Экс-президент Алмазбек Атамбаев саясий күрөшүн уланта берээрин партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Эске салсак, Атамбаевдин партиянын төрагалыгынан кетүү чечими жарыяланган. Ал бул тууралуу 25-майда партиянын саясий кеңешинде билдирген. Анын милдетин Асель Кодуранова аткараары да айтылган.
Жолдубаева мыйзам боюнча экс-президент мамлекеттик же партиялык жооптуу милдетти артынбашы керектигин белгилеп, “Бирок, сайсий ишмердүүлүгүнө тыюу салууга акүйдүн кошоматчыларынын колу жете элек”, - деди.