Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кылмыш кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга аракет” жана “Бийликти басып алууга чакырык” беренелери боюнча Башкы прокуратура тарабынан мыйзамсыз козголгон кылмыш ишинин алкагында судья Адылбек Субанкуловдун төрагалыгындагы олтурум өткөн жума да уланды. Анын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу, прокурор Асаналы Иманбеков үч депутаттын айыбын угузду. Бу кыйындын айтымында, айыпталуучулар 2012-жылдын 25-сентябрында Садыр Жапаровдун иш бөлмөсүндө чогулуп, 3-октябрда бийликти басып алууну пландаштырган имиш.
 
Адамдын боорун эзген жомогун А.Иманбеков мындайча чечмеледи: “Садыр Жапаров "Ата-Журт" оппозициялык фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов,эксперт Кубатбек Кожоналиев, ошондой эле Ташиевдин коомдук жардамчылары Исаев, Камчыбеков, Кадырбаев жана башка тергөөдө аныкталбаган адамдар менен бирге өзүнүн кызматтык кабинетинде алдын-ала сүйлөшүп, бийликти күчкө салып тартып алууну жана бийликти күч менен кармап турууну пландашкан. Ал кылмыштуу планды ишке ашырууну 2012-жылдын 3-октябрына белгилешкен”. Ойдон токуп чыгарган бийликтин жөө жомогуна анткен менен коомчулуктун ишене тургудай абалы жок. Бу былжырак кепке карапайым адамдар тээ 3-октябрь окуясынан кийинки күндөрү ишенип жатышкан. Себеп дегенде, ал кезде телеканал, радио, гезиттерди мыкчып олтурган бийлик төбөлдөрү үч депутатты болушунча жамандашып, колдорунан келишинче эл душманы көрсөтүү аракетин көрүшкөн. Тынбай жаадырылган жугундуга эл ынана баштаган болчу. Ошондо биз жазган элек, “бийликтин пропагандасы да бүтөт, учуру келгенде Ташиев, Жапаров, Мамытов баатыр болуп чыгышат”,- деп. Андан бери бир топ убакыт өтүп, эл да болуп өткөн окуяга өз алдынча анализ жүргүзүп, кимдин-ким экендигин билип алды. Кайсы бурчка барбагын, үч депутаттын камакка алынып, өтө оор, жасалма айып менен соттолуп жатканын бийликтин куугунтугу, өзүн-өзү сактап калуу жандалбасы катары түшүнүп калышты.
 
Белгилүү саясатчылар да дал ушул пикирди айтууда. Маселен, генерал-саясатчы Өмүрбек Суваналиевдин айтымында, үч депутаттардын үстүнөн жүрүп жаткан сот процесстери, кылмыш ишинин козголушунун баары саясый заказ экени баарыбызга маалым болуп бүттү. “Анткени, Атамбаев жазда чуу чыгат деп, акчалуу адамдардын тизгинин тартыш үчүн баш ийгендерин КСДПга мүчө кылып, анын саясатына макул болбогондорго кылмыш ишин козгоп, эптеп шылтоо таап камап жатат. Атамбаев бийликти басып алуу үчүн кандай аракеттер болоорун, кандай даярдык керек экенин, тосмону аттаган киши эле бийликти басып албасын жакшы билет. Ошондуктан баарын каматам, жоготом деп саясый куугунтукка алганы туура эмес. Ал да учурунда "бийликти басып албасак, башка жол менен ала албайбыз" дечү”,- дейт Ө.Суваналиев.
 
Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринде да, Ташиев жана анын жанындагы эки депутатка бүгүн негизсиз күнөөлөр коюлууда: “Алардын күнөөсү болсо дагы азыркыдай оор эмес, жеңил гана болушу мүмкүн. “Азыркы бийликти күч менен басып алууга аракет болду”,- деген берененин коюлушун бийлик тараптын буйругу катары түшүнсө болот. Ошондой эле оппоненттерин укук коргоо органдарынын жардамы менен тизгинин тартуунун жыйынтыгы алардын камалышы менен бүтпөйт. Анткени, күнөөлүү делип аткан үч депутаттын тең күнөөсүн далилдей алышпайт. Керек болсо соттоп аткан соттор эртели-кеч, элдин же башка соттордун алдында жооп берүүгө туура келген жагдай жаралат. Камчыбек Ташиевдин азыркы коюлуп жаткан оор беренелер боюнча акталып чыгаарына ишенем. Ал эми жеңил беренелери боюнча кандайдыр бир күнөөсү болушу мүмкүн. Эгерде бүгүн анын ден соолугуна же өмүрүнө зыян келе турган кандайдыр бир маселе жарала турган болсо, буга түздөн-түз бийлик күнөөлүү болот.
 
Камакта жаткан Камчыбек Ташиевдин өзү да бир да күнөөнү мойнуна албастыгын ачык айтууда. Сот процессинде Ташиев билдиргендей, Башкы прокурор менен бийликте отурган кээ бир адамдар үч депутаттын камалашына абдан кызыкдар болуп жатат: “Бийлик оппозициядагы баш көтөргөндөрдүн баарын сындыруу аракетин көрүүдө. Биздин үнүбүздү басып, темир торго камап коркутууну көздөгөндөр терең жаңылышат. Мен айтып коёюн, бизди эч ким коркутуп, сындырып, чөгөлөтө албайт. Мен 3-октябрь күнү дагы өзүмдүн эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн тосмодон ашып өткөнмүн. Эл үчүн дагы деле кызмат кыла берем”.
 
К.Ташиевдин сотто билдиргенине караганда, аны камакка алынгандан бери бир гана жолу суракка алышкан. “Ата-Журттун” лидери белгилегендей, ал 3-октябрдагы митинг учурунда бийликти басып алууга да эч кимди чакырган эмес. “Мен бийликти алууга чакырдым. Бийликти басып да алса болот, аны конституциялык жол менен да алса болот. Мисалы референдум аркылуу. Мен эч качан мени чыгаргыла деп бийликтен суранбайм. Козголгон кылмыш иштери мени коркутуп чөгөлөткөнгө гана багытталган. Бирок андай болбойт”,- деди депутат. 
 
Депутат Садыр Жапаров прокурорлордун бийликти басып алууну пландашканы тууралуу жөө жомогун так кесе четке какты. 3-октябрдагы митингдин демилгечиси болгонун, бирок, ал толугу менен тынч максатты көздөгөнүн айткан Садыр Нургожоевич камакта олтурушкандыгын “Кумтөрдөгү” коррупциялык иштерди жана ага аралашкан бийлик төбөлдөрүнүн ысымдарын ачыкка чыгаргандыгы менен түшүндүрүүдө. Башкы прокуратуранын эмнеге жанталашып мыйзамсыз иш козгоп, үч депутатты темир тордо кармоого аракеттенип жатканын С.Жапаров жөнөкөй эле түшүндүрүп берди. Көрсө, башпрокурор Аида Салянованын да “Кумтөр” алтын кенине байланыштуу коррупциялык иштерге байланышы бар тура. “Аида Салянова 2009-жылы Адилет министрлигинде иштеп турган учурунда “Кумтөрдүн” 3 миллиард долларлык айып пулун кечип жиберүү тууралуу документке кол койгон. Бул кызматы үчүн өзү дагы кайсы бир өлчөмдө акча алган”, - деди ал. Бул кепке чычалаган Салянова Садыр Жапаровдун билдирүүсүн текшерүү буйругун бергенге үлгүрдү. Бирок, ал текшерүүсүнөн деле азыркы үч депутатка токулгандай жөө жомокту айткандай жыйынтык чыгарынан эч кимдин деле күмөнү жок.
 
Садыр Жапаровдун баары “Кумтөргө” байланыштуу болуп жатканын айтканында мандем бар. “Жоо кеткенден кийин кылычыңды чап”,- деген сыңары, азыркы мамлекеттин “Кумтөр” боюнча комиссиясы деле С.Жапаров казып чыккан фактыларга таянып, канадалыктар менен түзүлгөн келишимди денонсациялоо керектигин билдирүүдө. Өздөрү баарын моюнга алгандан кийин, аны ачык айткан адамдарды камоонун анда кандай зарылчылыгы бар? Демек, бардык маселе, Суваналиев айткандай, Атамбаевдин саясий каршылаштарын жок кылуу айла-амалында турбайбы.
 
Өткөн жуманын аягында “ата-журтчу” депутат Ахматбек Келдибеков да дал ушул маселени козгоп, Садыр Жапаровду бошотуп, орден менен сыйлоо керектигин айтты. “Өз кезегинде Садыр Жапаров башында турган парламенттик комиссия "Ата-Журт" фракциясынын демилгеси менен түзүлгөн. Бүгүн мамлекеттик комиссия анын жыйынтыгы туура болгонун айтууда. Эгер ал туура жасаган болсо, анда эмнеге, анын башчысы Садыр Жапаровду камакка алып атасыңар? Бүгүн "Кумтөр" боюнча келишимдин жокко чыгарылышы боюнча гана маселе турушу керек. Силер канадалык компаниясыз "Кумтөр" иштебей калат деп атасыңарбы? Бүгүн келишимди жокко чыгарбасаңар, эртең силерди жоопкерчиликке тартпайт деп коркпойсуңарбы? Садыр Жапаров отчетун алып чыкканда эч ким ага олуттуу караган эмес, бүгүн мамлекеттик комиссия ошондой эле корутунду чыгарды. Жапаровду бошотуп, ага орден бериш керек",- деди А.Келдибеков. Дагы да кызыгы, бийликтин “Ырыс алды ынтымак” коалициясы да С.Жапаровдун комиссиясынын жыйынтыгынан айырмаланбаган мамкомиссия корутундусун колдоого алды. 3-октябрдагы митингдин катышуучуларынын бир бөлүгү дал ушул коалициянын “Кумтөр” маселесине келгендеги кайдыгерлигинен улам Ак үйдүн тосмосунан ашып түшүп, аларды ойготкусу келген. Эмнеге ошончо таза, ак болушса, коалицияга кирген депутаттар ызы-чуусуз эле башынан депутаттык комиссия корутундусун колдогон эмес? Андан бери эмне өзгөрдү? Же эли-журттун “Кумтөрдү” шылтоолоп депутаттарды камап жатканына күйүп, нааразычылык күчөп жатканын сезген бийлик демилгени колго алгысы келип, баштагыдагыдай түп-тамырынан айырмаланган буйрук бердиби парламентке? Айтып коюу керек, бийликтин актанууга жасаган аракети баары бир суу кечпейт.
 
Чынын айтканда, үч депутатты каматып койгон азыркы бийликтин да айласы кетти. Себеби, үч депутатка тагылып жаткан оор айыптардын бири да суу кечпей, адилеттүү сот болсо, акталып чыгаары дайын болуп турат. Кубатбек Кожоналиевдин айтымында, үч депутатты оор беренелер менен айыптоолор “Патриот” жана “Охотник” аттуу жашырылган ысымдар менен иштеген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө таянуу менен коюлууда. Булар өз учурунда мындай маалыматтарды кандай булактан алганын айтып бере алышпайт. Демек, бул күбөлүк билдирүүлөр сотто колдонууга жатпайт. Айтор, канча айтпагын, бул иш – саясий буйрутма экендиги, үч депутатты көп жылга кесип жиберүү планы бар экендиги билинет. А.Келдибеков деле айтып чыкпадыбы, “судьялар жогору жактын буйругун аткарып жатканын ачык айтып жатышканын”. Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Анан да судья Адыл Субаналиев кандай чечим чыгарышы мүмкүн? Өзүңүз баамдаңыз окурман...
 
Автандил Белеков
"Майдан.kg", №4, 6-февраль 2013-жыл