Ж. Токоев: Эмне үчүн Башкы прокуратура бул ишти кайра алып чыкпайт?

 

 

Мыйзамсыз байыгандарга ырайым болбош керек!

 

- Кыргызстанда “Мыйзамсыз баюу” боюнча берене жалаң Атамбаевдин Дамир Мусакеевге окшогон жакшы санаалаштарын жазалаш үчүн гана колдонулабы? Бул берене “ичти, жеди” деген министрлерге колдонулбайбы?

 

 

- Азыр Кыргызстанда көмүскө экономика өлкөнүн бюджетинен үч эсе көп. Так айтканда 6 миллиард долларга барабар. Демек көмүскө баыйыгандар миңдеп саналат. Эсиңерде бардыр, 2008-2010-ж. 7-апрелине чейин "Кыргызнефтегазды” ЖК депутаты Исхак Пирматов жетектеп турганда казынага 258 миллион сом зыян келтиргени 2012- жылы Башкы прокуратура тарабынан далилденип, ага карата кылмыш ишин козгоп сурак жүргүзүү үчүн Башкы прокурор А.Салянова ЖКга кайрылса, депуттар анын кол тийбестигин албай койгон. Бирок кылмыш иши жабылган эмес, убактылуу токтотулган. Эмне үчүн Башкы прокуратура бул ишти кайра алып чыкпайт? Өткөн жылы президент С.Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде "жабылып калган иштерди кайра жандаткыла” деп ташырма берген. Д.Мусакеевдин байлыгы 20 миллион сом экен, ал эми И.Пирматовдуку 258 миллион сом! Салыштыргыла бул эки цифраны. И.Пирматовдор сандап саналат. бийлик мына ушундайлар менен күрөшсө пайдалуу болмок.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити