Учурда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин жардамчысы болуп жүргөн Дайырбек Орунбеков экс-президент Атамбаевден кечирим сурады.
Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Атамбаевге кайрылды. Ыйык Рамазан айында таарынышуу, кек сактоо болбой турганын белгилеген ал, кечирим берип жана кечирим суроо керектигин айтты.
Атамбаевдин ар-намысына доо кетиргени үчүн Орунбековдун иши сотко дейре жетип, 2 миллион сом доого жыгылган. Аны убагында төлөбөгөнү үчүн сот чечимин аткарбаган болуп, кылмыш иши козголгон. Акырында, журналист ошол учурдун президентине 2 миллион сом төлөп бериш үчүн элден 1 сомдон жыйнаган акция өткөрүүгө да жетишкен. Бирок, 2017-жылы кылмыш иши токтотулган.