Акыркы убактарда Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга назар салган адам  өзүн Акаевдин заманы кайра келип калгансыдай сезе баштагандыгын ачык белгилеп кетүү абзел. Себеби, өз учурунда Акаев да жеп-ичкенин жашырыш үчүн арзымат-кошоматчынын баарын тегерегине чогултуп алып, калптын баарын жаздырып, элдин башын айлантканды жакшы көрө турган. Азыр деле ошол көрүнүш кайталанууда. Минтип бийлик башындагылар калптын казанын кайнатып жүргөн учурда канчалаган мекендештерибиздин чет жерлерде кор болуп, нан таап жүрүшкөнүн эстен чыгарбайлы.
 
Жакында Москвага жүрүп, универсамдардын биринен кыргыз жигитине жолугуп калдым, сураштырсам Лейлектик жигит экен. Анын айтымында, бул универсамда жүздөн ашуун кыргыздын уул-кыздары иштеп жатыптыр. Мен мекендештерибиздин жашоо-шартын сурадым, себеби биз 1994-жылдан бери атайын мониторинг жасап жүрөбүз. Чет жактагы кыргыздардын абалына кызыгып, мониторинг жүргүзүүмө атуулдук намысым түрткү. Анткени, ойлоп көрө турган болсок, дүйнө жүзүндө биз болгону үч миллион гана кыргыз экенбиз. Ошол үч миллион элибиз кудай жалгап, Горбачев келип калып, СССР тарап, өзүнчө эгемендүү өлкө болуп отурабыз. Бизден чоң элдер, мисалы курддар, уйгурлар, тибеттер жана башка көптөгөн улуттар өз алдынча өлкө болуу бактысына жете албай канча күрөш жүргүзүп келатышат, алардын айрымдары улут катары жок болуп кетүү коркунучунда турушат.
 
Тилекке каршы, ушундай бир ууч элибизге татыктуу лидерди шайла албай келебиз. Ошонун кесепетинен элибиздин абалы өтө оор, экономикалык туңгуюктан чыга албай жатабыз. Болбосо башыбыздан эки революция өттү, “жакшы жолго түшөбүз го”,- деген үмүтүбүз орундалбай келатат. Буга бир эле мисал: Кыргызстандын эки минден ашык алтын кендерин мурунку жетекчилер Кытай ишкерлерине берип койгон, алар болсо жерибиздин экологиясын талкалап, эски технология колдонуп, кыргыздарды ууландырып, жерибизди, айлана-чөйрөбүздү талкалап жатышат. Жаны келген Атамбаев баш болгон бийлик аткаминерлери булардын баарын ондойбу десек, кайра ошолордун сөзүн сүйлөп, мыйзамдын негизинде жолго салгандын ордуна өзүбүздүн элди кор кылып, сабаганга чейин алып барып жатышат (буга Өзгөндө иштеп жаткан кытайлардын элди сабашы мисал). Аларды тез чара көрүп, бир кундун ичинде чыгарып жибергендин ордуна жараштырымыш болуп, иш жүзүндө кытайлардын сөзүн сүйлөп жатышат: анын натыйжасында ушул  убакытка чейин кыргыздарды сабаган кытайлар жоопко тартылбады. Бизге келген инвесторлорго мыйзамды бийлик өзү баш болуп тебелетип жатса, кайда барабыз?! Анан, эң кызыгы, ошого окшогон бийликти Сегизбаев, Нарынбаев, Осмонакун Ибраимовго окшогон арзыматтар макташат, жерге тийгизбей, кошоматчы ММКлар аркылуу элге жалган маалымат таратышат. Мунун бир мисалы, жакындан бери эки революциянын бирден-бир лидери Бекназаровду каралап жаздырышып, чоң кампанияны башташты. А чынын айтканда, эгерде Бекназаров болбосо Аксы эли көтөрүлүп, жыйынтыгында 2005-жылы Акаевдин бийлигин Осмонакунга окшогон арзыматтары менен кошо эл кууп чыгат беле?! Ошолорду кууп чыккан элдин аң-сезимин көтөрүп, күндөп-түндөп эл менен иш жүргүзбөсө элдик революция болот беле?
 
Андан кийин Бакиев келип, Акаевден ашып-ташып баратканда ошол эле революционер Бекназаров баш болуп, “жанылыппыз”,- деп оппозициялык кыймылды баштап, беш жылдын ичинде кууп чыкты го. Бакиев беш жылда куулуп, сырттан болсо да соттолуп жатат. Бул Бекназаровдун да эмгеги эмеспи...
 
Тилекке каршы, бүгүн Атамбаев да ошол Акаевдин арзыматтарын чогултуп алып, тескери иш алып барууда. Бул саясаттын түбү жакшылыкка алып барбастыгын канча айтып келебиз. Мурунку президенттердин даңгыр жолуна түшүп, ошолордун ырын ырдаган “ырчыларынын” ыкмасын колдонгону – президенттин чынында ким экенин айгинелеп жатат. Буларга кошулуп Бакиевдердин кейпин кийип калбаса болду.
 
Ал эми Бекназаровго каршы акыркы убактарда уюштурулуп жаткан кампаниянын да башында бүгүнкү бийликтин эскиден калган калдык-арзыматтары турат. Мен бул адамдардын укмуштуудай чоюлчаактыгына, ийкемдүүлүгүнө тан берем. Кайсы бийлик болбосун, оңой эле коюн-колтугуна кирип кетишет окшобойбу. Көшөгөнүн артындагы “дирижерлору” да белгилүү: алар биз билген Акаев, Бакиев, анан да Атамбаев. Бекназаровдун бир күнөөсү, ал чындыкты досу, бир тууганы болсо да бетке айтат. Мына азыр досу Атамбаевдин бетине айтам деп, ушундай каралаганга дуушар болуп отурат. Чындыгында Бекназаровдун юрист катары эң мыкты кесипкер экенин, өзгөчө анын “кыргызчалаганга” кызыкпастыгын мен бир топ жолу байкап калгам. Эгерде Бекназаров жеп-ичкич болсо капкачан камалып жок болуп кетмек, же башка бир жолун табышат эле да. Эч нерсе жукпаган үчүн айлалары кетип, ушундай каралаганга барып жатышат. Эсимде, 2002-2003-жылдары мен аксылыктарды колдоп, дүйнө жүзүно Акаевдин ким экенин көрсөтүп жүрсөм, Осмонакун Ибраимов, Абдил Сегизбаевге окшогон “акаевчилер” кошоматчы көз каранды ММКларга 400дөн ашуун макала чыгарышыптыр, Кыргызстандын миллиарддарын Акаев жебей эле мен жеп аткандай. Азыр да Бекназаровго кудум ошондогудай жалаа жабышууда. Ошого аябай сүйүнгон Осмонакун АКИпресс жана башка ММКларга Бекназаров тууралуу сага жазыптыр. Колунан келгендей жазыптыр, “Сага о Бекназарове" дегенин окуп алып мен баягы эле Осмонакунду элестеттим. Эл бийликти тартып алгандан кийин жүдөп, Акаевдин убагында тайраңдап жүргөн неме революциянын бульдозеринен бир өчүн алайын десе керек. Билишмче Осмонакундун жеке да өчү бар, анткени 2005-жылдагы ыңкылаптын кийин Бекназаров анын Илимдер академиясынан алган үйүнөн бери “кустурган болчу, ошонун баарына кек сактап келгендиги билинип эле турат.
 
Деги эле Майрам Акаеваны “канайым”, Айдарды “ханзада” атап, кошоматчылык жасаган О.Ибраимовдон жакшылык күтүп болобу? Атамбаевге кайрылып, Бекназаровду камаш керектигин кыйытыптыр. Акаевди да ушинтип шыкактап, анын жыйынтыгында Аксыда эмне болду эле? 2008-2009 жылдары Жаныш Бакиевди да ушинтип шыкактаган, бирок алар Осмонакунду теңине албай койгон.
 
Эсимде, 1993- жылы ошо кездеги спикер Шеримкуловдун Жыламыш айылына батага барып калдык, анда биз депутат элек. Бир убакта байкасам Осмонакундун агасы, доктор Абыт Ибраимов босогодо отурат, а өзү төргө олтуруп алыптыр. Эми ал кезде Осмонакун аппаратта иштеп, президент Акаевге жакын болуп жүрчү. Мен чыдабай кетип, Осмонакунга элдин көзүнчө “Осмонакун, бул кылганың кандай, агаңды босогого отургузуп, өзүн төргө чыгып алыпсың”,- деп суроо бердим. Буга элдин баары күлдү. Ошондон кийин гана эсине келип, агасын төргө чыгарган. Дагы бир мисал - мени Лондонго Венадан бүт дүйнөгө маалымат тараткан “Би-Би-Си” радиосуна “түз байланыштагы” талкууга чакырып калышты. Бийлик тараптан президенттин администрация жетекчиси Карыпкулов келмек экен. Бирок, Карыпкулов баш тартып, Осмонакун келди. Ошол жерден мен Акаевдин былыктарын ашкерелеп, кыргыз элине душманчылыгын айтып жатсам, Осмонакун тигил журналист кыздарга мен айткандарды эфирге чыгартпоого көрсөтмө берип жатат. Ал кыздар “бул сизге баш ийчү ММК эмес, “Би-Би-Си” эркин, бир да бийликке баш ийбейт”,- дешсе, бир убакта ошол кыздарды жаман сөздөр менен коркутуп жатканын уктум. Осмонакундун денгээлине ошондо аябай таң калдым.
 
Дагы бир мисал - бизди Бекназаров менен кошуп Европарламент Кыргызстан жөнүндө атайын угууга чакырып калды. Барсак, ошол жерде Осмонакун Ибраимов, Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов, Венадагы элчи Жекшенкулов, Брюсселдеги элчи болуп бир топтору жүрүшүптүр. Булардын баарынын келери тууралуу таптакыр сөз болгон эмес. Көрсө, элчилер президентке маалымат жиберишип, Акаев баарын “түнү менен жеткиле да, булардын айткандарын жокко чыгаргыла”,- деген көрсөтмө бериптир. Жыйын башталып, булар бийликти жактап, жанталышып атышат, а биз фактылар менен бардыгын далилдеп жатабыз. Бир убакта Осмонакун элчилери менен Европарламенттин депутаттарына чапан, калпак таркатып, кечки тамакка чакыра баштады. Анан мен сөз алып, Европарламенттин депутаттарына “Урматтуу депуттатар ,силер эмне булардан пара алып жатасыңар”,- таризинде кайрылсам, депутаттар алган белектерин таштап жиберишти. Ошону менен Осмонакундар уюштурган кечки тамагынан да баш тартышты. Булар ошентип чындыкты угуп, мамлекеттин ондогонго аракет кылгандын ордуна, мамлекетке канча зыян келтирип барып алышып, шерменде болуп кайтышты.
 
Мени таң калтырганы – “осмонакунчиктерге” күнү түшүп калган ажо Атамбаев болууда. Же ага да Акаевге окшогон мактоо-жактоолор, кошоматчылык мамиле жагабы? Менин айтайын дегеним - Атамбаев кошоматчы арзыматтарды тегерегине топтогон сайын, өзүнүн президенттик күнүнүн кыскарып бараткандыгын түшүнүшү керек. Анткени, эл буга окшогон арзыматтардан капкачан тажаган. Муну эки революциянын тажрыйбасы да көрсөтүп турат.
 
Рамазан Дырылдаев,
укук коргоочу,
“Жаңы-Багыт” партиясынын лидери