топтобостон, жергиликтүү бийлик өз алдынча чечим кабыл алып иштөөсүнө, акча табуусуна жана тапкан акчасын өз алдынча пайдаланышына мүмкүнчүлүк берүү. Жергиликтуу бийлик менен борбордук бийликтин укуктарын жана милдеттерин мыйзам менен так аныктоо.
 
Алтынчыдан, коррупция менен системалык негизде күрөшүү. Коррупцияга шарт түзүп жаткан схема-механизмдерди сындыруу жана коррупциялашкан кызматкерлерди адилеттүү жазалоо. Партиялык коррупцияга күрөш ачуу. Коррупция менен күрөштө өкмөт жарандык коомду, массалык маалымат каражаттарын жардамга чакыруу.
 
Мына  ушул 6 багытта иш алып баруунун негизинде дефолтко каршы 100 күндүк программа түзсө болот. Элдин азыркы өкмөткө болгон ишеними жокко эсе болгондуктан аталган программаны иш жүзүнө ашыруу кыйын. Андыктан, менимче жакынкы келечекте мамлекеттин алдындагы мурдагы жана кийинки кыйынчылыктардан куралган жаны тапшырмаларды чече ала турган, эл ишеничин жаратууга жөндөмдүү, чыныгы реформаларга даяр, жаңы командадан турган өкмөттүн келиши зарыл.
 
Равшан Жээнбеков,
Жогорку Кеңештин депутаты 
Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов чиновник катары республикабыздын мамлекеттик кызмат агенттигине берген маалыматы боюнча 2011‑жылы тапкан кирешеси 879 000 сом болгонун өз колу менен толтуруптур. Премьер-министр Өмүрбек Токтогуловичтин декларация толтурганын карап отуруп, бечара өтө эле жарды жашайт тура деп бооруң да ооруп кетет. Ал толтурган кагазды караган адам Бабанов айлык менен жашаган байкуш экен деп ойлоп кетесиң.
 
Андан да Кыргызстандагы эң бай адамдын үстүндө үйү жоктугу өкүндүрөт. Акыркы кездерде чоң кызматтарда иштеген, бирок баш калкалаган үйү жок “бомж”, тууган- уруктарынын үйлөрүндө жашаган атка минерлер көбөйдү. Өздөрү жашаган үйлөрүн ачыкка чыгара албаганына караганда бир мандеми бар го. Бабановду карасаң бир кезде кабагын чытып эл үчүн күйүп-бышып иштеген түр көрсөткөн Апас Жумагуловду элестетип кетесиң. Өмүрбек Бабанов да жаш экенине карабай, керзи өтүктү кийип алып, элге күйүп иштеген Баш бакандын ролун мыкты аткарып жаткандай. Билбегендер, аны эл үчүн деп күнү-түнү иштеп жүрө берип үй алганды да унутуп калган жетекчи тура деп ойлоп кетиши да мүмкүн. Маңдай тери менен тапканын бирөө-жарым тартып алмак беле. Каратып туруп калп айтканына күйүп кетесиң да. Алдар Көсөөнүн жээни болсо да өлкөбүздөгү башы көрүнгөн жетекчинин өз элине чак түштө калп айтканы курусун. “Калп айткандын казаны кайнабайт” дечү беле. Музоонун көзүндөй жалтыраган көздөрүн чакчайтып, болгон 879 000 сом гана таптым деп айтып отурса пенде катары ишенет экенсиң да. Өмүке, ушунча миллиондогон кыргыздын көзү сени карап турса кантип алдоого дитиң барды? Анан кантип коррупция менен күрөшөсүңөр? Элдин баары эле сокур болуп калган жокко!
 
Айрым маалыматтарга караганда алгач Бабанов Айдар Акаевдин жардамы менен бизнесин бутуна тургузган. Бизнести семичкедей чагарында эч кимдин шеги жок. Адал эмгегиң менен тапсаң анда эмне катасың? Балким, олчойгон салык төлөгөндөн коркуп жаткандыр. Салыктан жашырып жүргөн миллиондорун Өмүрбек Текебаев сессия учурунда бир көтөрүп чыгып ошол бойдон ал да тынчып калган жайы бар.
 
Өмүрбек Бабановдун эл арасында “Заправщик” деген каймана аты бар. Кезегинде шаарда жүздөгөн “Альянс” май куюучу станциялары бар болчу. Кийин аларды сатып жиберген. Азыр да “Мунай мырза”, “БНК” май куйган станциялардын артында турат деген кептер айтылып келет. Май жыттанып жүрүп ушул “майлуу” жерге жеткен. “Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы”, дегендей “заправщик” Өмүрбек мырзанын эски адаты кармап, анын амири менен Баткен аркылуу Тажикстан, Ооганстанга чейин контрабандалык жол менен өтө оор өлчөмдөгү күйүүчү майлар ташылып жатат. Кыска убакыттын ичинде контробанданын атасына айланды.
 
Кыргызстанда гана эмес Орто-Азиядагы ири унаа базары болгон “РИОМ” да (аялынын анан өзүнүн аттарынын баш тамгасы) Бабановдун менчиги экени эч кимге жашыруун деле сыр эмес. Андан ары барсак “АКБ Кыргызстан”, бүгүн Бабановдун бул банкы өкмөттүк структуралардагы акча жүргүзүү операцияларынын күрөө тамыры деп айтсак да жарашат. Өзүнө караштуу НТС теле компаниясы аркылуу ат тезегин кургатпай өзүн мактатып келет. Ал тургай 5‑каналды өз менчигине алууга көзү кызарып турган учуру. Башка бирөөлөрдөн сатып алган гезиттеринен дагы кабардарбыз. Саясаттагы каршылаштарын да НТС аркылуу шыбатмайы бар.
 
Манас проспектиндеги мурунку “Инструментальщик” стадионунун ордуна салына баштап, эмне үчүндүр токтоп калган шаардагы өтө бийик соода комплекси да Бабановго таандык. Алдында турган рекламалары аны далилдеп турат. Бабановдун байлыгын эсептеп отура берсек убакыт жетпейт.
 
Байлыгы өзүнө буйрусун, ага эч ким деле сугун артпайт. Тооктун уясындай камогу бар бечара кыргыздын жашырганы болсо аны салыкчылар “тоок басты” кылып жатып калышат. Биздин премьер-министрибиздин чак түштө калп айтканына алардын тиши өтмөк беле. Өз колу менен толтурган декларацияны карап турсаң “Дордой” базарында контейнери бар ишкерлердин деңгээлине түшүп калганына күйүп кетесиң да. Өмүрбек мырза катардагы бизнесмен болсо да анда башка кеп. Ал республиканын премьер-министри болгон соң башкаларга үлгү болушу керек болчу. Чыныгы жашоодо Бабанов анчалык эле бечара эместигин тактап, окурмандардын сынына коёлу деп чечтик. Бабановдун анчалык эле жарды эмес экенин, “май кармаган бармагын жалайт” дегендей колунан миллиондогон долларлар ары-бери өтүп турганына күбө болосуз. Жакында эле Германиянын президенти өзүнүн алган кредитин жашырып койгону үчүн өз элинен кечирим сурап кызматынан кетип калды. Мына ушуну жигитчилик деп айтсак туура болот. Биздин Өкмөт Башчы жалпы кыргыз элин алдап, декларациясын туура эмес толтуруп келгени албетте өтө өкүнүчтүү. Бабанов мыкты бизнесмен болсо болгондур, ал боюнча эч ким күнөө коё албайт. Бирок, Премьер-министр катары дурустап иштеп кете албады. Былтыркы жылы ТЭЦке алынып келинген уулуу көмүрдүн, “Мегакомдун” айланасындагы чырларга Бабановдун катыштыгы бар экенин айтып түгөтө алышпай коюшту. Анча-мынча адамдын колу жетпеген бул банк маалыматы менен өз окурмандарыбызга тааныштыра кеткенди туура көрдүк.
 
А. Бостонкулов
Булак: "Жаңы Ордо" гезити

 

Кыргызстанга өзүнүн «Сильвио Берлускониси» керекпи? Италияда миллиардер Сильвио Берлускони тууралуу ал премьер-министрлик кызматка чамынып жатканда жаш, жайдары жана жомоктогудай бай деп айтышкан. Бүгүнкү күндө “пиарчылар” да биздин өлкөдө да дал ушундай премьер – Өмүрбек Бабанов пайда болду дешүүдө. Ал бийликке өзүнүн партиясы аркылуу келип, реформатор катары көрүнүүгө далалат кылып жатат жана карапайым калкка мамлекеттин болуп көрбөгөндөй өнүгүүсү менен жаңычыл реформаларды убада кылууда. Ал эми ага караштуу жалпыга малымдоо каражаттары бир туруп шыбырап, бир туруп үнүнүн жетишинче: «капчыгы калың мамлекеттик ишмерлерден коркпоо керек! Алардын өз элин карактаганга каалоосу да муктаждыгы да жок...» деп жазууда. Бул тезис, арийне, талаш-тартышты жаратпай койбойт. Ошентсе да, мындай сорттогулардын табияты баарыга эле маалым эмеспи: канчалык көп жеген сайын  – ошончолук көптү жегиси келип, ого бетер тамшанып турат.
 
Алкымынын чоңдугу, зыкымдыгы, токтоно албай калуу жана чекти билбөө – мүчүлүштүктөрү бакиевтик режимди кыйроого алып келген. Ушул эле сапаттарды азыркы премьер да көрсөтүп жатат. Ал гана эмес күлкүлүү – «бабанизация» деген термин да пайда болду. Ал өлкөдөгү болуп жаткан көрүнүштү таамай чагылдырат: Бабанов жана анын үй-бүлөсү бардык кирешелүү компанияларды басып алып, экономиканын бардык тармактарын өзүнүн  тыкыр көзөмөлүнө алууда. Премьер аң-сезиминин да уккан жок, демек, ага чыканакка чейин колун салбоого чакырган жамааттын да добушун укпайт шекилдүү.
 
 Шайлоо күндөрү Бабанов уялып койбостон эле өлкөгө кеминде экономикалык кереметти убада кылып жиберген. Бирок, ал бийликтеги биринчи күндөн тартып эле чуулгандардан башы чыкпай, парламенттик жана соттук териштирүүлөргө кирип кетти.
 
Бабановтун ишмердүүлүгү тууралуу көп эле жолу майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөлүп жазылды. Анын эсебинде ууру Акаев менен Бакиевтин үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын тейлөө, ондогон рейдерлик баскынчылыктар, контарбандалык күйүүчү май менен шугулдануу махинациялары, өндүрүш пахтасын карактоо, балдар үйлөрүнө радиоактивдүү көмүрдү жеткирүү жана таратуу сыяктуу кылмыштар бар. Анын бийликке кантип келип калгандыгы өтө таң калычтуу. Беш жыл мурда Бабановтун казак жараны экендиги тууралуу факт кылтыйып чыккан. Эки жыл мурда ал жарандыктан баш тарткандыгын билдирген, эмнегедир анын бир ооз сөзүнө баары ишенип калышкан. Бабанов чын эле казак жарандыгын тапшыргандыгын же анын бул айтканы жүздөгөн калптарынын бири экендигине эч ким кызыкдар болгон эмес.
 
Бабановтун Россиядагы, Белоруссиядагы жана Казахстандагы фирмаларынын кызыкчылыктарын, аларды жарым криминал топтор – чечен Бажаевтер, көмүскөдөгү аферист – Машкевич кармап тургандыгын эч ким иликтеген жок. Башка өлкөлөрдөгү дал ушул эле байланыштары үчүн мамлекеттик чиновник эбак кызматтан кетмек. Анын иштөөсү жөнүндө эч кандай сөз да болмок эмес. Анын дал ушул Бажаев жана Бакиев менен байланышы үчүн биздин премьерди Кремлдин босогосунан аттатпайт! Маскаралык эмей эмне!
 
Бирок, Бабанов дагы эле олтурат, кызматтан кетүүгө тууралуу ойлонгон да жок.
 
 Берлусконинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары баарына белгилүү. «Берлусконинин риторикасы экономикалык  либерализмдин риторикасы болуучу, бирок, чындыгында, кеп анын жеке кызыкчылыгы жөнүндө гана жүргөн», – дейт муну тастыктаган америкалык эксперт. Бул мырза өз бизнесинде жол койбогон нерселерди мамлекеттин экономикасында колдонуу мүмкүн деп эсептеген. Мындагы маселе бирөө гана: жеке бизнес качан болсун коомдук кызыкчылыктан жогору турат!
 
Узак жылдар бою аны салыктарды жашырып келгендиги үчүн, сотторду сатып алууга аракет кылгандыгы жана башка экономикалык кылмыштар үчүн соттоп келишкен. Ал юридикалык кызматтар үчүн 270 миллионго жакын доллар каражат жумшаган жана ар жолу акталып чыккан, же болбосо, өкүм мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн чыгарылган эмес. Коомдун көп бөлүгү аны жек көргөн, бирок, ар жолу кандайдыр бир партияларды ачып, альянстарды (элдик фронт сыяктуу) түзүп, аны коалициялык өкмөттүн башчысы кылып дайындашкан.
 
Тактап айтканда, аны эч ким шайлаган эмес, эл ар башка партияларга добуш берген, кийин анын жогору жагында тургандар премьер кылып бекиткен. Берлускони  - өлкөнү уурдап, тоноп бүткөн, демократиядан чыккан классикалык алдамчы – шылуун.
Анын ишмердүүлүгүнүн соңку жыйынтыгында мамлекет 2,6 трлн доллар карызга баткан же 120 пайыз ички дүң өнүмгө туш келген. Экономикалык өсүш токтогон, атаандаштык жана айкындуулк жагынан эл аралык рейтингдерде эң төмөнкү деңгээлге түшүп калган. Пайыздарды гана алып караганда Италия жыл сайын 300 млрд евро же ар бир италиялыкка 4500дөн евро туура келген карызга баткан. Ал эми Берлускони – Италиядагы жана дүйнө жүзүндөгү эң бай адам болуп кала берген.
 
Мени кимдир бирөө кемчилик кетирбеген адам болбойт деши мүмкүн, бирок, бай адамдар өз сөзүнө бекем турат! Тилекке каршы, италиялык Андреа Казамассима премьер-министр Берлускониден сотто утулуп калган. Ал премьерди шайлоо алдындагы убадаларын аткарбагандыгы үчүн айыптап, сотко кайрылган. Казамассима италиялык өкмөттүн башчысы “Италиялыктар менен келишимдин” шарттарын аткарбай жаткандыгы үчүн күнөөлөгөн. Бул келишимге Берлускони 2001-жылдын 8-майында белгилүү «Porta a porta» телекөрсөтүүсүнүн түз эфиринде кол койгон. Бул шайлоо алдындагы кампанияда ага шайлоочулардын көп добушун алууга мүмкүнчүлүк берген. Ошентсе да, сот чечимди Берлусконинин пайдасына чечип,  ”Италиялыктар менен келишимдеги” Берлусконинин билдирүүсү келишимдик күчкө ээ болгон эмес” деген өкүм чыгарылды.
 
Дал ушундай эле окуя Кыргызстанда да болуп өттү. Ө.Бабанов жакынкы шайлоолордо: «Электроэнергию – өз наркында!» деген жарлыктар менен чыккан.  Бакиев убагындагы тарифтердин көтөрүлүшүнөн үрөйү учуп бүткөн кыргызстандыктар бул жолу анын сөзүнө ишенген. Бирок, Бабанов бийликке келээри менен эле парламенттик трибунага ал кызматка койгон энергетика министри чыгып алып: «Биз электроэнергиянын даана наркын эсептей албайбыз!» деп алакан жайып олтурат.
 
Ушунтип абийирсиздик менен карөзгөйлүккө жыл санап машыгып олтурган Бабановтун жеке кирешесинин өстүрүүдөгү талбаган изденүүлөрү (жана табышкерлиги) ага саясий бизнесин да жылдырууга өбөлгө түзүп олтурат. Дал ушундай: саясий бизнес, анткени, саясат – анын жеке байлыгын көбөйтүп-өстүрүү үчүн негиз гана болуп берет.
 
Ал өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн мурдагы достору менен калкалоочуларын гана эмес, бүтүндөй мамлекетти дагы сатып жиберүүгө жана карактоого даяр. Эгерде байкуш саясатчы азга топук кылса, миллиардер ири өлчөмдө уурдап-жегенге ашыгат. Бабанов бийликке келгенден берки аз убакыттын ичинде Кыргызстан өзүнүн эң акыркы инвестициялык жагымдуулуктун калдыктарынан да айрылып бүттү. Эмдигичекти Максим Бакиевтин жана анын жакындарынын рейдерлик баскынчылыгынан жабыр тарткандар үчүн адилеттик өкүм сүргөн жок. Ал эми булардын ичинде Бабанов өзү да бар болчу. эми Бабанов демилге кылган жаңы рейдерлик – премьердин ролундагы рейдерлик катмарлана баштады.  Бабановтун жеке банкы аркылуу кетип жаткан финансылык махинациялар тууралуу билсе дагы эч ким буга каршылык кыла албайт. Бабановтук өкмөттүн тоо-кен тармагындагы анча-мынча “паралар” талап кылынган лицензияларга байланышкан оюндарын жана интригаларын эч ким токтото албайт. Өлчөмсүз салыктар реалдуу өндүрүштү курутат. Мунун баардыгын тең премьер парламенттин катышуусу менен жасап жатат.
 
Ушул сыяктуу ага дивидент алып келбеген экономикалык милдеттер өкмөт башчысы чечкиси келбейт. Эгерде ал “цементтин базардагы баасын жөнгө салып койсо” деле анын ишин көрүү жетиштүү болмок. Иш жүзүндө бүтүндөй акция аны чыгарып жаткан ишканага заводдун пайдасына болбосо да, бааны төмөндөтүүгө милдеттендирилген кысым көрсөтүү менен чектелди. Ал эми цементтин баасынын кымбатташына күнөөлүү болгон ортодогу алып сатар соодагерлердин ишмердүүлүгү жөнүндө, алардын 2-3 этап менен өткөн алып сатуу ишмердүүлүгүндө баа 2-3 эсеге жогорулап жаткандыгы тууралуу премьер ойлонгон да жок. А ырасында, бул боюнча туура чечим чыгаруу үчүн мамлекеттик ишмер деле болуунун кереги жок... Тилекке каршы...    
 
Берлускони кызматтан кетүүгө аргасыз болду, он миңдеген италиялыктар алардын мекенин кыйратып, жакырчылыкка алып келген чиновниктен арылганы үчүн көчөгө чыгып майрам кылышты. Анын артынан наалат айтышты.
 
Ал эми бизге, кыргызстандыктарга мафиялык “бабановтоштуруудан” кутулуу үчүн дагы жыйырма жылдык соттук териштирүүлөр жана парламенттик иликтөөлөр керекпи?
 
Кубан Жусуматов
www.paruskg.info
Июнь коогалаңына эки жыл толду. Бишкек шаарында бул датага карата «Кыргызстанды сактоо кыймылы» Жогорку Кеңештин депутаттарын, коомдук ишмерлерди, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн “тегерек үстөлгө” чакырды. Чыгып сүйлөгөндөрдүн билдирүүлөрүнөн кийин “Коогалаң” тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу «Кыргызстанды сактоо кыймылынын» координатору Аширбек Болотов кеп кылат.  
 
2010-жылдын апрель-июнь айларында болуп өткөн кайгылуу окуялар Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери жыйналып келе жаткан көйгөйлүү маселелерден улам келип чыккандыгы жашыруун эмес. Кыргыз элинин башына экинчи жолу түшүп жаткан бул кандуу коога бүгүнкү күнгө чейин түйүнү чечилбей турган тарыхый, социалдык-экономикалык, маданий демографиялык жана саясий маселелердин тамыры тереңде экендигинен кабар берет. Ош жана Жалал-Абаддагы улуттар аралык кагылышууну Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын сепаратисттик лидери К.Батыров, И.Абдрасулов жана башкалар менен жең ичинен сүйлөшүүлөр аркылуу алдын-ала даярдалган сценарий менен ишке ашырышкан. Андагы “Убактылуу өкмөт” деп өздөрүн атап алган бийликтин баскынчылары даярдалып жаткан жаңжал жөнүндө жеке эле коопсуздук кызматы аркылуу эмес, массалык маалымат каражаттары аркылуу да толук билип, кабардар болуп турганы менен өз бийлигин түштүк региондордо күчөтүү максатында тирешүүлөрдүн келип чыгышына атайын жол берген. Болбосо, ошол кезде мамлекеттин жетекчилигинде турган Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев жана башкалар кан төгүүнү алдын алып, өз мөөнөтүнөн кечиктирбей чара көрүүгө милдеттүү болчу. Тилекке каршы, эки элди араздаштырып, ортосуна от жагып коюп, “бириң өлүп, бириң кал” дегенсип тим болушту.
 
“Болоор иш болду, боёосу канды” дейли, андан кийин тез аранын ичинде бул ишти укук коргоо органдары териштирип, коогалаңдын келип чыгышына күнөөлүүлөрдү таап чыгып, кылмыш жообуна тартууга тийиш эле. Бирок, эмнегедир жабылуу аяк жабылуу калсын дегендей, бул жолу дагы күнөөлүү адамдар кашкайып көрүнүп турса да, эч ким жоопко тартылган жок. Мунун себеби айтпаса да түшүнүктүү. Анткени, июнь коогалаңына айыптуулардын ичинен дал ошол Бакиев бийлигин басып алган Убактылуу өкмөттүн башы кылтыйып көрүнүп турбайбы. Али күнчө Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт жана Башкы прокуратура тарабынан 2010-жылы түштүктө болуп өткөн кандуу окуяга саясый жана укуктук баа бериле элек. Башкы прокурор Аида Салянова, вице-премьер Аалы Карашевдер түштүктө болуп өткөн окуяларда Убактылуу өкмөттүн эч кандай күнөөсү жок экендиги жөнүндө чечимди чыгарып, жандары тынды. А чындыгында, кандай чечим болсун, кандуу окуянын келип чыгышына ким күнөөлүү экендигин эл көрүп-билип, аларга эки дүйнөдө наалатын айтып келет. Эки улуттун араздашуусу боюнча бир нече кыймылдар демилге көтөрүп, күнөөлүүлөрдү таап, жазага тартуу боюнча талаптарын эки жылдан бери коё берип, чарчап да бүттү. Бул боюнча канчалаган ой-пикирлер ортого салынды.
 
 “Кыргызстанды сактоо кыймылы” уюштурган “тегерек үстөлгө” 30 депутат чакырылгандыгына карабастан, эл үчүн күйгөн элдик депутаттар Камчыбек Ташиев, Токон Мамытов, Камила Талиева жана Талант Мамытовтор гана келип, өздөрүнүн пикирлерин айтты. Ал эми калган депутаттардын келбегендигин алардын бардыгы премьер-министр Ө.Бабановдон көз каранды болуп калгандыгынан деп түшүндүк. Айтмакчы, А.Карашев “түштүк окуясынын келип чыгышына Убактылуу өкмөттүн эч кандай күнөөсү жок” деп билдирүү кылгандыгын жогоруда белгиледик. Өкмөттүн бул отчету Жогорку Кеңеш тарабынан канааттандырарлык деп табылган. Ошону менен Жогорку Кеңеш дагы бир жыл мурда кабыл алган өзүнүн токтомунан баш тартты десек жаңылыштык эмес. Кыргызда «Арбак ыраазы болмоюнча, адамдын иши оңолбойт» деген жакшы макал бар. Кечээ жакында Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтына шейит кеткендер үчүн куран окутууга барган адамдарды милиция кызматкерлери курчап алышып, куран окула турган жерге киргизбей коюшту. Топтолгон кишилер революция кылуу максатында эмес, июнь коогалаңынын эки жылдыгында мерт кеткен кыргызстандыктарга алакан жайып, куран окутуу үчүн чогулмак. Бийликтин өз көлөкөсүнөн өзү чочулап, элден коркуп, мындай жорукка барып олтурушу жакшылыктын жышааны эмес. Эгерде карапайым эл революция кылгысы келсе, эч кандай милиция, эч кандай ок, курал да токтото албастыгына өздөрү күбө болушпады беле! Качан гана мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирип, өлкөнү адам канына боёгон Кадыржан Батыров сыяктуу сепаратистер жазасын алганда гана жазыксыз жерден шейит кеткендердин арбагы тынч алып, өлкөбүз өнүгүү жолуна түшөт. Албетте, эгерде укук коргоо органдары К.Батыровту кармап келип, сурак кылганда Атамбаевтин, Отунбаеванын, Бабановтун, Бекназаровтун ж.б. каракчы-баскынчылардын өздөрүнүн былыктары чыгып калат.  Ошол себептүү кылымыш ишин эл көзүнө козгомуш этип, а чынында, алакан жайып, көрмөксөнгө салып олтургандары өздөрүнүн пайдасы үчүн гана жасалып жаткан иш. Ошентип, бул өкмөт менен бийлик кетмейинче жабылуу аяк жабылуу бойдон турганы-турган. Ошол эле кезде К.Батыров жөн жатпай кыргызстандык өзбектердин партиясын түзүп, ар кандай ызы-чууларды Кыргызстанда уюштуруп жатканы аз келгенсип, Москвада дагы кыргыз элинин жүзүнө көө сүртүп, бүлүк салып жүрөт.
 
“Кыргызстанды сактоо кыймылы” банк кутучуларынан жоголгон 350 миллион долларды уурдагандарды, июнь окуясындагы күнөөкөрлөрдү табуу жана аларды жазалоо үчүн акыр-соңуна чейин тикесинен тик турат. Эгерде азыркы бийлик болуп өткөн окуялардын күнөөкөрлөрүн табышпаса, эртең кеч болуп калат. Балким, үчүнчү революция ушунун айынан болуп кетиши мүмкүн...
 
Аширбек Болотов,
Кыргызстанды сактоо кыймылынын координатору