Бишкек, “Саясат. kg”. КР президентинин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, кечээ, 27-октябрда, президент Атамбаевдин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган. Анын кызматтан кетишин, парламентке келүүгө даярдык катары баалагандар бар.

Стокгольмдо 26-октябрда белгилүү өзбек режиссеру Мелис Абзаловдун сөөгү жерге берилди. Аза күтүү зыйнат Ташкенттеги кинорежиссерлор үйүндө дагы өттү.
Астана полициясы шаарда терроризм актысынын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча машыгуулар өтүп жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери жазышты. Машыгуулардын жүрүшүндө ыкчам штабдын тапшырмаларды аткарууга даярдыгы текшерилет.
Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин мектептин аткыланышын «үрөй учурган окуя» деп атап, ал боюнча Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүн күтө турууну сунуштады.
Президент Алмазбек Атамбаев АКШ Мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Томас Шэннон менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү кыргыз бийлигинин “серый кардиналдарынын” экөөсүнүн бири, бирөөсүнүн өзү президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов экендиги жашыруун эмес. Ал тургай көптөгөн мамлекеттик, кадрдык жана башка иштер дал ушул фигуранын буйругу менен жасала тургандыгын көрүп, билбесек да сезип туябыз. 

Коомубуздагы диний радикализм жогорку чегине жетип, адамдардын аң-сезимин ууландырып, маңкурт кылып койгондугу өткөн жумада эки окуядан даана байкалды. Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар, имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйөө менен 70 жашка келип көз жумган Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай, эки ирет мүрзөдөн чыгарып салышып, акыры туугандары башка жерден жай табышты. 

“Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” деген азыркы алай-дүлөй заманда дагы бир мамлекеттик деңгээлдеги шойкомдуу окуя болду. Көрсө, баарыбыз көк бөрүдөй талашып жаткан, мамлекетибиздин негизи Башмыйзамы аталган Конституциянын түп нускасы жок экен же жоголуптур. 

Кайсыл заман, кимдин бийлиги келбесин эч качан өзгөрбөгөн, жалаң чыгармачылыгы менен алпурушкан белгилүү журналист, драматург С.Раев “Антистандарт” деген ыр жыйнагын чыгарып, поэзия дүйнөсүндө “революция” жасаган болчу. 

 

Жакында эле КСДП партиясынан мандат алган И.Карамушкина депутаттык антын кыргыз тилинде окуп берип, баарыбызды кубандырган болчу. Бирок бул айым парламент комитетинин өткөн жумадагы жыйынында акыркы кезде социалдык тармактарда, ММКларда жана башка саясый иш-чараларда президент А.Атамбаевди ашкере, негизсиз сындагандар көп болуп жаткандыгын билдирди. 

Бишкек, "Саясат.kg". Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 
Бишкек, "Саясат. kg". Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Бишкек, “Саясат. kg”. Жогорку Кеңештин жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбеков Сузак районундагы 15 жаштагы өспүрүмдүн өз жанын кыюуга жеткирген окуясына токтолду.

Бишкек, "Саясат. kg". Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-октябрда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын фракция лидери Иса Өмүркуловду кабыл алды жана КСДП фракциясына парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясын түзүү укугун берди.
Өзбекстанда 63 жаштагы укук коргоочу Бобомурод Раззаков үч жыл түрмөдө жазасын өтөгөндөн кийин эркиндикке чыкты. Бул тууралуу «Эзгулик» адам укугун коргоо коому билдирди. Раззаковду активисттер Василя Иноятова жана Абдурахман Ташанов абактан тосуп алышты.

Бишкек, “Саясат.kg”. Көптөн бери, тагыраагы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон бери үн катпай, өзүн саясий процесстерден оолак кармап келген белгилүү коомдук жана саясий ишмер Камчыбек Ташиев менен байланышып, анча-мынча суроолорго жооп алдык.

Жаңы конституциялык мыйзамга ылайык, өлкө президенти эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү деп жарыяланды.
Жаңы мыйзамдын негизинде “улут көсөмүнө” Дүйшөмбүдө жана анын туулган жеринде атайын имарат бөлүнүп берилип, техникалык-коммуникациялык жабдуулар менен камсыздалат. Ошондой эле жеке фонду түзүлөт.
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен бүгүн телефондо сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Өзбек өкмөтүнүн атынан Ош шаарына конокко келген делегацияны жергиликтүү бийлик "Достук" чек ара бекетинен тосуп алды.