Бишкек, "CАЯСАТ.KG". Сөз эркиндиги деп кыйкырган айрым сайттардын бети ачылды.
Аларга, Курултайда сөз берилсе качып келбей коюшту. “Азаттык” радиосу - “биз Прагадагы кожоюндарыбыз уруксат бербей койду-деген.
Эми ошол көз каранды ММКларга Америкадагы кожоюндары жылына канча акча берет, расмий маалымат менен бөлүшөлү. Бул эки жылдык эле маалыматтар. Мурдагы жана акыркы эки жылдагы маалыматтарды кошпогондо.
“Азаттык” радиосуна Америкадан эки жыл үчүн келген акча каражаты:
- 4 567 000 АКШ доллары, бул кыргыз акчасына 392 762 000 сом болот.
“Клооп медиа” үчүн эки жылда 643 240 АКШ доллар же 55 318 640 сом.
“Политклиника” сайты, Дилбар Алимовага америкалык уюмдардан 8 238 800 сом грант берилген.
“Говори.ТВ” сайты, Кайыргуль Урумкановага 11 762 700 сом келген.
“Кактус.медиа” сайты, Дина Масловага - америкалык кожоюндарынан 6 926 010 сом каржылоо болгон.
“Кылым шамы” бейөкмөт уюму (НПО) - Азиза Абдирасуловага 21 168 608 сом грант келген.
Буларга сөз эркиндиги, адам укугу деген кыйкырык - жөн эле бетине кармаган маска. Чыныгы максаттары Америкадан келген гранттарды “адалдоо”.
Миллиондорду сугунгандар, кээде элди адаштырып, Азиза Абдирасуловага окшоп “эски пассатты оңдой берип кыйналым, карызга машина алса болобу?”-деп суроо салып коет. Карызга эмес, 21 миллион сомго пакети менен тандап сатып алса болот!