Камактагы оппозициячылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбеков элге, парламенттеги бардык фракция лидерлерине кайрылуу жолдошту. 

Бишкек, “Саясат. kg”. Бишкек шаарында өткөрүлө турган ШКУнун саммити учурунда коомдук тартипти көзөмөлгө алууга 3 миңден ашуун милиция кызматкерлери тартылды. Бул тууралуу патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жетекчиси Эркин Баев маалымат жыйынында билдирди.

Бишкек, “Саясат. kg”. Ошол 2006-жылдын 26-декабрь түнү азыр дагы эсимде. Түнкү саат эки чамасында күркүрөп, шаркырап келип эле үй силкинип, кудай бетин салбасын бөлмөнүн ичи чаң-топур болуп эле жатып калды. Бирок биздин үй 1959-жылы дубалдары калың болуп бекем салынгандыктан эч нерсе деле болгон жок. 

Бишкек, “Саясат. kg”. Депутат Дастан Жумабеков форель балыгынын даамы күн сайын өзгөрүп тураарын белгилеп, алар эмне менен багыла турганына кызыкты.

Бишкек, “Саясат. kg”. Бишкекте тез жардам станциясынын унаасы күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Анда айтылгандай, 2009-жылы чыккан автоунаанын  өткөргүч зымы күйүп кеткен. 

Бишкек, “Саясат. kg”. Президент Атамбаев эгер ИИМ министри Кашкар Жунушалиевдин ички иштер тармагына реформа жасоого дарамети жетпей турган болсо, бул ишти өз колуна алат.

Бишкек, “Саясат. kg”. Италияда кайрадан жер силкинди. Бул жолу табият кырсыгы курмандыксыз келгени менен ондогон адамдар ар кандай жараат алды. Катуу жер титирөө өлкөнүн борбордук бөлүгүндө болгон.

Бишкек, “Саясат. kg”. 28-октябрда, саат 16:50дө Кыргызстанда жер титирөө болду. Бул КР сейсмология институтунда катталды.

Бишкек, “Саясат. kg”. Адамзатынын фантазиясы жыл өткөн сайын кеңири кулач жайууда. Башка эмес, адам жашаган үйлөр дагы өзгөчө архитектура менен салына баштады. Дүйнөдөгү ойго келбес чеберчилик менен курулган сегиз үй маалым болду.

АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Томас Шэннон Өзбекстанга болгон сапарынын алкагында Самаркандга барып, өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун бейитине гүл койду. Бул тууралуу АКШнын Ташкенттеги элчилиги Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу билдирди.
 
Бишкек, "Саясат.kg". Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Чүй, Талас жана Нарын облустарынын кээ бир жергиликтуу кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Молдовадагы президенттик шайлоодо башкы талапкерлердин бири дагы — социалист Игорь Додон менен либерл Майя Санду — добуштардын жарымынан көбүн ала алышкан жок. Эки жумадан кийин, 13-ноябрда, шайлоонун экинчи айлампасы өтөт.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы саммитин өткөрүү мөөнөтү азырынча белгисиз. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бишкек, “Саясат. kg”. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев   28-октябрда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясындагы «Эне-Сай» кабыл алуу үйүндө  өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырды.

Бишкек, “Саясат. kg”. Ош шаарында бир үй-бүлө жаратылыш газынын исине ууланып каза табышты. Кырсыктан ошол үй-бүлөнүн бир кызы гана аман калды.

Ошентип, Президенттик аппарат “Конституциянын түп нускасы да жок болчу” деп, коомчулукка дагы бир жолу УӨнү жаманатты кылып, конституциялык өзгөртүүлөрдүн керек экендигин негиздөө аракети тескери реакция берип калды. Конституциянын түп нускасы Президенттин резиденциясында сакталат экен. Анда буга чейин Конституциянын бар жогун эмне байкашкан эмес? 

Оо бир кезде ыраматылык Докебиз (Дооронбек Садырбаев): “мурдуна бок сүйкөлгөн кайран кыргыз элим, сага кашык каным калганча кызматымды кылам”,-деген сөздү көп айтчу. Бул кишиге минтип айткан жарашат, анткени ал өмүрүнүн акыркы саатына чейин чындыкты жүрөгүнөн, оозунан түшүргөн жок. 

Бишкек, “Саясат. kg”. “Кыргызстанда бюджеттин 24%ы билим берүу тармагына кетет. Башка бир да өлкөдө мындай жок”,- деди Атамбаев студенттерге президенттик стипендия тапшыруу убагында.

Бишкек, “Саясат. kg”. КСДП фракциясынан парламентке депутат болуп келген Мээрбек Мискенбаев депутаттык мандатын тапшырды. Ал мындай кадамын “парламент мен үчүн эмес экен” деп түшүндүрдү.

Бишкек, “Саясат. kg”. Президент Атамбаев парламентке жалаң гана акчалуулар толуп алганын айтып, келечекте мындай көрүнүштү жоюу зарылдыгын белгиледи.