Кыргызстандын бүгүнкү абалын кай жагынан карабайлы, миңдеген, депрессияга кабылган, эртеңки күндөн үмүтү үзүлгөн адамдын образын элестетип калды. Ал эми 2010-жылы апрелде куралдуу төңкөрүш менен 90го жакын адамдын каны аркылуу бийликти алып, андан соң ошол бийлигин сактап калуу үчүн бүтүндөй түштүктө кандуу июнь окуясына жол бергендер өздөрүнүн банк кутучаларынын, бакиевдердин байлыгынын тонолуп өрттөлүшү жана июнь окуясынын чындыгын жашыруу үчүн ар кандай жосунсуз, ал тургай кылмыштуу да жолдорго барууда.
 
“Мародерлордон колуңду тарт!”
 
2010-жылы 7-апрелде Бакиевдер туш-тарапка чилдей тараганда алардын хансарайлары менен штабдарында, алтын чайкаган лабораториясында, дүкөндөрүндө жана башка соода-сатык жайларындагы акчасы менен алтыны, түгөнгүс байлыгы ошол бойдон кала бергендиги белгилүү. Бул жагдайды жакшы билген айрым адамдар биринчи кезекте курал-жарак менен барышып, талап-тоношкондугун эл жакшы билет. Бирок, “Алар ким?”- деген суроого арадан эки жыл өтүп болсо да жооп табылып, А.Юсуповдун көрсөтмөсүнүн негизинде азыркы “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары Ө.Текебаев, Болот Шер, Т.Мадылбеков жана Р.Төлөгөновдордун “мародерлукка” канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин депутат К. Осмонов баштаган парламенттик комиссия 4-5 ай иликтеди. Анын жыйынтыгы кандай болгондугун баарыбыз билебиз.
 
Бир сөз менен айтканда: “Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат” болуп, төрт депутат суудан таза, сүттөн ак болуп чыга келип, комиссия жетекчиси К.Осмоновдун өзүнө “Кумтөр” боюнча кайсы бир кагазга кол койгондугу үчүн күнөө тагылып жатат. Азыркы парламенттин тарыхында болуп көрбөгөн чыңалууну жаратып, депутаттардын чыныгы жүзүн айгинелген “мародерчулук” маселеси каралгандын эртеси күнү “ата-мекенчилер” эки миңге жакын адамды Ак үйдү тегерете тизип коюшу эле эмне деген бет тырмарлык. Али комиссиянын тыянагы чыкпай жатып эле алар эмнеге мынчалык коргонууга өтүштү? Таза болсо, Бакиевдердин байлыгына тийбесе, анда анчалык коргонууга өтүшпөй эле да?
 
Бизге жеткен маалымат боюнча “мародерлук” маселеси боюнча Ак үйдөгү чо-оң күркүлдөрдүн ортосунда соода болуп, эгер бул жагдай ачыкка чыгып кетсе, анда банктардагы талап-тоноочулук жана башка Убактылуу өкмөттүн башка да карталары ачыкка чыгып кетери айтылган соң, бийлик парламенттеги өз депутаттары аркылуу жагдайды ачыкка чыгарбоого аргасыз болгон... Бирок тарых менен элдин алдында алардын кыңыр иши эртеби же кечпи ачыкка чыгарынан күмөн жок.
 
Ж.Жолдошева менен А.Келдибековду каралоонун артында эмне турат?
 
Акыркы мезгилде бийликтин маалымат каражаттары менен “5-канал” жана “Дело№” газеталары оппозиция өкүлдөрүн, айрыкча “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Ж.Жолдошова менен А.Келдибековду эч кандай эрежесиз эле каралоо кампаниясын башташты. Кара пиардын эски бийликтин тушундагыдан да төмөн деңгээлге түшкөндүгүн ушундан билиңиз, Ж.Жолдошованын Кара-Суу районундагы карапайым туугандарына чейин коопсуздук кызматкерлери коркутуп-үркүтүп, каралоого өтүштү. Ал эми А.Келдибековдун өзүнүн дүйнө-мүлкүн казып бүтүшүп, аялынын ишине чейин кийлигишип жатышат. Биз билгенден ал азыркы бийликтин эрке депутаттарына окшоп арак заводун арзан менчиктештирип алган же качкан президенттин туугандарынын байлыгын талап-тоногон жок, эл катары оокаты бардыр. Эгер бийлик ошончолук эле калыс болсо, анда 2010-жылдын апрелинен кийин жомоктогудай байлыкка ээ болгондордун ал дүйнөнү кайдан алгандыгын териштирбейби?
 
Албетте, азыркы “жакшылардын” мындай арамза саясатынын артында өздөрүнүн эртең ошол апрель жана июнь кандуу окуялары, банк кутучаларынын тонолушу жана башка арам иштеринин ачыкка чыгып кетишинен чочулоо бар. Анткени бул эки оппозициячыл депутаттар парламент трибунасынан ал маселелерди байма-бай көтөрүп келатышат. Ал тургай А.Келдибеков спикер кезинде банктардын тонолушу боюнча видеотасма бар экендигин айткан болчу. Мындан тышкары өткөн жумада “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери А.Мадумаровдун Бишкектеги кеңсесинин биринде ал кирип жатканда өрт чыгышы да кокустук эмес. Демек, азыркы бийликтегилер чындыкты ачыкка чыгарбоо жана өздөрүнүн кылмышынын бетин жабуу үчүн ар кандай жолдорго барып, эски бийликтин жолуна адашпай түштү.
 
Башталды...
 
Марттын алгачкы күндөрү Кыргызстанда кайрадан эле митингдер башталды. 5-мартта Ошто миңдеген адамдар борбордук аянтка чогулса, Караколдон да миңге чукул кара кол аттанып, эгер бийлик камактагы үч депутатты бошотпосо, Бишкекке чейин бара тургандыктарын билдиришти. 6-мартта Жалал-Абадда мөөнөтсүз митингдер башталмакчы.
 
Элдин мындай азыркы бийликке нааразычылыгы оппозиция өкүлдөрүн болбогон шылтоо менен камап, бир нече айдан бери сот ишин создуктуруп келатышына жана “Кумтөр” кенинин тегерегиндеги көз боёмочулукка байланыштуу болууда. Мындан тышкары жогоруда айтылгандай, бакиевдердин байлыгын тоногондор кутулуп, алардын уурулугун айткандар адам өлтүргөндөн оор жазага тартылып жаткан соттордун адилетсиздигине нааразылык күч алууда.
 
Президент А.Атамбаев Бакиевдин тушунда премьер-министр болгондо “элге көрүрө болгум келет” деп айтканды жакшы көрчү. Азыр ал ошол “устатынын” ордун баскан соң, ал сөзүн небак эле унутуп, ошол эски жолго түшүп кеткендей түр көрсөтүүдө. Анткени бүгүнкү күндө кыргыздардын ортосундагы түндүк-түштүк деп бөлүнгөн эски ооруу ушунчалык күч алып, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтире турган абалга жетип калды.
 
Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусун жойдук деген менен мамлекетибиз партиялык-кландык башкарууга өттү. Азыр кайсы гана майлуу-сүттүү кызматты карабагын, бийликтеги үч партиянын мүчөлөрү жана аларга пара берип, таманына май сүйкөгөндөр ээлеп алды. Тилекке каршы мурдагы маданият министри И. Жунусовго окшогон таза, ыймандуу, интеллектуалдык деңгээли жогору адамдарга орун жок болууда.
 
Ал эми Кыргызстандын эл аралык аренадагы кадыр-баркы итке минген абалга жетти. Эч кайсы ири инвестор биз менен иштешкиси келбейт. Акыркы жылдары жарытылуу чет элдик делегация да келе элек. Кыскасы, кандуу бийлик менен кызматташууга эч ким кызыкпайт окшойт...
 
Ж.Саматов,
Булак: “Майдан.kg”, №08 (090), 06.03.2013