УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев 24-майда Свердлов райондук соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган. Ал кыйноолорго каршы Улуттук борборуна кайрылганын борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди. 

 

"Кайсы бир эреже бузууга конкреттүү даттануу болбоду, бирок адвокаттары Дамир Мусакеевдин 1-абактагы отурган жерине барып, шартын карап, зомбулук көрсөтүлбөгөнүн байкаштырып келүүбүздү суранышты", - дейт Сулайманов. 

 

Дамир Мусакеевдин соттолушу боюнча КСДП тараткан билдирүүдө анын бир гана күнөөсү - Атамбаевди сатпай койгону гана бардыгы айтылган. 

 

Мусакеевге Аскер прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз байыганы боюнча кылмыш иши козголгон.