“Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин Кыргызстандын региондорундагы иш сапары 4-май күнү “Кара-Көл’’шаарында уланды. Маданият үйүндөгү жолугушууга 1 миңден ашуун адам катышып, шайлоочулар негизинен өлкөдөгү саясий-экономикалык абал тегерегинде кеп курушту. Айрыкча, өкмөттүн өз алдынча экономикалык программасынын жоктугу, регионалдык деңгээлдеги маселелердин өз убагында чечилбей жаткандыгы белгиленди.
 
Шайлоочулар былтыркы түштүк коогалаңында Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн алсыздыгын, анан да Камчыбек Ташиев өңдүү патриот жигиттердин баатырдыгы гана тополоңду токтоткондугун кеп кылышты.
 
Ушул эле күнү К.Ташиев Таш-Көмүр шаарынын эли менен борбордук паркта жолугушту. 2 миңден ашуун адамдын катышуусундагы жыйында да өлкөдөгү курч экономикалык абал талкууланды. Жергиликтүү калк электр энергиясы өзүбүздөн чыкканы менен, аны кымбаттатылган баада элге сатып жатышканын айтып өтүштү. “Энергетиктердин шаарчасы аталганыбыз менен, бизге светтен эч кандай жеңилдик каралган эмес”,- деген карапайым адамдардын арыз-арманында чындык бар.
 
“Көпчүлүк саясатчылар бийликке жеткенден кийин элди карабай калат, сиз да ушинтесизби?” – деген суроого жооп берип жатып, К.Ташиев эл башына кыйынчылык түшкөндө ар дайым карапайым катмар ичинде болорун билдирди. “Ош, Жалал-Абаддагы былтыркы окуялар кимдин-ким экендигин көрсөттү. Бийликтеги чиновниктердин эмне менен алек болгонун мыкты билесиздер. Ошондой оор кырдаалда өмүрүмдү тобокелчиликке салып болсо да кагылышуунун токтотуу максатында, эл ичинде болгонумду баарыңыздар билесиздер. Мындан кийин да ушундай болот. Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда, мен ар дайым сиздердин кызматыңыздардамын”,- деди Камчыбек Кыдыршаевич.


 6-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий музейинде болду.

Мамлекет башчысы экспонаттарды карап чыккандан кийин бул музей ири регионалдык музейлердин бири экендигин жана ал башка мындай мекемелер үчүн үлгү боло ала тургандыгын белгиледи. Буга байланыштуу Президент музейдин менеджери Кеңешкан Ысмановага регионалдык музейлерди өнүктүрүү стратегиясы туурасында аналитикалык сунуштарын берүүнү тапшырды.

К.Ысманова мамлекет башчысына облустун ар бир районунда музейлер иштеп жаткандыгын жана алардын сегизи Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий музейинин филиалдары экендигин маалымдады.

Мамлекет башчысы Ысык-Көлдө манасчылардын фестивалын өткөрүү жана музейдин базасында өлкөнүн чыгаан инсандары жөнүндө тематикалык көргөзмөлөрдү уюштуруу демилгесин көтөрдү.

«Музейлер – тарыхыбыз сакталчу жерлер десек болот, ошондуктан, биз аларга өзгөчө камкордук менен мамиле кылышыбыз керек. Музейлерибизге кызыккан туристтердин саны арбыса, жалпы эле региондун өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет деп ойлойм”, - деди Р.Отунбаева.

Президент чет элдик туристтерге ыңгайлуу болушу үчүн музейдеги аталыштардын, жазуулардын бардыгын англис тилине которуунун зарылдыгын белгиледи.

4 жаштагы Үмүт Дөөлөтов “Манастан” үзүндү айтып бергенине ыраазы болгон мамлекет башчысы “Тарыхын билген жана улуу китептен таалим алып жаткан ушундай таланттуу балдарыбыз өсүп жатканы кубанычтуу”, - деп белгиледи.

Иш-чаранын аягында Президент музейдин ардактуу конокторунун китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы
 

 
 
Турсунбек Акун, укук коргоочу:
- Турсунбай Бакир уулу жөнүндө эч нерсе деп айта албайм. Мен парламенттик жыйында депутаттарга сөз берип койгом. Ал киши тууралуу эч нерсени сындап айтпайм деп. Аны мен сындап айтпасам деле, эл өзү көрүп, билип жүрүшөт. Бүгүнкү күндө кимдин-ким экенин калайман журт жакшы эле билип калышпадыбы.
 
Турсунбай Бакир уулу мени канчалык сындап, канчалык жамандабасын, мен анын абийирин Кудайга койдум. Эл тараза, эл сынчы! Ким ак, ким кара экенин эл өзү билет.
 
«Айкын Саясат»

 

 

Былтыркы революциянын "бульдозери" атка конгон Азимбек Бекназаров маалымат каражаттарына берген маектеринде кыйынсынып жүрбөйбү, "мага окшоп эл арасында жүрсөңөр силерди камамак эмес" деп, 6-апрелде темир торго түшкөн оппозициялык лидерлерге тийишип. А өзүчү? Өткөн жылы Нарынга барганда артынан Бакиевдин үч тамгалары аңдып, камай турган болгондо, Азикең эч уялбай-этпей эле түн катып, БЭКтин теңиртоолук өкүлү Бактыгүл аттуу лөкүйгөн аялдын кийимин кийип, жанындагы А.Шыкмаматов менен жансакчысын дагы кыз-келиндердин жоолук, көйнөгүнө ороп, үчөө тоо тараптагы койчунун сарайына жашынгандары эми ачыкка чыгып олтурат.
 
Булар баягы орустардын атактуу "Джентльмен удачи" киносундагы Леонов - Крамаров - Вицин үчөө аткарган кейипкерлердей эле болуп, революциянын айынан бир түнгө аялга айланышкандарын жанында жүргөндөр күлүп айтып жүрүшөт. Айрыкча, мурутчан Азимбек-Бактыгүлдүн кебетесин эстеп алышып…
Учур гезити

 

 

 
 
Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон кандуу окуяны изилдеген Эл аралык бейтарап комиссиянын (IIC) отчетуна карата жообу
 
 Жакында Эл аралык бейтарап комиссия (The Independent International Commission - IIC) 2010-жылдын май-июнь айларында Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжалдын чыгыш себептерин изилдеп, өз жыйынтыгын чыгарды.
 
Чынында былтыркы кандуу коогалаңдан эң көп жабыр тарткан Ош шаарынын көп улуттуу калкы Эл аралык комиссиядан окуянын себептерин дыккат иликтеп, мындан ары улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган бейтарап билдирүүнү күткөн эле. Тилекке каршы, отчет үстүртөн даярдалып, улуттар аралык конфликтинин ички себептери жана чыныгы күнөөкөрлөрү так ачылып берилген эмес.
 
Отчеттун авторлору Фергана өрөөнүнүн, анын ичинде Кыргызстандын түштүгүнүн этникалык жана конфессиялык өзгөчөлүктөрүн, анда жашаган көп улуттуу калктар ортосундагы мамиленин тарыхын жана учурдагы өнүгүшүн жеткиликтүү билбестиги көрүнүп турат. Маселен, отчеттун «Саясый контекст» аттуу бөлүмүнүн 79-пунктунда «Түштүк Кыргызстандын калкынын көпчүлүгүн абалтан өзбектер түзүп келген» деп жазылып турат. Мындай калпыс факт Эл аралык комиссиянын ишине карата башка улуттардын ишенимин кетирип, кыжырын келтирет. Муну мен Комиссиянын эч качан чындыкка дал келбеген, улуттар аралык мамиленин курчушуна багытталган жеке бүтүмү деп түшүнөм.
 
 Комиссия кандуу коогалаңдын чыгышынын бирден бир себеби катары Кыргызстанда жашаган өзбек улутундагылардын жогорку бийлик эшелонунда, сот, прокуратура, милиция, улуттук коопсуздук, армия жана билим берүү системасында аз болгондугу менен байланыштырат. Ошондой эле, отчеттун авторлору өзбектер тууралуу маалыматтар Кыргызстандын тарыхый жана маданий булактарында аз камтылган, Оштогу музейлерде өзбектердин турмушу чагылдырылбаган деп жыйынтык чыгарат. Комиссиянын пикири боюнча, 2004-жылы «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзам кабыл алынган соң өзбек тили олуттуу кысымга учурап, бул өзбектердин нааразылыгын жараткан. Отчетто кыргыз жана өзбек мектептеринин саны тизмектеп саналып, өзбек мектептеринде кыргыз тил боюнча сааттын көбөйүшү, «Кыргыз Республикасы» деген расмий аталыштын «Республика Кыргызстан» деп аталбашы, «өзбек диаспорасы» деген сөздүн колдонулушу улуттар аралык жаңжалга өбөлгө түздү деп жыйынтык чыгарылган. Жаңжалга тийешеси бар тараптын таламын талашкан мындай бүтүм келечекте улуттар аралык араздашуунун чырагына май тамызышы толук мүмкүн. Эгерде Эл аралык комиссия мүчөлөрү Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет катары өз алдынча этникалык саясат жүргүзүшүн каалашса, анда мага эч качан «улутчул» деген жарлык такмак эмес.
 
Отчетто мени улутчул катары көрсөтүү менен Эл аралык комиссия көчөдөгү ушактарды да кошо камтый кетиптир. Мисалы, Отчеттун 391-пунктунда «Июнь окуялары мезгилинде мэр айылдык кыргыздарды мобилизациялап, аларга курал таратты деген ар кандай ушак кептер IICнин (Комиссиянын) көңүлүн бурду, бирок IICнин колунда буга далил жок» деп жазылган. Мындай көчө деңгээлиндеги ушактарды отчетко кошуп жазуу, мен тууралуу далилсиз куру сөздөрдү таратуу Эл аралык комиссига эч качан аброй алып келбейт.
Ошондой эле, отчеттун 392- пунктунда «Азырынча IICде (Комиссияда) мэрдин кыргыз бандиттери менен биргеликтеги иш-аракети тууралуу жетиштүү далили жок, бирок анын улутчул риторикасы (маанайдагы сөздөрү) улуттар аралык чыңалуунун азайышына алып келбейт» деп айтылган.
 
Бул жерде Эл аралык комиссиянын урматтуу мүчөлөрү этикалык норманы такыр эле унутуп калганы көрүнүп турат. Менин шаар башчылык ишмердүүлүгүмдү эч кандай далили жок бандиттер менен байланыштыруу жалгыз гана менин талапкерлеримдин эмес, Ошто жашаган көп улуттуу элдин кыжырын келтирүүдө. Комиссиянын «кыргыз бандиттери» деген сөзү эки улутту кайрадан бири-бирине каршы койгонго барабар. Анткени бандиттердин улуту болбойт! Улуту ким экенине карабай Ош окуясында колу канга боелгон бандиттер мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш! Комиссия «кыргыз бандиттери» деген сөздү колдонуу менен отчетто кайсы тараптын кызыкчылыгын жогору коюп жатканын ачыкка чыгарып койду. Бир улутту бандиттер деп кемсинтүү өтө орой, кечиримсиз ката. Мен мэр катары мыйзам бузгандарды улутуна карап бөлгөнгө жол берген эмесмин жана эч качан жол бербеймин.
 
Ал эми отчеттун «Сунуштар» бөлүмүнүн Р.23-пунктунда «Мамлекет Оштогу кылмыштарды иликтөөдө кылмышкерлердин улутуна (этникалык өзгөчөлүктөрүнө) карабай дыккат, бейтарап жана калыс териштирип, эл аралык стандарттарга туура келген акыйкат сот жүргүзүшү керек» деп жазылган. Бул жерде Комиссия өзү айткан бүтүмгө өзү каршы келүүдө. Анткени отчеттун мага арналган бөлүмүндө Комиссия «кыргыз бандиттери» деген сөздү кеңири колдонуп, ал эми «Сунуштарда» мамлекеттик органдар кылмышкерлерди улутуна карап бөлбөө керектигин билдирген. Отчет менен таанышкан окурмандар Комиссиянын эки жүздүү мындай иш аракетине өз пикирлерин билдирет деп ишенем.
 
      Эл аралык комиссия отчеттогу мага арналган бөлүмдүн 389-пунктунда «Улутчул саясатчы катары Мырзакматов өз элин сүйөрүн, анын татыктуу жашоосу үчүн колдон келген бардык нерсени жасоого даяр экендигин ачык айтты» деп жазган. Мунун эмнеси аларга жакпайт, мен түшүнбөйм. Ооба, комиссия мүчөлөрү менен жолукканда мен бул тууралуу ачык айткам. Андан танбайм. Өз элимди сүйөрүмдү мен эч кимден жашырбайм. Бирок менин өз элимди сүйүүм башка улуттарды душман саноо дегендикке жатпайт. Ошто жашаган бардык улуттар мен үчүн тегиз бирдей! Мен шаардагы ар бир тургундун, улутуна карабай баарынын укугун бирдей коргоого даярмын.
 
      Отчеттун 389-пунктунда ошондой эле «Июнь окуясынан кийинки интервьюсунда мэр өзбектер Кыргыз Республикасынын эгемендигине коркунуч келтирди, бирок биз аларга татыктуу жооп бердик деген. IIC менен жолугушууда ал өзбек сепаратизми келтирген коркунуч тууралуу айтып, бирок ага далил келтирген эмес» деп жазылган. Мен ал позициямдан азыр да танбайм: Оштогу кандуу кагылыштын чыгышына Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын лидерлеринин сепаратисттик чакырыктары негизги себеп болду.
 
Мамлекетибиздин утурумдук кыйынчылыгынан пайдалангысы келген Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Карамат Абдуллаева сыяктуу өзбек диаспорасынын лидерлери Ошто, Жалал-Абадда чоң чоң жыйындарды уюштуруп, өз улутташтарын активдүү болууга козутуп жатышты. Алар өзбек тили, маданияты, бийликке өзбектерди тартуу боюнча маселелерди гана коюшпастан, тар чөйрөдө көп жылдардан бери калыптанып калган улуттар аралык мамилеге доо кетирген кыймыл-аракеттери тууралуу элде жетиштүү маалымат бар. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, аталган улутчул лидерлер Жалал-Абадда өз улутташтарын козутуп кан төгүлүүсүнө чоң өбөлгө түзүп, 47 адам жарадар болуп, 4 адам, анын ичинде өспүрүм наристе көз жумган. Албетте, алардын бул иш-аракеттери Ош шаарындагы кандуу коогалаңдын башталышына түздөн-түз түрткү болгон. Кадыржан Батыровдун: «Биз бул күндү 20 жыл күткөнбүз» деген сөзү баарыбыздын эсибизде. 20 жыл илгери, 1990-жылкы тополоңдун алдында Оштогу өзбектер өз автономиясын куруу тууралуу СССР Жогорку Советине койгон талаптарын Комиссия кантип эле «унутуп» калсын. Убактылуу Өкмөттөгү айрым «кожоюндарына» таянып, сепаратизмдин желегин көтөргөн өзбек диаспорасынын лидерлери ордолуу Ош жергесине от коюп жиберишкени бүгүн ашкере болуп отурат. Комиссиянын отчетунда Кадыржан Батыровдун мындай сепаратисттик чакырыктары, тилекке каршы, «унутулуп» калыптыр.
 
2010-жылдын апрель-май айларында Ош шаардык мэриясы улуттар аралык араздашууну болтурбоо тууралуу конкреттүү пландарды иштеп чыккан. Өткөн жылдын апрель-май айларында биз өзбектер жашаган аймактарда ири жыйындарды өткөрүп, элди улут ынтымагын ыдыраткан сепаратисттерди ээрчибөөгө үндөп жүрдүк. Кооптуу абалды алдын алуу тууралуу Убактылуу Өкмөт башчысы Р.Отунбаевага кат менен кайрылып, чукул чара көрүүсүн суранганбыз. Бирок, Убактылуу Өкмөт өзбек диаспорасынын сепаратист жетекчилерине таянып, жалпы түштүктөгү кыргыздардын кыжырдануусунун пайда болуусуна өбөлгө түздү. Натыйжада Бишкектеги «убактылуу» жетекчилер Ош шаардык мэриясынын сунуштарына ишенбөөчүлүк мамиле жасап, биздин улут аралык араздашууну алдын алуу тууралуу сунуштарыбыз жоопсуз калды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын кеңири отчету даярдалган. Аны менен биз кийинчерээк жалпы окурмандарды тааныштырабыз деген оюбуз бар.
 
 Акыйкат үчүн айта кеткен оң, Эл аралык комиссия отчеттун 103, 104-пункттарында «Убактылуу Өкмөт өзбек лидерлерине жардамга кайрылды; Убактылуу Өкмөт Кадыржан Батыровго дем берип, аны менен бир канча өкмөт мүчөсү өтө жакын мамиледе болуп, аны талаптар менен чыгууга үндөп жатты» деп жаңжалдын чыгыш себептерине чыныгы баасын берген.
 
Белгилеп кетүүчү нерсе, ошол коогалаң күндөрү Ош шаарынын аймагында жайгашкан көптөгөн мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалар кол салууга учурап, өрттөнүп, таланып-тонолуп кеткендиги жөнүндө Эл аралык комиссиянын отчетунда бир дагы сөз камтылган эмес жана алар тараптан эч кандай иликтөөлөр жүргүзүлбөгөн. Атап кетсек, Р.Абдыкадыров атындагы Улуттук филармония, шаардык МАИнин кеңсеси, МАИнин курулуш монтаждоо эксплуатациялык башкармалыгы, транспорттук инспекциянын Ош шаардык башкармалыгы, муниципалдык суу чарба башкармалыгы, шаардык муниципалдык транспорттук автобаза, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт агенттиги, муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалык, Ош райондук электр тармактар ишканасы (ОшРЭС), электр энергиясын сатуу ишканасы, жолдор башкармалыгы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинаты, «Атайын автобаза» муниципалдык мекемеси, жарыктандыруу мекемеси, шаардык газчарба башкармалыгы, Жылуулук камсыздоо мамлекеттик ишкана жана башка ушул сыяктуу калкты тейлөөчү коммуналдык кызматтардын кеңселери жабыркап, жалпысынан 16073094,0 миң сомдук чыгымга дуушар болгон.
 
Ошондой эле, өзбек кварталдарында «КАМАЗ» маркасындагы жүк ташуучу автоунаалар ок өткөрбөөчү темир менен капталып, кайрадан өзгөртүлүп, атайын ок атуу үчүн даярдалган айнекчелер жасалгандыгы, алардын согушка даярдангандыктарынын ачык белгиси экендиги жалпы журтка маалым болду. Албетте, мындай даярдыктар көп убакытты талап кылаары айтпаса да түшүнүктүү. Тилекке каршы, Эл аралык комиссиянын отчетунда конфликтке алып келген даярдыктардын алдын ала болгондугу жөнүндө эч кандай тыянак чыгарылган эмес.
 
Мени өкүнткөн бир жагдай: отчетто Өзбекстандын президенти Ислам Абдуганиевич Каримовдун улуттар аралык жаңжалдын турукташуусуна кошкон зор салымы айтылбай калган. И.Каримовдун биздин ички ишибизге кийлигишпеген акылман саясаты, эки мамлекет ортосундагы чек аранын бекем жабылышы жана качкындарга гумманитардык көмөк көрсөтүшү Ошту жана жалпы Борбордук Азияны чоң апааттан сактап калды. Көп улуттуу ордолуу Оштун калкы анын Кыргызстанга карата жасаган боордоштук мамилесин ар дайым жогору баалайт.
 
Жалпыбызды өкүнткөн дагы бир нерсе, Эл аралык комиссия отчеттун «Сунуштар» бөлүмүнүн 402, 403, 404, 408, 409-пункттарында Кыргыз Республикасын «Республика Кыргызстан» деп атоону, өзбек тилине муниципалдык жана аймактык деңгээлде атайын статус берүүнү, мамлекеттик радио-телеберүүлөрдөн өзбекче берүүлөрдү уюштурууну, өзбек тилиндеги университет, мектептерди ачууну, коопсуздук күчтөрүнө өзбектерди тартууну Өкмөткө сунуштаптыр. Учурунда өзбек диаспорасынын лидерлери койгон бул талаптар, тилекке каршы, бара-бара улуттук сепаратизмди күчөтүп жибергени белгилүү. Дал ушул талаптар 1990-жылы жана былтыр июнда Оштогу каргашага себеп болгон. Бир диаспоранын таламын талашкан бул талаптардын Эл аралык комиссия тарабынан күн тартибине кайрадан коюлушу улуттар аралык ынтымакты эч качан бекемдебейт. Тескерисинче, ыдыратат. Биз улут аралык араздашууга алып келген кандуу калабадан туура жыйынтык чыгармайынча ордолуу Ошто түбөлүк тынчтык орното албайбыз.
 
 Мен мурда бир канча ирет белгилегендей, Ош шаары Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түркүгү экени дал ушул жаңжалда ачык билинди. Бул кандуу жаңжалдын чыгышына ордолуу Ошту өз үй, өлөң төшөгүндөй көргөн кыргыз менен өзбек элинин эч бир тиешеси жок. Акылман калкыбыз колу канга боёлгон сепаратисттерге өзүнүн татыктуу баасын берди, аларды саясый аренадан гана эмес, өлкөбүздөн да кууп чыгарды. Өз элинен, өз жеринен качып, бозгунда безип жүргөн ошол сепаратисттер, алардын парда артындагы демөөрчүлөрү сөзсүз түрдө мыйзам алдында жазаланышы керек. Алардын жасаган кылмышын ордолуу Оштун эли эч качан кечирбейт!
 
Кыргызстанда улуттар аралык кандуу коогалаңды экинчи болтурбоо үчүн мен Улуттук биримдиктин концепциясын иштеп чыгууну сунуштайм. Концепция үч негизги суроого жооп бериши керек.
Биринчи суроо – улуттук биримдик деп биз эмнени түшүнөбүз? Бул Кыргызстанда жашаган ар кайсы этникалык жана диний топтордун бирдиктүү коомчулугу. Мисалы, Америкада жүздөгөн этностор жашайт, бирок аларды биз улуту боюнча америкалыктар деп билебиз. Биз да ушул жол менен өнүгүшүбүз керек. Кыргызстанда жашаган бардык этностор өздөрүн Кыргызстандын бирдиктүү элибиз деп түшүнүшү зарыл. Бул турмуш мыйзамы.
 
Экинчи маанилүү суроо – эмне үчүн биз улуттук биримдикти бекемдешибиз керек? Буга баарыбыз бирдей жооп беребиз – мамлекетибиздин ички коопсуздугун сактоо башкы милдет! Коопсуздук сакталганда гана өлкө алдыга жылат. Өлкө өнүккөндө гана жарандардын турмушу жакшырат.
 
Үчүнчү суроо – улуттук биримдиктин негизи эмнеде? Кыргызстан калкынын биримдиги бардык этностордун жалпы тарыхында, алар туу туткан баалуулуктарда жана бирдиктүү келечекте.
 
Биз кандуу окуядан туура жыйынтык чыгарып, этникалык саясатты акыйкат жүргүзгөндө гана жергебизде тынчтык болот. Ошол себептен азыр Улуттук биримдиктин концепциясын иштеп чыгуу мезгили келди. Улуттук биримдикти чыңдоо кыргыз элинин улуттук аң-сезимине байланыштуу экенин унутпайлы! Улуттук аң-сезим ашкере улутчулдукту эмес, этностор аралык толеранттуулукту жана биримдикти чыңдоого багытталганда гана Кыргызстанда стабилдүүлүк болот. Ошол эле кезде биздин өлкөдө жашаган башка улуттар Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын биринчи планга коюп, ажайып Ала-Тоону өз мекеним деп түшүнгөндө жана түпкү улуттун тегерегине баш кошкондо гана улуттар аралык ынтымак орнойт. Келгиле, баарыбыз «өткөн ишке салабат» деп, коңшу коңшуга, аркы көчөдө жашагандар берки көчөдөгүлөргө кек сактабай, мамлекеттин бүтүндүгү жана улуттардын биримдиги үчүн күч үрөйлү!
 

Кабар

 



- Өктөмкан Авазовна, адегенде жаңы иш ордуңуз менен куттуктайм! Сиздин талапкерлигиңизди Президент көргөзүп парламент көп добуш менен колдоп берди.

- Рахмат. Эмнеге мындай көп добуш алганымдын себеби, биринчиден көп депутаттар менен ар кайсыл мезгилде жумуш тууралуу көп иштештик. Көп мыйзамдарды коргоп, ал үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзчүмүн. Көпчүлүк социалдык тармактагы мыйзамдар депутаттардын колдоосуна ээ болчу. Таза иштеп, ак эмгектенсең колдоону дайыма табат экенсиң.

- Мен абдан кадырлап сыйлаган адам, "Мен эч качан адамды түндүктөн, түштүктөн деп бөлбөйм. Адам экиге эле бөлүнөт. Жакшы жана жаманга. А мен жаман адамды дайым жакшы кылганга аракет кылам. А эгер кылбасам менин жакшылыгым кайда" деп айтар эле. Ошол сыңарындай эл көзүндөгү адамды ушак ээрчийт эмеспи. Убактылуу өкмөттө иштеген убагыңызда сизди Бишкектен өзбек экен деп чыгышты, түштүктө сизди түндүктөн деп жаман көрүштү?

- Биринчиден мен кыргыздын кызымын. Кичи мекеним Ноокат, туулган жерим Кара-суу району, балалыгым Ош шаарында өттү. Орто мектепти Аксы районунда окуп бүтүрдүм. А түндүк же түштүк жөнүндө сен айткан же сага айткан сөз абдан туура. Мен Нарын жана Ысык-Көл областарынын аксакалдарына, жашоочуларына абдан ыраазымын . 1996-жылы финансы министринин биринчи орун басары элем, 10-декабрда министрликтин кызматкерлерине аресттер, текшерүүлөр башталган. Бир айдан кийин Ысык-Көл, Нарын областарынын аксакалдары, кызым биз сизге тынчсызданып жатабыз, тынчсызбы деп кабатыр болуп келишиптир. Аябай ыраазы болдум. Өз иш ордумда экенимди көрүшүп алар да тынчтанышты. 2009-жылы Ысык-Көл областынын, Ак-Суу районунун ардактуу өкүлү кылышты. Аксуу районун бүт кыдырып жакырчылыкты кыскартуу боюнча көп иштерди жасадым десем болот. Аксуулуктарга абдан ыраазымын.

- Тегиңиз, ата-энеңиз ким, балалыгыңыз кайсыл жердеөткөн?

- Кыргыздын он канатындагы (отуз уул) баргы уруусунан болом. Атам Аваз Абдуллаев, апам Идаят Абдуллаева. Атам финансист эле, кайсыл жерде гана иштеген жок. Жашап барган жерде курбу досторду күтүүгө үлгүрбөй калчумун. Атам кызмат жолун финагент катары Алай районунан баштаган, андан кийин Өзгөн районунда салык инспекциясында жетекчинин орун басары болду. Кийин Кадамжай райондук финансы бөлүмүнүн башчысы болду. Менин кесибиме атамдын салымы чоң.

- Балалыкты эске салсаңыз, келечекте ким болууну кыялданчу элеңиз?

- Ленинградка барып физика-математика окуу жайына тапшырып математик болууну кыялдангам. Бирок, биздин КУУда 1966-жылы "Финанс жана кредит" деген жаңы факультет ачылып, ошол факультеттин биринчи бүтүрүүчүсү болуп калдым.

- Студенттик күндөрдөн алтын элестер калгандыр?

- Студенттик кез эң бактылуу сезимдер жана күндөр десе болот. Айрыкча айыл-чарба иштерине аралашып пахта талааларындагы күндөрүбүз…

- Кызмат жолуңуздун башталышы?

- Окууну аяктаарым менен каржы министрлигине калтырышты. Мен Ошко кетүүнү чечтим. Кызмат башатын Ош облфинде башкы инспектр, бөлүм башчы болуп эмгектендим. Кийин каржы жана эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде орун басар, министр болдум. Вице-премьер-министр кызматын да аркаладым.

- Сиз Акаев, Бакиев, Отунбаева мезгилинде чоң кызматтарды аркаладыңыз, парламенттик башкарууга өткөн соң депутаттар көпчүлүк добуш менен жаңы кызматка дайындап беришти. Мунун сыры эмнеде?

- Мамлекеттик чиновникмин жана ошону менен сыймыктанам. Эң аз айлык акы алып баштап министрдин айлык акысына чейин жетиштим. Кадыр баркы жогору бир чиновник бир жолу: "Өктөмхан Авазовна, мен сизди аябай сыйлап калдым, себеби сиздин артыңызда жүндүү колдор, кландар жана партиялар жок экен" дейт. Жалпысынан 14 жыл министрдин орун басары болуп эмгектендим. 10дон ашык министр менен иштештим, ар бирине өзүнө жараша пил же төө эмес экениңди аныкташ өтө кыйын болду. Кадыр баркка өз эмгегим жана билимим менен жеттим.

Эсимде, 1996-жылы мага премьер-министр Апас Жумагулов телефон чалды (мен орун басар, ал эми министр Америкада болчу). Өктөмкан Авазовна мен сизге өтө ишенич артам ошол ишеничтен кетпеңиз. Өзбекстанга 10 млн. доллар карыз төлөш керек ошону чечиңиз" деди. Эртең менен саат 9. 00 болчу, кечки саат 16.00гө чейин төлөбөсөк алар газды өчүрүп, биздин калк жаңы жылды газсыз тосушмак. Казынада акча жок, мугалим, врачтар 10 айдан бери айлык, пособие алыша элек, карызыбыз абдан көп эле.

Ошондо болбогонду болтурганым эсимде. Саат 15.25те премьер-министрге кабар жибердим, акча которулду деп. Ошончо акчаны табыш үчүн мен анализ жасадым, эгер ушул акчаны карызга алсак (улуттук банктан) кандай болот деп ал акчаны жабуунун мехинизмдерин иштеп чыккамын. 31-декабрда министр учуп келди ага кабар беришкен экен. Ал мени чакырып "Сени менен 2-январда сүйлөшөбүз"деп кабагын салды. Ишенесизби мен үчүн жаңы жыл кандай өткөнүн билбейм, тоскон да эмесмин. 2-январда иштен кетүү тууралуу арызымды жазып кирдим. Ал мен деле сен жасаганды жасамакмын, азаматсың" деп мени таң калтырган. 1999-жылы "Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри болуп дайындалганымда льгота, пособиелерге карыз абдан көп эле. Бул күндөрү карыздардан кутулуп, өнүгүүнүн жолун издегенмин. 2001-жылы карыздардын барын жаап пенсия, пособие, льготаларды өз убагында төлөй баштаганбыз. Жандүйнөмдө мен реформатормун, дайыма жаңы нерселерди издеп жүрөм, жана аны иш жүзүнө ашырууга аракет кылам. Кандай гана реформа же палемика болбосун аны терең анализдебей ишке ашыра албайсын. Бул менин стихиям.

- "Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат" дейт эмеспи. Президенттик шайлоодо ким жол көрсөтүп, элди көтөрөт деп ойлойсуз?

- Жүгүргөн албайт, буйурган алат дейт. Кудай бизге жүрөгү кыргызга, карапайым калкка жакын руху бийик адамды берсин!

- Байлык менен бакыттын айырмасы?

- Айырмасы жоктой, бирок маңызына кирсең материалдык байлыгы жок руханий бай адамдар бар. Бирөө бай, бирөө бактылуу болушу мүмкүн, байлар дагы ыйлашат дегенди унутпасак. Мен үчүн байлык менин элим, бул гезит бети үчүн же бийик нравалык сөз эмес. Эгер элим бактылуу болсо, балдарым, неберелерим бактылуу болоорун билем. Өзүм эч качан байлыкка умтулган эмесмин. Ишимди жакшы бааласа, ошол ишимден пайда болсо, эл ичинде мен жөнүндө жакшы сөз жүрсө ошол мен үчүн байлык.

- "Досту башыңа кыйынчылык түшкөндө билесиң" дейт. Досторуңуз ким?

- Эң оор нерсе бул сени сатып кеткендик. Улан сиз бизди билесиз. Үй-бүлөдө сегиз кыз элек. Атам дайыма уул күтүптүр, тагдыр ушундай экен. Мен дайыма кыздар деле балдардан кем эмес экенин ишим, жүрүм-турумум менен атама көргөзүүгө аракет жасап жүрүп чоңойдум. Курбу күтүүгө да убактым болбоптур. Эркек коллективде көп иштегендиктен коллега катары эркек досторум курбуларыма карганда көп экен. Өзүмдүн кесиптештеримди дайым жакын досторум деп эсептейм.

- Сын-пикирге көз карашыңыз кандай?

- Эгер сын пикир акыйкат болсо туура кабыл алып аны оңдоого бүт күчүмдү жумшайм. А башка сындарга көңүлүмдү буруп, убактымды кетирбейм. "Комсомольская правда" гезитине НПОлор Вице-премьер кызматын аркалап турганымда коррупцияга аралашкан деп жалаа жабышты жана текшерүүнү талап кылышкан. Алдыңызда финансы полиция кызматынын жыйынтык кагаздарын көрүп турасыз, эч бир коррупцияга байланышым жок, баары мыйзам чегинде. Кээ бир арам акча жегендердин жолун тосуп, бөгөт болсом керек. А бул кагаздар Транспорт министрлигинин, Кыргыз почтасынын, Соцфонд жана Кадамжай интернатынын гезит бетинен окушуп мени колдогон кайрылуу кагаздары.

- Чарчаганда кантип эс аласыз?

- Даамдуу тамак жасаганды жакшы көрөм. Даамдуу тамак менен конок тосконду жактырам. Ошондо барын унутуп эс алып калам.

- Эмнеге өкүнүп, сүйүнүп, түшүнбөй жана эмнеге таң калып жүрөсүз?

- Өкүнгөнүм эркек болбой калганым. Сүйүнгөнүм уулум Эмил авариядан кийин тирүү калганы.Таң калып жана түшүнбөй жүргөнүм жакын адамдарымдын сатып кеткени. Алар жөнүндө сүйлөгүм да келбейт. Саясат тууралуу да кеп козгогонду каалабайм.

- Кандай белектерди алганды жактырасыз?

- Бардык аялдардай эле гүл алганды,жакшы көрөм. Айрыкча талаа гүлдөрүн, Глория гүлүн өзгөчө жакшы көрөм.

- Жаш кезиңиздеги мүнөзүңүз менен азыркы мүнөзүңүздүн айырмачылыгы. Өзгөрдүңүзбү?

- Жаш кезим менен азыркы кезди салыштырууга болбойт. Аябай тынч, өзүнө ишенбеген, сүйлөбөгөн, бирөө менен достошо албаган адам, убакыттын өтүшү менен өзүнө ишенген, өзүн сыйлаган адамга табигый башкаруу үнүнө ээ болгон адамга айланды.
 
"Асман пресс"


29-апрелде Караколдо Биринчи- вице-премьер министр Бабанов Өмүрбек Токтогуловичти колдоо кыймылынын өкүлдөрү Ысык-Көл областынын жашоочуларынын атынан областтын губернатору Нурлан Абдылдаев менен жолугушуу өткөрүштү.


Бул жыйынга кыймылдын 40тан ашуун мүчөлөрү катышып, Алмазбек Атамбаев башкарган өкмөт жүргүзүп жаткан азыркы оор кырдаалдан чыгып кетүү боюнча саясатын толук колдойбуз жана кубаттайбыз деп, чыгып сүйлөшкөн Жети-Өгүз районунан мугалим Манапбаева Альбина, дыйкан Бейшекеев Алмаз, Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Дүйшөбаев Асанакун, Жумабаев Жанузак жана башкалар бардык саясатчыларды Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн ынтымакка, биримдикке келүүгө чакырышты. Өмүрбек Бабановду колдоп, парламенттик комиссия адилет чечим чыгарышын күтөбүз деп билдиришти. Кыргыз Республикасынын жогорку бийлигине Кайрылуусун губернаторго тапшырышты.


Кыргыз Республикасынын
Президенти
Отунбаева Роза Иcаковнага,

Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Келдибеков Акматбек Келдибековичке,

Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри
Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке

Кайрылуу

Биз, Жогорку Кеңешке шайлоолордун жыйынтыгында парламенттик көпчүлүк түзүлүп, коалициялык өкмөт ишке киришип, өлкөдө стабилдүүлүк орноп, жыл башынан бери алгылыктуу иштер жасалып жаткандыгына күбө болуп жатабыз. Бул багытта ар бириңиздердин салымыңыздар бар жана мамлекетти өркүндөтүүдө Сиздерге ийгилик каалайбыз.


Биз мурунку башпрокурор Кубатбек Байболовдун билдирүүсүн парламенттик комиссия текшерип чыксын деп, убактылуу иштен чегинген Биринчи вице премьер -министр Өмүрбек Бабановдун Премьер-министрге жана парламент спикерине кайрылуусун толук кубаттайбыз. Комиссиянын ишинин жыйынтыгында сиздердин наамыңыздарга айтылган божомол айыптоолорго да баа берилет деп ишенебиз. Ошондуктан парламенттик комиссиядан бардык айыптоолордун чын-төгүнүнө чыгууга чукул иштөөсүн талап кылабыз. Ошол эле учурда мурунку башпрокурор Кубатбек Байболовдун үй-бүлөсүнүн бизнесинин кызыкчылыгында кызматтык абалын пайдаланганы боюнча да баа берилишине ишенебиз.


Ысык-Көл областындагы Өмүрбек Бабановдун жактоочулары бүткүл республика боюнча аракеттеги аны колдогон кыймылдын түзүлүшүн колдойбуз жана комиссиянын ишине контроль кылабыз. Биздин эл жакшы билет, Бабанов Өмүрбек таза, чынчыл саясатчы жана ал элдин кызыкчылыгын барынан жогору коет. Ал өзүнүн жетишкендиктерин өз эмгеги менен тапкан. Убактылуу жумушунан чегинүү сунушу жана депутаттардан түзүлгөн комиссиянын иши аягына чыкканча тоскоолдук кылбай турайын дегени буга далил. Жыйынтыгында Өмүрбек Бабанов өз ишине эрте кайтып келишин талап кылабыз.


Ысык-Көл областынын эли өкмөттүн алгылыктуу иштерин жакшы билет. Салкындап кеткен коңшу мамлекеттер менен мамилелердин жолго коюлушу, криминалдын мойнун сындыруу, күйүүчү майларды ташып келүүдө пошлинанын алынып салынышынан 8-10 сомго чейин арзандашы, солярканын дыйкандарга тизме менен 25 сомдон берилиши, дыйкандарыбызга 9% кредит берилиши, коррупциялык аракеттерге бөгөт коюлуп "Мегаком" компаниясынан 850 млн. сом бюджетке түшүрүлүшү, врачтардын, мугалимдердин, маданият кызматкерлеринин май айынан айлык акыларынын кескин көбөйтүлүшү - кыска убакыттагы жасалган ийгиликтер. Ынтымак болуп, аракет күч болсо дагы да ийгиликтер болот.


Ошондуктан биздин Ысык-Көл областынын эмгекчилери бардык саясатчыларга кайрылаар элек. Азыркы А.Атамбаев башкарган Өкмөт жүргүзүп жаткан криминалга, коррупцияга каршы саясатын колдойбуз. 7-апрелде 87 азаматыбыз, түштүктө алааматта курман болгон мекендештерибиздин керезин жана үмүтүн актаганга бардык саясатчыларды биригүүгө чакырабыз. Бул багытта акыркы мезгилде коалициялык көпчүлүктү колдоп, ага кошулуп жаткан депутаттарды колдойбуз.


Биримдик жана Кыргызстандын келечеги үчүн эмгек кылуу - бардык саясатчылардын милдети болуу керек. Бул Ысык-Көл областынын элинин талабы:
Кол койгондор:
40 кишинин колу

 

"Асман пресс"

Бүгүн Ош базарында иштеген чакан жана орточо соода жүргүзгөн ишкерлерден, дүн продукция алып келчү дыйкандар, Бишкектин бул базарына эл ташуучу маршруттук каттамдардын айдоочуларынан түзүлгөн иш таштоо комитети Жогорку Кеңештин депутаттарына, президент Роза Отунбаевага кайрылуу жолдошту. Анын түп көчүрмөсүн “Саясат.kg” порталына комитеттин төрагасы Назарбек Нышанов коомчулукка тааныштыруу иретинде жолдоду.

 

Кайрылуунун негизги талабы – Ош базарынын тегеригендеги ыплас оюндарды токтотуу жана Бишкек мэри Иса Өмүркуловду, Ленин районунун акимин токтоосуз кызматтан алуу. Бул талаптарды комитет 4-майдагы басма сөз жыйынында да билдирип, 10 күн ичинде бийлик бул маселени чечпесе, мөөнөтсүз митинг башталарын жар салышкан.

 

Н.Нышанов билдиргендей, бийлик элдин үнүн уккан жок, андыктан талаптардын аткарылышы күмөндүү. Ошол себептүү митингди 14-майда баштоого камылга көрүлүүдө.

 

“Ош окуясы чагылгандай тез болуп, кайра тез токтоду. Анткени, эки улуттун эли бул уруштан көп нерсе жоготоорун, жаңжалдын от алуусуна кимдер тарабынан шыкак берилип жатканын, уюштуруучусу ким экенин тез түшүнүп, тез эсине келди. Эгер бул уруш эки улут арасындагы көп жылдар топтолгон нараазычылыктан улам от алган болсо, мынчалык тез токтомок эмес”,- деген оюн Ош шаарынын мэри “Майдан.kg” гезитинин бүгүнкү санында жарыяланган маегинде билдирген.

 

М.Мырзакматовдун айтымында, согуш бир нече күн эмес, бир саат болсо да кандуу изин калтырбай койбойт: Ошто канча имараттар өрттөлдү, кырчындай өмүрлөр кыйылды, энелер кара кийип, эзелтен тирүүлүктө базары, өлсө мазары бир эки элдин ортосунда кан акты. Жараат оор, жарака терең. Бул жараатын бир-эки жылда бүтөлүшү кыйын. Токсонунчу жылдын күйүтү эми гана сууганда кайра жаңырып, эл азыр акыл-эс, сабыр менен гана өзүн токтотуп, бири-бирине аяр мамиле кылууга аракеттенип жатат. Бул жараканын жок болуусуна убакыт керек, баарын улукман мезгил гана дарылай алат”.

 

Гезиттин улутчулдук позициясы тууралуу суроосуна М.Мырзакматов мындайча жооп узаткан: “Бир жыл бою мен тууралуу эмнелерди гана жазышпады, башкача айтканда төө бастыга куп эле алышты. «Бандит, басмачы, касапчы, наркобарон» деп батыштын Интернет сайттары жазып, аларга кошулуп биздин жергиликтүү басма сөз, тагыраак айтканда сатылган «сары пресса» алынын жетишинче аларга кошулуп шыбады. Алар кыргыздын бир жигитин чөгөлөтүп, элим деген духун майтарганга аракет кылышты. Мунун баарына бир жыл бою унчукпай чыдадым, бир чети иттерге кошулуп үргөнгө убактым да болгон жок. Биринчи жолу жакында «Эркин Тоо» гезитине түз байланышка чыгып, олуттуу, жооп бергенге татыйт деген суроолорго жооп бердим. Себеби, мезгил келди деп ойлойм. Буга чейин менин үнүмдү чыгарбай басып, көкүрөк кыйкырыгымды угузбаганга жакшы эле күч жумшашты”.

"Ата-Журт” партиясынын Камчыбек Ташиев башында турган өкүлдөрү карапайым кыргыз элине ыраазылыгын билдирүү максатында Кыргызстандын региондоруна иш сапары менен аттанышты. Алардын башкы мүдөөсү - өлкөнү түрө кыдырып, шайлоочуларга ыраазычылык жолдоп, ак бата алуу гана эмес, үч партиянын коалициялык биригүүсүнөн кийинки аткарылып жаткан иштердин натыйжаларын байкоо, карапайым элдин көйгөйлөрүн, муктаждыктарын билүү. Бул тууралуу бүгүн, 5-майдагы санында “Майдан.кg” гезити жазып чыкты.

 

2-май күнү башталган иш сапар дээрлик бир жумадан ашуун созулуп, К.Ташиев баш болгон “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары алдын ала болжонгон программа боюнча республиканын 21 аймагында болуп кайтмакчы.
Гезиттин маалыматы боюнча, карапайым калк негизинен өз региондоруна тийешелүү көйгөйлүү маселелерге токтолушту. Маселен, айыл чарба иштери үчүн берилип жаткан арзандатылган өкмөттүн кредитин ала албагандар көп экен. “Жалпы-жонунан, республика боюнча дыйкандарга кредит берүү максатында 1 млрд. сом бөлүнгөн. Бул каражатты 456 айыл өкмөтүнө бөлгөндө 2 млн. сомдон гана айланат. Демек, бир айылдан болгону 10 эле кишиге кредит берилет. Мисалы: Барпы айылында 29 миң калк жашайт, анын 10у гана кредит алышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө ошол 1 млрд.дын болгону 30 пайызы гана берилди, демек, 10 адамдын бир-экөө гана насыяга ээ болду десек жаңылыштык эмес. Ага карабай эле күнүгө теле аркылуу рекламашууда. Эгерде 20 же 50 млрд болсо, анда кеп башка эле”,- деди К.Ташиев бул маселеге токтолуп.


Айрым шайлоочулар май айынан тарта бюджет кызматкерлери, мугалим, дарыгерлердин маянасын көтөрүү багытындагы өкмөттүн убадасы тууралуу сурашты. “Атамбаев өзү парламентке келип, “бул маселелерди аткара албасам, отставкага кетем” деген. Эгер убадалар аткарылбаса, өкмөт элдин ишеничин актай албагандыгы үчүн кетиши керек”,- дейт К.Ташиев.

 

Карапайым калк саясий маселелерге да кызыкты. Жолугушууларга катышкандардын көпчүлүгү “сиз президенттикке коёсузбу?” деген суроону беришти. “Жакын арада “Ата-Журт” партиясынын съезди болот. Бул маселе ошондо чечилет. Азыр мен катышаарымды же катышпай турганымды так айта албаймын. Бирок, “Ата-Журт” партиясы сөзсүз өз талапкерин алып чыгат, муну мен ишенимдүү айта алам. Биздин партия таптаган талапкер сөзсүз президент болот”,- деди Камчыбек мырза.

 

“Майдан.кg” жазгандай, К.Ташиевдин фракция лидери катары иш сапары Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Кара-Көлдөн башталса, бүгүнтөн баштап Кочкор-Ата, Ноокен, Базар-Коргон, Арстанбап, Көгарт, Октябрск, Кызыл-Туу, Барпы, Сузак,Баткенде уланат.

 

 

 
Атамбаев менен Бабановдун ортосун кара мышык араладыбы же Атамбаев үчүн Өмүрчиктин пайдасынан зыяны көппү ким билсин айтор, Бабановду борттон ары ыргытууга аракет жасала баштады, деп жазылган «Асман пресс» гезитинин 5-майда чыккан санында.
 
Анда айтылгандай, депутаттык комиссияга Бабановго иленчек тапкыла деген жашыруун команда берилген имиш. Билермандарды тыңшасак, Өмүкең өз ордуна отурбай калганы турат. Анын ордуна «Ар Намыстан» же «Республикадан» талапкер таптап атыр дейт. Атамбаевдин мунусу Өмүрчикти өгөйлөп таасирдүү республикачыларды өзүнө тартып, арнамысчыларга айай көрүнүп, атажуртчуларды алкап шайлоого шаңдуу баруунун амалы экен.
Баракелде

 


Мурунку баскан жолуна ревизия кыла албайбыз, бирок ушул азыр Өмүрбек Бабанов дурус иштеп жаткан. Бул жигит экономиканы мыкты түшүнөт жана да Кыргызстан кантип экономикалык кризистен чыгарын туура баамдап, ошого жараша аракетин көрүп жаткан. Анан Байболовдун "байлык топтоо" жолуна аздап тоскоол болуп койду эле, Байболовуң болсо Генпрокурордун терисин жамынып алып дурус иштеп жаткан Бабановду мүдүрүлтүп таштады. Ал ал болсун.

Алмаз Атамбаев Турцияга сапарынын алдында "Бабановдун маселесин чечем" дегендей кылды эле, мына, келгенине үч-төрт күн өтсө да унчукпай турат.

Парламенттин комиссиясы Бабановдо Байболов айткан күнөө жок экенин официалдуу түрдө жарыялады. Анан эмне үчүн Бабанов кызматына кайра олтурбай жатат, же отургузбай жатышабы?

Эгерде Алмаз Шаршенович экономикабызды ордунан жылдыруудан майнап чыгарам десе, Бабановду ордуна тезинен алып келиши туура чечим болмок. Мындай ойду айткандар көп.
 
Фабула
 

 
Ак үй тараптан чыккан айрым маалыматтарга ишенсек, жакында өкмөттө бир топ кадрдык өзгөрүүлөр болот имиш.
 
Маселен, чек ара башчылыгына депутат Токон Мамытов, УКК башчылыгына Бусурманкул Таабалдиев, УТРКга депутат Каныбек Иманалиев, Каржы министрлигине кайрадан Акылбек Жапаров, Ветеринария кызматына депутат Талант Узакбаев, Чүй губернаторлугуна Темир Сариев, Коргоо министрлигине Исмаил Исаков, Жалал-Абат губернаторлугуна Алтынбек Сулайманов, Бажы кызматынын башчылыгына Тайырбек Сарпашев, маданият министрлигине Султан Раев сыяктуулар кудаланып жатышса, элчилик кызматтарга кетүү үчүн Мелис Эшимканов, Замира Сыдыкова, Дүйшөнкул Чотонов, Бектур Асанов жана Топчубек Тургуналиевдер даярданып жаткан имиш.
 
 Жогорудагылардын арасында ар-намысчылар арбын болгондуктан, Кулов Атамбаевге сунуш менен эмес, жумуш менен киргенби дегиң келет экен.
Фабула

 
!993-жылы 5-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин XII отурумунда Конституция кабыл алынган. Ошол мезгилден тартып Кыргызстан Кыргыз Республикасы аталып, 1978-жылы кабыл алынган Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Конституциясы күчүн жоготкон.
 
Андан бери Кыргызстандын Конституциясына бир нече өзгөртүүлөр киргизилген.


Адахан Мадумаровду колдогон жаратылыш күчү укмуштуудай эле экен. Ар бир инсанга коюлган ат анын тагдырын өмүр бою коштоп жүрөт. Азан чакырылып коюлган аты Ада (Бүттү) хан экенине карабай бийликтин, байлыктын сересине жетти. Улам "ада" болгонуна карабай бийликте бир топ сүйлөп жүрдү.
 

 

Адам баласынын көзү көрдүн топурагына гана тоёт тура, чиркин. Кыргызга кылган башка кылыгын айтпай эле коёлу. Каркыраны, Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты 54 гектар жери менен кайындарына карматып, 87 эр-азаматтын өлүмүнө забын болгондон кийин эле кысчу жерин кысса болбойт беле. Өлкө ушул бойдон эле башкаруусуз тура бермек беле. Мыйзам алдында жооп берчү күн да келет.
 
Же "ада" болгон Адахан Мадумаров мезгилинен мурда ташбараңга алынып өлгөн жүрөбү? Адахан Мадумаров кыргыздын жерин саткандыгы үчүн өмүрү менен жооп берсе, балдары акыр кыяматка чейин беттеринде эл душманынын урпактары деген көөнү жамынып жүрөт.
Эл сөзү

 

 

 

 

 «Фабула» гезитинин 3-майда чыккан санында Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов коалиция, өлкөнүн башкаруу системасы тууралуу маек курду.
 
- Кыргыз эли үй-бүлөлүк жана кландык жол менен башкарууга каршы чыгышып, өлкөдө эки ирет төңкөрүш болуп өттү. Ушул төңкөрүштүн жыйынтыктары канааттандырарлык деп эсептейсизби?
 
- Эң алгач революция менен көңтөрүш (бийликти алмаштыруу) маанисин чечип алсак. Революция бул бүтүндөй коомдук түзүлүштү төңкөрүп салуу менен өзгөчөлөнгөн жаңы коомдук түзүлүшкө өтүү. Ушундан улам, элибиз муну төңкөрүш деп, тээ өткөн кылымдын 1917-жылы атап алышкан. Демек, төңкөрүш бүтүндөй терс көрүнүштөрдү астын-үстүн кылуу деп түшүнсөк болот.
 
Көңтөрүштү төңкөрүштүн синоними катары караганга макул эмесмин. Көңтөрүш бул бийликтегилерди гана алмаштыруу же маанилик жактан жөн эле бунт деп түшүнөм. Ошол себептен, 1917-жылдагы Орусиядагы 1991-жылдагы кыргыз элинин эгемендүүлүгүнө ээ болушу революция (төңкөрүш), 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы элдин бийликти кулатышы революциялык (төңкөрүштүк) мазмунга ээ болгону менен, аягында элдин ишеними орундалбай калып, алар жөн эле көңтөрүш (бийликти гана алмаштыруу) мазмунуна ээ болуп калды.
 
Дагы белгилеп өтөйүн, сиз да, биз да социалисттик системада жашап, анын идеологиясында тарбияланганыбызды танбайлы. Биз чанган марксизм-ленинизм идеологиясы революция бул массалык кыймылдын нааразылыгы менен бүтүндөй коомдук түзүлүштү өзгөртүү деп аныктайт. Бизде болсо реформалар же болбосо бийлик тарабынан айрым өзгөртүүлөр гана киргизилип жатат. Демек, биздеги элдин эки жолку бийликти кулатышын революция же төңкөрүш деп айтуу кыйын.
 
- Эл ишке ашырган революциянын багытын жана маңызын сактап калууга революцияны толук ишке ашырууга бизде мүмкүнчүлүк бар беле?
 
- Ооба, бизде революциянын жеңишин толук ишке ашырууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Ушул максатта мен люстрация маселесин киргизгем. Эгерде ошол учурда люстрация мыйзамын Убактылуу өкмөт колдоого алганда коррупцияга белинен баткандарга, бардыгын мансапка жана бийликке алмаштыргандарга, принциптери жок, идеялык багыты жок эпчилдерге бийликтин бутактарына кайрылып келишине бөгөт коюлмак. өлкөдө элди алдаган реформалар эмес, революциялык орун которуштуруулар ишке ашырылып, бардыгыбыз тазалануу жолуна өтмөкпүз. Албетте, эски бийликтердин өкүлдөрү тарабынан күчтүү каршылык жаралмак, бирок биз мыйзам жолу менен алардын жолун бөгөп, элдин ишенимине гана ээ болгон инсандарды бийликке алып келмекпиз. Тилекке каршы, люстрация (тазалануу) мыйзамы колдоого алынган жок да, мурдагы бийликтегилердин тиреги болгон негизги күчтөр кайрадан жооптуу постторго жайланышып алышты.
 
- Өткөн кылымдын 60-жылдарында АКШда катуу шамал болсо да, «СССРдин тийгизген таасири» деген маалыматтар берилип келгенин ошол учурда АКШнын борбордук чалгындоо башкармалыгын (ЦРУ) жетектеп калган Даллес буга каршы чыгып, куру дүрбөлөңдөн куткарган экен. Бизди азыр ошол сыяктуу бир окуя болсо эле, «акаевчилер», «бакиевчилер», болбосо үчүнчү күчтөрдүн аракетинин натыйжасы деп кыйкырып чыккандар күчөдү. Буга сиздин пикириңиз кандай?
 
- Мен мындай бөлүнүүлөргө макул эмесмин. Бизде эки жол бар болчу. Биринчиси, люстрация мыйзамын кабыл алып, Акаевди, Бакиевди жана сиз белгилеген үчүнчү күчтөрдү колдогондорду жана пайдалангандарды ооздуктоо керек эле. Бул эл тарабынан төңкөрүштүн (революциянын) талабы катары кабыл алынып, алар бийлик бутактарында басымдуу күчкө ээ болушуна жолдор буулмак. Бирок бул Убактылуу өкмөт тарабынан колдоого алынган жок.
 
Экинчиси, эми буларга акаевчил, бакиевчил деп айып коюуга мыйзамдык да, моралдык да укугубуз жок. Алар парламенттик шайлоого катышууга укук гана албастан, шайлоодо жеңүүчүлөрдүн бири болуп калды. Биз укуктук мамлекет болууга умтулуудабыз. Демек, шайлоодо утсак, экинчи тараптын, ачык айтканда, каршылык тараптын пикири менен эсептешүүбүз керек. Эми сен тигинин же мунун адамдары деп күнөө коё аласыңбы? Менимче, шайлоого катышканга мүмкүнчүлүк бердикпи, жеңип чыккан тараптарга эми сыйыртмак ыргытууга мүмкүн эмес.
 
Бизде бир гана максат – жалпы кыргыз элинин жашоо-шартын жакшыртууга багытталууга тийиш. Мамлекеттик чиновниктердин тиги же бу бийликте кызмат кылганына эмес, коррупцияга аралашпагандыгына, өз милдетин канчалык деңгээлде абийирдүүлүк менен аткаргандыгына жараша бааласак болмок. Эгерде ичип-жегени бар болсо, алардан тазаланышыбыз керек. Кудайга шүгүр, аларды алмаштырар кадрларыбыз жетиштүү. Бир гана маселе – кимиси камчыны ким үчүн чапты?
 
- Демек, сиз азыркы коалициянын түзүлүшүнө каршы эмес турбайсызбы?
 
- Шайлоо кандай өткөнүнө бааны биз эмес, тарых өзү талдай турган учур келет. Биз мыйзамдуулукту талап кылган соң, алардын кайсы жол менен өткөнүнө эмес, өлкөдө демократиялык алгачкы кадамы катары карасак, туура болмок. Коалиция партиялардын өз ара тирешүүсү алдында түзүлдү. Эми муну жалпыбыз таанууга туура келет. Эң негизгиси коалиция курамы такталып, өлкөдө стабилдүүлүк орноду. Мен буга каршылык көргөзбөйм. Мыйзамга ылайык, колдоого алам.
 
- Өкмөт курамынын түзүлүшүндө да пикир келишпестиктер бар. Айрыкча сиз мүчө болгон «Ата Мекен» партиясынын багытында ачык көрүнүүдө. Ага сиз эмне дейсиз?
 
- Белгилей кетейин, Кыргызстан алгачкы ирет парламенттик башкарууга өттү. Бул жактан биздин бийлик бутактарында тажрыйба жок. Натыйжада бир канча кыйынчылыктар, түшүнбөстүктөр пайда болууда. Ал үчүн бир тарапка айып коюудан алысмын. Мындай кырдаалга өлкөбүз толук даярдыкта болбогондугу себепкер деп эсептейм.
 
Парламенттик башкарууга өтүү – чыныгы демократиялык бийликти орнотуунун алгачкы жерпайы болуп отурат. Кыргызстандагы төңкөрүштүн бийлик бутактарынын милдеттерин бөлүштүрүү партиялык-парламенттик башкаруунун орношу эле жалпы Азия өлкөлөрүнө өз таасирин тийгизүүдө жана азыркы күндө революция ишке ашырылган мамлекеттерде бул система колдоого алынууда. Муну биздин өлкөнүн зор өзгөчөлүгү катары карасак болот. Партиялык-парламенттик башкаруу туура кабыл алынганын айгинелейт.
 
Коалициялык өкмөттөр бүтүндөй өнүккөн өлкөлөрдө түзүлүп келген, түзүлүп келет, түзүлө берет. Азырынча мындан да туура жол табыла элек. Ошол себептен коалицияга кирген партиялардын макулдашуусу менен өкмөттүн курамынын түзүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейм жана аны колдойм. Бул мамлекетибизде стабилдүүлүктүн орношуна салымын кошуп отурат.
 
Ошентсе да, коалициялык өкмөттүн иш-аракеттери талапка жооп бербей жатат. Кыргызда: «Дос күйгүзүп айтат, душман сүйгүзүп айтат» деген акылман сөзү бар. Менин сын пикиримди мурдагы өнөктөштөрүм туура кабыл алабы, же «душман» катары санайбы, алардын өз эрки, бирок өзүмдүн чын пикиримди ачык айтып коюну туура таптым.
 
Премьер-министр А.Атамбаев башында турган коалициялык өкмөттүн азыркы экономикалык саясатында көптөгөн кемчиликтер бар экенин айткым келет. Ушул мезгилге чейин коалициялык өкмөт өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүү программасын Жогорку Кеңешме сунуштай элек. Ошону менен катар бул багытта мыйзам чегинде бекитүүгө өз сунуштарын киргизбегендиги терс пикирлерге алып келип жаткандыгын белгилей кетейин.
 
Жогорку Кеңештен премьер-министрге президенттин деңгээлинде укук берилген. Айрыкча, кадрлар меселесин А.Атамбаевде чечүү укугу бар. Ал чечкиндүүлүк түрдө эл ишенимин актабаган айрым кадрларды алмаштыруу маселесин жеке чечүүсү керек. Кадрларды тандоодогу жоопкерчилик ага жүктөлгөн. Бул демократиянын бир талабы болуп саналат. Эр-жигитке, айрыкча өкмөт башчысына жалтактык жарашпайт, эгерде премьер-министрдин бүтүндөй жоопкерчиликти моюнга алып, аны реалдуу мүнөздө чечсе, депутаттардын жана жалпы элибиздин колдоосуна ээ болушуна шек жок.
 
Мындан тышкары өлкөнүн экономикасын көтөрүүнүн башкы Программасын Жогорку Кеңешке али койбой келгени өкүнүчтүү. Бул анын негизги милдети. Эгерде бул багытта кеңири Программасы талкууга алынса, жалпы кыргыз элинин реалдуу колдоосуна ээ болушуна шарт түзүлмөк. Бул сыныбызды премьер-министр А.Атамбаев туура түшүнсө, бул өзүнө жалпы элдин кадыр-барктоосуна алып келүүчү ишенимдүү жол болуп калат.
 
- Азыркы күндө коалицияны таркатуу маселеси курч мүнөзгө ээ болууда. Анын зарылдыгы канча жана мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө келтирер зыяны жокпу?
 
- Менимче, эл аралык мамилелер жаңыдан жолго коюлуп жатканда коалицияны таркатуунун кажети жок. Ансыз да ыркы кеткен өлкө катары таанылган учурда коалиция таркатылса, көптөгөн мамлекеттерге ишенимди жоготобуз. Бул чет өлкөлөрдөн инвестиция жана грант түрүндөгү каражаттарды тартып келүүгө бөгөт болот да, өлкөдө кымбатчылык өз өкүмүн жүргүзөт. Коррупция жана кылмыш иштери күчөйт. Натыйжада, калктын жашоо деңгээли дагы кескин төмөндөп, кайрадан калктын көтөрүлүп чыгышына алып келет. Биз буга жол бербешибиз керек.
 
- Коалицияны таркатуу күн тартибиндеги маселеге айланганы баарыбызга белгилүү. Айрыкча, сиз мүчө болгон «Ата Мекен» партиясынын аракети бул пикирге келүүгө аргасыз кылып отурат.
 
- Эскерте кетейин, биздин максат - өлкөдө стабилдүүлүктү сактоо, анын экономикасын жогорулатуу. Ал эми сын-пикирлер кетирилген кемчиликтерди жоюуга негиз болууга тийиш. Албетте, партия ичинде ар кыл көз караштагы ойлор айтылат, бирок ал ар тараптан талдоого алынып, добушка салынат. Биз көпчүлүк добуштарды гана колдоого алабыз. Демек, «Ата Мекен» партиясы коалициясын таркатууга аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке кагууга туура келет. Ал эми партиянын айрым мүчөлөрүнүн кеп-сөзүн бүтүндөй партиянын пикири катары саноого болбойт. Ал эми өзүмдүн жеке пикиримде, коалиция сакталып, алар өлкөдө ишкерлерди ар тараптан колдоого алышы, айыл чарбасын көтөрүүгө жана өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүү жолдоруна, ишенимдүү жолду табууга күч-аракеттерин жумшоого тийиш. Бизде башкача арга жок.
Фабула
 

 

 
 
- Арзыбек мырза, губернатор болуп иштегенден бери кандай иштерди аткарганга үлгүрдүңүз?
 
- Баткен облусунда эң орчундуу маселелердин бири бул жумушсуздук маселеси. Жумушсуздуктун айынан ишке жараган жаштарыбыздын көбү Россияда, Казакстанда иштеп жүрүшөт. Тактап айтканда, облус боюнча 60 миңден ашык жараныбыз мигрант болуп, сыртта жүрөт. Мамлекет бере албаган каражатты ошол чет жерде жүргөн мигранттарыбыз берип, облус элин багып жатат. Кыскасы, Баткенде элдин жашоо-турмушу жакшы деп деле айтууга болбойт. Иштейин десе эч кандай иш жок. Элдин иштегени эле дыйканчылык. Быйыл дыйкандарды күйүүчү май менен камсыз кылуу абдан кыйын болду. Ага карабай талаа иштеринин теңинен көбүн бүткөрүп алдык. Буга чейин облуста көзгө толоорлук эч кандай деле иш аткарылбаптыр. Социалдык мекемелердин көбү жарактан чыгып, капиталдык ремонтко муктаж болуп турат. Ошонун баарын ремонттон өткөрүп, социалдык мекемелерди куруунун үстүндө иштеп жатам.
 
- «Ата-Журт» партиясынын аркасы менен губернатор болгонуңуз чынбы?
 
- «Ата-Журт» партиясына эч кандай тиешем жок. Баткендин кулуну болгондугума байланыштуу өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев: «Баткен элинин жашоо турмушун жакшы түшүнөсүң» деп эки жолу ЖКнын депутаты болгондугумду эске алып, губернаторлук кызматка бекитти. Бирок «Ата-Журт» партиясын мактагандан башка жаман деп эч нерсе айталбайм.
 
- Губернатор болгонуңузга жергиликтүү карапайым тургундар нааразы болушту го…
 
- Мурунку губернатордун жактоочулары облустук администрациянын алдына чогулуп, мага бут тосуп, кызматка келтирбөөгө аракет кылышты. Бут тоскон менен пайда чыкпасын билишти окшойт, эки күндөн кийин эле таркап кетишти. Мурунку губернатор азыр президенттин кеңешчиси болуп иштеп жатат.
 
- Акаевдин «Алга, Кыргызтан» партиясынан депутат болдуңуз эле. Кийин Бакиевдин «Ак жол» партиясынан да депутат болдуңуз. Бул партияларга кирип, депутат болушуңуздун себеби эмнеде?
 
- «Алга, Кыргызтан» партиясынын башында Акаев тургандыктан, ал киши бийликтин күчүнө салып, мага окшогон жаш талапкерлердин депутат болуусуна жол берген эмес, аргасыз Акаевдин айтканына көнүп, «Алга, Кыргызстанга» - кирип депутат болгом. Кийин Бакиев дагы кудум эле Акаевдей болуп, «Ак жол» - партиясына кир, болбосо депутат болбойсуң, саясаттан сүрүп чыгарам» - дегенинен аргасыз «Ак жол» партиясына кирип депутат болгом. Жаманбы–жакшыбы менин кандай иштегениме эл тараза, Баткен облусунда кадыр-баркым жогору. Эл мени колдооруна ишенем.
 
- Президенттик шайлоо жакындап келатат. Кайсыл саясатчыны президенттикке татыктуу деп ойлойсуз?
 
- Алмазбек Атамбаев, Адахам Мадумаровдорду татыктуу адамдар деп айта алам. А.Мадумаров Баткенге келип, эл менен жолугуп ой бөлүшүп кетти. Эл ал кишини абдан колдоду.
Фабула
 

 

«Фабула» гезитинин 3-майдагы санында, «президенттик шайлоого катышасызбы?» деген суроого Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов «ар нерсенин өз убагы бар. Президенттике аттанамбы аттанбаймбы аны убакыт көрсөтөт. Негизи президенттикке өзүмдү сынап көрсөмбү деген оюм бар» деп билдирген гезитке берген маегинде.
 
- Мелис мырза, учурда: «өлкөнүн тынчтыгын каалабаган айрым өзбек сепаратисттери кайрадан баш көтөрүп жатат» деген кептер жүрүүдө. Деги эле, ушу тапта Ош облусунда кырдаал кандай?
 
- Облуста былтыркыга салыштырмалуу саясий абал туруктуу. 2011-жылды «Достуктун улут аралык мамиленин жылы» деп белгилегенбиз. Биздин эң негизги максатыбыз – Ош шаарында туруктуулукту камсыз кылып, эки элдин ортосундагы достук мамилени бекемдөө. Ошондой эле, ар кандай чагымчы күчтөрдүн иш-аракетине жол бербөөнүн үстүндө иш алпарып жатабыз. Ал эми «сепартисттер баш көтөрүп жатат» деген жалган сөз.
 
- Жакында жарык кыргыз элин былтыркы коогалаңга ачыктан-ачык күнөөлөгөн «Чөөнүн сааты» аттуу китеп көп нускада жарыкка чыкпадыбы. Мына ушул чуулгандуу китеп боюнча эмнелерди айта аласыз?
 
- Бул китеп Кыргызстанда тынчтыкты каалабаган, өлкөгө жаңжалдын уругун себем деген айрым күчтөрдүн буйругу менен жарык көргөн китеп деп эсептейм. Алар кайсы күчтөр экендигин мен так айта албайм. Бул китеп эки улуттун ортосунда нааразычылыктарды жаратып жатат. Аталган китепти коомчулукка жайылтпоонун аракетин көрүп жатабыз.
 
- Президенттик шайлоого катышасызбы?
 
- Ар нерсенин өз убагы бар. Президенттике аттанамбы аттанбаймбы аны убакыт көрсөтөт. Негизи президенттикке өзүмдү сынап көрсөмбү деген оюм бар. «А. Атамбаев М. Мырзакматовдон президенттикке шайлоого колдоо сураптыр»- деген маалымат эч кандай чындыкка коошпойт. Мындай сөз болгон эмес. А. Атамбаевди мен жөн гана өкмөт башчысы катары сыйлайм.
 
- «Губернатор Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси келишпейт экен» деген сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
 
- Губернаторго баш ийбегеним чындык. Ош облусунда губернатор өзүнчө иш кылат, мен өзүмчө иш кылам. Мен чарбачыл киши болгондуктан, саясый иштерге кийлигишпейм. Парламенттеги талаш-тартыш маселелерге дагы башымды ооруткум келбейт. Эң негизгиси мага Ош шаары тынч болуп, эл бейпил турмушта жашаса болду. Айрым депутаттар мамлекеттин бүтүндүгүн ойлобой өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ойлоп, ар кандай саясый оюндарга жол берип жатышат.
 
- Сизди «Бакиевдер менен байланышы бар»- деп байма-бай айтылган сөздөргө кандай карайсыз? Себеби «шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт»-деген таасын сөз бар эмеспи…
 
- Бакиевдер менен кимдер гана байланышпаган? Президент Роза Отунбаева, өкмөт башчы А. Атамбаев, төрага Акматбек Келдибеков, депутат Камчыбек Ташиев ж.б. бардыгы байланышта болгон. Губернатор Сооронбай Жээнбеков өзү эле эмес, тууган-уругунан бери Бакиев менен байланышта болгон. «Бакиев менен мамилелеш болгон жокмун» - деп кимиси актана алат. Эч кимиси актана албайт. Жаман да болсо Бакиев менен бир жыл эки ай бирге иштештим. Ал киши экөөбүз жакшы байланышта болгонбуз. 7-апрелде Ошко келгенде тосуп алганым чындык. Жалал-Абадга узатып койгонум да чындык. Ош шаарына кимиси келбесин тосуп алууга даярмын. Ал эми азыр мени «Бакиевдер менен байланышып жүрөт» - деген сөздөрдү саясый оппоненттеримдин эле чыгарган ушагы деп эсептейм.
Фабула

 

 


Өткөөл кырдаалдар министирлигинин билдирүүсүнө ылайык республикада 9-10-майда аба ырайы 0, -2 градуска төмөндөп үшүк жүрөт.
 
Мындай  абал Чүй, Талас, Ысык-Көл, Ош, Джалал-Абад областтарынын жер иштетилүүчү аймактарында кездешет.
Мындан тышкары, 5-8 майда күтүлүүчү тынымсыз жаандардын негизинде тоолуу жана тоого жакын аймактарда сел жүрүүсү күтүлөт. Ушул маалыматка ылайык даярдыктарды көрүүңүздөрдү эскертебиз.

 

 

 

Кумтөрдүн» алтыны 2027-жылга чейин казылып, 1000 тоннага чейин алтын алса болот, деп жазат «Айкын Саясат» гезити 4-майда чыккан санында. Андагы маалыматка ылайык, «Кумтөрдө» ачык ыкма менен казылып, өтө арзан баада өндүрүлүп, ушуга чейин 250 тоннадан ашуун алтын алган Канада тарап байлыкка жаман карк болду.

 
«Акыркы он жылдан бери «Центерра-Голд» кыргыздарга 14,6 миллион доллар гана берген болсо, эми 2010-жылдын тапкан пайдасынан бөлүшүп коёлучу деп 33 миллион доллар бергени жатат. Мындан ары «Центтерра-Голддун» бир вице-президенти, директорлор Кеңешинин 11 мүчөсүнүн үчөө кыргыз тараптын өкүлдөрү болот деген үмүт бар», - деп жазылган гезитте.
Баракелде