Бул макалада президенттин, керек болсо өлкөбүздүн идеологиялык куралы болгон Улуттук биринчи канал туурасында сөз болмокчу. Өткөн жылы өлкө башчысы Атамбаев кыргыз тилиндеги гезиттерди ушакчынын деңгэлинде баалап, натыйжада оппозициялык маанайдагы кыргыз гезиттеринин биримдиги – «КГБ» пайда болду. Албетте бул жагдай мамлекеттин турмушундагы массалык маалымат каражаттарын бийликтин же оппозициянын багытында деп оркойто экиге болуп койду.
 
Бул жакшыбы же жаманбы ага мезгил өз баасын берер. А бирок ошол эле кезде өлкө президенти ушундай аракеттер менен элдин турмушун, ынтымагын, улуттук идеологиясын оркойто бузган коррупцияны маалымат каражаттарында өз колу менен жасап жатканын билет бекен деген суроо жаралат. Ал эмне болгон коррупция? Анда буга башканы кой президенттин өзгөчө көзөмөлүндө турган Улуттук биринчи каналдын жетекчиси Кубат Оторбаевдин тагдырынан, кылган иштеринен байкап көрөлүчү. Президент Атамбаев менен Текебаевдин ишенген “сүймөнчүк кадры” К. Оторбаевдин КТРКсы коррупциянын, жердешчиликтин жана акты кара деген бузукулуктун уюгуна айланып жатса анан кайдан эркин гезиттер президентке ушакчы болуп көрүнөт түшүнбөйсүң. Көрсө кыргыз «өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөпкө асылат» деген макалды бекер айтпаптыр. Чындыкты гана айта турган фактылардын негизинде сөз кылмакчыбыз
 
Кубан Эсенбаев: “Урматтуу Жогорку Кенеш! КТРК кыйрады, деги ойлоносуңарбы?”
 
…КТРК дайым өнүгүүнүн, чыгармачыл жаратмандыктын үстүндө болуусу шарт. Көпчүлүк коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары телевидениени татаал чыгармачылык деп көңүл бурушпайт. « Кара жашиктен» кутулдук деп жатып «аңгектен качып дөнгөккө» кадалдык. Коомдун аң-сезимин калыптоочу курал эсептелген КТРКда абал оор. Азыркы өткөөл заманда, руханий баалуулуктарыбыз кайрадан каралып жатканда коомго руханий, эстетикалык азык тартуулап, жашообузга сын менен кароого үгүттөгөн, коомдун зарыл талаптарын так чагылдырган көрсөтүүлөрдү даярдоо зарыл, бирок тилекке каршы андай болбой жатат. Дүйнө жүзүндөгү кайсы телевидениени албаңыз көркөм чыгарма жаратуунун өз ыкмалары, нормалары, закондору, үлгүлөрү бар, биздин КТРКда андай эмес.
 
Пландуу, системдүү, принципиалдуу иш тургай, чыгармачыл атмосфера, атаандаштык түзүлбөй саясый-маалымат эле эмес, маданий программалардын сапаты төмөндөдү. Чыгарма жаратуу ыкмалары сакталбай, көрсөтүү максатына жетпей, композициясы так түзүлбөй, тема ачылбай, башкача айтканда телекөрсөтүү жасоо технологиясы сакталбайт. Көрсөтүүлөр телепередача атына толук татыбай, КТРК жөнүндөгү закон одоно бузулуп жатат. Албетте, булардын себеби коомдук телевидение жөнүндөгү мыйзамдын аткарылбагандыгы болуп жатат. КТРКда жакшы көрсөтүүнүн аныктоо чен өлчөмдөрү, илимий подход жокко чыгып, «кыргызча» болуп, таанышы бар «танкалар», «байдын уулу сүйлөсүнгө» жол берилди. Учурда көпчүлүк телекөрүүчүлөр маданий көрсөтүүлөрдү «ЭлТРден», маалымат саясий программаларын «НТС» ж. б. телеканалдардан көрүшөт.
 
Азыр КТРКда коррупцияга, финансылык будамайлоого, коомдун аң-сезимин манипуляция кылууга ынгайлуу шарттар түзүлүп калды. Иш системага салынбагандыктан чыгармачылык банкроттукка учурап жатабыз. КТРК элди, көрүүчүлөрдү кургак концерт менен тойгузуп, ойлонууга азык бербеген программаларды коомчулукка таңуулап келет. Ген. директор Оторбаев ишти туура жолго салалбай болгону саясий фигура болуп КТРКны кайрадан «кара жашике» айлантты. Позитивдүү өзгөрүүлөрдүн, реформанын башаты, коомдун өнүүгүсүнө багыттоочу болгон КТРК бүгүн ичинен быкшып реформага муктаж… Белгилүү тележурналист Кубан Эсенбаевдин бул кайрылуусу бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын кабылдамасында жатат. Эл өкүлдөрү эмне дейт ал алдыдагы иш.
 
Мындан сырткары КТРКнын «жаштар редакциясынын» айрым кызматкерлери башкы редактор Көкүл Арипованын кызмат ордуна татыксыздыгы, ашыкча сыйлык, гонорар каражаттарын жеп ичкендиги, КТРКнын акчасын менчик «ЮС» деген медиа продакшнга которуп жаткандыгы жөнүндө Оторбаевге жана Ленин районунун прокуратурасына арызданышса – маселе Оторбаев менен Арипованын жакын мамилесинен улам жабылып калгандыгын, Арипова бир тууган жездеси А. Үркүнчиевди редакциянын менеджери кылып коррупциялык схема түзсө да, Оторбаев бул маселелерди жаап жашырып жаткандыгы туралуу алар КР ЖКнын депутаты Улукбек Кочкоровго арыз менен кайрылышкан.
 
Мындан сырткары ушул эле маселелерди көтөрүп мен Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировго атайын кат жолдодум. Айрыкча «жаштар редакциясынын» башкы редактору Көкүл Арипова менен Оторбаевдин мамилелери коррупциядан да жакын болуп кеткендей сезилет. Анткени Оторбаев 2011- жылы дал ушул Көкүл Ариповага айлыгынан сырткары 282, 8 миң сом акчаны атайын эсептин негизинде кошумча айлык деп төлөп берген. Оторбаев бул айымга мынча боорукер жана колдогучу же спонсорубу? Анын себебин Эсептөө палатасындагылар атайын актыларга кашкайта жазганы менен, жоопкерчилигин эч ким сурабады. Бүгүн эми бул маалыматтар толугу менен Жогорку Кеңеште жатат, жыйынтыгы болуп калаар…
 
Бийлик КТРКнын коррупциясынан коркобу? Калп болсо эсептөө палатасынан сурагыла
 
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасында 2012-жылы 19-мартта Эсептөө палатасынын инспекторлору А. Турмаматов жана Т. Алмаматов кол койгон. Албетте, бул эки инспектордун жанында генеральный директор ОТРК деген жерде Кубат Оторбаевдин колу койкоюп турат. Бул акты 2011- жылдагы КТРКнын финансылык иштерине учкай эле байкоо салган. Ошондо эсептөө палатасынын текшерүүчүлөрү ген. директор Оторбаев атайын эсептеги акчаларды каалагандай калчаганын түзүлгөн актынын «Аудит составления и исполнения сметы расходов специальных средств» деген бөлүгүндө мындай деп жазышат: «Основную долю доходов средств специального учета ОТРК КР составлют постепления оплаты за телерадиопередачи и от соцроликов в эфирное время. Поступившие на специальный счет средств за эфирное время ОТРК были использованы на поощрения сотрудников корпорации. К примеру: Главный редактор Идинов Нарын за год получил 264,1 тыс. сомов; главный редактор Кулназаров Илич получил за год 140,0 тыс.сомов; главный редактор Арипова Кокул — за год 282,8 тыс.сомов; зам. главный редактор Бурханова Нуржамал- за год 246,1 продюсер-главный редактор Аалы к. Н. ежемесячно по 16,0 тыс. сомов, за год 195,0 тыс.сомов.
 
Таким образом, в 2011 году за счет специальных средств были выданы премии и поощрения на общую сумму 13293,7 тыс. сомов. Так как расходы за эфирное время были профинансированы из республиканского бюджета, средства, поступившие на спецсчет от использования эфирного времени, должны были быть возвращены в республиканский бюджет. В то время, как материально техническая база корпорации нуждается в совершенствовании и обновлении, было бы эффективней направить полученные средства в этом направлении, а не использовать их на выплату неоднократных и необоснованных премий, тем более, что за исполнение своих служебных обязанностей сотрудникам корпорации из государственного бюджета выделяются средства на оплату их труда».
 
Текшерүүчүлөрдүн актысындагы бул маалыматтар КТРКнын саясий обончу жылдыздарынын кошумча эмгек акысын, баш директор Оторбаевдин орто жетекчилери менен КТРКнын кассасын кантип талап тоногонун, коррупциялык маанайын кашкайта ырастап турат. Бирок бул актыга бир өтсө да КТРКны бийликтен бирөө барып, — ай эмнеге мындай жеп салгансыңар деп сурабайт. Анткени өлкө боюнча партиялаш, табакташ, идеялаш болуп жатса ким барып сурасын? Текшерүүчүлөр жогорудагы акчаларды КТРКнын пайдасына кайтарылсын деген талабын Оторбаев даараткананын кагазындай көрбөгөнүнө Эсептөө палатасынын текшерүүчүлөрү деле капа эмес. Анткени алар жазганын бекитип гана тим болушкан. Мынча болду ушул эле КТРКны текшерген Алмаматов менен Турмаматовдун актысындагы «О государственных закупках» деген бөлүгүнө да маани берип көрөлүчү. Кыргыздар айтмакчы даана бардак ошол жерде. Анда орусча болсо да бул бардакты байкасаңыздар:
 
Аудит исполнения Закона Кыргызской Республики «О государственных закупках».
 
В 2011 году в корпорации был проведен тендер на оказание услуг по переводу и дубляжу художественных и анимационных фильмов. Предметом закупок являлись: Лот 1 — перевод и дубляж 29 художественных и анимационных фильмов общей продолжительностью 3707 минут. Сумма, выделяемая на данную закупку, составила 14 000 000 (четырнадцать миллионов) сомов. Тендерная документация была приобретена одним претендентом ОФ «Айтыш». По результатам рассмотрения процедур закупок отделом закупок принято решение заключить договор на предоставление услуг по переводу и дубляжу видеоматериалов с ОФ «Айтыш» по всем двум лотам на общую сумму 13600,0 тыс. сомов. (Протокол процедуры закупок от 22 декабря 2011 г.) На основании заключенного договора об оказании услуг № 54 от 26.12.2011 г. платежным поручением № 387 от 27.12.2011 г. на счет ОФ «Айтыш» перечислены 13600,0 тыс. сомов, то есть оплата произведена полностью.
 
Несмотря на то, что согласно проведенного тендера перевод и дубляж фильмов должен был исполнять ОФ «Айтыш», корпорация ОТРК в декабре 2011 года оплатила услуги частным лицам за перевод фильмов под названием «Ниндзя из Беверли Хилс», « В погоне за счастьем», «Замерзшая из Майами», вошедшие в перечень тендерной закупки, в декабре 2011 года было оплачено Мусаеву А. Ы. 48,5 тыс.сомов, за перевод фильмов «Титаник», «Притворись моей женой», «Искусственный разум», «Семь жизней» Усенову Б. 201,8 тыс.сомов, за перевод фильмов «Смокинг», «Один дома», «Монгол» Имакову М. 71.0 тыс.сомов и др.
 
На основании договора № 342 от 26 декабря 2011 года, заключенногомежду генеральным директором Оторбаевым К. и Сатаровой Н. за перевод с иранского на кыргызский язык 4 художественных фильмов с общим хронометражем 447 минут было выплачено 98,8 тыс.сомов. следует отметить, что договор был составлен 26 декабря 2011 г., тогда как срок действия договора указан с 12 декабря по 20 декабря 2011 года, акт приема — передачи видеоматериала составлен 20 декабря 2011 года. В акте приема передачи отсутствует подпись исполнителя. Кроме того, у подтверждающий, что она действительно имеет необходимую квалификацию переводчика с иранского на кыргызский язык.
 
На основании договора № 350 от 26.12.2011 г., заключенного между генеральным директором Оторбаевым К. и Токтосуновой А. за перевод 4-х фильмов хронометражем 464 минут выплачено 102,5 тыс.сомов. Здесь также договор составлен 26.12.2011 года, срок действия договора указан с 12 по 20 декабря.
 
На основании договора № 351 от 26.12.2011 г. Токтосуновой А. выплачены еще 96,1 тыс.сомов за перевод 4-х фильмов хронометражем 435 минут. Договор также подписан 26.12.2011 года, а срок действия договора указан 12–20 декабря. Следует отметить, что за короткий срок (8 дней) она переводит 8 фильмов общим хронометражем 899 минут (15 часов), что вызывает сомнение, тем более у Токтосуновой А. 1993 года рождения (18 лет) отсутствует документ, подтверждающий ее квалификацию. Следует отметить, что указанные не соответствия с датами заключения и сроками действия договоров были допущены несмотря на то, что договоры согласовывались с исполнительным директором по правовым вопросам Джуманалиевой А. Ш., то есть юридическая сторона договоров не была ею досконально изучена.
 
В ходе аудита, главный редактор Мусакеев О., который принимал работы по переводу худ.фильмов согласно актов выполненных работ, не смог предоставить ни переведенный текст, ни другой материал, доказывающий перевод фильмов. Несмотря на то, что 28.12.2011 г. Мусакеевым О. подписаны акты выполненных работ по переводу всех фильмов, в своей объяснительной он пишет, что из 185 художественных фильмов, 67 переданы другим студиям, 36 подготовлены к передаче в эфир, 45 отредактированы и подготовлены к дубляжу, а редактирование остальных 37 фильмов будут завершены к 1 апрелю 2012 года.
 
Таким образом, корпорация оплатила за дубляж и перевод фильмов всего 17893,7 тыс.сомов, в том числе ОФ «Айтыш» 13 600,0 тыс.сомов и частным переводчикам 4293,7 тыс.сомов.
 
Бул жерде байкасаңыздар «Айтыш» коомдук фондуна 2011- жылы ар кандай кызмат акылары үчүн Оторбаев 13 млн 600 миң сом акча которуптур. «Айтыштын» төрагасы ким? Ал бүгүн КТРКдагы байкоочу кеңештин төрагасы Бекманбетов Фархад экенин билгенинде оозуңа Алла келбей калат. Мына сага коррупция!
 
Мына сага бүгүнкү бийликтин жүзү! 13 млн 600 миңди тендерсиз жалгыз алган Бекманбетов бүгүн КТРКга байкоочу болбой эле Оторбаевдин шалтагын тазалоочу болуп жаткандыгын ким тана алат. Буга байкоочу кеңештин мүчөсү Сабыр Муканбетовдун «КТРК кара жашик кейпине түшүп бара жатат» жана “Супер- инфо”- газетасына берген айрым маалыматтарында кашкайта билдирүү жасады. А бирок Бекманбетов байкоочу кеңештин төрагасы болуп, Оторбаев баш директор кезинде аларды текшерчүү киши чыкпашы мүмкүн. Ал эми КТРдеги “Дөөлөт” студиясынын жетекчиси Мусакеев менен Оторбаевдин аракети аркылуу 18 жаштагы А. Токтосунова 8 күндө 8 кино которду деп жаш кызга 102.5 миң сомду кармата бергенине бир адам кызыкпайт. КТРК мындай тубаса гений котормочуларды эмнеге көрсөтүүлөрүнөн айтпайт билбейсиң. Ал эми эч кандай дареги жок З. Алтымышова деген 20 кино которду деп 591 миң сомду тастыктоочуу документтери жок алып кеткенине аргасыз баш чайкайсың. Миллиондоп акчаларды чачып жаткан Оторбаевдин, Бекманбетовдун, Мусакеевдин жана башкалардын жоопкерчилиги актыларда жазылса да экономикалык кылмыш «Финпол», СНБ, прокуратура сурабаганы да бүгүнкү бийликтин юморлуу жүзү деп койсок болобу?
 
Кукенин үйүн «Айгай» кандайча реклама кылган
 
2011- жылы «Айгай» газетасынын № 7 (38) санында Кубат Оторбаевдин үйү жөнүндө кызыктуу маалымат жарыяланган. Анда газета Оторбаев КТРКны оңдодубу же КТРК Оторбаевдин жеке турмушун оңдодубу?- деген суроо коюп, Оторбаев баш директор болуп турганда бир жолу парламенттик, бир жолу президенттик шайлоону өткөрүп байлыкка муюп калды дегендей ой айтат. Ал гана турсун Бишкек шаарынын Оренбург дарегиндеги мобул үй кошуналарына күн бербей ичи Европанын байларынан ойдо жасалды деп жазат. Байкасаңыз чын эле Оторбаевдин бир жылда курган үйү Бишкектеги айрым бай депутаттардын үйүнөн дурус болгону байкалат. Кайран Куке доорунда дурус иш жасаптыр. Кубаттын алган айлыгына бул үй эмес анын участкасы келбестигин ким билбесин. Пендебиз да, мындай байлыктын ээсин куттуктап баргандын ордуна курук сөз менен какшык айтабыз. Кукенин устаты Меке Максимден особняк алса, Оторбаев КТРКны кыткылдатып бир үй салса эмне болуптур деп айласыз ай лавю кылабыз.
 
К.Ташиев: ”Оторбаев жүзү кара калпычы! Аны сотко берем!” – деди.
 
Кыргызстандыктардын эсинде болсо керек. Өткөн жылы “Ата-Журттун” үч депутаты камалганда КТРК Ташиев Бакиевдердин заказын аткарам деп ушул окуя болду деген таризде “Ала-Тоо” маалымат программасы коомчулукка айгай салган. Көрсө бул жалаанын башында уюштуруучу дал ушул Куке (Оторбаев) болуп чыкты. Аны “Ала-Тоонун” жылдыздары Ташиевдин суракчыларына өздөрү далилдеп бериптир. Муну уккан Камчыке соттун экинчи күнүндө “Оторбаевди сотко чакыргыла!”- деген сунушун айтып күпүлдөдү. Ал ортодо дал ушул Куке үйүн бүтпөй жатканын айтып 2010-жылдын 13- ноябрында Камчыкеден 5 миң доллар жардам алганы үн жазуу аппаратында тастыкталаары дүң деди. Кайран Куке Камчы менен Максимдин телефондук сүйлөшүүсүн таппай калса эмне болоорун бир Кудай билет. А бирок 5 миң долларлык “гумжардам” аны кыйла тердетет го.
 
Оторбаевдин орунбасары да окшошкон
 
Отунбаева заманында ойдолоп, Оторбаевге орун басар болгон Мырзакул Мамбеталиев таланттуу журналист Улан Карыповдун убалына калып бүгүнкү мезгилде Кубат менен КТРди кытыратып жаткандыгын Атамбаевдин бийлиги жакшы билет. Баса, жакында Атамбаев бийликке келгенде Мыкенин (М. Мамбеталиев) жоортушу дагы өзгөрдү дейт. Айрымдардын айтканына караганда Мыке Кубаттын колтугуна суу бүркүп, Чүйлүк байкем ажо болду, жердештик эмес тууганчылык жагыбыз да бар деп күпүлдөйт имиш. Ай кыргыз, жөн жашабайбыз да. Еврейдин ээсин оодарып, Эшимкановдун тилин тапкан, кай заманда болсо да адашпай мурдакыны жамандап, кийинкини даңазалап күн көргөн Мыкени да көралбагандар бар окшойт. Бирде «Азаттыкта» айгай салып батыштын обонуна дирижер болсо, бирде КТРге барып убактылуу өкмөт, Отунбаева менен Текебаев саясатынын дирижеру болгон Кубат Оторбаев да кадимки Мелистин оозуна түкүргөн шакирти деген чынбы? Ошондон улам ал КТРдин Эшимканов заманындагы былыкчылыгын бекитип, анын кадрларын чыпчыргасы менен коротпой, ал айтып кеткендей иштетип жатат дегенине кошулууга болобу? Болбойт десек Мелис Эшимканов кайтыш болгондо Кубат Оторбаев агайым эле, агайым деп боздоп ыйлады, эскерүүлөрүн гезитке жазды дейт. Анда бүгүн айрым кошоматчылар КТРди өзгөрүлдү деп калышат. Эмнеси өзгөрдү? Баягы эле Акаев заманында аңылдаган, Бакиев заманында безилдеген, Убактылуу Өкмөттө, Отунбаевада ойдологон Мыкебиз (Мырзакул), Кукебиз (Кубат) иштеп жатса эмнесин айтсын? Баса, КТРди оңдойм деп айтылуу жөөт Малеваннаянын оң колу, Максим Бакиевдин күн сайын сөзүн уккан ляппайчысы Катя Үрүмкановага эмне үчүн саясатчылар баа беришпейт?
 
КТР, мтр, бтр айтсаң сөз түгөнбөйт. Кайсыл газета же интернет сайттары бул темага сын көз менен карап бийликтин камчысын чапкан телеканалды канткенде чыныгы коомдук мазмунга келтиребиз деген ойлорду айтышат. Ачуу пикирдеги айрым макалаларды окуп — ээ Аллаа, деги кайсынысына ишенебиз деп жакаңды карманасың.
 
КТРКда Оштуктарга орун жок
 
Маркумдун артынан жаман сөз айткан мусулманчылыкка шек келтирет. А бирок аргасыз чындыкты айткың келет экен. Мен 35 жыл КТРКда иштеп Эшимканов менен Оторбаевдей жердешчилдикти туу туткан, "түндүк", "түштүк" деп бөлгөн жетекчини көргөн эмесмин. 2008–2010-жылдары Эшимканов менен Урумканова дегендер КТРКдан бир түштүктүк журналистти калтырбай тазалашты. Мени болсо ушул Оторбаев кетирди. Бүгүн миң киши иштеген КТРКда бир дагы түштүктүн кулуну редактор же продюсер болуп иштебейт. Жалгыз гана Болотбек Тиллебаев Ленин райондук сотунун чечими менен кайрадан өз ордуна келген. Аны кошпогондо бир дагы түштүктүн өкүлү КТРКда иштебей калды. Буга карабастан Эшимкановдун саясатын улаган Оторбаев КТРКда Нарындык жердештеринин чоң армиясын топтой алды. Алсак Нарын Идинов жетектеген “Ала-Тоо” маалымат программасынын 70% Нарындыктар экендигин Куке жакшы билет. Ушундан улам “Ала-Тоо” программасы түштүктү карабай түндүккө кыйшайып калганы коомчулукта байма-бай сөз болууда. Оторбаев бул багытта агасы Эшимкановдун саясатын талбай улап жаткандыгын эсептөө палатасынын эки текшерүүчүсү актыларында мындай деп белгилеген «в 2011 году продолжается уплата авторского гонорара на основании приказа бывшего ген.директора М. Эшимканова от 16.05.2009 года». Мекенин финансылык саясатын улаган Оторбаевдин бүгүн да түштүктөн келген журналисттерге болгон куугунтук саясаты жөнүндө кийинки макаламда манжа менен санап берем. Жок дегенде бүгүнкү бийлик ээлери Оторбаев каалагандай оттоп жаткан коррупциянын ак-карасын сураганга күчү жетеби? Жетпесе кийинки макалада мындан да орчундуу фактылар ортого салынат.
 
Сыдык Акматов,
журналист, КТРКнын отличниги жана ардагери