27-майда Биринчи май райондук ИИБинин аймактык пунктунда эки милиционер 5 миң сом пара алып жатканда кармалышты. 

 

Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, 21-майда С.М. аттуу жаран милиция кызматкерлери тарабынан акча талап кылуу болуп жатканы боюнча арыз жазган. Милиционерлер андан 30 миң сом талап кылышкан. 

 

Кармалгандар УКМКнын абагына киргизилди. Тергөө амалдары жүрүүдө.